Г.АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ КСӨМдеги “ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН” СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮНҮН АЧЫЛЫШЫНАН РЕПОРТАЖ

Документалдык кинонун режиссеру Лиля Турусбекованын туулгандыгынын 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө биздин Г.Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейде ачылды. Анын ачылуу салтанаты 25-майда саат 15:00до болду. Көргөзмө 11-ИЮНГА ЧЕЙИН АЧЫК БОЛОТ Сүрөт көргөзмөнүн ачылышында эл көп болду, баардыгы болуп 150гө жакын меймандар келди: кинематографисттер, киносынчылар, ар түрдүү чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү, Госкино департаментинин, Маданият, маалымат, спорт […]

Толугу менен...

РЕЖИССЕР ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНГЕН КҮНҮ АЛ ОКУГАН №28 МЕКТЕПТЕ 1992-ЖЫЛЫ ТАРТЫЛГАН «АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР» ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛӨТ

Лиля Турусбекова биринчи класстан баштап, мектепти аяктаганга чейин Фрунзе шаарындагы №28 мектептен билим алган. Бул мектеп 1939-жылы курулуп, ишке киргизилген, азыр ал Бишкек шаарындагы “28 мектеп-лицей деп аталат. Лиля Турусбекова биринчи класска 1940-жылы кирип, 1951-жылы аяктаган, ал учурда 11 жылдык билим эле жана да кыздарды жана балдарды өз-өзүнчө бөлүп окутушкан. Лиля Турусбекова мектепти аяктаган соң […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫМ-КИНОРЕЖИССЕРЛОРУНУН V КИНОФОРУМУ. ОШ ШААРЫ, 11-13-МАЙ. БЫЙЫЛ ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

2023-жылы байыркы Ош шаарында өтө турган кинофорумдун программасын сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз. Фестивалды Асел Жураеванын жетекчилиги менен «Азиянын чыгармачыл аялдары» коомдук фонду уюштурууда. Кинофорумга 14 жаш режиссер аялдар катышат. Быйыл кинофорум Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналып, форумдун алкагында ал тууралуу даректүү тасма, ошондой эле анын Бакен Кыдыкеева жана Мыскал Өмүрканова тууралуу эки кыска метраждуу тасмасы […]

Толугу менен...

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНЫН МУЗЕЙИНИН АЧЫЛЫШЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ: Кайыңды айылындагы Аалы Токомбаев атындагы мектепте 23-сентябрда, ишемби күнү айылдын музейи ачылды. Ал музей атасы көп жыл ушул мектепте үзүрлүү эмгектенген мугалим Капаш Иманалиевдин уулу Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен уюштурулган. Ал эми Чоң-Кеминдин таржымалы, Кайыңды айылынын таржымалы, мектептин таржымалы – бул биздин бүтүндөй мамлекетибиздин тарыхын чагылдырып баяндаган тарых барактары. “ЧОҢ-КЕМИНДЕ — ААЛЫ ТОКОМБАЕВ АТЫНДАГЫ […]

Толугу менен...

1916-ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ БОЮНЧА “АЙГИНЕ” ФОНДУНУН СЕМИНАРЫНЫН АЛКАГЫНДА ӨТКӨН ТАРЫКЧЫЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ЖОЛУГУШУУСУ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 31-мартта “1916-жылдагы үркүн жөнүндө жаңы маалымат алуу үчүн Борбор Азия академиялык коомчулуктарын бириктирүү жана этникалык жана/же саясий аялуу темалары боюнча маалыматтарды алмашуу жана таратуу үчүн жалпы платформаларды түзүү” долбоору боюнча “Айгине” маданий-изилдөө борбору уштурган семинар өз ишин баштады. Санжарбек Данияровдун Фонду Кыргызстанда 1916-жылы болгон үркүнгө арналган веб-ресурстарды жана китептерди презентациялоо алкагында чакырылган эле. Биз […]

Толугу менен...

ҮРКҮН ТЕМАСЫ БОЮНЧА СЕМИНАРДЫН ТАРЫХЧЫ-КАТЫШУУЧУЛАРЫНА “ҮРКҮН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮЛӨР” СТУДЕНТТИК ФИЛЬМИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ: 30-мартта БААУда “ҮРКҮН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮЛӨР” студенттик фильми көрсөтүлдү. Фильмдин алгачкы көрүүчүлөрү — ушул долбоордун алкагында “Айгине” Фонду уюштурган семинарга келишкен 1916-жылдын темасы боюнча изилдөө долбоорунун катышуучулары жана ошондой эле семинарга чакырылган меймандар болушту. Фильм аябай жакшы таасир калтырды, редакциялангандан кийин анын жарыкка чыгышын чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Фильмдин соңунда катышуучулар жана меймандар “АТА-БЕЙИТ” мемориалдык комплексинде […]

Толугу менен...

А.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК КИТЕПКАНАДАГЫ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ 29.03.2017

СҮРӨТАЛЬБОМ. А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада классик акын, драматург, котормочу ЖУСУП ТУРУСБЕКОВго арналган “Акын жүрөгү түбөлүктүү өчпөс от” деп аталган кече өттү.  Ал кечеден даярдалган сүрөтбаяндаманы жарыялайбыз. Бул жолугушуу аябай кызыктуу, мазмундуу жана эркин формада өттү. Ал тууралуу кыскача баянды Маданий турмуш => Китепканалар жана Адамдар => Кыргызстан инсандары. Жусуп деген баракчадан окуй аласыздар.

Толугу менен...

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН КИТЕПТЕРИН КИТЕПКАНАЛАРГА ЖАНА Ж.ТУРУСБЕКОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БЕРДИК.

СҮРӨТАЛЬБОМ. Фонд “ЖУСУП. ТАНДАЛМА ЧЫГАРМАЛАР” китебин 900 нускада басып чыгарды. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша нускасын көбөйтө бермекчибиз. Кыргызстанда 2 200 мектеп жана 1 000 китепкана бар, биздин максатыбыз – бардык мектептерди, китепканаларды жана окурмандарды Жусуптун китеби менен камсыздоо.   КИТЕПТИ БЕЛЕККЕ ТАРТУУЛОО.  СИЗ АЛ КИТЕПТИ АЛГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ? БАСМА СӨЗ БЕТТЕРИНДЕ ЖАРЫЯЛАНГАН МАКАЛАЛАР: УЛУТТУК КИТЕПКАНАНЫН сайтында (орус тилинде) МАДАНИЯТ. […]

Толугу менен...

“МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНА КАТЫШКАН БАЛДАР ӨЗДӨРҮНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН САНЖЫРАСЫН ТҮЗҮШКӨН

СҮРӨТАЛЬБОМ. Балдар өздөрү жазган дил баяндарды үй-бүлөлүк санжырасынын сүрөттөрү менен кооздошкон. Баарынан кызыгы, урук-туугандарынын же болбосо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү дарактын мөмөсүнүн ичинде жайгаштырылган. Же дагы бир мисал, улуу муундар дарактын тамырында орун алса, андан тараган кийинки муундар – сабактарында жана дарактын учтарында жайгашкан. Балдардын эч кимиси ал даракта өзүн көргөзбөгөнүн да белгилеп койсок болот, тааныштыгы […]

Толугу менен...

КЕМИНДЕГИ “МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2014-жылдын 9-августунда Чоң-Кемин өрөөнүндө жайгашкан мектептердин окуучуларын, алардын ата-энелерин, мугалимдерди чогулткан аябай кызыктуу окуя болду!  Ага Бишкек шаарынан калыстар тобунун мүчөлөрү барышты, калыстар тобунун мүчөлөрү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын калыс баалагандар экенин эсиңиздерге сала кетели. Сыйлоо салтанаты Шабдан айылындагы БИЛИМКАНА мектебинде өттү. Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Улуттук паркы, тоо койнуна куп жарашкан жаңы мектептин имараты, андагы кубанычтуу […]

Толугу менен...

МОСКВА ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН КИЧИНЕКЕЙ ОКУУЧУСУ ИВАН ЛОГАЧЕВДУН КЕМИН РАЙОНУНУН КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНА ТАРТУУЛАГАН БЕЛЕГИНЕ ЖАЗГАН КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ

Китеп тартуулаган адамдар биздин өтүнүчүбүз боюнча түрдүү каалоо-тилектерин жазышат. Москвалык окуучу Иван мына мындай татынакай каалоолорун жазган.   ИВАН ЛОГАЧЕВДУН ЖАЗГАН КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ СҮРӨТАЛЬБОМ: КИТЕПКАНА. КЕМИН

Толугу менен...

КИТЕПКАНА ҮЧҮН КИТЕП АЛЫП БАРДЫК. КЕМИН. КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП.

СҮРӨТАЛЬБОМ. Жаздын жагымдуу күндөрүнүн биринде Кайыңды айылындагы А.Токомбаев атындагы мектептин китепканасына алыскы досторубуз, негизинен, москвалык досторубуз тартуулаган алгачкы 100 даана китепти жеткирип бардык. Бул 2011-жылдын 22-апрели болчу. Биз балдар китеп окугус келерин байкадык. Ата-энелер, мугалимдер, деги эле баарыбыз балдардын китеп окууга ышкыбоздугун арттыруу үчүн жалпылап аракеттенишибиз керек деп ойлойбуз. Китептериңиз менен бөлүшүңүз! Ал үчүн бизге […]

Толугу менен...