СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020” СЫНАГЫНЫН 2-ТУРУНА ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫНА ЧАКЫРАБЫЗ

УРМАТТУУ ДОСТОР!

Кыргызстандын мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, окуучулардын ата-энелери жана ошондой эле билим берүү темасына кайдигер эмес адамдар!

Санжарбек Данияровдун фонду Сиздерди 2021-жылдын 30-январында

9-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТКАН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020” СЫНАГЫНЫН 2-ТУРУНА ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫНА чакырат!

Иш-чара 2021-ж. 30-январда И.Арабаев атындагы КМУнун Жыйын залында өтөт.

Эртең мененки саат 11:00 башталат. Катышуучуларды жана меймандарды каттоо – 10:00 жүргүзүлөт.

Каалоочуларга эшик ачык.

Санжарбек Данияровдун Фондунун Кыргызстандын айылдык мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин сынагы 2011-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө.  

ИШ-ЧАРАНЫН АЛДЫН-АЛА ТҮЗҮЛГӨН ПРОГРАММАСЫ – КӨРҮҮ ЖАНА ЖҮКТӨП АЛУУ

Катышуучулар сынак жандуу жана кызыктуу өтөөрүн айтышып, жогору баа беришет. Келип, биздин келечегибизди түптөгөн мугалимдер кандай экендигине күбө болуңуздар.

Фонд сынактын 2-турун ар жылы сентябрь айынын акыркы ишембисинде өткөрүп келген, бирок 2020-жылдагы пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Салтанаттуу иш-чара салт болуп калгандай, И.Арабаев атындагы КМУнун жыйын залында өтмөкчү, ал үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз!

Адаттагыдай эле мугалимдер Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу укугун камсыздаган 1-орун жана “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” наамы үчүн жана ошондой эле классындагы окуучулары менен бирге эс алуу күндөрү Бишкек шаарына 2 күндүк маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү үчүн акыл таймашында күч сынашат. Андан сырткары, 2-3-орундарды ээлеген мугалимдер да классындагы окуучулары менен бирге Бишкек шаарына 2 күндүк экскурсияга келишет.


МУРУНКУ ЖЫЛДАРДЫН СЫНАКТАРЫНЫН СҮРӨТТӨРҮ 

СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

МУГАЛИМДЕРДИН МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТТАРЫ

ОКУУЧУЛАРДЫН  МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТТАРЫ 

КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАРЫ

2020-БМ сынагынын жобосу

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *