ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАЛАРЫ

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ. 1989-Ж.

Бул басылма 2020-жылы чыгарылып, 20.08.2023-жылы “КЫРГЫЗФИЛМ” киностудиясы тасманы жаңы, сапаттуу санариптештиргендигине байланыштуу жаңыртылган. Маданий мурастарыбызды сактоонун алкагында киностудия тасмаларды, анын ичинде Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата режиссердун тарткан тасмаларын санарипке өткөрүүдө.

Санариптештирилген тасманы көрүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп, үн диапазону зор ырчынын уникалдуу жазууларын угуп, чыныгы ырахат алууга чакырабыз.

Уникалдуу табигый үндүн ээси Мыскал Өмүрканова жөнүндө тасмасы.

“Мыскал” тасмасын тарткандан кийин Лиля Турусбекованын берген интервьюсунда: “Бул тасмалардын темаларынын баары бири-бири менен үн алышып турат – алар элдик таланттар жөнүндө. Негизинен мени ушундай адамдар өзүнө тартат… Биз, кинематографисттер ушундай уникалдуу адамдарды тасмага тартып калууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек, болбосо эртең кеч болуп калат” деп айтканы бар.

Эң кызыгы, ырчыга сахнага чыгуу билетин белгилүү күчтүү Кожомкул Каба уулу берген. Бул тууралуу тасмада өзүнөн 16 жаш кичүү, аны жеке тааныган белгилүү акын Эстебес Турсуналиев айтат.


Дагы: 

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА: ВЛАДИМИР МИХАЙЛОВ МЕНЕН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ ЖӨНҮНДӨ МАЕК

ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ

“АЛЫКУЛ”. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАСЫ. 1990-ЖЫЛ


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *