СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

АЙЫЛДАРГА ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИ КЕРЕКПИ – БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН ОЙЛОРУ КАНДАЙ. БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020 СЫНАГЫНЫН 2-ТУРУ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ ЖӨНҮНДӨ

Узакова Үмүт Курманбековна

Биз адаттагыдай эле айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн өткөрүлгөн “Биринчи мугалим 2020” сынагынын 2-туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты жөнүндө баяныбызды сунуштайбыз. Жыл сайын өткөрүлүп келаткан сынактын кезектеги, 9-сынагы өттү. 2020-жылдын 12-сентябрына пландалган иш-чарабыз КОВИДге байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам жылдырылып, 2021-жылдын 30-январында, салт болуп калгандай, И.Арабаев атындагы КМУнун Жыйын залында болду.

Бул иш-чара жөнүндө өзүнчө сүрөт репортаж УШУЛ ЖЕРДЕ: БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020 СҮРӨТ АЛЬБОМ

Санжарбек Данияровдун Фонду болочок педагогдорду окутуп келаткан университеттин ректору, профессор Төлөбек Абылович Абдырахмановго жана ал жетектеген университеттин бардык жамаатына көп жылдардан бери үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп, иш-чараны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп келатышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.


Сынактын 1-турунда катышуучулар жыл сайын дилбаян жазышат, ал эми экинчи турунда жылдын темасына жараша тандалып алынган оозеки тапшырмаларга жооп даярдашат. 2020-жылдын темасы “МЕНИН ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИМ” деп аталып, катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты, көбү окуучулардын жардамы менен мектепте же өздөрүнүн айылдарында ушундай музей ачуу тууралуу каалоолорун билдиришти. Биздин республикабыздагы мурдараак ачылган музейлерди дагы көптөгөн жаңылыктар жана экспонаттар менен байытуу демилгелерин айтышты.

Көптөн бери калыптанып келген салтыбызды улай, биз жылдын темасына жараша кызыктуу конокторду – эксперттерди чакырууга аракеттенебиз. Ар жыл сайын келген Ардактуу конокторубуз иш-чарабыздын маанисин арттыруу менен бирге, жылдын темасын талкуулоодо омоктуу ойлорун ортого салышып, ал теманын андан ары да уланышына импульс беришет деп чечкиндүү айтууга болот. Биз мындан ары да жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракеттенебиз! Анткени экинчи турга финалга чыккандары да, байгелүү орундарды ээлебеген катышуучуларыбыз да тоолуу өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарынан келишет. Мугалимдерге башка аймактарда жашаган кесиптештери, Ардактуу коноктор менен ой-пикирлерин, тажрыйбаларын бөлүшүү өтө кызыктуу.

Динара Чочунбаева

Катышуучулардын баары бир дем менен Динара Чочунбаеванын айткандарын угуп отурушту. Биздин мейманыбыз Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повести боюнча тартылган “Мен – Тянь-Шань” кинотасмасындагы башкы ролду – Аселдин ролун аткарган адам катары калың журтка кеңири таанымал. Кино тармагында ийгиликтүү башталган дебютуна карабай, Динара сүрөтчүлүк кесипти тандап алып, көп жылдардан бери кесипкөй музей таануу коомчулугуна жана эл аралык уюмдарга, атап айтканда, ЮНЕСКО уюмуна материалдык эмес маданий байлыктар боюнча эксперт катары белгилүү. Андан тышкары, ал жыл сайын өткөрүлүп келаткан “Оймо” фестивалынын генералдык директору.

Динара Чочунбаева биздин маданий мурастарыбызды, уз-чеберлердин кол эмгектерин сактоо эмне үчүн маанилүү экендигин, музейдин экспонаттарын жыйнап-чогултуу процессин, жаш муундарды тарбиялоодо жана алардын чыгармачылыгын калыптандырып өстүрүүдө музейлердин пайдалуу ролун аябай кызыктуу, берилип айтып берди.

Турдукан Усубалиева жана Динара Чочунбаева

Анын айткандарын кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн Түндүк жээгинен атайын келген, Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизация Музейинин реставратору Турдукан Усубалиева кошумчалап, биздин өлкөбүз үчүн чөлкөм таануу жана этнографиялык музейлердин ченемсиз баалуулугу, экспонаттарды жыйноо эле эмес, аларды туура сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө ойлору менен бөлүштү.

Азыркы учурда көл кылаасындагы көчмөн цивилизациясы музейиндеги экспозициялардын негизин  Динара Чочунбаеванын көп жылдардан бери чогултуп жүрүп, музейге берген баалуу этнографиялык коллекциясы түзөөрүн баарыбыз эле биле бербесек керек.

Эльнура Осмоналиева

Жалпы билим берүүчү мектептер тармагынын “Билимкана” фондунун директору жана кинорежиссер Эльнура Осмоналиева бул теманы өзүнчө аспектиде чагылдырып өттү. Эльнура өз сөзүндө окуучуларды мектептен тышкаркы программанын алкагында чыгармачыл активдүү процесске кантип тартууга боло тургандыгы жөнүндө идеялары менен бөлүштү. Анын өзүнүн жеке тажрыйбасынан алынган баяны катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты.

Биз Ардактуу конокторубуз Динара Чочунбаевага, Турдукан Усубалиевага, Эльнура Осмоналиевага маанилүү жана маңыздуу аңгеме куруп беришкендиги үчүн чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев

Былтыркы сынакта иш-чараны алып барган алып баруучубуз – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы №21 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев катышуучуларыбыздын жана меймандарыбыздын купулуна толгон эле. Таалайбек Мырзабаевич бул жылы да алып баруучулук милдетти акткарууга макул болуп, иш-чараны эң жогорку чеберчиликте алып барды! Анын өз ишине так, сылык-сыпаалык менен жасаган мамилесинин натыйжасында регламент туура сакталып, сынактын мерчемделген программасы өз нугунда өттү. Бул ага оңой болбогондугуна баарыбыз күбө болдук, анткени сынакка өз сөзүн жана ишин көргөзгүсү келген активдүү адамдар катышты. Таалайбек Мырзабаевич биздин келерки, 10-жолу өтө турган юбилейлик иш-чарабызды да алып барат деп ишенебиз!

Ниязбекова Касиет -виолончель, Сталбек кызы Бегай — скрипка

Биздин сынактын дагы бир салттуу бөлүгү бар. Биз катышуучуларга чыныгы майрамдык маанай тартуулоого аракеттенип, чакан концерт уюштурабыз. Мугалимдер үчүн Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы симфониялык оркестринин музыканттары, республикалык жана эл аралык сынактардын лауреаттары, Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын 4-5 курсунун студенттери Ниязбекова Касиет (виолончель), Сталбек кызы Бегай (скрипка) атайын келишип, концерт коюп беришти.

Дуэт  “Аялдын ароматы” фильмине жазылган Астор Пьяццолланын тангосун, Эдуардо ди Капуанын “О СОЛЕ МИО” неаполитан ырын инструменталдык вариантта жана Сейдалы Медетовдун «Пахтачы кыздын бийин» жана суроолор боюнча Фрэк Синатранын “Strangers in the night” чыгармаларын аткарып беришти.

Биздин мугалимдер жандуу аткаруудагы музыкаларды дайыма эле уга алышпаса керек. Андыктан биздин сынактын катышуучулары үчүн атайын бош убакыт таап келишип,  ушундай бактылуу көз ирмемди тартуулашкандыгы үчүн Касиет менен Бегайга чоң рахматыбызды айтып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

1-турдун финалисттери

Бул жолку 1-турдун финалисттери – 2-турдун катышуучулары эң жакшы даярдыктар менен келишкендиги өзгөчө кубандырды. Кыргызстандын айылдык мектептеринде эмгектенишкен башталгыч класстар мугалимдеринин сынагына көз салып жүргөн биздин күйөрмандарыбыз жакшы билишсе керек, биринчи турда жазышкан дилбаяндары үчүн эң жогорку упай топтогон катышуучулар сынактын экинчи турунда ат салышат.  

Финалга чыккан бир нече катышуучулар бирдей упай топтошкондуктан, алардын саны мурдагыдай 6 мугалим эмес, 7 мугалим болду. Алар жөнүндө маалыматты “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020” СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ КИМДЕР? макаладан окуй аласыздар.

2020-жылдагы сынакта финалга чыккан 7 катышуучунун ичинен экөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан болду. Бул таң калычтуу деле эмес, анткени Ак-Суу районунун мугалимдери үч жылдан бери сынакка активдүү катышып келатышат! Анын себебин ”ӨЗ ИШИНЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ ЖАСАГАН АДИС КЕСИПТЕШТЕРИ ҮЧҮН КЫЗЫКТУУ САЯКАТКА БАРУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН КАНТИП ТҮЗҮП БЕРЕТ”  (Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин адиси Осмонбаева Назира Сеитказиевна жөнүндө) деген макаладан окуп биле аласыздар.

Биздин калыс жана олуттуу калыстар тобунун мүчөлөрү сынактын жүрүшүндө эң жогорку – 5 деген бааны көп эле жолу коюшту. Алар койгон упайлардын айырмасы эң эле аз болгондуктан, мурдагы сынактардын жүрүшүндөгүдөй эле быйыл да эң акыркы мүнөттөргө чейин күйөрмандар ким жеңишке жетээри жөнүндө биле алышпай, баш катырып отурушту. Биздин калыстар тобу жөнүндөгү маалыматты ”СЫНАКТЫН ЖҮЗҮ – КАЛЫСТАР ТОБУ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020” СЫНАГЫН КИМДЕР БААЛАШТЫ? деген макаладан окуй аласыздар.

Эми кезек жеңүүчүлөрдүн ысымдарын жарыялоого келип жетти:

_____________________________________________________________

1-орун жана БИРИНЧИ МУГАЛИМ наамы:

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы №21 мектептин мугалими Узакова Үмүт Курманбековнага ыйгарылды. Ал К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун бүтүрүүчүсү.

Сынактын лауреаттары:

Бекташова Жанара Бекташовна, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылындагы Т.Мойдунов атындагы мектептин мугалими. И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы чет тилдер колледжинин жана Нарын шаарындагы С.Нааматов атындагы НМУнун бакалавр жана магистратурасынын бүтүрүүчүсү.

Суранчиева Фарида КенжеалиевнаТалас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектептин мугалими.

____________________________________________________________

Фарида Кенжеалиевна 2018-жылдагы жана 2019-жылдагы сынактарда байгелүү орундарга жетишип, үчүнчү жолу сынактын лауреаты болгону биз үчүн да аябай жагымдуу!

Ал эми Үмүт Курманбековна – 2018-жылдагы сынакка катышкан биздин алып баруучубуз Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев мугалим жана завуч болуп иштеген мектептин мугалими.

Жеңүүчүлөрдү татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз! Аларды алдыда кызыктуу маданий-маалымат арттыруучу саякаттар күтүүдө!

2011-жылдан бери “Биринчи мугалим” наамын жана баш байгени жеңген мугалимдердин маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякаттары жөнүндө СҮРӨТ РЕПОРТАЖДАРДЫН баарын: “МУГАЛИМДЕРДИН САЯКАТТАРЫ” деген жерден окуй аласыздар, ал эми 1, 2, 3-орундарды ээлеген мугалимдердин окуучулары менен экскурсияларын “ОКУУЧУЛАРДЫН САЯКАТТАРЫ” деген бөлүмдөн окуй аласыздар.

2020-жылдагы сынакка катышкан жана сынактын критерийлерине шайкеш келген бардык мугалимдерге Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан калыстар тобунун мүчөлөрү сынактын катышуучусунун Күбөлүгүн тапшырышты. Ошондой эле Санжарбек Данияровдун Фондунун Ардак грамотасы 2020-жылы 5-жолу сынакка катышкан Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповнага ыйгарылды. Ал байгелүү орунга жетишпесе да, ар жылы эң көп упай топтоого жетишип келатат.

Бардык катышуучуларга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө атайын сыйлыктар – баалуу китептер белекке тартууланганы да өтө жагымдуу болду:  

ГУЛЬНАРА НУРКУЛОВА “ТУРСУН” деген жаңы гана чыккан китебин биринчи турдун 7  жеңүүчүсүнө, алып баруучу Таалайбек Мырзабаевге жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө, Ардак грамота ээсине жана Ардактуу конокторго тартуулады.

Үч жеңүүчү Болот Шамшиевдин жубайы АЙЯ-СОФИЯ ШАМШИЕВАНЫН колунан белгилүү кинорежиссердун “Каба Храброе сердце” жана “Эсимде” китептерин алды.

Жайнагуль Тайгүрөңовадан келген белек – ЖАҢЫЛ АБДЫЛДАБЕК КЫЗЫНЫН “Шабдан баатыр. Доорлор тогошуусу” деп аталган тарыхый романы болду. Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан бул романды экинчи турдун төрт катышуучусу жана Ардактуу коноктор белекке алышты.

Биздин Фонд биринчи турдун жеңүүчүлөрүнө Жусуп Турусбековдун “Тандалган чыгармалар” жыйнагын жана адамдын организминин түзүлүшү жөнүндө Санжарбек Данияров кыргызчага которгон “Сенин өзүң жөнүндө” балдар медициналык энциклопедиясын тапшырды.

Ардактуу коноктордун бири Динара Чочунбаева жеңүүчүлөргө жана калыстар тобуна кийизден жасалган кыргыздын салттуу шырдактарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн календарь тартуулады.

Катышуучулар аягында баалуу китептерге маарып эле жатып калышты десек болот!

Салт болуп калгандай, иш-чаранын эң соңунда баардыгы эстеликке сүрөткө түшүштү.   

————————————————————————

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 2020

__________________________________________________________________________________

Биздин иш-чарабыз ыктыярчылардын жардамы болбосо, ушундай деңгээлде өтөөр-өтпөсү белгисиз болмок, алар:

Курманбек Жаанбаев жана Гулазим Болотова, иш-чараны уюштураарыбызды угаар замат, бизге жардам берүүгө ашыгып келишти! Алар техникалык камсыздоо, күбөлүктөрдү жана белектерди камдоо сыяктуу ар кандай зарыл иштерди так жана эң жогорку деңгээлде аткарып беришти!

Анан албетте, менин ардактуу туугандарымдын көмөктөрү мен үчүн баа жеткис болду:

Гульсана Саманчина кейтеринг компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иш-чаранын башталышындагы кофе жана түшкү тамактанууларды эң сонун уюштуруп берди жана ошондой эле сынактын жүрүшү өз убагында башталып, аякташына көз салып турду.

Эркин Каримова жана Бектур Данияров упайларды каттоодо эбегейсиз зор иштерди аткарышты.

Алтай жана Бакыт Толонбаевдер каттоочуларды каттоого көмөк көрсөтүшүп, дезинфекциялык аралашмалар жана  беткаптар менен камсыздашты.

Биринчи турдун катышуучу мугалимдери катышууну канчалык каалашса да, каржылык жана башка себептерден улам, келип катыша алышкан жок, биз алар үчүн Бахтияр Токтосунов жана Айбек Тойчубеков  жардамы менен түз эфирди уюштурууга аракеттендик.  Бирок тилекке каршы, техникалык себептерден улам түз эфирибиз көптөгөн тоскоолдуктар менен коштолду, биз эмдиги жылы ал тоскоолдуктарды четтетүүгө аракеттенебиз.

Биринчи турдун катышуучу мугалимдери катышууну канчалык каалашса да, каржылык жана башка себептерден улам, келип катыша алышкан жок, биз алар үчүн АЙБЕК ЖАНА БАХТИЯРДЫН жардамы менен түз эфирди уюштурууга аракеттендик.  Бирок тилекке каршы, техникалык себептерден улам түз эфирибиз көптөгөн тоскоолдуктар менен коштолду, биз эмдиги жылы ал тоскоолдуктарды четтетүүгө аракеттенебиз.


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *