СУНУШТАЛГАН КЫЗМАТТАР ЖАНА ДОСТОРДУН КОЛДООСУ

БИЗДИН ДОСТОРУБУЗ ЖӨНҮНДӨ. БИЛИМКАНА КООМДУК ФОНДУНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ

Урматтуу достор!

Биз сиздер менен баарыбызды шыктандыруучу эң сонун жаңылыкты бөлүшөлү деп турабыз. Билимкана коомдук фондунун негиздөөчүсү Төлөндү Тойчубаев биздин “1916-жыл” долбоорубузга финансылык колдоо көрсөтүүнү сунуштап, иш жүзүнө ашыра баштады.

Бул долбоор – Санжарбек Данияровдун фондунун ишмердүүлүгүнүн эң орунттуусунун бири, биз бул долбоор менен беш жылдан бери иштеп келатабыз. Долбоор Түркстанда жана баарынан мурда, Семирьечеде 1916-жылдагы драмалык окуяларды изилдөө жана ошондой эле аларды чогултуу, тутумдаштыруу, анализ жүргүзүү жана документтерди, макалаларды, ушул темага арналган жыйнактарды жарыялоо, ошол окуялар жөнүндөгү маалыматтардын толук базасын түзүү иштерин аткарат.

Биздин максат – документтер менен тастыкталган фактылардын негизинде анализделген болгон тарыхый окуялардагы чындыкты чагылдыруу, маалыматтарды таап чыгып, ким кызыкса, баарына жеткиликтүү кылуу. Ал тема боюнча материалдарды ушул сайтка жарыялайбыз жана ошондой эле китеп жазуу, видеоматериалдарды, окуу куралдарын чыгаруу сыяктуу, ал каргашалуу окуялар жөнүндө билгендерибиздин баарын заманбап технологиялардын жардамы калың журтка жеткирмекчибиз.

Фонддун башка долбоорлору сыяктуу эле бул долбоор да фонддун негиздөөчүсүнүн б.а. биздин озүбүздүн жеке каражаттарына каржыланып келген. Буга чейин биз бул иштерди пенсиябыздын жана банктын пайызга чогулткан чакан топтомдорунун эсебинен аткарып келгенбиз. Бирок жылдан жылга пайыздык ченемдер төмөндөп, долбоорду каржылоо кыйындап бараткандыктан, биз үй-бүлөлүк чыгымдарды кыскартууга мажбур болуудабыз. Мындай чектөөлөр бул долбоорду эле эмес, башка дагы долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүнү кыйындатып, билим берүү жана маданият тармагындагы иш-чараларды кеңири жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жаратууда.

Билимкана КФ сунуштаган финансылык жардам Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, жана башка өлкөлөрдүн архивдеринен документтерди издөөгө, тапшырык берүүгө жана сканирлөөгө, материалдарды орус тилинен кыргыз тилине жана тескерисинче, кыргыз тилинен орус тилине которууга, басылмаларды жарыялоого жана башка иштерге кеткен биздин чыгымдарыбызды жабууга жумшалмакчы. Ал каражаттын бир да сомун өзүбүздүн гонорарыбызга кетирбейбиз, мурдагыдай эле бул ишти жеке өзүбүздүн убактыбыздын эсебинен гана аткарууну уланта бермекчибиз, себеби биз үчүн бул өтө маанилүү жана кызыктуу. Колдоо алган соң, биз тезирээк иштеп, жалпы пайдаланууга көбүрөөк материал бере баштайбыз.

Бир өтө баалуу учурду баса белгилеп койгум келет: бизде, тилекке каршы, чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн жардамын алуу калыптанып калган, ал эми бул каржылык колдоо өзүбүздүн, Кыргызстандын жарандарынан көрсөтүлүп жатат. Кыргызстанда билим берүү, маданият жана жалпы эле билим тармагына багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө даяр жарандарыбыз бар экени бизди чексиз кубандырат.

 

 

Маалымат үчүн: Билимкана КФ – бул динамикалуу өнүгүп келаткан Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектебинин тармагы. Билимкананын сайты


2020-жылы Санжарбек Данияровдун фондуна 10 жыл толот!

Эгерде сиз биздин гуманитардык долбоорлорубузду колдогуңуз келсе, сиздин жардамыңыз сөзсүз эле альтруисттик болушу кажет эмес. Сиз кызмат көрсөтүү – тексттер менен иштөө кызматына өтүнмө берип кайрылсаңыздар болот. Бул жөнүндө ушул жерден тааныша аласыздар.

СУНУШТАЛГАН КЫЗМАТТАР: ТЕКСТ МЕНЕН ИШТӨӨ

Дагы тема боюнча: 

ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» ДОЛБООРУНУН БОЛЖОЛДУУ СМЕТАСЫ. САЯКАТТАР+ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮҮ

«ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕР» ДОЛБООРУНА», САЯКАТЫНА ЖУМШАЛГАН ЧЫГЫМДАРДЫН БОЛЖОЛДУУ ДАЯР СМЕТАСЫ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *