ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ

Фонддун ишмердүүлүгүн биздин сайт толугу менен чагылдырып турат. Фонд ишке ашырып келаткан бардык долбоорлор төрт багытта жүрөт: билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо. Иштеп жаткан ар бир долбоордун жүрүшүн, ага тиешелүү жаңылыктарды, тема боюнча маалыматтарды чагылдырып турган өзүнчө бир же бир нече рубрика бар. Рубрикаларды табууга оңой болушу үчүн жана долбоор жөнүндө маалымат […]

Толугу менен...

САЙТТЫН МЕЙМАНДАРЫНА ФОНДДУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ. №1 КАТ «ЖАҢЫ ЖАНА ЭСКИ»

Бул каттар таркатмага (рассылкага) жазылгандардын өздүк электрондук дарегине жөнөтүлөт. Саламатсыздарбы! Сиздер менен Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан амандашып жатканыма кубанычтамын. Сайттагы жаңылыктар: Жунус Баиджанов, Эшенали Арабаев, Исак Шайбеков, Исаметдин Шабданов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекбаев, Султангазы Сраилов, Кашимбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев жана Лагир Янсанчин сыяктуу ысымдары сиздерге жакшы тааныш, кыргыз элинин көрүнүктүү өкүлдөрү тарабынан 1920-жылы жазылган кат […]

Толугу менен...

ГЮЗЕЛЬ ДАНИЯРОВА ГРАФИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИН ФОНДГО ТАРТУУЛАДЫ. АВТОР ЖӨНҮНДӨ ЭКИ ООЗ СӨЗ.

Гюзель Даниярова Фондго өзүнүн графикалык эмгектерин белекке тапшырды — СҮРӨТАЛЬБОМ  Гюзель – Данияровдун үй-бүлө мүчөсү, Фонддун негиздөөчүсү жана директорунун сиңдиси. Анын кошкон салымы Фонддун гуманитардык багыттагы долбоорлорун өркүндөтүүгө жана ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жардам бермекчи. Гюзель Фондго тартуулаган графикалык эмгектеринин баардыгын тушь жана калем уч менен тарткан. Ал бир эле сюжеттерди, ыргактарды түрдүүчө ырахаттануу менен аткарып, кээде […]

Толугу менен...

ЕЛЕНА ЧЕРНОМАЗОВА — “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 2015-2016-ЖЫЛДАРДАГЫ АЛЫП БАРУУЧУСУ. АЛ ӨЗҮ ДА ФОНДДУН ЛАУРЕАТЫ.

Биздин сынак эки тилде – мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде өткөрүлөт. Анткени башталгыч класстарда сабактар эки тилде өтөт эмеспи. Биз Кыргызстандагы балдарды окуткан мугалимдердин сынакка катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөрү болушун каалайбыз. Бизге эки тилди тең бирдей билген, өзүн эл алдында эркин алып жүргөн, сабаттуу, анан жөн гана жылдыздуу алып баруучу керек эле. Анын биздин фонддун […]

Толугу менен...

ЛАУРЕАТТАР – СЫЙМЫГЫБЫЗ, БИЗДИН ФОНД АЛАР ҮЧҮН ИШТЕЙТ.

ЛАУРЕАТТАР – булар Санжарбек Данияровдун Фондунун Сыйлыктарын жеңип алгандар. Бул — жыл сайын өткөрүлүүчү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын жеңүүчүлөрү — мугалимдер (1-орун). Бул – сынактын сыйлыгына татыган мугалимдер (1,2,3-орун). Бул – КММАнын ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү сыйлыктын жеңүүчүлөрү — студенттер, клиникалык ординаторлор жана аспиранттар. Бул Менин үй-бүлөмдүн санжырасы сынагынын жеңүүчүлөрү — окуучулар. Бул — […]

Толугу менен...

ФОНДДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН МАТЕРИАЛДЫК ЖАКТАН КОЛДООНУ КААЛАГАН ДОСТОРУБУЗГА. БИЗДИН ФОНД – ФИЛАНТРОПИЯЛЫК, АЛ ЭМИ БИЗДИН ДОСТОРУБУЗ – ФИЛАНТРОПТОР.

ФОНДДУН ДОСТОРУ – бул Фонддун долбоорлоруна жана демилгелерине материалдык  колдоо көрсөтүүнү каалаган адамдар. Биздин Фонд – филантропиялык, андыктан Фондго материалдык колдоо көрсөтүү – чын дилден жардам көрсөтүү болуп эсептелет. Эгерде Сиз бизге дос катары Фонддун долбоорлорун ишке ашырууга жардамдашкыңыз келсе, төмөнкү маанилүү жагдайларга көңүл буруп коюңуз: МАТЕРИАЛДЫК САЛЫМ – бул жеке эле акча каражаты менен […]

Толугу менен...

МЕНИН МОСКВА ЖӨНҮНДӨ БАЯНЫМ. “ЖАШ ОКУМУШТУУ-ДАРЫГЕР-2015” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН КММА ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНДЕ СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮ

Болоткан уулу Насыр. – Ортопедия жана ЭХ травматологиясы кафедрасынын аспиранты, КММАнын жыл сайын өтүүчү ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН алкагындагы “Жаш окумуштуу-дарыгер” сынагынын 2015-жылдагы жеңүүчүсү. Насыр өзү окуган ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинде чыгып сүйлөп, өзүнүн кесиптештерине Москва шаарына болгон маданий-маалымат арттыруучу саякаты жөнүндө айтып берди. Төмөндөгү анын тексти менен таанышып коюңуздар. Урматтуу КММА окутуучулары, ардактуу достор! Мен сиздер менен […]

Толугу менен...

ЫКТЫЯРЧЫЛАР — БУЛ ФОНДДУН ДОЛБООРЛОРУНА БОШ УБАКТЫЛАРЫНДА БЕКЕР КАТЫШКАН АДАМДАР.

ЫКТЫЯРЧЫЛАР – дилгир инсандар, алар болбосо биздин Фонд долбоорлорун ишке ашыра алмак эмес! Фонддун демилгелерин ишке ашырууга катышууну каалаган адамдарды кандай күч сүрөйт? Кандайдыр бир долбоорго өз ыктыяры менен катышкысы келген адамдар биздин “чөйрөнү” колдоо, коргоо, керек болсо жакшыртуу максатын көздөп,  өзүнүн сөзү жана иши менен ЖЕКЕ САЛЫМЫН кошот. Филантропиялык долбоорлорго катышуунун өзү биздин Ыктыярчыларга […]

Толугу менен...

МЕНИН МОСКВА ШААРЫНА БОЛГОН САЯКАТЫМ. ЛЕНИНСКОЕ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ ЭЛИНА ИВАНОВНА ЛИМДИН КАТЫ

Бул катта Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Элина Ивановна Лим өзүнүн Москва шаарына барган саякаты тууралуу баяндаган. Элина Ивановна – “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2014” сынагынын жеңүүчүсү. Ал Москвага 2014-жылдын сентябрь айында барып келди. “Дело №” гезитинин бир санында Санжарбек Данияровдун Фонду өткөрүп жаткан “Биринчи мугалим-2014” сынагы жөнүндөгү чакан жарыяны окуп калдым. […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНАН МЕН ЭМНЕ ТАПТЫМ? ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫНЫН БИРИНЧИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН БАЯНЫ

“Биринчи мугалим-2011” сынагынын биринчи жеңүүчүсү, Кемин районунун Шабдан айылындагы “Билимкананын” директору, башталгыч класстардын англис тили мугалими Калмамбетова Бактыгүл Маликовнанын баяны. Автордун бул баяны 2012-жылы мугалимдердин “Кутбилим” газетасында жарыяланган. -Менин: “Мен Санжарбек Данияровдун фондунун “Биринчи мугалим” конкурсунун биринчи лауреатымын деген” сыймыктуу сыр баяным, балким кээ бирөөлөргө мактаныч катары сезилсе дагы, зор сыймык менен ушул сөздү кайталагым […]

Толугу менен...