1942-ЖЫЛ. ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН «КАРАКЧЫНЫН ТРАГЕДИЯСЫ» ПОЭМАСЫ

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы. Согуш учурунда жазылган поэма.  Акын Жусуп Турусбеков 33 жашында, 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Ал учурда атагы чыгып калган белгилүү акын жана драматург эле. Аны согуштан бошоткон кагазы (бронь) болгонуна карабай, фронтко, душмандар менен согушууга аттанган… Балдар үйүндө тарбияланып өскөн жаш акын, баш калаабыздын так борборундагы […]

Толугу менен...

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН «АЖАЛ ОРДУНА» ДРАМАСЫ – ҮРКҮН ТРАГЕДИЯСЫНЫН КӨРКӨМ ЭЛЕСИ

«Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү». — Б. «Турар», 2017 — 700 б. Бул макалада сөз болгон Жусуп Турусбековдун «АЖАЛ ОРДУНДА» драмасын биздин сайттан ушул жерден окуп же жүктөп алсаңыз болот. БАЙГАЗИЕВ С. О., ф.и.д., профессор КББА УРКУНЧИЕВА Г. Ж., БГУда улук окутуучу Пьесанын өзүнө тийиштүү чыгармачылык тарыхы бар. «Ажал ордуна» драмасы 1934–1935-жылдары жаралып, […]

Толугу менен...

АКЫН, ДРАМАТУРГ, КОТОРМОЧУ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУ ЭСКЕРИП

 2017-жылдын 29-мартында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Жусуп Турусбековдун жаркын элесине арналган “АКЫН ЖҮРӨГҮ ТҮБӨЛҮКТҮҮ ӨЧПӨС ОТ” аттуу эскерүү кечеси өттү. Жолугушуу аябай кызыктуу болду! Сүрөтбаян – ушул жерде. Китепкананын 200 орундук залы көрүүчүлөргө жык толду. Алгачкы сөздү алган китепкананын директору, профессор Жылдыз Кемеловна Бакашова Ж.Турусбековдун басып өткөн жолу тууралуу кеңири баяндама жасады. Андан соң […]

Толугу менен...

«ЖУСУП. ТАНДАЛМА ЧЫГАРМАЛАР» КИТЕБИН КИТЕПКАНАЛАРГА ЖАНА МЕКТЕПТЕРГЕ БЕЛЕККЕ ТАРТУУЛАЙБЫЗ. СИЗ ДА АЛГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ?

Фонд Жусуптун чыгармаларын окурмандарга жеткирүү максатында басмадан бастырып чыгарган эле. Ал китепти биз Кыргызстандын мектептери, бардык китепканалары жана ошондой Жусуптун чыгармалары жана ХХ кылымдын 30-жылдардагы поэзиясына кызыккандарга тартуулагыбыз келет.  Китеп 900 нускада басылган. Биз 10-20 китептен Жусуп Турусбеков атындагы шаардык китепканага, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага, К.Баялинов атындагы Өспүрүмдөр китепканасына, шаардык борбордук китепкана системасына жана ошондой […]

Толугу менен...

“ОКУРМАНДЫН КИТЕП ТЕКЧЕСИНИН” 10 ТОМДУК СЕРИЯСЫНДА 2015-ЖЫЛЫ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ БАСЫЛГАН. Бул жерде анын электрондук варианты бар.

Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Ч.Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту “Окурмандын китеп текчеси” сериясында Жусуп Турусбековдун чыгармаларын басып чыгарды. Анын чыгармалары бул сериянын Х томуна Кусейин Эсенкожоевдин поэзиясы менен бир жыйнакка киргизилген. 478 барактын 300 бети Жусуп Турусбековдун чыгармаларына арналган. Өзүнүн кыска, бирок нуска өмүрүндө саналуу гана адабий чыгарма жаратууга үлгүргөн акын жана драматургдун […]

Толугу менен...

ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ

Өзүн көрбөсө да, сөзүн таберик туткан небересинин билгендери. Тээ 1935-жылы 25 жаштагы акын өз элинин тарыхындагы эң кайгылуу окуяны баяндаган драмасына «Ажал ордуна» деп жакшылыктан жар салган ат койгон экен. Кыргызды каран түнгө кабылткан 1916-жылдагы Үркүн жөнүндөгү бул пьесаны көрүүчүлөр жан дили менен кабыл алыптыр! Албетте, ушундай болмок: биринчиден, бул апааттан калган жүрөк жарааты айыга […]

Толугу менен...

ЖУСУП. ТАНДАЛГАН ЧЫГАРМАЛАР. Электрондук китеп

Сиздер китепти толугу менен ушул жерден pdf форматында көчүрүп алсаңыздар болот zhusup-tandalgan-chygarmalar-2016 Биздин Фонд поэт жана драматург Жусуп Турусбековдун тандалма чыгармаларынан турган китепти жарыкка чыгарды. Бул китеп 1916-жылдагы Түркстандагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган. Ошол окуялар Жусуптун эң белгилүү чыгармаларынын бири “АЖАЛ ОРДУНА” драмасынын өзөгүн түзгөн. Андан тышкары, ал китепке акындын согуш жылдарында фронттон жазган “Каракчынын […]

Толугу менен...