1916: ТАНДАЛГАН ДОКУМЕНТТЕР

№67 ДОКУМЕНТ. АЗЫЛОВ ЖУМАШТЫН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №8 ДЕПТЕР

— КР УИА.Тил жана адабият институту. Кол Жазмалар Фонду. Оп. Тарих. 1519 (8) Д. 1-10 Б. Жазып алган: ИЯЛИнин илимий кызматкери Чыймылова Бүбүкан

1953-жылы университеттин тарых факультетинин 4 студентинен турган топ жергиликтүү калк өкүлдөрүнөн, 1916-жылдагы окуяга күбө болгон, ошол кезде көзү тирүү адамдардын өз ооздорунан окуянын чоо-жайын жазып алуу үчүн республиканын булуң-бурчтарына жиберилген. Ал документтер Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталган жана аны колдонууга чектөө киргизилген. СССР таркаган соң, ал документтер кеңири колдонууга берилген. Студенттер катышуучулардан жана өз көзү менен көргөндөрдөн орус жана кыргыз тилдеринде жазып алышкан ал жазуулар 17 дептерди түзөт. Ар бир дептерде 10-20 адамдын айтып бергендери бар. Ал жазуулардын алдыларына чындыгы күбөлөндүрүлгөн колдор коюлган, коюлган колдорду колхоз же совхоз жетекчилери, жергиликтүү администрация башчылары тастыктаган.

#8 дептердин өзгөчөлүгү бар, аны студенттер эмес, Тил жана адабият институтунун кызматкери жазып алган. Бул 1916-жылы болуп өткөн драманын эң кайгылуу окуяларынын бири — жөн гана эмес, бийликтегилердин коштоосу менен, Беловодск айылынын аймагындагы Солто уруусу басымдуулук кылган бир нече кыргыз болуштугунун дыйкан жашоочуларын жапырт — массалык түрдө (500-600 адам) ырайымсыздык менен кыргандыгынын күбөсү.

Бул кайгылуу эпизодду ошондой эле башка дагы тирүү калган, жапа чеккендер сүрөттөп айтып беришкен. Шилтемелер ушул макаланын аягында берилген.


 

ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

 

№8 Дептер. №1 Жазуу. (Бул дептердеги жападан жалгыз жазуу)

Калинин району, Сосновка с/советине караштуу Крупская к/зунун мүчөсү Азылов Жумаштын 1916-жылы болгон кыргыздын окуялары жөнүндөгү эсинде калгандары. Ооз эки айтуусунан жазып алган Институт Ялинин илимий кызматкери Чыймылова Бүбүкан, 1953-жылы январь айы.

 


Азылов Жумаштын 1916-жылы болгон кыргыздын окуялары жөнүндөгү эсинде калгандары.

  1. Мен Азылов Жумаш, эскиче Талды-Булак болушуна караштуу Талды-Булак айылынанмын (Карабалтадан) жаңыча Сосновка с/советине караштуу Крупская атындагы колхоздун мүчөсүмүн (Калинин району).

1916-жылы мен 19 жашта болчумун. Талды-Булак болушуна төмөнкү айылдар карачу: Талды-Булак айылы, Багышан эли, Жетиген эли жана Анар-Медер айылы, Бекитай айылы (Баардыгы беш старчын эл эле)[1].

Мына бул Талды-Булак болушунун ээлеген жери болуучу. Менин 8-9 жаш кезимде аягы Карабалта кыштагына чейин, башы Улуу тоодой Карабалтанын башындагы Жетитөргө чейин созулуп жатаар эле. Бул элдин жазында көктөгөн, күзүндө күздөгөн, кышында кыштаган жери ушул жер болоор эле.

  1. Менин эс тартып он чактыга чыгып калган кезимде Талды-Булак айлынын жанындагы Таш-Арык деген жерге орустар келип орношуп, Сосновка деген кыштак курулду. Мына ошентип Карабалтанын оозундагы ээлеген жер жалаң кыргыздан турбастан, орустан кыргыздан турган кошмондуу эл болду.

Сосновка кыштагындагы орустар бир болуш болуп буларга бий-болуштар баш болуп кыргыздын манаптары Талды-Булак элине караштуу эгин айдалуучу, дыйканчылык кылынуучу тегиз жерлердин баарын сатышты. Кийин 1910-11- жылдарда Романов деген жер төрөөсү келип Талды-Булак болушунун жерин түтүн башына ченеп кести. Ошондо Талды-Булак болушунун жеринин теңи Сосновка кыштагына карады. Натыйжада Талды-Булак болушунда жери өтө тарыды.

Сосновкага бөлүнгөндөн кийинки жерди бай-манаптар ээлеп алып кедей-дыйкандардын көпчүлүгү жерсиз калды. Бай-манаптардын элдин жерин сатышы жеке эле муну менен чектелген жок. Романов бөлгөн кезде кыргызга тийген жерлердин бир канчасын бий-болуштар дагы сатты.

Мисалы, болуш Дербишов Бекитай 1913-жылы 2 теше жерди, азыркы 4 гектар жерди өзүнүн писири болуп иштөөчү Калугин деген оруска сатты.

  1. Биздин эл жогоруда айтылгандай орус-кыргыздан турган кошмонду эл болгону менен булардын арасында падыша өкмөтү тарабынан жана орус кыргыз бий-болуштары тарабынан кыргыз жана орусту ынтымактуу кылып кармоо саясаты жүргүзүлгөн жок. Падыша өкмөтү тарабынан болсун жана аны менен келишкен бий-болуштар тарабынан болсун кыргыз, орусту теңчилик менен башкаруу жүргүзүлгөн жок. Кайра көбүнчө кыргыздын эмгекчи букараларын кемсинтип эзип суроо күчөдү.

Мисалы: мыкты чөп чабындылар Сосновка кыштагына берилди. Сугат мезгилдеринде суунун көпчүлүгүн дайыма Сосновкалыктар алып кетип, кыргыз кыштактарынын эгиндери суудан өксү болуп турду ж.б.

Мына ушундай адилетсиз иштерде көпчүлүк букаранын датын муңун угуп мүдөөсүнө жеткирүү мейли падыша өкмөтү тарабынан болсун, мейли бай-манаптар тарабынан болсун болгон жок. Ичкериден падышанын буйругу менен келген орустар жеке эле биздин Сосновкага орношпостон башка болуштардын жерлерине да келип орношту.

Мисалы, эскиче Контой болушуна азыркыча Каганович районуна караштуу Жыламыштын оозуна Белогорка деген орус кыштагы орноду ж.б. Толуп жаткан жерлерде жаңы орус кыштактары пайда болду. Бул айтылгандардын ичине биз төрөлө электе келип орношкон азыркы Панфилов районундагы Старая Николаевка, Карабалта, Ак-Суу селолору кирбейт. Мына булар да алдыдагы 2-3-пункттарда жазылган дыйканчылыкка ылайыктуу жерден, суудан айрылуу кысымчылык болуп турган эле.

  1. 1914-1916-жылдарда элге салык салуу, андан налог жыйноо өтө күчөп кеткен эле. Бул жылдарда жылына падыша өкмөтүнө төлөп турган 18 сом (башкача айтканда 3 асыйдын пулу) мындай турсун, ай сайын, жума сайын налог, ыгым-чыгым төлөп турдук. Калк азып-тозуп кетти. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн алдында кедейлердин эбегейсиз күчөгөн ыгым-чыгым үчүн берүүгө эч нерсеси калбады, налог үчүн кедейлер үйдөгү чөйчөк, кашык, ала кийиз, шырдагына чейин берди.
  2. 1916-жылы элдин массаларды, кедей-кембагалдарды эзүү чексиз күчөдү. Ошол эле жылы жайдын толугунда жаштар орус-герман согушунун майданында окоп каздырууга алынсын деген падышанын буйругу жарыяланды. Бий-болуш, старчындар 19дан жогорку жаштардын спискасын түзө баштады. Бай-манаптар мында да өзүнүн адилетсиздигин жүргүздү. Спискеге алар өздөрүнүн балдарын каттаткан жок. Уездик начальниктин приставдары менен келишип, атап айтсак Инчин деген пристав менен келишип бай-манаптар өзүлөрүнүн балдарынын ордуна кедей-кембагалдын балдарын каттатты. Кедейдин балдары жок болгон жерде картаң букараларды да тизмесине жаздырышты.

Мына ушул кезден баштап мурун жер суусунан айрылган, кордук тарткан эл балдарын герман согушуна жөнөтүү жөнүндө падыша, бий-болуштар тарабынан буйрук алган кедейлер калк өзүнүн нааразылыгын көрсөтүп дүрбөлөңдөй баштады.

Бий-болуштарга кедейлер мындай адилетсиз падышага балдарыбызды солдат кылып бербейбиз деп жообун айтты да катын балдарын айылы менен таштап тоо-тоого кача баштады. Мындай окуялар жеке эле биздин Талды-Булак болушунда гана болбостон башка болуштарда да болгон болучу. Бирок ошол мезгилде баланча жерде, түкүнчө жерде кыргыздар топтошуп алып орустун кыштактарын талаптыр, орустарга кол салыптыр деген кабар уккан эмес элек. Уккандан эле бардык жерде тең бай-манаптар, приставдар менен келишип өзүнүн балдарын паралап алып калып, солдаттыка кедейлердин балдарын гана каттаптыр дейт, буга калк өзүнүн нааразычылыгын көрсөтүп андай болсо биздин балдар да солдатка окоп казууга барбайбыз деген сөздөрдү гана угуп жаттык.

  1. Талды-Булак элинин герман согушуна барып окоп казуудан отказ берип катын баласын айылы менен таштап, Талды-Булак өндүрүнүн башындагы Көк-Дөбөнүн этегинде жаткан жерибизге Бекитай болуштун писири Калугин 2 солдат ээрчитип келди да, мындай деген кеп айтты: «Силер эмнеге катын балдарыңарды, үй-жайыңарды таштап бул жакта качып жүрөсүңөр? Төмөн жакта, менин заимкеме[2] Инчин келди. Бул улук силерге кеп айтам дейт. Улуктун алдына атчан баруу болбойт атыңарды, камчыңарды таштап жүргүлө анын кебин уккула, анан кайта келесиңер» – деген жумшак жылуу сөзүн айтты. Бул кепти уккандан кийин ичибиздеги улуу аксакалдарыбыз чын эле Калугин айткандай бул жерде топтошуунун кереги эмне жүргүлө барып Инчин улуктун кебин угалы дешти. Ошондон кийин баарыбыз тең Талды-Булактын оозундагы Калугиндин зайимкесине жөнөп калдык. Заимкеге жакындап келгенде ооздо топтошуп турган солдаттар көрүндү да, бизди курчап алып, Ак сууну карата айдап жөнөдү. Ак-Сууга барганда Тага деген өзбектин самооручунун сарайына кийирди. Ал сарайда бизден мурун Жаман Сарт элинен 200чө кишини камап коюшуптур. Баарыбыз биригип 500 чамасында киши болдук. Анын ичинде Чолпонкул элинен 25 киши алып келинген экен. Ал барган күнү ошол сарайдын ичинде түнөдүк. Эртеси эртең менен тургузуп алды. Сарайдын оозуна Инчин деген пристав менен Чолпонкулдун уулу Карып келди. Инчиндин элге айткан сөзү бул болду: “Силер Николайдын кантын жедиңер эле, чайын ичтиңер эле. Ал эми Николайдын башына иш түшкөндө анын буйругун аткарбай тескери басасыңар! Эми Николайдын өнөрүн көрүп алгыла” – деди.

Ошондон кийин биздин болуштун писири Калугин баш болуп 2, 3 орус солдат самоорчунун үйүнөн стол алып чыкты да, элдин чекесинен 2, 3 кишиден алып чыгып тизмеге каттамыш болуп сарайдын оозуна алып чыгып эле токмоктоп өлтүрө баштады. Сарайды тегеректеп турган элге, ичинде өзбек, кыргыз, орус да бар Инчин «Бул элди өлтүргүлө, өлтүрбөсөңөр силерди өлтүрөбүз» – деп буйрук берди. Ошондо менин атам Суранчы уулу Азыл: «Эл силер кырыла турганыңарга көзүңөр жеттиби? Иттей токмоктотуп өлбөй качып өлөлүк” – деди. Ошол сөздү уккандан кийин бир нече киши дубалдан секирип кача баштады. Мен жана менин атам экөөбүз ошол жерден качып эптеп кутулдук. Качып Карабалта болушунун элине бардык. Ал жерде Байкаранын уулу Асанаалы деген болуш экен. Ал бул качкын эмес деп печать басып алакандай кагаз берет экен. Ошону алып чекебизге чаптап алып өзүбүздүн турган жерге келдик. Келсек үй-жай дегенден эч нерсе жок. Баарлыгын талап кеткен. Катын бала ар кай жерде, чөптөн алачык жасап, ыйлап-сыктап өлбөстүн күнүн көрүп баш калкалап турган экен. Биз келип биргелешип эптеп-септеп жан багып турдук.

1917-жылы Октябрь революциясы жеңип, жаркыраган күн нурун чача баштады.

Кеңеш өкмөтү орногондон кийин дыйкандардын арыздануусу менен болуштун писири Калугинди кызыл солдат өзүнүн кароосунда атып өлтүрдү.

[1] Ар бир 200 үй-бүлөгө (түтүн) бирден старшина «старчын» тандалып алынып, ар бир айылга номурлар коюлган.

[2] Заимка — айдоо аянтына тазаланып атайын даярдалган, айылдагы башка жерлерден алыс, өз алдынча жайгашкан жер аянты.


Бул документке шилтеме төмөнкү макалада бар:
(жакынкы күндөрдө жарык көрүү алдында турат)

Дагы:

№67 ДОКУМЕНТ. БЕЛОВОДСКОЕ АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ Д.Д.ЛЕОНСКИЙДИН БЕЛОВОДСКИЙДЕГИ МАССАЛУУ КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮЛӨРҮ

ДОКУМЕНТ №68. ВОСПОМИНАНИЯ АЛЫМБЕКОВА ОСМОНКУЛА О МАССОВОМ УБИЙСТВЕ В БЕЛОВОДСКОМ. ТЕТРАДИ №9А И 9Б

№69 ДОКУМЕНТ. П.В.РОМАНЮТАНЫН БЕЛОВОДСКИДЕГИ МАССАЛЫК КЫРГЫН ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ. №9А ЖАНА №9Б ДЕПТЕР

1916 ГОД. ТУРКЕСТАН. ХРОНОЛОГИЧЕСКИЙ ОБЗОР. ДЕНЬ 43 (орус гана тилинде)

 

 

 


Автору
Жумаш Азылов

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *