БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019 СЫНАГЫНЫН ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫНА ЧАКЫРАБЫЗ!

Сиз алдын-ала таанышып алууңуз үчүн иш-чаранын 2019-Программасын жарыялайбыз. УРМАТТУУ ДОСТОР! Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 8-жолу өткөрүп жаткан БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019 сынагына келиңиз. Биз  сизди 2019-жылдын 14-сентябрында (ишемби күнү) сынактын экинчи турунда жана жеңүүчүнү сыйлоо Салтанатында конок катары күтөбүз. СЫНАКТЫН ЖАНА САЛТАНАТТЫН ПРОГРАММАСЫН ЖҮКТӨӨ Биздин келечегибиздин пайдубалын куруучу-мугалимдер кандай […]

Толугу менен...

2019-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ. ТЕМАСЫ, КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖАНА ФИНАЛИСТТЕР ЖӨНҮНДӨ

Быйыл биздин сынак 8-жолу өттү. Бул демек, сынагыбыз 2011-жылы алгачкы жолу өткөрүлгөндөн бери, Фонддун сыйлыгынын алкагында Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка 7 мугалим барып келди дегендик. Алардын саякаттары жөнүндө биздин сайттын барактарынан окуп жана сүрөт галереядагы сүрөт репортаждан көрө аласыздар. Бул ошондой эле сынактын  дагы 14 финалисти болгонун, анын ичинен 12 мугалим 2015-жылы […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019» СЫНАГЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЖАКТЫРДЫ

 Сайттын меймандарын Кыргызстандын мугалимдерине маалымат жеткирүүгө көмөктөшүугө чакырабыз Мектеп, мектеп, мектеп! Биздин жашообуздун эң сонун учуру мектепте калды. Биздин эс-акылыбыз жана мүнөзүбүз мектептен калыптанат эмеспи. Мектеп биздин коомду түптөйт, биздин мээбиз ошол жерден калыптанат жана да анын ичи эмнеге “толоору” мектептен көз каранды. Коомдун көзөмөлүсүз каалаган эле адамдар, мисалы кайсы бир динди жактоочу мектепке барып, […]

Толугу менен...

АТА-ЭНЕЛЕРДИ, ЧОҢ ЭНЕ, ЧОҢ АТАЛАРДЫ БАЛДАРЫ МЕНЕН ТЕАТРГА ЧАКЫРАБЫЗ!

Урматтуу ата-энелер, чоң эне-чоң аталар! 20-апрелде, ушул ишемби күнү Санжарбек Данияровдун Фонду Редьярд Киплингдин “ПИЛДИН БАЛАСЫ” жомогу боюнча кыргыз тилинде даярдалган “БАРДЫГЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ” спектаклине чакырат! Жомок сүйүүчүлөр үчүн кирүү БЕКЕР! Бул спектакль “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2018” сынагынын үч жеңүүчү мугалиминин окуучулары үчүн Бишкек шаарына атайын уюштурулган маданий-маалымат арттыруучу сыйлыктын алкагында көрсөтүлөт. Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына […]

Толугу менен...

АДИСТИН ӨЗ ИШИНЕ ЖАСАГАН ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕСИ КАНТИП КЕСИПТЕШТЕРИНИН КЫЗЫКТУУ САЯКАТКА КАТЫШУУСУНА МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮП БЕРГЕНДИГИ ЖӨНҮНДӨ.

Кээде биз кандайдыр бир маанилүү ишке көп аракет жумшайбыз, ал иштин ийгиликтүү өтүшүнө бизге такыр тааныш эмес, мурда көрүшпөгөн адам жардам берген учурлар кездешет. Чындыгында ал адам бирөөгө жардам берип жаткандыгы тууралуу ойлонбой, тек гана өз ишин чын дилден, ак ниеттүүлүк менен аткарган болот. Жакында эле болуп өткөн биздин сынактагы ушундай бир окуя жөнүндө айтып, […]

Толугу менен...

БАШТАПКЫ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИ ӨЗ КЕСИБИ ТУУРАЛУУ КАНДАЙ ОЙЛОШОТ?

“Биринчи мугалим 2018” сынагынын 2-туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанаты жөнүндө репортажды назарыңыздарга сунуштайбыз. Бул иш-чара ишемби күнү, 15-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУ жыйындар залында өттү. Бул тууралуу сүрөтбаянды ушул жерден окуңуздар: “Экинчи тур… жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанаты…” Урматтуу биздин сайтка назар салган окурман, бул маселе маанилүү деп эсептейсизби? Мугалимдерибиз өздөрүнүн иши, милдети жөнүндө кандай ойдо болушат? […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН 7-ЖОЛУ ӨТҮП ЖАТКАН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” СЫНАГЫНА ЧАКЫРАБЫЗ

Сиз алдын-ала таанышып алууңуз үчүн иш-чаранын 2018-Программасын жарыялайбыз. СЫНАКТЫН ЖАНА САЛТАНАТТЫН ПРОГРАММАСЫН ЖҮКТӨӨ Сиз мектеп босогосун жаңы аттаган биздин балдарыбызды кабыл алышкан мугалимдер өз кесиби жөнүндө эмне ойлошору жөнүндө билгиңиз келеби? Биздин келечегибиздин пайдубалын куруучу-мугалимдер кандай болушат? Балдарыбыз аттарын өмүр бою эстеринде сактап калуучу адамдар кимдер? Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын […]

Толугу менен...

БИРИНЧИ МУГАЛИМ — 2018 СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ! ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

Сентябрь айында “Биринчи мугалим” сынагынын катышуучулары 7-жолу баш байге — Москва шаарына уюштурулуучу 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат, жана ошондой эле Атайын сыйлык – жеңүүчү мугалимдин классындагы бардык окуучулар менен Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсиясы үчүн таймашышат. Быйыл биздин БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 сынагыбызга Кыргызстандын бардык аймактарынан 105 дилбаян келип түштү. Уюштуруу комитети алардын ичинен 60 […]

Толугу менен...

СЫНАК ЖЕТИНЧИ ЖОЛУ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БИЗ ДИЛБАЯНДЫН ТЕМАСЫН КАНТИП ТАНДАДЫК

Санжарбек Данияровдун Фонду БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын 2018-жылы өтө турган, кезектеги сынагын 7-жолу жарыялады! Бул жылы сынактын биринчи турундагы дилбаяндын темасын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери сунушташты. Уюштуруу комитети дилбаяндын тандап алган темасы төмөндөгүдөй аталат: МУГАЛИМДИК – БУЛ КЕСИППИ ЖЕ ТАЛАНТПЫ? Бул теманы бизге Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дооронбеков Марат Дооронбекович сунуштады. […]

Толугу менен...

ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИН КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ? ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТЕЛЕТАЙМАШЫНАНБЫ? ЖОК — БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2017 СЫНАГЫНАН!

Азыркы учурда өлкөбүздүн келечегин түптөп жаткан адамдар кимдер? Алар шайлоо кампаниясын шайма-шай өткөрүп жаткан президенттикке талапкерлер дейсизби? Же жаңы премьер-министр жана анын жаш жана амбициялуу команда мүчөлөрүбү? А балким азыр таймаштарда “кырчылдашып” жатышкан саясатчыларбы? Менимче, ал адамдарды башка жерден издөө керек. Алар азыр мектептерде, жаш курагы 7, 8, 9 жана 10 жаштагы биздин өлкөнүн кичинекей […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүлүп келаткан сынактын кезектеги 6-жолку сынагы аяктагандыгы тууралуу кабарлагым келет. Жеңүүчүнү сыйлоо салтанаты 2017-жылдын 9-сентябрында, ишемби күнү Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУнун Жыйындар залында өттү. Сынакта жеңүүчү болуп, 1-орунду төмөндөгү мугалим ээледи: КАРИМОВА ТУРУМКАН АБДЫРАХМАНОВНА – Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЭМГЕКТЕРИН КИМДЕР БААЛАШАТ? “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ

Биздин билим берүү системасында өз кесибинин мыкты кесипкөйлөрү, сабаттуу, энергиялуу, эмгекчил, мыкты адамдар бар. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” сынагынын калыстар тобуна мына ошондой адистер кирген. Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турда дилбаяндарга өз бааларын беришти. Ал иш так, өз убагында, ынтымактуу, ашыкча шаан-шөкөтсүз аткарылды. Ар бири долбоорго өзүнүн бош убактыларын арнашып, акысыз иштешкенине карабай, белгиленген мөөнөттө, өз убагында аякташты. […]

Толугу менен...