1916: OUR PAPERS

1916-ЖЫЛЫ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДА БОЛГОН ОКУЯЛАРДЫ ЖЕРИНЕ БАРЫП ЭСКЕРҮҮ САПАРЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ

Өзүң эч качан көрбөгөн реалдуу окуяларды ошол жерге барып, сүрөттөп берүү оңой эмес. Биз көптөн бери 1916-жылдагы каргашалуу окуяларга күбө болгон касиеттүү көлдүн жээгине барып келүүнү пландап жүргөн элек. Анткени мүмкүн болушунча, ошол окуялардын катышуучуларынын эскерүүлөрүндө жана документтерде сүрөттөлгөн жерлерди, белгиленген объектилерди, ал жерге коюлган эстелик белгилерин ж.б. баарын өз көзүбүз менен көргүбүз келген. 2020-жылдын 14-15-ноябрында биздин ошол кыялыбыз ишке ашты.


Кереметтүү көлдү айланган саякат уюштурууну бизге Эмилбек Каптагаев сунуштаган. Ал жалпыңыздарга кеңири маалым болгондой, жеке эле саясатчы эмес, 1916-жылкы үркүн темасына көптөн бери терең үңүлүп, изилдеп жүргөн адам жана 2011-жылы жарык көргөн КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 1916-ЖЫЛКЫ КӨТӨРҮЛҮШ. ДОКУМЕНТТЕР ТОПТОМУ  деген документтер топтомунун түзүүчүсү. Андыктан биз анын жол башчылык кылуу сунушун жан дилибиз менен кабыл алдык. Айтмакчы, ал сунушун бизге “Бублик” кофейнясында жолукканыбызда айткан эле, ошол жерден иш сапарыбыздын жалпы планын талкуулаганбыз.

Эмилбек Саламатович жол жүрүшүбүздүн програмамасын дыкат ойлонуштуруп, саат-мүнөтүнө чейин түзүп чыккан экен.

Биз эки күн бою ошонун алкагында жол жүрдүк, анткени ал бизге алдын-ала көрсөткөн план-графикти көрүп эле бул чөлкөмдү, анын тарыхын мыкты билерине ынандык. Анын үстүнө Ысык-Көл облусунда ар кандай административдик кызматтарда иштеп жүргөнүндө, ал өзү эстеликтерди орнотуу боюнча демилге көтөргөндөрдүн бири болгондугун жакшы билчүбүз.

Сапарыбыздын планынын сүрөтү. Сүрөт Эмилбек Каптагаевге таандык

 


Төмөндө – иш сапарыбыз жөнүндө биздин отчет.

№1. Боом капчыгайы. Чу суусу аркылуу өткөн Семенов көпүрөсүнүн калдыктары     

Бишкектен 14-ноябрдын таңы жаңы атканда, эртең мененки саат 7де жолго чыктык. Адегенде эле Боом капчыгайына кире бериштеги Чоң-Кемин суусунун Чуга куюлган жеринен анча алыс эмес жайгашкан, Чу суусу аркылуу өткөн Семенов көпүрөсүнүн кыйраган калдыктарын көрүүнү тандаганбыз. Пишпек менен Пржевальский уезддерин байланыштырып турган бул көпүрө, 1916-жылдын август айында талкаланбай, сакталып калганы өтө таң калычтуу көрүнүш. Бирок Чу аркылуу өткөн, азыркы Кызыл (Краснооктябрьский) көпүрөгө жакын жайгашкан  “Ортоңку” бөлүгү талкаланып калган.

2020

1910

Биздин сайттагы макалада детектив окуясындай сүрөттөлгөн 7 бөлүктөн турган курал-жарак ташыган араба 1916-жылдын 8-августунда ошол Семенов жана Ортоңку көпүрөлөр аркылуу өткөн. Ошол эле көпүрө аркылуу 13-августта прапорщик Букин жана прокурордун жардамчысы Камаринец жетектеген казактар Чүй өрөөнүнө орус келгиндерин, Столыпин (Кочкор) тургундарын алып өтүшкөн.

Документтен үзүндү:

Бул окуядан мурда 5-6 күн мурун кыргыздар орто көпүрөнү бузуп таштаптыр. Кара коюндагы Хохлов деген орустун байы качыптыр дейт. Ошонун малын көпүрөдөн өтө албай турганда аламын деп Кыдыраалы (өзү ууру эле) деген көпүрө[гө] келет да, көпүрөдөн буза электе 5 араба өтүп кеткен экен. Кыдыраалы аларды келе жатып көрөт. Ар бир арабанын үстүндө 2ден солдат бар экен, тура калып эки жакты карап, келе жатканын көрүп, кайра сабап олтуруп, Ыбраимга барат (Чолок-Сары-Булактагы-Рыбачьенын үстү). №63 ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ САРЫБАГЫШ ВОЛОСТУНУН КЫРГЫЗЫ КАРАЧОРОЕВ ЖУНУШТУН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №2 ДЕПТЕР

…Букин бул жерге токтолбостон, өзүнө мээленген октун астында Боом капчыгайына кирип, Чу суусу аркылуу көпүрөгө жетти. Көпүрөнү өрттөп кетишиптир. Балдарды жана аялдарды казактар суудан ат менен өткөрүп алышкан. Адамдардын жарымы жана алардын арабалары аркы жээкке күүгүм киргенде өтүшкөн, ал эми экинчи жарымы 13-август күнү эртең менен өтүшкөн. Отряд экиге бөлүнгөн эле: бири эртең менен өткөрүлгөндөрдү кайтаруу үчүн калган, ал эми экинчиси жана кечинде өтүшкөн дыйкандар менен бирге жөнөгөн Букин Боом капчыгайынын оозуна келип токтогон. Кыргыздар ушул жерден ок атышып, 5 казактын аты өлгөн, бирок адамдардан жоготуу болгон эмес. 1800 кадам алыстыкта атышса да, Букиндин айтканы боюнча, окту түз мээлеп атышкан. Чу аркылуу өткөн Семенов көпүрөсү бүтүн, бирок көпүрөнүн Токмокко карай тартылган бөлүгү өрттөнүп кеткен…  [ЦГА КР. Ф. И-75. Оп. 1, д.50. л.137-142]


№2. Боом капчыгайы. 1916-жылдын курмандыктарына коюлган эстелик

Жаңыл Абыдылдабек кызы и Владимир Шварц

Жаңыл Абдылдабек кызы и Асель Даниярова

Бул жолку сапарыбызда биз биерге токтогон жокпуз. Анткени биз бул жерде мурда бир нече жолу болгонбуз. Сүрөт 2018-жылы тартылган. Эстелик жанында Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы менен.


№3 Боом капчыгайы, Кубакы. 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарынын жаркын элесине арналган мүрзө таш.

Жогору жагындагы жазуулар – Ысак Шайбековдун “Кайран эл” поэмасынан алынган саптар. Төмөндө — кыргыз тилинде: Бул эстелик 1916-жылы улуттук-боштондук кармашында курман болгон биздин мекендештерибиздин жаркын элесине арналат”
деген жазуу турат. Бул жерде адегенде Касымаалы Баялиновдун Үркүн трагедиясы жөнүндөгү повестинин каарманы “Ажарга” арналып коюла турган эстеликтин белгиси катары таш коюлган.

Эстелик

 

 

 

Эстеликтин жанында

Убадалар жөнүндө кол жазмаларды талдап жатабыз

Азыр ушул эстелик ташы анын четинде кароосуз калганы өкүнүчтүү. Биз аны бери жакыныраак жылдыралы деп ойлоп, ордунан козгой албай койдук, анткени өтө оор экен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылсак, оңдоп коюшаар деген үмүттөбүз.


№4 Боом капчыгайы. Балыкчы шаарынан 25 километр жерде жайгашкан Көк-Мойнок кыштагынын эски курулушу.

Ушул же ушуга окшогон курулуштар, колго түшүрөөрдүн алдында, 1916-жылдын 8-августунан 9-августка караган түнү курал-жарак жүктөгөн ат араба дем алганга токтогон почта бекетинин жана кербен-сарайдын бир бөлүгү болушу мүмкүн.

Көк-Мойноктогу үйдүн көрүнүшү, үч тарабынан караганда.

Документтен үзүндү:

5-августта транспорт Пишпектен чыгып, 8инде саат 4тө Көк-Мойнок бекетине келип токтоп, ошол жердеги кербен-сарайга түнөгөн. Ошол эле түнү кыргыздар малдарын бекеттен айдап кете баштаган, почта бекетинин ат арабакечтери – кыргыздар өз кожоюнуна берилгендигин билдирип, аттарды кайтарып калышкан.  (ЦГА КР. Ф. И-75. Оп. 1. Д. 49. Л. 22-26)

Көк-Мойнокко кеткен жолдогу бурулушта кыргыздар тоо кырларынан жана Рыбачье тараптагы окоптон (жертөлө) аларга каршы ок атышкан. Букин өзүнүн адамдарын экиге бөлгөн: бир бөлүгү тоо кыркалары тарабынан кыргыздарга ок атышса, экинчиси окоп жагынан ок атып, жүк жүктөгөн арабанын өтүп кетишине жол ачкан. Кыргыздар чабуулга чыгышкан, бирок анын мизи кайтарылган. Бул жерде бир жоокерге жана үч дыйканга ок тийген. Андан кийин, Көк-Мойноктун өзүнө чейин, жүк салынган араба ок астында калган; Казактар ​​менен солдаттар жооп кайтарышып, ок атып турушкан. Көк-Мойноктон адамдардын эч кимиси табылган жок; бекет бүтүн бойдон калган, бирок мүлктөрү тонолгон … (ЦГА КР. Ф. И-75. Оп. 1, д.50. л.137-142)


№5 Ысык-Көлдүн Түштүк жээги. Балыкчы шаары. Почтовая көчөсүндөгү имараттын пайдубалынын калдыктары

Бул үйдүн көрүнүшү, болжолу менен качан курулгандыгы жана жайгашкан жери, почта-телеграф кеңсесинин имараты, курал-жарак жүктөлгөн араба кармалгандан кийин аны коштоп келгендер ушул жерге баш калкалашкан деп божомолдоого негиз берет.

Таштанды таштоочу челектин үстүндө отурушкан атчандар коругунун жоокери Муховиков менен Василенко ушул жерден беш чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Рыбачийге шашыла чуркап жөнөшкөн.

… Пржевальскиге өтүп бара жаткан солдат Василенко, Муховиков жана төшүнөн, капталынан жана сол колунан жаракат алган бир күзөтчү, ошондой эле бардык аялдар жана балдар Рыбачьеге келишти. Рыбачьеде алардын сууга түшкөн айрымдарын кайыкта кетип бара жаткан дыйкандар кармап алышып кайыкка салышкан, калгандары болсо, сууга ташталган кайыкты кармашып, ага түшүп алышып, беш күндөн кийин Пржевальскийге келишкен. Василенко жана анын жанындагы жолоочу жана ошондой эле жарадар болгон күзөтчү кайыкта орун жок болгондуктан, кайыкка отурушкан эмес.

Мындан тышкары, Рыбачьедеги бекетте баргысы келбеген «ат резервинин» 8 жоокери болгон. Кайыктардан аларга ок аткан кыргыздарга кантип жооп кайтарып жатышкандары көрүнүп турган…  (ЦГА КР. Ф. И-75. Оп. 1. Д. 49. Л. 22-26)

Ушул маалда кыргыздар Рыбачьенин чыгыш тарабынан капыстан айылга кирип келишип, өрттөй башташкан. Элдин баары көлгө карай качышкан, ал жакта узун кайыктар бар эле. Баары ошол кайыктарга түшүп, сүзүп кетишти. Айылда Бачин деген бир гана карыя калган, кийин аны өлтүрүп салышканы билинди. (ИЯиЛ АН КР, Тетрадь № 12. Запись № 21. Рассказ жителя села Рыбачье И.А. Жданова)


№6. Ысык-Көлдүн Түндүк жээги. Чок-Тал айылы.

20-кылымдын башындагы кербен сарайдын камыш дувалынын калдыктары. Имараттын максаты ушул жер тилкесинин учурдагы ээлери тарабынан тастыкталган. Кербен сарайдын имараттары 40-жылдарга чейин сакталган.

Документтен үзүндү:

…30-августта эртең менен Ысык-Көлдүн жээгин бойлой кеткен почта жолуна түшүп, саат 2де өрттөлүп, күлү көккө сапырылган Чокталга келдим… Бекетке кеткен жолдогу Чолпон-Ата, Курунды, Семеновка, Сазановка жана башка Түпкө чейинки айылдардын баары ошондой эле болуп өрттөлүптүр, кээ бир жерлердеги гана жыгач курулуштарын, токой материалдарын, үймө нандык дан эгиндерди, беде, чөптү кошпогондо, баардыгы өрттөнүп, айыл тургундарынын жарымы өлтүрүлүп, жарымы көлдү жээктеп токойлорго жана тоолорго баш калкалап качып кетишкен, жарым-жартылайы туткунга алынган. (Армиянын кенже офицери П.Бочковдун 1916-жылдын 2-сентябрындагы рапорту, РКАЗ Борбордук Мамлекеттик архиви. Ф. 44. Oп. 1.D. 5038. Л. 166-167. Түп нускасы)


№8. Түп айылына жакын Кара-Баткак аймагы.

Ысык-Көлдүн бүт түндүк жээги, жээктен тарта дөңсө тоолорго чейинки аралык, 1916-жылы августта качуучу аймак болгон: адегенде орус келгиндери өз айылдарынан Түпкө (Преображенский), андан кийин алардын артынан топ-тобу менен кыргыздар чыгышка беттей качышкан. Ал эми акыркысы, жазалоочу аскердин старшинасы П.Бочковдун жазалоочу отряды өтүп, ошол аймакты бардык тирүү жандыктарды кырып жок кылып турган. Бирок ага чейин эле, Кара-Баткак аймагында, фон Берг башкарган казактар ​​көчмөн кыргыздарды талкалоо үчүн аттанган.

Документтен үзүндү:

 “1916-жылдын 2728августунда, күндүзгү саат 3тө Пржевальский шаарынын комендантынын буйругу менен мен 52 казак менен Преображенский (Түп), айылына аттандым, анда Түптүн комендантынын билдирүүсү боюнча, кыргыздар айылга кол салууга даярданып жатышкан… Айтмакчы, мен өзүмдүн чалгынчыларымдан төмөнкүлөрдү билдим: 27си таң эрте Рыбачье бекети тарабынан Ысык-Көлдүн түндүк жээгин бойлоп коюу чаң көрүнгөн, адамдардын же бодо малдын калың карааны жылып келатканы айдан ачык эле, бул чаң 18 чакырымга созулуп, ал калың караан өтүп кеткен жерден алардын артынан өрт чыгып, айылдар, үймөк беделер, бал челектер жана монастырь өрттөнүп күйүп жатты…

… Таңкы саат 5те, командамды жылып бараткан коюу чаңга куйрук улай  чабуулга жиберип, өзүм болсо баш жагынан кол салууну чечтим, ошентип кыргыздарды эки фронтко алаксытып, аларды ортого кысып камоо керек. … Бул эгин эгилген алаканга салгандай теп-тегиз жерде эле. … Коюу чаңга оролгон кыргыздарды ортого кыскан соң, команда шашки менен иштей баштады; ондогон кыргыздар боо-боо болуп жыгылып жатышты, алардын ийиндеринен ныгырган казактар ​​ортого озунуп чыгышып, ырайымсыздык менен кырып жатышты; …. Жылчыксыз курчалган топтон өтө эле аз сандагы кыргыздар качып кутулушту. Курман болгондордун сөөктөрү ушунчалык көп болгондуктан, жанагы жылчыктан артка кайтып чыгуу мүмкүн эмес эле, биз эңкейиш менен капталдап чыгып кетүүгө аргасыз болдук. Түптүн жанындагы салгылашуунун натыйжасында мен кыргыздардан миллионго жакын бодо малды, бардык мүлктү жана азык-түлүктү тартып алдым … “ ((Жазалоочу отряддын башчысы фон Бергдин күндөлүгүнөн, ЦГА КР. Ф I-75. Оп.1. Д. 11. Л. 28 об.-39 об. Көчүрмөсү)

Бул окуяларды эскерип, көрнөк орнотуу чечими кабыл алынган жана ал жерге белги коюу аземи өткөрүлгөн. Тилекке каршы, ошол бойдон эч кандай белги орнотулган эмес … Муну оңдоо зарыл.


№8а Түп айылынын жаны. 1916-жылдагы окуяларды эскерүү үчүн орнотулган мүрзө таш.

Ташка Шайлообек Дүйшеевдин поэтикалык саптары чегилип жазылган.
Бул жерде Түп айылына (Преображенское) чектеш аймактарда жашаган кыргыздардын волосттору Кутургуга көчүп келген келгиндерге кол салып, талкалашкан.

Документтен үзүндү:

…Жаштарыбыз да, карыларыбыз да, баардыгы ат минип, орустар отурукташкан Түп айылын көздөй бет алдык. Орустардын малынын баарын кыргыздар айдап кетишкен. Бирок, кыргыздардын караңгылыгынан жана башаламан чабуулдарынан ийгиликсиз аяктаган. Түп айылынын четине барып, токтодук. Түп эли жакшы коргонгондуктан, аларга жакын баруу мүмкүн эмес болчу, алардын арасында согуш мылтыктары бар 7 орус казагы бар эле.

Түнкүсүн орустар маал-маалы менен аткылап турушту, кыргыздар аларга кол салуудан коркуп жатты. Эртеси 4 волосттун калкы Түпкө кол салат деп сүйлөшүлгөн эле. Кечинде, кыргыздар Түпкө жакындаган кезде, орустар кол менен жасалган замбиректерден жана мылтыктардан ок чыгарышканда, кыргыздар кайтып келишип, Түптү курчап башташкан. Түпкө кедей кыргыздардан чалгынчылар жөнөтүлгөн. Биздин волосттон Алдыбай, Жолдубай, Бабек жиберилген. Чалгынчылар таңга маал келишти. Көрсө, алар Түптөгү орустардын айрымдарынын үйлөрүн өрттөп, орустар начар куралданган, Түптө мылтыгы менен 7 орус казагы, өз колу менен жасаган замбирек бар деп айтып барышкан. Ошондой эле, орустар отряддарды уюштурган, бирок отряддагылардын көбү эркектердин кийимин кийген аялдар деп  билдиришкен. 13-август күнү кечинде экинчи чабуулду баштадык. Бирок, орустар бизди жакын жолоткон жок, алар алдыга карай ок чыгарышты, көптөгөн кыргыздар өлтүрүлдү. Кыргыздар дүрбөлөңгө түшүп артка чегине башташты. Күрмөнтү айылынан, кедей-кембагалдардан Балбаков Султанбек бир нече мергенчилерди уюштуруп, орустар менен атышууну жүргүзө баштаган, атышуу бир күнгө жакын созулган. Бирок кыргыздардын көбү артынан кууган орустардан туш тарапка чачырап качып кетишкен. Кыргыздар артка чегинген учурда орустар көптөгөн кыргыздарды өлтүрүшкөн. Биз ар кайсы тарапка баш аламан качкан бойдон Текес тарапты көздөй жөнөдүк … (КР ИА ТжАИ. №1а дептер. № 11 кол жазма. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн катышуучусу Мусажан Жанбаевдин эскерүүлөрүнөн)


№9 Түп району. Сан-Таш жери, Үркүндө курман болгондордун эстелиги.

Бул таш 2011-жылы “Кыргыз эл коому” Фонду тарабынан трагедиянын 95 жылдыгына карата орнотулган. Жусуп Турусбековдун Октябрь революциясынын 15 жылдыгына арналган атактуу “Ук, жер жүзү!” поэмасындагы саптар ташка оюлуп жасалган. Экспериментатор-акындын ал классикалык ыр саптары түп нускасында – бул сөз драматургиясын күчөтүүчү поэтикалык “тепкич” …

Биз эстеликтин жанындабыз. Биздин айланабызда көз жетпеген мейкин

Сан-Таш коргону жана биз

Биз алыста турабыз

Көтөрүлүш учурунда биздин айыл көтөрүлүшкө чыккан эмес, көтөрүлүш башталгандан кийин кээ бирлери гана чыгышкан. Солтонбай элди Ак-Сууга кол салууну уюштурууга аракет кылган. Ошентип отряд чогулткан Солтонбай, отряды менен Ак-Сууга бет алган, ошол учурда Ак-Сууга 70ке жакын орус казактары келишкен, алар менен кагылышуу болуп, бир нече кыргыз өлтүрүлүп, Солтонбай өзүнүн отряды менен артка чегинген.
Кытайга качуу үчүн кыргыз байлары менен манаптары чогула башташты. Кыргыз кедейлери Кытайга качкысы келбегендиктен, Ак-Суунун жанындагы тоолордо калышкан.
Бирок орус аскерлери бардык жерде кыргыздарды кууп, өлтүрө башташкан, ошондуктан байкуш кыргыздар Кытайды көздөй качууга аргасыз болушкан.
Кашка-Суу ашуусунда орус отряды качып бараткан кыргыздарды кууп жетип, 70ке жакын адамды өлтүргөн. 
(ИЯиЛ АН КР. Рукописный фонд. Тетрадь № 1а. Запись № 12. Воспоминания участника восстания 1916 г. Исак Мураталиев)

1916-жылдагы окуялардын эстелиги туристтик жайдын жанына  – легенда боюнча Тамерландын аскерлери тургузган “Сан-Таш” дөбө комплексинде орнотулган.


Сары-Жаз

Сары-Жаз дарыясынын аймагындагы №9а схемасында белгиленген мемориалдык белгиге аба ырайынын шартына байланыштуу унаа менен барууга мүмкүн болгон жок.


№10 Каракол, Көлдүн чыгыш жагындагы Ысык-Көл облусунун борбору. “Үркүн” монументи.

Шаардын борборундагы Жеңиш паркына орнотулган. 50 фигурадан турган 16 метрлик “Үркүн” мемориалы.

 

Басма сөзгө жарыяланган цитата:

«Эки негизги фигура бар – карыя менен жигит. Карыянын оозунан: “Токто!” – деген чакырык чыгып жаткандай. Жигиттин колундагы таяк эл куралсыз болгондугун билдирет, — деп, скульптор Марлен Бакатиев “Спутник” агенттигине айтып берген.


№10а Ысык-Көлдүн чыгыш жагынын аягы. Теплоключенка – Ысык-Көлдөгү орус көчмөндөрүнүн биринчи отурукташкан жери. Кыдыр-акенин эстелиги.

Кыдыр-аке Байсарин — Ысык-Көлдөгү эң ардактуу 7 акенин бирөөсү.

Эстелик жана анын артындагы дубал

 Жазуу-арноо

Орус чиркөөсүнүн жана тоолорунун көрүнүшү

Турген волостунун белгилүү чоӊ манапы элди көтөрүлүштөн баш тарттырууга аракеттенген, бирок ал өзүнүн үй-бүлөсү менен Үркүнгө качууга аргасыз болгон. Эстеликке кыргыз тилиндеги сөздөр оюлуп түшүрүлгөн:

Кадыры калкка тараган
Калыс болуп жаралган
Бакыт кетпей башынан
Өз элинен бата алган

Документтен үзүндү:

Волосттордун өкүлдөрү … Кыдыр Байсариндин [жана башкалар] өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлгөн жалпы сүйлөшүүлөрдөн кийин … 23-июлда полковник Ивановдон, волосттордун бардык өкүлдөрүн, алардын ичинде алардын өздөрүн да түрмөгө алып барып камоону суранышкан, анткени волосттордун калкы аларга баш ийбей коюшу мүмкүн эле, алардын айтымында, аскер жашындагы жаш жигиттер, жумушчу катары армияга баргандан көрө өлгөн артык дешип, эгерде уезддин начальниги аларды жумушчу катары жиберүүгө макул болсо, аларды өлтүрүп салышаарын ачык эле билдиришкен.

Полковник Иванов өкүлдөргө аларды түрмөгө себепсиз алып барбай тургандыгын айткан. Байсарин, Исабеков, Солтаев жана Сариндин өкүлдөрү башка бардык өкүлдөрдүн атынан дагы бир жолу райондун башчысынан бардык өкүлдөрүн түрмөгө алып кетүүнү өтүнүшкөн, болбосо өз өкүлдөрүн аяган эл, анын алдына, Уезд губернаторунун алдына келип, жумушчуларга өкүм чыгармак(ДОКУМЕНТ №55. ПРОТОКОЛ ДОПРОСА…  Т. ДЮСЕБАЕВА)


№11  Ысык-Көлдүн түштүк жээги. Барскоон капчыгайы. 1916-жылдагы драмалык окуялардын курмандыктарын эскерүү үчүн мүрзө таш орнотулган. 

Барскоондогу мүрзө таш

Бул мемориалдык белги Боом капчыгайындагы Кубакыда орнотулган белги менен дал келет. Жогоруда № 2 менен берилген.

Барскоон капчыгайында жазалоочу отряддар Кытайга качууга аракет кылган кыргыздарды кууп жетип, жок кылышкан.

 

 

 

 

 

 

Алыстагы көрүнүшү

 

Жакындан алынган көрүнүшү

 

  Көл тараптагы көрүнүшү

                                             

Документтен үзүндү:

«1-сентябрда алдыга жылган Атаке жана Сарыбагыш уруулары Жаман-Ичке ашуусунун этегинде түнөгөнгө токтодук. 2-сентябрда Жаман-Ичкеге жакындап калдык, күн бүркөлүп турган. 3-сентябрда кар түшкөн Жаман-Ичкенин жанына түнөдүк. 4-сентябрда Жаман-Ичке ашуусун ашкандан кийин, түнөгөнгө токтодук. 5-сентябрда биз Тарагай чоң дарыясын кечип өтүп, Воз-Гудюрдагы ушул дарыянын чыгыш жээгинде түнөп калдык. 6-сентябрда Карасаз аркылуу эң чоң тоого (Чоң Тоо) жеттик. 7-сентябрда түштөн кийин эс алуу болду(ТжАИ. Кол жазмалар фонду Д. 811. Белек Солтоноев “1916-жылдагы Кыргызстандагы көтөрүлүштүн тарыхы жөнүндө” 43-бет)

 

 Эстеликтин айланасындагы Барскоон капчыгайы

Курчап турган жаратылыштын катаал кооздугу чоң таштар менен төшөлгөн мемориалдын драмасын өзгөчө баса белгилейт.


№12. Сөөк  ашуусу. 4000 м бийиктиктеги “Кадырдын кара ташы” (Большой камень Кадыра) монументи.

Сөөк ашуусу

Сөөк ашуусу

Анын волосту Бедел ашуусун ашып, Кытайды көздөй жөнөп кеткиче, орус аскерлерин үч күн өткөрбөй кармап турган, 18 жаштагы Кадыр аттуу мергенчинин эстелигин баатырдын урпактары Ысык-Көл облусунун администрациясы менен макулдашып, орнотушкан.

Памятная стела “Кадырдын кара ташы”

“Кадырдын кара ташы” вблизи

Сөөк ашуусунан Тарагай дарыясына түшүү. Бул жерде көптөгөн адамдар каза болуп, качкан кыргыздар малдарынын дээрлик баардыгын жоготушкан. Жүз жыл бою жер бетинде адамдар менен жаныбарлардын сөөктөрү толуп турган. Ашуу бекеринен “Сөөк” деп аталбаса керек …

Документтен үзүндү:

Пржевальский уездинде аскерлердин пайда болушу менен 6000ге чейин Пржевальск кыргыздарынын сыртка, ал эми Ысык-Көлдүн түндүк-чыгыш жээгинен жана Каркырадан [Кытайдын чек арасына чейин] Текес дарыясынын өрөөнүнө чейин кетишине себеп болгон, биздин консулдун отчетуна ылайык, ал жерде козголоңчулар 20 волостко чейин чогулушкан. 

… Бурзи отрядынан жиберилген чакан топтор Кара-Кужур дарыясынын өрөөнүндө [Нарындын түндүгүндө] жана Тарагай дарыясынын жээгинде, көтөрүлүшчүлөрдүн топторун талкалашкан, алар ири жоготууларга учурап, малдарды колго түшүрүлгөн.  (Генерал-губернатор А.Н. Куропаткиндин 1916-жылдын 13-сентябрдагы рапорту. № 7187 — ГАРФ. Ф.102. Оп.125. Д.130. ч.1. т.3. Л.184-185)

…5 октябрь. Нарын гарнизонунун аскерлеринин бир бөлүгү Кочкордогу отряддын планы боюнча багынбай жаткан кыргыздарды курчап алуу милдетин жеңилдетүү үчүн Долон ашуусу тарапка жөнөштү. Ар кандай маалымат булактарынан алынган маалыматтарга караганда, козголоңчулар Долон тоо кыркаларынын чокусуна топтолушкан, алардын айрымдары Аташы дарыясынын жогорку агымы аркылуу Тарагай-Көгарт ашуусу менен Кытайга өтүп кетишкен  (Нарын бажы заставасынын башчысы  В.И. Доценконун күндөлүгүнөн. – ЦГА КР Ф. И-46. Оп. 1. Д. 435. Л. 72–85 об)

Сөөк ашуусунан Тарагай Сыртынын көрүнүшү

 

Эмилбек Каптагаев кар бетине Үркүндүн маршрутун тартып жатат – Кеминдин сарыбагыштарынын жана Тоңдун бугуларынын Кытайга Тарагай сырты аркылуу качып өтүшү.

Кар бетиндеги маршруттар
Тарагай суусу

 

 

 

 

 

 

Сырты аркылуу Тарагай дарыясы агып өтөт. Европалыктарды Кеминге жана Ысык-Көлдүн тегерегиндеги айдоо аянттары жана климаты жакшы аймактарга көчүрүп алуу үчүн, кыргыздарды ушул жерге, шарты катаал жерлерге көчүрүп келүү керек болгон.

Вид на Тарагайские сырты с перевала Суек

Вид на Тарагайские сырты с перевала Суек до снега

Документтен үзүндү:

15-октябрь күнү кечинде Пишпек жана Пржевальскийдеги козголоңчул кыргыздарын Нарындын аймагында жайгаштыруу маселеси боюнча доклад болду. Натыйжада, Пржевальский районун 2 бөлүккө бөлүү боюнча генерал Соколов-Соколинскийдин долбоору толугу менен жактырылды – Накта орустардын Пржевальский району, Охотничий шаарчасынан Столыпинский айылына чейин, жана Пржевальский Сыртыны курчаган кыргыздардын Нарын району – Ат-Башы району жана Пишпек уездинин загорный волостторунун аймагы. Нарында райондук администрация, ал эми Жумгал менен Атайке сот аткаруучулары жашаган жер катары сунушталды.

“Семиреченск аймактык ведомствосу” 1916-жылдын 17-октябрындагы №236 саны.


№13 Ысык-Көлдүн түштүк жээги. Тоң. “Кырк Шейит” монументи – Үркүндүн кырк курмандыгына арналган.

Бул жерден өз мекендеринен сүрүлүп чыгарылган кыргыздар чыгышка, Тоң жана Коңур Өлөң ашууларына, андан ары Кытайга көчүп кетишкен … Ал эми жашырынып калууга аракет кылгандарды оор тагдыр күтүп турган.               

Асель эстеликтин жанында 

  Эмилбек Каптагаев менен эстеликтин жанында

Документтен үзүндү:

… Эртең менен бизди Коңур-Өлөңгө (Тоң району) алып кетишти, ал жердеги орустарда курал жабдыктар көп экен. Көрсө, ал жерде алардын башчысы бар экен. Бизди кайрадан суракка алышып, канча орус өлтүргөнүбүздү сурашты. Биз көтөрүлүшкө катышпаганыбызды, орустарды өлтүрбөгөнүбүздү айттык. … Эртеси күнү биз орустар өздөрү менен кошо ала кетишкен 40 кыргыздын бирөөнү да калтырбай Думананын белинде атып өлтүрүшкөнү тууралуу кабар уктук. Тоодо калган бизди 10 адамдан турган отряд кайтарып жатты. Бирок биз кийин Рыбачьеге өтүп келдик. ДОКУМЕНТ. 1916-ЖЫЛ … КЫДЫРАЛИЕВ НУРГАЗЫНЫН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ. №1 ЖАНА №12 ДЕПТЕР

Сапардын негизги максаты ийгиликтүү аяктады: биз кыргыздар жашаган (азыр да жашоосун улантып жатышкан) жерлердин берекелүү кооздугун, ошондой эле укмуштай кооз, бирок жүрүүгө татаал, 1916-жылы түйүнчөктөрү, айдаган малдары менен көчүп кетүүгө мажбур болушкан тоолуу жолдорун, акыр аягында, узагыраак жашоого тап-такыр мүмкүн болбой турган, Пржевальский Сырты деп аталган тоо тундрасын  өз көзүбүз менен көрдүк.

Биз Үркүндүн көптөгөн жолдору менен маршруттарын, кууш тоо жолдорун, кар баскан бийик ашууларды, Кемин өрөөнүнүн жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин жашоочулары Үркүнгө кеткен көптөгөн суу өткөөлдөрүн тактай алдык.

Основная цель нашей поездки была успешно выполнена: мы своими глазами увидели и благодатные красоты тех мест, где жили (и продолжают жить) киргизы, и невероятно красивые, но столь же трудные для передвижения горные дороги, по которым они были вынуждены откочевывать со всем своим скарбом и стадами в 1916 году, и, наконец, совершенно непригодную для длительного проживания – горную тундру, которую принято называть Пржевальские Сырты.

Мы смогли уточнить те многочисленные пути и маршруты Уркуна, узкие горные тропы, высокие заснеженные перевалы, многочисленные водные переходы, по которым уходили в Уркун жители Кеминской долины и южного берега Иссык-Куля.

Биз ошондой эле акыркы он жылдыкта ошол оор окуяларды эстөө материалдык, монументалдык көрүнүшкө ээ боло баштагандыгын дагы көрдүк.


Дагы: 

В. ШВАРЦ. ВИНТОВКИ ДЛЯ ПОВСТАНЦЕВ. ИЗ 5 ЧАСТЕЙ С ВВЕДЕНИЕМ И ЗАКЛЮЧЕНИЕМ. ВВЕДЕНИЕ (орус тилинде)

 


Author
Асель Даниярова, Владимир Шварц

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *