СОЧИНЕНИЯ УЧАСТНИКОВ

ПЕРВЫЙ УЧИТЕЛЬ 2020. СОЧИНЕНИЯ, НАБРАВШИЕ НАИБОЛЕЕ ВЫСОКИЕ БАЛЛЫ

Публикуем 7 сочинений победителей 1 тура конкурса ПЕРВЫЙ УЧИТЕЛЬ 2020, набравших наиболее высокие баллы, по оценке жюри. В финал вышли 7 участниц вместо 6, так как две участницы набрали одинаковое число баллов. 

Читайте также: 

Кто победил в первом туре конкурса 2020?
Лицо конкурса – его жюри 
Лучшие сочинения 2019
Лучшие сочинения 2018
Лучшие сочинения 2017

 


 Тема 2020 года: МОЙ КРАЕВЕДЧЕСКИЙ МУЗЕЙ

В сочинении должны быть отражены ответы на вопросы: Каким учитель видит музей краеведения в своем селе, возможно, при школе? Кто его будет создавать? Будут ли дети участвовать?

Критерии оценки сочинений:

  • полнота раскрытия темы
  • ясность и четкость изложения основной мысли
  • стиль изложения (художественность)
  • грамотность письма
  • полезность для дальнейшей работы, передачи опыта
  • нестандартный подход к теме сочинения

6 сочинений были представлены авторами на кыргызском языке и 1 – на русском. Мы публикуем все сочинения только на языке оригинала без перевода


СУРАНЧИЕВА ФАРИДА КЕНЖЕАЛИЕВНА

учитель средней школы им. Акчал уулу Дүйшөна села Ак-Дөбө Бакай-Атинского района Таласской области, стаж работы – 4 года

Менин чөлкөм таануу музейим.

    ПЛАН:

  1. Кириш сөз
  2. Негизги бөлүк
  3. Корутунду

 КИРИШ СӨЗ: 

“Биринчи мугалим 2018-2019”- жылдагы сынактардын лауреаты катары, быйылкы жылы да ушул эле сынактын темасын чыдамсыздык менен күттүм. Себеби ”Биринчи мугалим-2020” сынагына да катышсам деген каалоо тилегим бар эле. Мени кубандырганы сынактын уюштуруучулары тарабынан тандалган “Менин чөлкөм таануу музейим” темасы болуп чыкканы.

Адам канчалык көп жер көрсө, эл араласа ошончолук камы бышып, кемтиги толуп, калпысы түздөлүп ой санаасы кеңейет турбайбы. Анын сыңарындай, жогоруда аталган сынактарда менин экинчи ирет лауреат болуп, маданий маалымат арттыруучу экскурсияга жолдомо алганымды угушкан окуучуларымдын көздөрүнөн кубанычтын, сүйүнүчтүн нуру төгүлүп турганын көрүп, андан бетер кубандым. Ушул күнгө чейин туңгуюк жүргөн сезимим жаңы суу жайпагандай көктөп, бой салып, көрк байкамым ченемсиз байыгансыды. Ошол көз ирмемде “Санжарбек Данияров” фонду келечек муун үчүн алып барган иш аракетине ыраазы болуп турдум. Эл казынасы чети оюлбас кенч, учу-кыйыры түгөнгүс экенине көзүм жетип, алдыма койгон ой-тилегим бийиктеп, алыска учкан куштай келечекке жаркын үмүт менен ишенимдүү карап талпынып тургансыдым. Эң башкысы эл ичинде жаратмандыкты жандап, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө, алга умтулууга күч аракетин жумшаган инсандардан куру эмес экенине ынандым.

Билимдин башаты болуп кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында, макал-лакаптарында, Манас эпосунда сакталган көөнөргүс мурастарга бай экени, ал эми Манасты сүрөттүн тилине чагылдырган Теодор Герцендей инсандар өзүнүн чоң салымын кошуп келгенин билебиз. Биздин Ак-Дөбө айылында Кыргыз эл сүрөтчүсү, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Теодор Герцендин ысымы ыйгарылган даңазалуу көркөм сүрөт музейи бар экени бизди кубандырбай койбойт. Ошондой эле байыртадан ата-бабаларыбыздын каны-жанына сиңген көркөм кол өнөрчүлүк, зергер устачылык, салбуурунчулук, түркүн улуттук тамактарыбызды жасоо өнөрүбүздү улантып, алардын бай тажрыйбаларына сереп салып, өркүндөтүп келе жаткан инсандарыбыздан да уучубуз куру эмес.

Алар биринчиден ден-соолугубузга пайдалуу тамак-аштар, экинчиден жашоо шартыбызга ыңгайлуу, көчкөндө бир төөгө жүк болгон, тигилгенде башыбызга үй болгон боз үй жасалгасы, колуна куш кондуруп, тайган салып, улуттук каада салтыбызды улаган инсандарыбыздын жасаган эмгектерин окуучуларыма тааныштыруу максатында ошол өнөр баккан адамдарга жана айылдагы музейге алып барууга шарт түздүм.

НЕГИЗГИ БӨЛҮК

Жакында эле электрондук почтама учурда Германия өлкөсүндө жашаган, бала чагыбызда бирге ойноп чоңойгон курбум Гүлзат Болотбековадан сүрөттөр келиптир. Мен аны адаттагыдай эле Германиянын кооз жерлеринен түшкөн сүрөттөрүн жиберген экен десем, мени толкундантканы — анын Германияга бара жатканда тартып алган Ак-Дөбө айылынын көрүнүшү, жупуну айыл адамдары, биз эс тартып чоңойгон жерлердин сүрөттөрүн салып жиберген экен. Убакыт зымырык куштай учкан сымал, сүрөттөрдү көргөндө тээ алыскы 15-20 жыл мурунку өткөн чагыбыз элестеп, андагы биздин кыял жоругубуз, энелер таңдан туруп уй сааган жылуу сүттүн жумшак жыты каңшаарымды жарып тургансыды. Ошондогу талаа бөксөлөр. Талас Ала-тоолору, биз ойногон үңкүр, көпүрө, Үрмарал суусу, мектеп, колхоздун клубу…

Туулган жерим дегенде Талас дайрасын бойлогон калың токой, андагы мөлтүр булак, ажайып кооз Салкын-Төр жайлоосу, айылдын так ортосунан созула өткөн эл аралык унаажолу, маданияттын ак сарайы болгон Василий Чемирисов атындагы маданият үйүбүз, 1984-жылдары В.Чемирисовдун иш-аракетинин негизинде орнотулган парктагы оюн айлампалар, С.Соронкул атындагы китепкана, Т.Герцен атындагы музей, айыл тургундарын бардык тамак-аш, кийим-кечек жана түрлүү буюм эмеректер менен камсыз кылган “УНИВЕРСАМ” дүкөнү, мектептин жанындагы муз тепкен өйдөлүш жол, жол жээгиндеги суу түтүктөр, үйгө карай кеткен бурулуш жол, бир туугандай ысык мамиледе катышкан кошуналар, балалык бактылуу күндөр анан, албетте, кышы бою айлана чөйрөнү кучагына алган аппак кар эсиме түштү.

Мени кубандырганы “Биринчи мугалим-2020” кароо сынагынын темасы алыста жашап жаткан курбум Гүлзаттын сагыныч катына жооп катары дал келип калганы.  ”Манас” эпосу китебин көркөмдөгөн улуу сүрөтчү Теодор Герцендин музейине саякаттоону жана анда сакталган менин чөлкөм Ак-Дөбөнүн өсүп өнүгүү тарыхы, анын экономикасын, маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон инсандар менен тааныштырууга кириштим. Немис улутунун Ак-Дөбө айылына жер оодарып келгенине жүз элүү жылга чамаласа да, бүгүнкү күнү Союз ыдыраганда мекенине көчүп кетишкен немис жердештерибиздин дайыма туулуп өскөн Ак-Дөбө айылы жөнүндө көп эскеришкени айтылат. Ошентип 2-майда ишемби күндү белгилеп өзүм эмгектенген Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 4-В классында билим алып жаткан окуучуларым менен биргеликте саякаттоого келдик. Бул музей окуучуларымдын элесинде, көз алдында асыл байлык катары өмүр бою сакталып калышын кааладым.

Мугалим: — Кана эмесе балдар, Теодор Герцен атындагы музейге кош келдиңер!

Герцен Теодор Герхардович 1913-жылы Украинада, Михайлов районунун  Мемрики айылында төрөлгөн. Ал өз алдынча үйрөнчүк живописчи болуп, убагында Талас өрөөнүндө сүрөт өнөрүнүн уюштуруучусу болгон. 1960-жылдары “Красная заря” колхозундагы Ак-Дөбө айылында ири музейди уюштурууга жана коллекция чогултууга көп күч жумшаган. Көркөм сүрөт музейинин түптөөчүсү жана коомдук башталыштагы директору болгон. 1992-жылы ушул аталган музейге анын ысымы ыйгарылган.

Музей 1990-жылы эки кабаттуу болуп курулуп ишке берилген. Музейдин экспонаттарына 1663 баалуу көркөм чыгармалар, атпай журт кыргыз элине таанымал сүрөтчүлөр Г.Айтиевдин, С.Чокморовдун, С.Аманкожоев, С.Акылбеков, С.Бакашев, К.Керимбековдун ж.б. эмгектери менен толукталган. Анын 374 чыгармасы Герцендин эмгектери. Музейдин биринчи кабатынын оң тарабындагы залында Т.Герцендин эмгектери жана хронологиялык өмүр жолу, ал эми сол тарабында Манас атабызга арналган сүрөт экспонаттары коюлуп, аны коштогон өткөн доордогу күнүмдүк турмушта колдонулчу карапа буюмдары, тиричилик куралдары менен таанышышат. Ал эми экинчи кабатка көтөрүлгөндө бет алдыдан биздин Ак-Дөбө айылында туулуп өскөн, кыргыздын белгилүү айкелчи -Эл сүрөтчүсү Ольга Мануйлованын — А.Малдыбаев атындагы Улуттук Опера Балет театрынын куполу, порталы жана фасадындагы скульптуралык эмгектери менен шөкөттөгөн скульптуралык көчүрмөлөрүнүн статуялары шаңдуу тосуп алат. Ошондой эле Советтер Союзуна белгилүү ырчы Анна Герман да биздин айылда туулуп өскөн. Анын атына, өмүр таржымалына арналган бурч менен таанышышат. Музейде кыргыздарга таандык көчмөн элдердин боз үйү тигилип, анын ички тышкы жасалгасы менен коюлган. Музейдин эң көрүнүктүү ордун ээлегени Ак-Дөбө айылынын өткөн тарыхы, бүгүнкү күнү кеңири баяндалган документтер менен толукталган.

Анда эмесе айылыбыздын тарыхына кайрылсак. VII-XIV-кылымдарда Ак-Дөбө айылы жөнүндө маалыматтар айтылат. Кээ бир окумуштуулар X-XII кылымдарда Кул айылы деп да атап келишет. Орус жана советтик окумуштуулар 1893-жылы В.В Бартольд, 1938-жылы А.Н.Берштам, ал эми 1957-58-жылдары жана 1960-жылы А.М.Бубнова археологиялык казуу-изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада өтө көп тарыхый маалыматтарды топтогон. Ак-Дөбө айыл чалдыбарынын айланасынан коргошун, күмүш иштеткен уранды имараттардын калдыктары табылган.

XVIII-кылымдын аягында орус империясынын падыша айымы Улуу Екатеринанын кийлигишүүсү менен, Чыгыш Пруссия өлкөсүнөн менонит динин туткан немис элдери  мамлекеттер аралык келишимдин негизинде көчүп келишип, алгач Волга дарыясынын жээктерине отурукташа башташкан. Келишимге ылайык келгендердин дин эркиндигин сактоо, салыктын бардык түрүнөн жана эркектерин аскерге кызмат өтөөдөн бошотушкан. Бул келишим 1874-жылы бузулуп, 1880-жылы күчүнө кирген. Ошого байланыштуу немис калкы жер которууга туура келген. Петербург шаарынан Түркстан губернатору генерал Барон Фон Кауфманга менонит элинин башчылары жолугушуп, Орто Азияга көчүп келүүгө макулдашкан.

Генерал Кауфман Орто Азияда орус империясы жаңы колония түзүп жатышканын жана алар көчүп барышса, немис калкынын аскерге чакырылбасына, ага кошумча 25 жыл салыктын бардык түрүнөн  бошоторуна убада берген. Бул 1879-жылдын күзү эле.

1880-жылы 3-июлда, Хансау аймагынан алгачкы менониттердин 10 үй-бүлөсү, 18 жүк ат араба менен Орто Азияга карай жолго чыгышкан. Өтө кыйынчылыктардын коштоосунда 15 жумадан кийин Ташкент шаарына жакын Кабыланбек деген жерге келишкен. Жолдон 18 жаш баладан айрылган. Бул 1880-жылдын 18-октябры эле. Бир жыл кыштап, кийинки 1881-жылы Кабыланбектен Аулие-Ата (Тараз) шаарына көчүп келишкен. Анда бир аз жашап, Талас өрөөнүн көздөй бет алышкан. Ошол жылы Үрмарал өзөнүнүн жээгиндеги төрт айылды негиздешкен. Кийинки жылдын жазында, демек 1882-жылы Пруссия өлкөсүндөгү  өздөрүнүн мекениндеги “Orloff”  айылынын урматына “Орловка” айылы деп аташкан.

1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин Кеңеш өкмөтү орноп, “Орловка” айылында “Красная заря” колхозу уюшулган. Учурунда “Красная заря” колхозу Кыргызстанда гана эмес, Союзга атагы чыккан чарбалардын катарына кирген.

Ошентип 1991-жылы Советтер Союзу жоюлуп, Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, отурукташып калган немис улутундагы адамдардын басымдуу бөлүгү Орловка айылынан өздөрүнүн мекени Германияга көчүп кетишкен. Заман талабына ылайык жер-жерлердин аты өзүнүн мурунку аталыштарын алып баштаганда Ак-Дөбө айылы кайрадан аталган.

Мугалим: — Менин сүйүктүү окуучуларым, силерге музейдин ичиндеги экспонаттар, менин туулуп өскөн жеримдин тарыхы кызыктуу болдубу? Эми силерге менин киндик кан тамган Ак-Дөбө айылына зор салымын кошкон, кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгү менен алектенген чон-эне, ага-эжелерибиздин жасаган эмгектери менен тааныштыргым келет.

— Балдар! Көркөм кол өнөрчүлүк- калк казынасы, атадан балага, энеден кызга өткөн мурас. Бул чыгармачылык өнөр элдин тиричилиги, турмуш шарттары менен тыгыз байланышып, элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн чагылдырат. Кол өнөрчүлүк- улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү. Кыргыздын элдик уздары жыгачтан, чийден, кийизден, булгаарыдан, күмүштөн чегерген кооз буюмдарын, өрмө жана сайма мурастарын калтырышкан.

— Мына балдар, ошол кыргыздын узчулук өнөрүн улантып келаткан Ак-Дөбө айылынын тургуну Гүлзина чоң-энебиздин үйүнө келдик.

Ак элечек салынып, саймаланган кооз белдемчисин көйкөлткөн Гүлзина апа бизди унаадан түшкөндө эле жаркын маанайда тосуп алды. Бак ичинде тигилген аппак кооз боз-үйүнө киргизди.

Гүлзина апа: — Саламатсыңарбы балдар! Силер менен таанышканыма абдан кубанычтамын! Мен силерге кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү жана өзүмдүн эмгектерим жөнүндө кененирээк айтып берейин! Акыркы учурларда улуттук кол өнөрчүлүктүн сырлары чет элдик конокторубуздун гана эмес, мекендештерибиздин дагы кызыгуусун арттырууда. Ошонун ичинде кийизден жасалган буюмдар элдин жашоо-тиричилигинде кеңири колдонулганын, жана андан ар кандай кийим-кечектерди, төшөнчүлөрдү, ала кийиз, шырдактарды жана башка буюмдарды жазашып келгенин билебиз.

Мисал үчүн өзүңөр көрүп турган сайма- элибиздин көркөм өнөрүнүн байыртадан бери кеңири тараган түрү “Теке мүйүз”. Кыргыз айымдары үй-тиричилигине керектүү буюмдарын- туш кийиз, кийим кечектерин, ат жабдыктарын саймалап кооздошкон.

Өрмөчүлүк — кыргыздын боз үй жасалгасында басымдуу орунду ээлеген. Мен короодогу койдун жүнүнөн ийрип жип жасайм. Өрмөккө таар согуп, тыш кийимдерди тигем, боз үйгө керектүү боолорду, сызмаларды токуйм. Гүлзина апа өз колу менен жасаган боз үйдүн жабдылышын шөкөттөлүшүн кубануу, сыймыктануу менен айтып берип жатты.

Окуучу: — Рахмат сизге Гүлзина апа!

Мугалим: — Балдар карагылачы ар бир улуттун жашоосуна, жаратылыш мүнөзүнө, дүйнө таанымына, философиясына, рухий байлыгына жараша элдик кол өнөрчүлүк да ар түрдүү өнүгөт. Мына ушундай кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, учур талабына ылайык эл аралык деңгээлде өркүндөткөн Ак-Дөбө айылдык зергер уста Насридин агабыздын үйүнө келдик.

Насридин ага: — Кош келдиңер балдар! Өзүңөр көрүп тургандай кыргыз эли жана байыркы ата-бабаларыбыз турмуш кечирип келген боз үйдүн бөлүктөрүнөн болгон  түндүк, уук, кереге, босого таяк, каалга жана ача бакан жасап жатам. Түндүк –жашоонун, үй-бүлөнүн кутун сактаган ыйык туур катары каралса, босого- келечекке жол ачкан жакшылыктын символу, үй кутунун башаты сыяктуу түшүндүрмө берет. Боз үй элибиздин ата-бабалардан бери келе жаткан материалдык жана руханий байлыгы, мурасы деп эсептейм. Мен мындан тышкары ээр, үзөңгү, канжыга, көмөлдүрүк, куюшкан, басмайыл, нокто, камчы жана башка ат жабдыктарын жасап Дүйнөлүк Улуттук көчмөндөр оюндарына катышып журөм. Ээр- ат жабдыктардын бири. Кыргыздар ээрди унаанын түрүнө карай ат ээр, чом, өгүз ээр, ыңырчак деп көп түргө бөлүп келишкен. Бабаларыбыздан мурас болуп келген ээр чабуу өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн терең үйрөнүп, учур талабына ылайык аземдеп, зергерчилик менен күмүштөп кооздоп жасап келем. (балдар таң калуу менен  кызыгып кунт коюп угуп отурушту).

Мугалим: — Насридин ага өзүңүздүн зергер устачылык талантыңыз менен биздин келечек жаш муундарыбызга толук түшүндүрмө берип маектешкениңизге чоң рахмат!

Менин сүйүктүү окуучуларым кийинки саякатыбызды:

Ит агытып куш салып,

Салбурундап жер чалып,

Бабалардан калган иш… – деп, улуу Манас эпосунда айтылгандай биздин ата-бабалар аңчылык өнөрдү аздектеп келген. Күз келгенде биринчи жааган карда, жигиттер топтолуп алышып алыска аңчылыкка чыгышкан. Ошондой өнөр баккан бүркүт, куш кондуруп, тайган ээрчитип, жаа тартып аң уулаган салбуурунчу Дөөлөткелди агабыздан силер кызыккан суроолорго жооп алалы.

Дөөлөткелди ага: — Балдар мен кандай бактылуумун, силер менен амандашып отурганыма абдан кубанычтамын! Унутта калып, жаңыдан кайра өнүгүп келаткан өнөрдү баалап силерди тааныштырайын деп мени издеп таап алып келген эжекеңерге ыраазычылык билгизем!

— Мен силерге түшүнүктүү болуш үчүн сүрөттөрүм менен көрсөтүп айтып берем. Күз келгенде алгачкы жааган карды “соңор” деп коет. Аңчылар ушул мезгилди чыдамсыздык менен күтүшөт. Илгери соңор кар жааганда аңчылар колуна бүркүтүн кондуруп, тайганын ээрчитип аң уулаганга чыгышчу. Кыргыздар ал кезде табигат менен жуурулуша жашап, жаратылыштын тең салмактуулугун сактай билишкен. Жапайы жандыктардын ургаачы бооздоруна, улактарына кол салбай ылайыктуусуна аңчылык кылышкан. Салбуурун — бул байыркы элибиздин салты, маданияты. Өзүнө спортту, илимди камтыган туюнтма. Эми биз ошол маданиятты улуттук спорттук-аңчылык түрү деп атап, азыркы шартка ылайыктап, мелдешин тартуулап, оюн-зоокко айланттык. Карагылачы силер көрүп турган кыргыз тайганы аңчылыкта пайдалануучу ит тукуму. Тайгандар жытчыл, жойчул, көрөгөч жана күлүк келет деп баянын улантты. (Окуучуларымдын жүздөрүнөн бактылуу көз ирмемдерди көрүү мага бакыт тартуулады).

Мугалим: — Ар бир элдин өзүнүн ата-бабасынан бери жасап жеп жүргөн улуттук тамак-ашы бар. Эзелтеден бери кыргыз эли дагы өзүнүн тамак-аш өнөрүн өз алдынча өнүктүрүп келген. Биздин айылда дагы кыргыздын улуттук тамагы жупка, каттамасын жасап Талас облусунун чоң-чоң дүкөндөрүн тейлеген Бактыгүл апанын кондитердик иш жеринде конокто болдук.

Бактыгүл апа: — Саламатсыңарбы балдар! — Апам өз колу менен камыр жайып, очокко бышырып жупка даярдачу. Андан кийин аны чоң чарага майдалап туурап, үстүнө сүттөн кошуп, бир аз шекер татытып баарыбызга бөлүп берип тойгузуп коёр эле. Ошол даамды алиге чейин унуталбай жүрөм” – деп сөзүн баштады Бактыгүл апа.

Ооба, бүгүнкү күнү ошол энелерибиз мээримин төгүп жасаган тамактар унутулуп, кытайдын, чет элдин жасалма азыгын жеп жүрөбүз. Бирок, буга ким күнөөлүү? Албетте өздү баалай билбеген өзүбүз. Балдар силер дагы жупка жеп көрдүңөр беле? Азыр баарыңарга жупка даярдап берем. Кудайга шүгүр, учурда азда болсо ары баалуу, ары пайдалуу улуттук даамдарыбызды көтөрүп чыгып, эл арасына, ал тургай дүйнөгө чыгаргым келет… (Окуучуларым жупканын баштан аяк даярдалышын көрүштү).

Мугалим: — Балдар, силер таанышкан Ак-Дөбө айылындагы өнөр баккан инсандар, бул биздин гана айылдагысы, кыргыз элинде ушул инсандардай таланттуу, мээнеткеч, аракетчил канчалаган адамдар бар. Ошондуктан кыргыз мамлекетибиз өнүгүп өсүүдө.

КОРУТУНДУ

Жер түгү жайкалып, токой жалбырагы ачылып, мөл булактан суу атырылып жерге жан киргендей жаз мезгили да келди. Ушундай кооз көрүнүш бизге окшогон башталгыч класстагы окуучулардын түйшүктүү жүгүн көтөргөн чыгармачыл, таланттуу, билимдүү мугалимдерге да дем күч берерине ишенем.

Мен дагы быйылкы кароо-сынактын темасы: “Менин чөлкөм таануу музейим” темасында дил баян жазып олтуруп, өзүмдүн чөлкөмө карата ой-толгоо көз карашымды, изилдөөлөрүмдү аз болсо да баяндап өтүүгө аракеттенип көрдүм. Анткени элибиздин каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн, өткөн тарыхын дайыма жаш муундарга жеткирүү — мен үчүн чоң милдет экенин түшүнүп турам. Эң башкысы ушул темадагы дил баяндар аркылуу иш планымдагы көптөгөн маданий маалымат иш чараларды өткөрүп келем.

Биздин айылыбыздагы музейге болгон саякатыбыздын программасына кирген Т.Герцен атындагы музейдин экспонаттары, Ак-Дөбө айылынын өткөн жана бүгүнкү тарыхы, Гүлзина апанын кол өнөрчүлүгү, Насридин агабыздын устачылыгы, Дөөлөткелди атанын салбуурунчулугу, Бактыгүл апанын тамак-аш жасоодогу ашканасына күбө болгон окуучуларымдын келечекке болгон максаттарынын кеңейишине күбө болуп, бири — Мен уста болом, бөбөгүм бөлөнгөн кооз бешиктерди, түрдүү-түркүн мукам добуш салган улуттук аспаптарды, комуздарды жасайм десе, экинчиси -Мен тайгандардын түрлөрүн багып байгелерге салам” – деп, көргөн билгендерин, таасирлерин айтышып, кубануу менен 45 мүнөттүк “Адеп” сабагы аягына келип калганын байкабай да калган экенбиз.

Ошентип карысы нысаптуу, жашы уяттуу биздин эл, жакасы жайык, төбөсү жайлоо улуу тоо, кеңирсиген биздин жер — дегендей, эл наркын, жер көркүн сыпаттап, тээ илгерки көөнө замандан бери жакшысын терип, Айкөл Манастан баштап, кийинки келечек муундарга мурас кылып сактап келген инсандарыбыз менен биз мугалимдер дагы сыймыктанып келебиз.


ДЮШЕНБАЕВА СВЕТЛАНА ЭРИКОВНА

учитель средней школы им. Нурлана Рахманова с. Чоң-Жар, Сокулукского района Чуйской области

Менин чөлкөм таануу музейим

Ар бир адамдын өз мекени бар. “Мекен” деген сөз кыргызда ата-бабанын жери, туулуп өскөн жер дегенди билдирет. Адам баласы үчүн мекенинде жашоодон ашкан бакыт жок. Адам деген асыл атка татыктуу адам гана өз мекенинде бактылуу өмүр сүрөөрү анык. Ооба, ар кимдин мекени өзүнө- Мисир. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес.

Мен, бышыкчылыктуу, койнуна канчаны болсо батырган кенен, ырыс- кешиктүү жер Чүй өрөөнүнүн кызы, ошону менен бирге эле келинимин.

Сокулук районуна караштуу, кичинекей, 200 дөй түтүнү бар Чоң-Жар айылыбызда ыйык туткан балдарга билим, тарбия тартуулаган мектебибизде ардактуу кесибим менен сыймыктана мугалимдик кесипте 26 жылдан бери талыкпай эмгектенип келем.

Жүрөгүмдүн түпкүрүндө көп жылдан бери орундалбай, мектепте “Биздин айылдан чыккан улуу инсандар” деген бурчту уюштуруу иши мени тынчытпай келген. Быйылкы “Биринчи мугалим” сынагы сунуштаган “Менин чөлкөм таануу музейим” аттуу кызыктуу тема мага шык жаратты.

Ооба, өмүргө из калтырып, өлбөс-өчпөс эмгеги, таланты менен таш жарган белгилүү инсандар биздин айылыбызда да жок эмес.

Калыгул атабыздын бир маселинде айтылгандай, “Жакшы чыккан азамат элин билет, элин билген ал адам билим билет, окуп, карап, ойлонуп, илим билет, эчен түрдүү адамдын тилин билет, чыгып турган ал адам чынар болот, чымчык сайрап, чынарга булбул конот, андай адам табылбай кайда болот, тийип турган асманда күндөй болот, ошол адам ойлосоң кимден чыгат, ушул турган калайык элден чыгат” –демекчи  элибизден, элден чыккан улуу, даңазалуу инсандардан айланса аздык кылат.

Чоң-Жар айылыбыздан кадимки кыргыз элинин куудулу Шаршен Термечиков, композитор Мукаш Абдраев, эл жазуучусу Өскөн Даникеев, тээ 1937-38- жылдардагы саясий куугунтуктоонун  курмандыгы болгон Болоталы, анын уулу опера ырчысы, профессор, эл артисти Марлен Темирбековдордой болгон залкарлар чыкканына элибиз менен кошо сыймыктанып келебиз. Бул улуу, белгилүү инсандардын айкелдери айылыбыздын кире беришинде жайгашкан. Тегереги курчалып, гүлдөр, арчалар менен кооздолуп, отургучтар коюлган. Ошол айкелдердин маңдайында мектебибиз турат. Мына ушул инсандарга көптөн бери ар кыл керектүү, кызыктуу маалыматтарды чогултуп жүргөм. Мектептин ылайыктуу бир жерине көргөзмөлүү бурч уюштурсамбы дегем. Минтип, буйруган мөөнөтү келип, менин шыгымды андан да күчөтүп, бурч уюштуруу менен гана чектелбестен, андан көрө чөлкөм таануу музейин уюштурсак эмнеге болбосун деген түптүү ой жаралды. Себеби, айылдын өзүнүн жаратылышы, тарыхы, сыймыктанчу инсандары болот тура. Кийинки урпактары өзүнүн кичи мекени тууралуу билүү үчүн ушундай музейлер керек экендиги менин шыгымды андан ары күчөттү.

Алгач, музейди ачуунун планын түзүүгө кириштим. Биринчиден, музейди ачууга имарат керектелет. Бирок бул көп каржылоону талап кыларын билип, мектеп администрациясына кайрылып, ал жактан  бир чоң бөлмө бөлүп берүүсүн өтүндүм.   Бул маселе да,  оң жагына чечилди. Андан кийин энтузиаст болгон волонтёрлордон команда түзүлдү.  Алар менен бирдикте жергиликтүү депутаттарга, айыл башчысына, айылдык жыйында демөөрчүлөргө кайрылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. “Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы” дегендей ар кандай сунуштарды кабыл алдык.  Демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөө жана дизайнерлик  маселелер чечилди. Жайгаштырылуучу  жер бир топ  бөлүмгө бөлүнүп, ар бир бөлүмдө эмнелер жайгашаары тууралуу элестетип, чиймелери  чийилип, маалыматтарды топтоого кириштик. Айылдын тургундары арасында, окуучулар арасында “Сен, бул музейге кандай салым кошо аласың?” деген акция өткөрдүк.  Окуучулар болсо айылдын улуу инсандары тууралуу  изилдөө долбоорлору менен иштей башташты. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей баарыбыз чогуу  аракет кылып, биримдикте, ынтымакта  музейге экспонаттарды, маалыматтарды жыйнап, топтой баштадык.

Биринчи бөлүм “Маданий мурас-элдик байлык” деген тема менен кире беришине кашкайып жазылып, анда айылыбыздын урпактары жазылган санжыра тартылып, илине турган болду. Айылдын абышкалары ар бир баладан “Кана жети атаңды айт!”-деп катуу талап менен сурашып калышат. Анткени балдары, балдарынын балдары билбей калат деген уяттан корккондой, элдин акыл-эс мурасы, муундардын байланышы да  мына ушуга негиздүүдөй. Ошол себептүү айылыбыздын ар бир эркек уул баласы бул маалыматты биле жүргөнүн туура көрүп, мектептин математик мугалими Шакулов Кубан агайдан ал маалыматты алмай болдук. Себеби, агайдын атасы Жакыпбек ата көп жылдан бери санжыраны чогултуп, баласына таштап кеткен экен. Ал эми баласы андан ары улантып, жазып жүрүптүр. Көрсө, эл ичинен чыккан ушундай аттуу-баштуу, билгир аталарыбыз элге мурас катары билгендерин калтырып кетет тура.

Кийинки бөлүм “Жаратылыш-жан досум” деген темада аталды. Ооба. Жаратылыш! Адам! Бул экөө бири-биринен түбөлүккө ажырагыс, бөлүнгүс бир бүтүндүк. Ушул күнгө чейин “Жаратылыш байлыгы-эл байлыгы” деп үн салып келе жатабыз. Анткени, жаратылышта эч кандай артыкбаш нерсе жок. Жаратылыш күндөн-күнгө өзгөрүп жатат, ал эми музей аны сактай турган, анын көп байлыгын, кооздугун көрсөтүп тура турган жай.

Айылыбызда бөксө тоолор көп. Ошол тоонун ичинде нечен жылдан бери сакталып турган чоң жар бар. Сырттан келгендер, ошол  жардын четине барып, тереңдигин, чоң көлөмүн көрүп, таңыркап, кээ бири суктанып кайтышат. Мына ушундан уламбы, айылыбыздын “Чоң-Жар” деп аталышы да ошого себепкер. Ошол эле тоодо чоң-чоң беш чуңкур бар дешет.  Эл аны “Беш-Чуңкур” деп атап коюшкан. Беш-Чуңкурдан ары жайылган төрү, жеринин оттуулугу, малга жайлуулугу менен белгилүү “Көнөк” жайлоосу орун алган. Мына ушул “Чоң-Жардын”, “Беш-Чуңкурдун”, “Көнөк” жайлоосунун, андагы агып турган булактарын,  бак-дарактарынын макетин пенопластка папье-маше жолу менен жазап, боёп кооздоп коюшту.

Биздин айыл өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө  бай келгендиктен, биология мугалими Наурзгалиева Анархан эже менен бирдикте  тоодогу өскөн өсүмдүктөрдү чогултушуп,  гербарийлерин коюшту. Балдар үйлөрүнөн  жаныбарлардын, канаттуулардын, курт-кумурскалардын  катырылган кептерин  алып келип коюшту. Кээ бирөөлөр түлкүнүн , суурдун, карышкырдын терисин да  алып келишти.  Жаратылыш бурчу жандуу болуп көрүнсүн деп,  окуучулар физика мугалими  Ашыбаева Чолпон эжеси менен бирдикте, алардын үнүн угууга болгудай кылып, шамалдын үнүн, суунун агымынын үнүн, канаттуулардын сайраган үнүн, ошондой эле лампочкаларды  ар кандай өңгө боёп , жан киргизип койгондой кылып коюшту. Жаратылыш бөлүмүндөгү экспозициялар кирип барганда алар бир азга гана катып тургандай болуп, тирүү сыяктуу болуп көрүнүп калды.

Андан аркы бөлүмүбүз элибиздин өткөндөгү тарыхын, адабий-көркөм мурастарын, үрп-адат, салт-санаасын сактап, бүгүнкү  урпактарына жеткирүү максатын көздөй, кыргыз элинин тарыхтагы эң байыркы элдердин бири экендигин аныктай “Тарыхы болбой, эл болбойт” деген аталышта бөлүүнү көздөдүк. Өткөн доордогу көчмөн  элдин жашоо-турмушун чагылдырган боз үйүнүн макети, анын ичиндеги жасалгалары менен коюлду. Турмуш-тиричиликте күнүмдүк колдонулчу буюмдар: көөкөр,  аяк кап, куржун, чопо идиштер, жыгач идиштер, самоор, соку, сок билек, туулга, жаргылчак, шам чырак, ээр токум жасалгалары, буурусунга  окшогон эски буюмдар коюлду. Мындан тышкары туш кийиз, ичик, тон, комуз илинди. Музейдин ичиндеги көптөгөн кызыктуу, баалуу экспонаттар балдардын руханий гүлазыгы болуп, алардын кызыгуусун жаратаары анык.

Дагы бир өзгөчө сый-урматка эгедер бөлүм “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт” деген аталышта уланды. Эрдик кылуу бардык эле адамдардын колунан келе бербейт. Чыныгы эрдик көрсөтүү эр-азаматтардын гана колунан келет. Ал үчүн эр жүрөк болуп жаралып, эр жүрөк болуп өсүп, эл керегине жараган болуш керек. Андайлар өмүрүн эл бактысына арнап, жерин жоодон коргоп, элинин коопсуздугун сактап, эл четинде, жоо бетинде болот.  Эл аларга “баатыр” деген атак берип, кастарлап колдоп, кадырлап сыйлайт. Анткени ал- эл арасынан чыккан, эл өзү тарбиялап өстүргөн элдик адам. Ооба, мындай эрдик кылган ата-бабаларыбыз биздин да жерден жашап, өтүшкөн.  Алардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери жөнүндө эскерүү, алардын ысымдарын такта бетине жазып, небере-чөбөрөлөрү эскерип туруусу чоң милдет жана атуулдук парз. Согуштан кайтпай калган, кайтып келип, эл арасында согуш алааматынан кийин да узак өмүр сүргөн аталарыбыздын, аны менен бирге дайынсыз жоголгон аталарыбыздын тизмелери тизиле жазылган узун тизме тактасы да илинди. Согушка катышкандардын өздүк буюмдары, каттары, сүрөттөрү, сыйлыктары окуучулар, ата-энелер, мугалимдердин изденүүсү менен  табылып, толукталды.

Эң бир өзгөчө  сыймыктуу, мактанаарлык, менин  жүрөгүмдүн түпкүрүндө көптөн бери колго алына албай келген, даңктай албай жүргөн, тарыхта изи калган улуу инсандарга арналмакчы болду. Ал бөлүм “Биз сыймыктанган инсандар” деп аталды. Элге экинчи өмүрү, керек болсо түбөлүктүү өмүрү менен жашап калган белгилүү эл артисти, ырчы, өзгөчө куудулдугу, эл арасында жаркын элеси менен  таанымал Шаршен Термечиков, Кыргыз эл артисти, композитор, профессор Мукаш Абдраев, кыргыз элинин жазуучусу, “Кыздын сыры” повести менен таанымал, сакадай бою сары алтын жазуучу атабыз Өскөн Даникеев, Эл артисти, опера ырчысы, профессор Марлен Темирбеков, анын атасы саясий куугунтуктоонун курмандыгы болгон Болоталы Темирбеков,  живопистик сүрөттөрү менен жалпы элге таанымал болгон атактуу сүрөтчү, айкелчи Касымбеков Тургунбек, акын Аспек Кырбашев, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын төрагасы, коомдук ишмер Төлөгөн Рахманов , мектептин атын алып жүргөн, коомдук ишмер Нурлан Рахманов  аталарыбыздын портреттери илинди. Өмүр баяны, ырлары, чыгармалары, китептери,  дагы көптөгөн кызыктуу маалыматтар, эскерүүлөр жана сүрөттөрү коюлду. Музейдин көркү бул инсандар  менен көркүнө келди, таасирдүү элес берип турду. Анткени бул жөн гана ысымдар эмес. Эл оозунда айтылып калган, таанымал, эмгеги менен даңктуу ысымдар. Ар биринин ысымдарын тереңимде ызаттайм жана сыймыктанамын. Бул өзүбүздө мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын  төмөндөтпөөгө бизди, кийинки муундарды  милдеттендирет. Андыктан, бул ысымдар музейдин эң ардактуу, кайталангыс, эскерип туруучу  инсандары. Жер үстүндө адам болуп жашоонун жолун жана өмүрдүн маңызын мына ушул инсандардан алсак болот. “Ата баласы болбосоң да, эл баласы бол” демекчи, элдин анык уулдары  болуп, айылыбыздын эли жай өмүрүн сүрүп, жашап турганда, бул уулдары да жашай берет. Жашаганы ошол эмеспи, Шаршен Термечиковдун ысымы айылыбыздын узун көчөсүнө берилген. Өскөн Даникеев атабыздын үйү, жакын туугандары да  ошол “Термечиков” көчөсүндө турушат. Мукаш Абдраев, Марлен Темирбековдой болгон өзгөчө үндүү, ырчылар ошол “Термечиков” көчөсүндө бүгүнкү күндө да бар. Алсак, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын солисти, Б. Эдигеев атындагы «Арашан» фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси Токтогул Рысалиев.  Ал эми Болоталы Темирбековдун аты жакында эле дагы бир  жаңы көчөгө ыйгарылды.  Коңшу айылдыктар биздин элди Шаршендин эли, кулдүрүп сүйлөгөн куудул элсиңер, таланттуу элсиңер деп көп макташып калат. Биз ага сыймыктанып калабыз.

Музейдин акыркы бөлүгүндө белгилүү Камбар ата баласы, адамзатка мингич ат унаа милдетин өтөмөй парзы менен жаралган,  белгилүү күлүк Каралага арналды. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повестиндеги Гүлсараттай  айбанат болсо да, адам баласына өтөгөн ак кызматы, тагдырынын окшоштугу менен шайкеш келген Карала күлүктү кимдер гана билбейт. Болот Шамшиевдин “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасындагы белгилүү күлүк, өзгөчө келбети, күлүктүгү, жаныбар болсо да, акылдуулугу менен таанымал Карала күлүктүн келиштире жасалган макети даярдалып, коюлду. Анын турган турпатын көргөндө, тирүүдөй сезилген сезим пайда болот. Көргөндөрдүн суктанычына арзыгандай жасалды. Караладан уламбы, бүгүнкү күндө да айлыбыздан не бир күлүктөр чыгып келет. Баш байгелерди алып, ат үстүндө, ат үйрөткөн, атка кызыккан балдар да көп.  Караланын сүрөттөрү, кино тасмадагы жараткан жаныбар каармандыгы, аны таптап үйрөткөн, баккан ээси Шабданалиев Мансур ата жөнүндө да, көптөгөн маалыматтар даярдалды. Балдардын ал жөнүндө тарткан сүрөттөрү да коюлду. Демек, бул Караланын образы аркылуу жаратылыш айбанатына да гумандуу мамиле жасоону, олуттуу эскертме катары сунуштадык.

Жергебизде эки жактан мейман келсе, канча ишканаң бар, канча машинең бар деп сурабайт. Алар биринчи кезекте кыргыздын руху, деми сезилип, элдин бүткүл тарыхын, басып өткөн даңктуу, муңдуу жолун  чагылдырган эстеликтерди, көргөзмөлүү эгер болсо, музейлерин көргүсү келет экен. Кайсы гана мамлекет, кайсы гана эл болбосун ушундай рухий, маданий казынасы, жаратылышы, ак таңдай ырчылары, кол өнөрчүлүгү, дарыясы, көлү деги койчу не бир асыл нерселери менен мактанат, сыймыктанат. Элдин деми, колдоосу, эң негизгиси окуучуларыбыздын катышып изденүүсү, кызыгуу аракети менен түптөлгөн алгылыктуу ишибиз менен сыймыктансак жарашкандай.

Тоо кыдырып, талаа кезип, канча бир замандарды карытып, бизге жеткен  бабаларыбыздын насыятын, бай мурасын, биз дагы бөксөртпөй, чачпай улам кийинки урпактарга узаталы.


КЫДЫКОВА ГУЛЬНАР ЖУМАКАДЫРОВНА

учитель школы-гимназии им. М. Мамакеева с. Теплоключенка, Иссык-Кульского района, Аксуйской области

Менин чөлкөм таануу музейим

Кириш сөз

Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам жылда суктанам, — деп ыр саптарында айтылгандай, биздин айыл абасы таза, шаркырап аккан суунун жээгинде мөлтүрөгөн тунук булагы бар, не бир түркүн өсүмдүктөргө бай тоонун этегиндеги айыл. Айылыбыздын тарыхы, кооздугу, касиеттүү ыйык жерлери, ата-бабалардан калган тарыхый баалуулуктары, атагы дүйнө жүзүнө тараган белгилүү инсандары кимди гана болбосун кызыктырбай койбойт. Даанышман, залкар жазуучу Ч. Айтматов: «Биз тарыхыбызды эч качан унутпашыбыз керек, маңкурттукка айланбообуз зарыл. Келечек муундарга баалуу тарыхый жайларды татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз» — деп айткан.

Мына ошол тарыхый баалуулуктарыбыздын бири биздин чөлкөмдөгү музейлер болуп саналат. «Чым баспаган чыйыр бар» демекчи, тарых чыйырын эч убакта чым баспайт. Музейдеги ар бир экспонаттын өзүнчө тарыхы, санжырасы бар. Негизи, музейдин өзүнүн өзгөчөлүгү – тарыхый аймак таануу багытына арналгандыгы.

Негизги бөлүк

Музей менин оюмча көп түргө бөлүнөт. Алсак, эл-жер үчүн курман болгон согуштук баатырларга арналган музейлер, эмгек баатырлары жөнүндөгү музейлер жана биздин чөлкөмдөгү тарыхый музейлер ж.б. Буларга кыскача токтоло турган болсок, чөлкөмүбүздөгү Үч-Кайнар айылынын мектебинде Ата Мекендик согуштун баатыры Жумаш Асаналиевге арналган музей уюштурулган жана ал жерде баатырдын өзүнүн согуштук кийимдери, курал-жарактары, өздүк буюмдары, согуштан жазган каттары, сүрөттөрү сакталган. Бул музейди биз согуштук баатырларга арналган музей катары карасак болот. Буга окшогон музейлер өткөн тарых барактарын, ата-бабабыздын басып өткөн тарыхый жолдорун, эл-жер үчүн болгон согуштардын элесин, болуп өткөндү көз алдыга келтирет.

Биздин мектептин аты академик, эл баатыры, даңазалуу хирург Мамбет Мамакеевдин атынан коюлган жана мектепте Мамбет Мамакеевдин жаңыдан түзүлгөн музейи бар. Музейдин уюшулушуна агай өзү уруксат берген жана райондук жетекчилердин уруксаты менен түзүлгөн. Анда Мамбет агайдын туулган жылын, Кереге-Таш айылында жашаганын, окуучулук мезгилин, үркүндөн кийинки үй-бүлөсүнүн, б.а. ата-энесинин жашоо-шартынын кыйынчылыкка туш болгонун, өспүрүм кезин чагылдырган рефераттар, буклеттер, видеоматериалдар бар. Мындан сырткары бул инсандын өзүнө байланыштуу китептери, хирургиялык инструменттери, операция учурунда тартылып алынган сүрөттөр, инсандын өмүрүнө арналган жана эмгек жолундагы кызыктуу фактылар, устат-шакирттери жөнүндөгү өзүнүн баяндары сакталган. Бул эмгек каарманы быйылкы жылы эң узак эмгектенген дарыгер катары Гиннестин китебине киргизилди. Дүйнө жүзүндө рекордго жетүү агай үчүн да, кыргыз эли үчүн да зор ийгилик болуп эсептелет.

Мен жашаган айылда Кыдыр акенин тарыхый музейи бар. Музейде Кыдыр аке жөнүндөгү экспонаттар толук бар жана толукталып жатат. Азыр экспонаттардын саны 1500дөн ашып калды. Алар коюлган зал 7 бөлүмдөн турат, б.а. музейдин кире беришинде меймандар алгач райондун жана анын аймагындагы 14 айыл аймактарынын карталары, паспорттору жана тарыхы, өсүп-өнүгүүлөрүнүн статистикалык маалыматтары менен тааныша алат. Кийинки залдан тарыхый экспонаттар, үчүнчүсүндө Кыдыр акенин бөлмөсү, анан кыргыздын улуттук баалуулуктары, бешинчи бөлүмдө райондон чыккан белгилүү инсандар, алардын эмгектери, кийинкисинде – социалисттик доордон калган эстелик буюмдары, акырында райондун жаратылыш байлыктары жөнүндө кеңири жана ар тараптуу маалыматтарды ала алышат. Алар – эски буюм-тайымдардын калдыктары, тарыхый сүрөттөр, портреттер, документтер, ордендер, медалдар, төш белгилери, валюталар, монеталар ж.б. Кыдыр акенин өзү жөнүндө айта кетсек, анын эл-жерин сүйгөндүгү, чет мамлекет менен байланышкандыгы, айрыкча Россия менен байланышып, Петроградга чейин чакырык менен баргандыгы тууралуу баса белгилөөгө болот. Ошондой эле алган сыйлыктары, сүрөттөрү, айрыкча Кыдыр акенин калыстыгы, өзүнүн туугандарына жан тартпай, бүт элге бирдей мамиле жасагандыгы тууралуу маалыматтар дагы музейде чагылдырылган.

Музей деген түшүнүк жеке эле имараттын ичиндеги бир калыпка салынган, иретке келтирилген буюм-тайымдар же кандайдыр бир тарыхый маалыматтарды камтыйт деген түшүнүк менен гана чектелбейт. Жаратылыштагы табият тартуулаган таң каларлык касиеттүү жерлерди, басып өткөн тарыхый доордогу айрым бир инсандардын жашоо-турмушуна байланышкан жерлерди, же болбосо ошол инсандардын бейиттерин дагы музей деп кароого болот. Себеби, жаратылышта пайда болгон мындай жерлер жөнүндө айрым окумуштуулар терең ойлонуп, келечекте кантип пайда болгонун изилдөөнү максат кылып коюшат. Кыргыз элинин кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгү жөнүндө маалымат алышып, аны эстелик катары калтыруу үчүн табигый музей катары кароону өздөрүнө милдет кылып алышат. Алсак, биздин чөлкөмдөгү Эңилчектин башындагы Муз-Тоонун кантип пайда болгондугу жөнүндө азыр дагы окумуштуулар изилдеп жүрүшөт. Кызык нерсеси, Муз-Тоонун бети –кадимки эле муз. Ылдый жагын карасаң – муз. Кокус жаныбарлар түшсө, кайра чыга албайт. Ошол жерде тоңуп, өзүнчө экспонатка айланат. Муну эч ким жасаган жок. Мындай көрүнүштү табигаттагы музей деп кароого болот. Ушул эле Эңилчекте Көйкап деген өрөөн бар, эки тоонун ортосунда жайгашкан. Бул капчыгай ушул жердеги башка өрөөндөрдөн айырмаланып турат. Башка өрөөндөрдө кыш эрте түшүп, суук күч алат, бирок, Көйкап капчыгайында таң каларлык жылуулук бар, эмне айдаса чыгат, мал багууга ыңгайлуу, абасы таза. Бул жер дагы жаратылыштагы табигый музей.

Ата-бабабыздан калган касиеттүү, ыйык жерлер катары жаратылыштагы жерден оргуштап чыккан, дарычылыгы мол, табигатынан ысып чыккан сууларды да атоого болот. Андай жерлер биздин чөлкөмдө азыркы убакта дагы дарылануу үчүн пайдаланылып келет. Атап айтканда, Ак-Суу-Алтын Арашан курорту, Жети-Өгүз курорту, Жыргалаң курорту, Боз-Учук айылындагы Жылуу-Суу өзүнүн касиеттүүлүгү жана баалуулугу менен дүйнөнүн ар тарабындагы элдерди тартып турат. Мындай дарылык касиети күчтүү ысык сууларды да табигат тартуулаган музей деп бааласак болот.

Тарыхый окуяларга байланыштуу айрым кызыктуу маалыматтарга токтолсок, биздин чөлкөмдө Эчкилүү-Таш деген жер бар. Ал жер табигатынан таш тизип койгондой «короого» окшош. 1916-жылкы Үркүндө эл кытайды көздөй жол тартышат. Ошол элдин арасынан бир аял ошол жерге жеткенде кыйналып, баса албай, атка жүрө албай калат. Айласыздан аялды бир аз эчкилери менен ошол жерге калтырышат. Ошентип, ал аял эчкилери менен таш окшогон короодо жашап калат. Жыл өтөт. Эчкилери тууп, көбөйүп, аял сүт, эт, чөп-чар менен аман калат. 1917-жылы Улуу октябрь революциясы жеңип, Кытайга кеткен кыргыздар кайра чарчап-чаалыгып, жөө-жалаң эли жерине жол тартышат. Кыргыздар жолдо баягы аял эмне болду деп келсе, көп эчки оттоп жүргөнүн көрүшөт. Көрсө, «таш короодо» калган аялдын эчкилери көбөйүп, өзү аман-эсен элди тосуп алат. Ошентип, ошол жердеги таш короо Эчкилүү-Таш деп аталып калган.

Мындан сырткары биздин чөлкөмдө Аманат деген үңкүр бар. Ошол эле Үркүндө атка жүрө албай, ачка, шишик басып кыйналган улгайган кары кишилерди өздөрүнүн суранычы боюнча үңкүрлөргө калтырышат. Ошондо кетип жаткандары үңкүрдө калган адамдарды кудайга аманат калтырышат. Ошондон ошол үңкүрлөр ушул күнгө чейин «Аманат» деп аталып калган.

Эңилчек өрөөнү Үркүн убагына байланышкан окуяларга өтө бай. Ал окуялардын дагы бирөөнө токтололу. Эңилчектеги чоң суунун боюнда Алтынайдын таш менен тозулган эски бейити бар. Ал мындайча болгон. Алтынайдын күйөөсү бир үйдүн жалгыз уулу экен. Эл бейпил турмушта жашап жаткан кезде кайгылуу 1916-жылкы Үркүн башталып, эл Кытайды көздөй жол тартышкан. Элдин арасында Алтынайдын кайын ата, кайын энеси, күйөөсү да бар эле. Кеч күз. Тоо ичи суук. Ошол мезгилде Алтынай эркек төрөп, кан көп кетип, абалы начарлап, атка жүрө албасын түшүнөт. «Силер элден калбагыла. Менин абалымды көрүп турасыңар. Ташка корумдап, дем ала тургандай жер калтырып кой. Баланы силерге, силерди кудайга тапшырдым. Жалгыз жаныңа жолдош кылып ал!» — деп, ээн талаада ташка корумдалып кала берет. Кийинчерээк ошол жер бейит болуп калат. Ушул күнгө чейин «Алтынайдын бейити» деп аталат.

Корутунду

Дегеле музейдин кайсы түрү болбосун, окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, ой жүгүртүп, эли-жерин сүйүп, жаратылышка, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого багыт берет. Айрыкча биздин жаратылышыбыз өтө кооз, кен байлыктарга бай, көптөгөн баалуулуктарыбыз бар экенин, ошолорду сактоо керектигин, аларды биздин ата-бабаларыбыз кийинки урпактарга дегенин баалоо менен аяр мамиле жасоого тарбияланары анык. Мына ушундай ата-бабалардан калган касиеттүү ыйык жерлер, чөлкөмүбүздөгү табигый музейлер жөнүндө көргөн-билгендеримди, эл оозунан уккандарымды окуучуларыма айтып берип, алардын жан дүйнөсүн козгоп, таанып билүүсүнүн, жаратылышка болгон кызыгуусунун өнүгүшүнө салым коштум деп ойлойм. «Миң уккандан бир көргөн артык» демекчи, мен өзүмдүн окуткан окуучуларым менен чөлкөмүбүздөгү согуштун каарманы Жумаш Асаналиевдин, айылыбыздагы Кыдыр акенин музейинде, мектебибиздеги эмгек каарманы Мамбет атабыздын музейинде болдук. Окуучулар музейге барганда таң калышып, башка бир дүйнөгө келгендей болушуп, экспонаттарга кызыгышып, көптөгөн кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Бул музейлерди көрүү менен окуучулар өткөн тарых барактарындагы баатырлар, эмгек ардагерлери менен кезиккендей болуп, баатырдыгын, эл-жер үчүн күрөшкөн эрдигин, эл-жер үчүн кызмат кылганын угушуп, сүрөттөрүн көрүшүп, баатырдыгына таңданышты. Алар музейдеги экспонаттарды, сүрөттөрдү, ошол кездеги буюмдарды, колдонгон кийимдерин көрүп, ошол доорго аралашкандай болуп, өздөрүн ошол доордо жүргөндөй сезишип, ошол адамдардай болгусу келгенин билдиришти. Ата Мекендик согуштагы агаларыбыздын, аталарыбыздын эрдигине ыраазы болушуп, Мекенди кантип коргогонун угушуп, өздөрү да Мекендин коргоочулары болууга умтулушаарын жашырышкан жок. Жаш муундарга ушундай маалыматтарды жеткирүү, биздин, улуу муундагы адамдардын айтып берип, баалуу тарыхый жайларды татыктуу өткөрүп берүүбүз милдет. Албетте, мындай музейлерге барып, тарыхый окуяларды угуп, касиеттүү ыйык жерлер, жаратылыштагы табигый байлыктарыбызды көрүп, адам баласынын жан дүйнөсү, ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы жогорулап, патриоттук сезиминин ойгонушуна түрткү берет.

Тилекке каршы, ушундай жаратылыш тартуулаган кооз жерлерибизге, асыл дөөлөт байлыктарыбызга, касиеттүү ыйык жерлерге көңүл бурулбай, дүйнөгө тааныта турган деңгээлге жеткирип өркүндөтө албай жатканыбыз, мамлекетибизге келген булактардын туура эмес колдонулуп, көңүл кош мамиле жасалып жатканы өкүндүрөт. Эгерде чын ниети менен эл үчүн иштеген инсандарыбыз көп болсо, музейлердин сапаты жакшырып, табигый музейлер изилденип, туристтик базалар көбөйүп, мамлекетибиз гүлдөп-өнүгүп, бүт дүйнөгө таанылмак.

Элибизде «Ак эмгек эрезеге жеткирет» деп айтылгандай, жүрөгү эли-жерим деп соккон, эл үчүн күйүп кызмат кылган патриот жаштарыбыз чыгып, ак эмгек менен кызмат өтөп, мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуп, бүткүл дүйнөгө таанытат деген терең ишеним бар.


УЗАКОВА ҮМҮТ КУРМАНБЕКОВНА

учитель средней школы №21 им. К.Карачева атындагы с. Сары-Дөбө Тюпского района, Иссык-Кульской области

Менин чөлкөм таануу музейим 

Бүгүнкү күн да тарыхтын барактарына өз изин калтырат. Тарыхын сыйлабаган эл болбойт демекчи мен бул дил баянды жазууга кириштим. Дилбаяндын койулган темасы менин жан дүйнөмдөгү көптөн бери ойлондуруп, кыялымдагы бурганак иштерди ишке ашырууга түрткү болгон көп жыл мурунку ойлорумдун негизи болду. Ал кезде мен Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп келип башталгыч класстын мугалими болуп иштеп баштаган жылдарым эле. Сабак өтүп жаткан учурумда окуучумдун

-Эжей, соку жана жаргылчак деген эмне? –деген суроосуна жооп табуу жана жооп берүү мени абдан тун куйукка такап изденүүгө туура келди. Чындыгында мурда мындай жагдайга туш болом деп ойлобоптурмун. Көрсө кийинки муун түшүнбөгөн, көрбөгөн унутта калып бараткан көптөгөн тарыхый мурастарыбыз бар турбайбы деп билдим. Шаар жериндеги чөлкөм таануу музейлерин элестеттим. Айылдык балдардын көп жагынан аксап жатканы бул жерден даана көрүндү. Ойлондум, издендим.

Акыры мага айылыбыздагы кылым карытып, каада салт үрп адатты терен билген улуу муундун өкүлдөрүнө кайрылып кенеш алууга туш болдум. Маданияттын көрөнгөсү айылда го. Эл деген эл экен, жардамдарын аяшкан жок. Эн алгач окуучумдун берген суроосуна жооп кылып «СОКУ» жана «ЖАРГЫЛЧАК» сураштырдым. Табуу оной болгон жок. Себеби, бул буюмдар колдонуудан чыгып калгандыгы болду. Сураштырууну уланта бердим. Акыры бир күнү бир байбиченин арпаны күйшөп жатканын көргөн адамдар айтып калышты. Мен ал жерге дароо барып, ал байбиче менен баарлаштым. Суйлөшүп отурганда дубалдын жанында жыгачтан жасалган челек түрүндөгү бир буюм турганын көрүп тан калып карап койдум. Көрсө ошол буюм мен издеген нерсе экен. Байбичеге келген максатымды айтканда жылмаю менен мени карап ал буюмдун тарыхын айтып берди.

— Кызым бул буюм соку, соку билектин тарых өткөн кылымдарга таандык. Мен турмушка чыккандан кийин апам сактап келе жаткан мурасын мага калтырган. Кыргыз элибиз башынан өткөргөн оор мезгилдерде ушул буюм менен жашоо турмушун женилдетип келбедиби деп ал буюмдун жанына келип

-мунусун соку, ал эми мунусу сокбилек дейт деп түшүндүруп берди.

Менин кубанычымда чек жок. Себеби окуучумдун берген суроосуна жооп тапканыма сүйүндүм. Бул менин биринчи женишим!

Ушундан кийин изденүүм күндөн күнгө күчөдү. Ойлондум… Түйшөлдүм…

Акыры кичинекей болсо да мектебимдин бир бурчуна чөлкөм таануу бурчун уюштурууга бел байладым. Эл деген эл экен. Ата-энелериме, коомчулукка оюмду айттым. Көп түкүрсө көл болот деген сөз деген чын экенин ошондо түшүндүм. Эн биринчиден болуп баягы байбиче небересине сокусу менен сокбилегинжана жаргылчакты көтөртүп алып жылмаю менен кирип келди. Бул мага эн чон таяныч жана колдоо болду.

Сүйүндүм.

Ошол кундөн тарта мектебимде кичинекей чөлкөм таануу музейим калыптана баштады. Айыл эли биринен сала бири өз колунан келген жардамдарын бере башташты. Мен ойлогондон дагы тарыхый буюмдардын саны күндөн күнгө өсүп саны көбөйдү. Мектеп жетекчилиги колдоо көрсөтүп атайын бир бөлмө бөлүп берди. Кызыктуу иштерим башталды. Ал иштерге окуучуларым бир кишидей жардам берди. Балдардын чөлкөм таануу музей түзүүгө кызыгыгуусу артып кичинекей кооз топчу болсо дагы кубануу менен алып келип жатышты. Көрсө өткөн тарыхка бардыгы кызыгышат тура. Бөлмөнүн так ортосун коломто деп атап тулга, казаны менен коюлду. Бөлмөнүн он жак тарабына чыгдан, жаргылчак, супара жана жыгачтан жасалган идиш аяктар менен бирге мен үчүн эн кымбат болгон буюм соку сокбилеги менен коюлду. Териден жасалган сабаа, көнөчөк, жезден жасалган кумган, самоор кемпиреги менен көрүнүктүү жерге коюлду. Бир күнү мен үчүн күтүлбөгөгөн жанылык болду. Сабакта отурсам айылыбыздын кызы, башка айылга турмушка чыгып очор — бачар болгон байбиче кирип келди. Колунда чон баштыгы бар экен. Ал жай сурашып, өзүн тааныштыргандан кийин мектепте музей уюштуруп жатканын балдарынан угуп, эки кылымдык тарыхы бар аяк кабын алып келгенин билдирди. Жашы токсонго таяп калган байбиче аяк каптын музейден орун алып, келечек муунга сакталып, мурас катары калышын каалаганы экен. Ыраазы болдум. Көпкө баарлаштык. Мен билбеген көп көөнөргөн буюмдардын тарыхы бар экен. Түшүндүрүп берди.

Эн сонун, жасалышы мыкты. Буюм төрдөн орун алды. Көргөндүн көз жоосун алат. Сайма туш кийиз, өрмөктүн түрлөрү коюлду. Анын тарыхы жазылып, өрмөк терүүчү шаймандарын уста ата жасап берди. Андан уланта баш кийимдер, кийизден жасалган кол өнөрчүлүк буюдары менен толукталды. Күмүштөн жасалган кыргыз аялдарына тиешелүү болгон сөлкөбай, чачучтук, топчу, билерик сыяктуу буюмдар айнек текчеге тизилди. Сол жаккы тарабына кыргыз эркектерине тиешелүү болгон буюмдар камчы, ээр, бычактын түрлөрү, кемер кур, сайма өтүк жана башкалар коюлду. Бул бөлмө кире беришинен баштап кыргыз боз үйүн чагылдырат. Менин чөлкөм таануу музейим толугу менен жабдылып бүттү. Ачылуу аземине окуучулар, ата-энелер, мугалимдер менен даярдык көрдүк. Ал күн да келди, Ачылдык. Окуучулардын өткөн тарыхка болгон кызыгуусу күндөн күнгө артып, улуу муун менен жаш муундун ортосундагы түшүнүү, тарыхты дилине синирүү, улуттук көөнөргүс маданаияттын уюткусун сактап калууга жакшы шарт түзүлдү.

Баягы окуучумдун берген суроосуна жооп тапканыма сүйүнүп, ошол окуучумду ээрчитип келип мин уккандан, бир көргөн артык дегендей соку сокбилеги менен, жаргылчакты көрсөтүп ал жөнүндө кенири маалымат бердим. Окуучум берген суроосуна жооп тапканыма сүйүндүм, кубандым. Кичинекей айылдык мектебимде чон чөлкөм таануу музейлери менен тентайлаша турган музей уюштуруп ага окуучуларыбыз менен саякаттарды өткөрүп турган кезибиз. Биздин чон чөлкөм таануу музейибиз күн санап толукталуу менен кенейүүдө. Күндөр өтүп жатты. Бир күнү музейдин ичинде иш кагаздары менен отурсам

-Уруксаатпы, кызым кирсем болобу- деп колуна кыргоолдун кургатылган кебин кармаган чон ата келди. Жай сурашып отургандан кийин, музейдин ачылганын угуп абдан ыраазы болуп, менин да колумдан келген жардамым ушул болсун деп баягы колундагы кыргоолдун кебин мага берди. Буга чейин чөлкөм таануу музейимде канаттуулардын же жаныбарлардын кеби болгон эмес. Оюма да келбептир. Ойлондум. Көрсө, колдон келсе музейге жаныбарлар менен канаттуулардын кургатылган кеби менен толуктаса болот тура. Окуучуларга бул тууралуу кабарладым. Ошондон баштап музейде өзүнчө бир бөлүм түзүлдү. Ал бөлүм түлкүнүн, улардын, бөдөнөнүн, чөөнүн, тыйын чычкандын кептери жана эликтин мүйүзү сыяктуу экспонаттар менен толукталды. Музейге кызыгып келгендер кызыктуу суроолорду берип, тан калуу, суктануу менен көрүп ыраазычылык китебине өз ой тилектерин жазып калтырышууда.

Биз жашаган аймак Ысык-Көл аймагы. Айтылуу Ысык-Көлдүн алдындагы Чигу шаары, айтылуу Манас эпосундагы Көкөтөйдүн ашы өткөн жер Каркыра, Тимучиндин аскерлери менен байланышкан Санташ үйүлгөн ташы жөнүндө кандай гана легендалар айтылып жүрөт. Ачык асман алдындагы бул тарыхый эстеликтерди көрүү адамды рухий жактан байытып, өткөнгө бир кылчайып ой жүгүртүүгө алып келет. Ата-энелердин сунушу жана колдоосу менен биринчи жолу Каркыра жайлоосундагы Көкөтөйдүн ашы өткөн жерге саякатка сапар алдык. Жолдо үйүлгөн таш Сан-Таштын жанына жеткенде токтоп таштын үйүлгөнүн көрүп, таштардын баары бирдей өлчөмдө экенин тан калып карашты. Ал жонүндө легенданы тарыхчы мугалимибиз айтып берди. Көрсө ошол үйүлгөн таштардын санынчалык жоокерлер чыгыштан батышты көздөй өтүшкөн экен. Кайра кайтып бара жатканда жоокерлер орун которуп экинчи жерге ташты таштап өткөндө сандан айырмачылык бар экендиги байкалган. Ошол үйүлгөн эки таш азыркы күнгө чейин сакталып турат. Андан ары сапарыбызды улап айтылуу Каркыра жайлоосуна жетип Манас эпосунда сүрөттөлгөндөй тептегиз, кооздукка бөлөнгөн жер экендигине суктандык. Аштагы кырк казан асылган таш очоктордун кыркалата тизилип бүгүнкү күнгө жеткенине тан каласын. Ал очокторду көргөн адам казандын чондугуна тан калбай койбойт. Окуучулар көргөн көздөрүно ишенбей кайра-кайра сурашат. Ачык асман астындагы бул жолку чөлкөм таануу саякатыбыз жемиштүү жыйынтыкталды. Окуучулардын алган таасирлерин көрүп кубандым. Таасири өтө чон болду. Саякат учурундагы тарыхый эстеликтерди сүрөткө тартып жүрүп отурдук. Келгенде ал сүрөттөрдү чыгарып музейдин бир дулалын бүт ээлеген сүрөт стенд чыгардык. Музейимдин бир жак дубалы сүрөт көргөзмөсү менен толукталганына сыймыктандым. Окуу жылы аяктап, окуучулар класс-классы менен жайкы экскурсияга чыгып жаткан учур болчу. Мектепте отурсам телефонума капыстан белгисиз номерден чалуу болду. Алсам бир окуучунун, — Эжей деп кубанычтуу үн менен кайрылып Түп суунун жээгинен жарымы топурактан чыгып калган ташты көрүшүп, ал эмне экенин билбей жатышканын айтышты. Менде да кызыгуу пайда болду. Чын эле ал кандай таш болду экен? Барсам суу жээгинде тегиз жылмаланган чегилген өндүү жалпак таштын бир аз бөлүгү чыгып калыптыр. Чын эле кызыктуу. Баарылап казууга кириштик. Узундугу бир метрдей адамдын сөлөкөтү түшүрүлгөн балбал ташты алып чыктык. . Алып келип музейдин так ортосундагы коломтонун жанынан орун бердик. Бул биз үчүн, менин чөлкөм таануу музейим үчүн баа жеткис экспонат болду. Окуучуларым кайда барбасын кайсы жерде жүрбөсүн өткөн тарыхый мурастарга болгон кызыгуусу күчөп көргөнүн сүрөткө тартып, өзгөчө буюм болсо чогултуп калышты. Бул да болсо сыймык. Музейимдин иши алга жылып айыл элине кызмат кылууга жарап калды. Республикалык музейлер арасында жарыяланган сынактарга катышып да жүрөбүз. Ийгиликтери жаман эмес. Бир нече жолу ардак грамоталар менен сыйландык. Сыйлык бир болсо, сыймыгы алда канча көп болот экен. Музей менин же мектебимдин эле сыймыгы эмес жалпы айылыбыздын сыймыгына айланды. Мен музейди карап отуруп убагында жаштыгыма салып кыйынчылыктарга карабай, тобокелчилик менен бел байлаганыма ишенбей да кетем.

Убагындагы окуучумдун берген суроосу болбогондо мындай ишке белбайлайт белем, ким билет???? Педагогикалык ишимде тарыхый маданиятыбыздын унутулуп бараткан же таптакыр жоголгон көп нерселерине жооп табалбай интернет менен чектелип калат белем???

Азыр мен сыймыктануу менен таянган куралым бар. Ал өз колум менен түзгөн чөлкөм таануу музейим.

БУЛ МЕНИН ЖЕНИШИМ!


 БЕКТАШОВА ЖАНАРА БЕКТАШОВНА

учитель средней школы им. Т. Мойдунова, с. Казарман, Тогуз-Тороуского района, Жалал-Абадской области

Мой краеведческий музей

 Каждому любознательному человеку хочется побольше узнать о прошлом, таком далеком и загадочном. Музей то место, где можно перенестись в удивительный мир прошлого. Мне кажется, что нет такого человека, который хоть раз в жизни не побывал бы в каком-нибудь музее, хотя бы потому что не бывает дерева без корней, как и человека без прошлого. Посещение музеев детьми имеет особое весомое значение. Соприкосновение с прошлым без слов воспитывает в них чувство молчаливого уважения, сердечную дань ушедшим поколениям.

У нас в районе есть этнографический музей, в котором мне однажды удалось побывать. Когда я прочитала название конкурсного эссе, у меня появилось желание посетить еще раз тот же самый музей со своими учениками. Но на этот раз посещение оставило неизгладимое впечатление. Я согласовала с экскурсоводом время визита. Ученики с нетерпеньем ждали экскурсию. Трудно передать словами чувства, которые я испытывала при соприкосновении с прошлым. Таинственные чары ушедших дней повеяли прохладным дуновением ветерка. Я поняла, при первом самостоятельном посещении не обратила внимание на многие вещи. Все -таки экскурсовод профессионал своего дела. С ее подачи, мы увидели историю нашего народа в другом ракурсе: не хаотично, а поэтапно. Мне самой было намного интереснее, чем моим ученикам. Возможно, дети рассматривали исторические предметы быта со своей точки зрения, а я рассматривала взглядом взрослого человека.

Экскурсия натолкнула меня на такие размышления: а что мы знаем о людях нашего района? Здесь только предметы быта, а о людях, которые ими пользовались мы ничего не знаем, о людях, которые стояли на истоках создания нашего района, узнаем только из книг. Мысль за мыслью, раздумья и размышления зародили во мне идею создания краеведческого музея, хотя бы при школе.

В итоге я узнала, что наш район молодой, в 2015 году отпраздновали 80-летие района. Он был создан как Тогуз- Тороуский район в 1935году. Я поняла, что все мои ученики – это внуки и правнуки тех людей, которые создавали наш район. Кто как не они станут моими помощниками создания краеведческого музея. И у каждого в доме есть наследие предков, которое могло бы обогатить музей. В помощь ко мне пришли энциклопедии и книги о нашем районе, информация из газет, публикации историков-краеведов.

Наш район находится в 525 км от Нарына и более 300 км от Джалал -Абада. Наша долина упоминается даже в эпосе Манас. По легенде ее называют «Алтын Чойчок» (в переводе означает «золотая чаша»). Так как предки считали, что в этой чаше зарыто золото, что позже оказалось действительностью. С высоты птичьего полета долина со всех сторон окружена несколькими грядами гор, покрытых вечными ледниками. Благодатная и плодородная земля оберегает жителей от суровых зим и знойного лета. В нашем районе нашли залежи извести, угля, серебра, золота, соли, ртути и богат водными ресурсами.

Тогуз-Торо единственный район, который материально может сам себя обеспечивать. Разнообразием колорита нашего района можно похвастаться, потому что здесь придерживаются традиций и обычаев как Нарынского так и Джалал-Абадского регионов. А также село Казарман является серединой Великого Шелкового Пути, который проходит по всему Кыргызстану. А теперь Казарман находится в самом центре дороги, которая соединяет север и юг нашей страны. Чтобы доехать до столицы нам приходиться проезжать несколько областей, и я пришла к выводу, что наш район самый красивый и живописный.

Работая над созданием музея, я начала смотреть на свою малую родину совсем другими глазами. Теперь я ясно стала замечать достижения и недостатки районного этнографического музея. Хорошее то, что старались и смогли сберечь старинные вещи, память о наших предков. А недостатками являются то, что в нем есть и этнические, и исторические, и краеведческие предметы, то есть четких ограничений нет. Отсюда вывод, что краеведческий музей должен существовать самостоятельно, не бывает края без истории. Краеведческий музей должен охватывать развитие края со всех сторон.

Во время экскурсии ученики проявили несказанный интерес, а некоторые из моих учеников начали рассказывать, что эти люди их деды и прадеды. Получается, что мои ученики являются внуками и правнуками людей, которые создавали этот район.

Чтобы детям было интересно на уроках, я ищу интересные факты. На уроках этики, родиноведения и классных часов проводили не раз беседы, встречи с ветеранами войны и труда. Дети задавали разные непредсказуемые вопросы и, чтобы ответить на них, я должна была знать историю края. Все это у меня самой тоже зарождало вопросы и мысли, которые во мне копились и вылились в идею: почему бы не создать именно свой краеведческий музей? Идея эта появилась не сегодня, и не сразу после того как я прочитала тему эссе, она у меня давно. В данное время мы ее воплощаем в действительность. И мне остается только описать вкратце проделанную работу.

Многочасовые беседы с долгожителями нашего района, первыми поселенцами села оставляли в моей памяти непередаваемое ощущение. Помню, как я пошла домой к сыну участника ВОВ. Я не ожидала такую встречу. Он вытащил старый кожаный чемодан, в котором каждая вещь была дорога, как память об отце. Человек живет столько, сколько живет о нем память. А еще мне стало ясно, что этот кожаный чемодан останется потомкам, и внуки тоже будут бережно относится к нему. Ну а если все эти ценности стояли бы в музее, то сколько бы человек смогли бы соприкоснуться с жизнью людей своего времени. А потомкам досталась бы гордость за своих предков.

Этот кропотливый труд не только мой, но и многих помощников-активистов, упорно и добровольно работающих над созданием этого музея. Главные помощники-мои ученики, они у меня как тимуровцы стали основными информаторами в нашей работе. Так как наш район называется Тогуз Торо, то и мы решили работать по 9 направлениям. 1. Легенды и мифы 2. Географический 3. Социальный 4. Исторический 5. Участники ВОВ нашего района. 6. Участники Афганской войны 7. Современная инфраструктура 8. Достижение выпускников нашей школы 9. Цифровизация нашего музея.

Директор школы выделил помещение, оно уже отремонтировано, работа кипит, но, все мы понимаем: она только началась. Энтузиазма у нас не занимать! Со стороны администрации поддержали – и это меня вдохновило. В музей каждый ученик приносит хоть и маленькую, но дорогую для сердца вещь, вырезки из газеты, семейные реликвии, фотографии…Капля за каплей вливается в море истории нашего краеведения. Неоценимый вклад внесли многие жители района, узнав, о создании музея. Каждый день у нас идет накопление экспонатов, раритетов и информаций. Оформление каждого из них- радует глаз.

Кроме того, и общественные деятели, и старейшины, никто не препятствовал, а, наоборот, оказали поддержку моим начинаниям. Всем было понятно: насколько важен этот музей, пусть хоть пока и маленький, и не такой богатый, но именно краеведческий!

Понимаю, что это неоплатный труд, но вера в то, что я вношу неоценимый вклад — греет душу. Каждый человек должен знать свою историю края. Таких людей которые вдохновлены очень много, и я одна из них. Конечно же, конца этому краеведческому музею не будет. Возможно это звучит пафосно, но на первая росинка -моя! Музей не может остановится на одном месте- он должен развиваться. Пока люди живы, пока район растет -у этого музея есть будущее!


МАМАТАЙСАЕВА АЙЫМ АКИЛАЕВНА

учитель школы-гимназии №86 им. Курманжан Датка, с. Мады, Карасуйского района, Ошской области

Менин чөлкөм таануу музейим.

 Абасы тааныш жагымдуу жыттанган айылымдын бак-дарактуу көчөлөрүн аралап, жолуккан адамдар менен жылуу саламдашып эртелеп жумушка жөнөймүн. . . Эмесе, сөз башынан болсун.

Берекелүү Ош жергесинин Кара-Суу районуна караштуу Мады айылынын жашоочусумун. Жашым 35те. Эрте менен шашып жөнөөр ишим бар, кечинде үйдө күтүп алаар кишим бар дегендей үй-бүлөлүүмүн, аталган айылдын так ортосунда жайгашкан, атагы алыска тараган айтылуу №86 Курманжан Датка атындагы мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси мекемесинин башталгыч класс мугалими болуп 13 жылдан бери эмгектенем. Балдарга сабак берүүдө окуучулардын кулк мүнөзүнө, жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тарыхый булактарды кошуп сүйлөгөндү жактырам. Жана сабактан кийин окуучуларымды тез тезден мектептин музейине алып киргенди адат кылып алгамын. Миң уккандан бир көргөн артык деп, ар кирген сайын бирден деталга токтолуп, кеңири түшүнүк алып чыгабыз. Бул кадамым балдардын дүйнө таанымын кеңейтип, тарыхты так билип өсүшүнө жардамы тиет деген ойдомун.

Музей демекчи, азыркы учурда тарых мугалими Матиева Гүлбарчын Абдылдаевна жетектеген мектеп ичинде жайгашкан республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу жана туризм борборундагы мектеп музейин кароо комиссиясынын чечими менен түзүлгөн край таануу этнографиялык чакан музейи бар. Музейдин жалпы аянты 72 м2орунду ээлейт. Баардык шарттары каралган.

Ортого заңкайган боз үй тигилип, ичи кооз буюмдар менен шөөкөттөлгөн. Боз үйдүн сыртын тегерете ирээти менен 17-18-кылымдарга таандык чоподон, жезден жасалган түрдүү көлөмдөгү крапа идиш-аяктар, аны улай ар бир доорго таандык коло, күмүш монеталар, кагаз акча бирдиктери, алгачкы түптөлгөн бир кабаттуу мектеп имаратынын модели жана курал жарак, эмгек шаймандары, түркүн түстүү кооздук жасалгалары ( шакек, сөйкө, билерик, чачбак ж. б ) коюлган.

Дубалда Мады айылынын тарыхынан баштап, айылдан чыккан атактуу инсандар, 1941-1945-жылдардагы согушка катышкан айыл баатырларынын сүрөттөрү жана басып өткөн өмүр жолдору, кыргыздын улуу инсандары, Улуу жибек жолунун картасы, анан албетте мектебибиз ысымын алып жүргөн “Алай Ханышасы” аталган Курманжан Датка энебиз жөнүндө кеңири маалыматтар: балдары, алардан тараган урпактары, жасаган эмгектери, басып өткөн өмүр жолу тууралуу так маалымат документтер илинген.

Мурунку окуу мезгилинде балдарды музейге алып кирип, экспонаттарды көрсөтүп, аңгемелешип эле тим болсок, аралыктан окуу көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жаңы идеяларды агылтып киргизди.

Айтайын дегеним, аралыктан окутуу мезгилинде майрам күндөрү сабактар өтүлбөгөн учурларда окуучуларым менен музейге онлайн саякат сабактарын жүргүзүп, музей менен таанышууну улантып жаттык. Аны менен эле чектелбестен, балдардын үйдөн изденүүсүнө түрткү, багыт берип, “Эң байыркы буюм”, “Мыкты экспонат”, “Супер коллекция” деген номинацияларын уюштуруп, окуучуларга изденип, ата-энелеринен сурап, үйүндөгү эски деп аталган буюмдарды сүрөткө тартып, мүмкүн болсо жаралуу жылын, аталышын жазып, мага жиберүүсүн тапшырма берип турдум. Мүмкүнчүлүктөрүнө жараша окуучуларым жөнөтүп жатышты. Жыйынтыгында ата-энелери өздөрү да кызыгуу менен демилге көтөрүшүп, каникул мезгилинде балдары менен биргеликте жайлоого барганда же кандайдыр бир эс алуу жайларына барганда убакытты текке өткөрбөй, тарыхый буюмдар, кооз тарыхый жерлер кезиксе сүрөткө тартып, коллекциялап келүүгө убада беришти. Мен да тим турбай, жаңы окуу жылына карата азыр колдонуудан калган окуу китептерин, окуу куралдарын (калем сап, дептерлер ж. б.) коллекциалап, класс ичине бурч уюштурууну пландап жаткан убагым.

Буйруса жаңы окуу жылынын башталышы менен ата-энелер чогулуштарын уюштуруп, музей тууралуу кызыктуу суроо-жоопторду, тегерек стол талкууларды, окуучулар арасында тест сабактарды уюштуруп, класстар арасында музейге байланышкан марафон жарыялап, конкурстарды даярдап, жеңүүчүлөдү аныктап, кызуу иш алып барып, музейдин ичин жандантсак деген пландар көп болду.

Мындай идеялар жаралып жатканда мектеп жетекчилиги тим турбай колдоо көрсөтүшүнө ишеничим чоң эле. Анткени биздин мүдүрүбүз жаңы идеяларды колдоп, жардам берип, түздөп, демөөрчүлөрдү таап, дем берүү жагынан алдыңкы сапта тураары жалпыга маалым.

Ойлогон ой-максаттарыбыз ишке ашып калса жакшы саамалыктарды улантып олтуруп, мектептин бир бөлмөсү эмес бир имаратты музейге айлантып, кирген айыл тургундары сыймыктанып, ал эми келген меймандар суктанып, зор канааттануу алгыдай жасалгалар менен толуктап, кийинки муундарга өткөрүп берүү вазыйпасын колго алсак деген аруу тилектерибиз күндөн күнгө чоңоюп келатты.

Анткени, кумурскадан корккон эгин экпейт деп кол куушуруп олтура бербей, бийик максаттарды коюп, алдыга умтулуунун өзү да чоң жетишкендик эмеспи.

Убаданы беришти берип алып, аягына чыгыштын жолун издеп, жылтыр көрсөм теринип жүрүп мектеп жетекчилигинин көзүнө урундум. Адамдын ички туюмун алдыртан баамдаган көрөгөч, асыл инсан урматтуу башчыбыз Гүлсүн Чомоевна акырын келип далымдан таптап, алымды сурап, алыстан сөз баштап, менин оюмду толугу менен бак ичиндеги олтургучта олтуруп укту. Сөзүмдү бөлбөй ойлуу угуп туруп, мындай деди: -“жалгыз аттын дүбүртү угулбайт” баарылап жардам берели. Деди да ошол эле күнү кезексиз онлайн кеңешме уюштуруп, кесиптештер менен акыл калчап, сунуш пикирлерин тыңдап көрүп, жыйынтыгында улуу муундагы эжейлерди “Даткайым”, орто муундагы эжейлерди “Мырзайым”, жаш муундагы эжейлерди “Кенжеайым”, ал эми агайларды “Кырк чоро” тайпаларына бөлүштүрүп, түрдүү тапшырмалар берилди. Атай кетсем, 1-турда музейдин жаралуу тарыхы боюнча презентациялар, диспут-дебаттар, викториналар, музей тууралуу видеороликтерди белгиленген убакытта онлайн көрсөтүү болсо, 2-турда музейдин ичинде буюмдардын жайгашуу ирети, аларды тааныштыруучунун өзүн алып жүрүүсү, сүйлөө чеберчилиги, тил билүүсү каралды. Ал эми 3-турда биздин мектептин музейи тууралуу долбоорлорду жазуу милдети жүктөлдү.

Мектеп администрациясы тарабынан түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен “Даткайым” тобу презентациялоо жагынан алдыга оозуп чыкса, видеоролик жасоо жагынан “Кенжайым” тобу өзгөчөлөнө алышты. Ал эми музейди тааныштыруу, тил билүү жагынан “Мырзайым” тобу жеңүүчү аталышып, “Кырк чоро” тобу долбоорду мыкты жазышты. Жеңүүчүлөргө мактоо баракчалары, ар түрдүү номинациялар, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Мындан соң усулдук бирикмелерге тапшырма берилип, “Музей биздин көз карашыбыз менен” деген темада шаар аралык, облустар аралык, эл аралык музейлерге интернет аркылуу онлайн саякат куруп, фотосессия жасап, , эң кооз экспонаттардын сүрөттөрүн Ах4 форматта чыгарып, кайсы музейден тартылып алынганын так, даана жазып тапшыруусун усулдук бирикме башчылары колго алышты.

Бул саамалыктын максаты менин келечек ой-пландарыма багыт берип, дагы такшалышыма өбөлгө түзүп, ой-чабыт, фантазиямдын өсүп-өнүгүүсүнө зор салымын кошуу үчүн жасалган кадамдар эле.

“Күч бирдикте”, “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деген сыяктуу таамай айтылган накыл кеп, улуу сөздөр жөн жерден чыкпаганына жана узун айтылчу аңгеме ойлорду бир сөзгө батырып койгон кыргыз элимдин кыраакы эл экенине бир чети таңдансам, бир чети сыймыктанып көзүмө жаш кылгырды.

Материалдык байлык баарынан алдыңкы орунга чыккан азыркы чалкеш заманда китепкана, музей сыяктуу маданий мекемелерди ачууга далаалат кылган адамдар айрымдар үчүн күлкү келе турган иш болуп сезилиши мүмкүн. Ал тургай сенин бул аракетиң тууралуу ар кандай күбүр-шыбыр сөздөр жүрбөйт деп эч ким кепил боло албайт.

Бирок, арабызда байлык менен бийлик убактылуу нерсе экендигин түшүнгөн, эли үчүн артынан жакшы ишин калтыргысы келген, баштаган ишин аягына чыкмайынча жаны тынбай, анын жыйынтыгы чыкканда ошондон эргүү алган адамдардан уучубуз кур эмес экендигинен үмүттөнөбүз жана терең ишенебиз.

Буйруса алдыңкы күндөрдө көөнө тарыхта өз орду бар, элдик оозеки чыгармаларда ысмы аталып жүргөн жер-суулардын тарыхы, анда жашап, турмуш кечирген анын жашоочулары, белгилүү адамдардын турмушу тууралуу музей ачуу жөнүндө купуя ою бар инсандарды издеп таап, жолугушууларды өткөрүп, алардын асыл ойлору менен жакындан таанышып, аларга дем, күч берип, көздөгөн максатын турмушка ашыруу үчүн материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүп, керектүү тарыхый документтерди жана сүрөттөрдү, археологиялык, этнографиялык мурастарды, элдик кол өнөрчүлүк буюмдардын үлгүлөрүн топтошконуна жардам берип, аракет жасай берсек, “ар нерсенин буйруган күнү бар” демекчи убактысы келип жеткенде биргелешип жасаган эмгектерибиздин үзүрүн көрүү күнү да насип этээринен шегим жок. Бир гана жакшы ниет жакшы ой менен алдыга карай умтулууну унутпаш керек деп эсептеймин жана менин оюмду окуп олтурган адамдарды да чакырып кетмекчимин.

Абасы атыр жыттанган айыл арасында алдыга чоң максат коюп шыкттанган, жөнөкөй мугалим көп нерсени кыялданып, ойлору туура чыга калса кубанычтан көздөрү жанып, эркин дем алып, ишенимдүү кадам таштап, жумушуна бара жатты.

Анткени ал өз кесибин сүйөт. Көздөрү баёо, жан дүйнөсү таза бөбөктөргө талыкпай ак дилден таалим-тарбия, билим беришти сүйөт. Ар таңда аман ойгонушун, ден соолукта тынч болушун жараткандан тилеп, өз үй-бүлөсүн сүйөт. Алма- өрүгү шакты ийген, күн нуру баардык жерине тегиз тийген, адыр-тоонун койнунда, Улуу Жибек жолунда жайгашкан өз айылын сүйөт. Шаркырап аккан сууга бай, элинин пейили ток, көңүлү жай, тоолору бийик, дайым ал үчүн ыйык болгон өз мекенин сүйөт. Өмүрүнүн аягына чейин мекени үчүн ак иштеп, адал кызмат өтөөгө далалат кылат жана жаңы муун, жаш наристелерди да үйрөтүүгө жанын үрөйт. . .


ӨМҮРОВА ЖЫЛДЫЗКҮЛ ЖЕҢИШОВНА 

Школа им. Утура Калиева с. Чолпон Аксуйского района, Иссык-Кульской области

Менин чөлкөм таануу музейим
(Айылыбызга музей керекпи?)

 Биздин айыл. . . Күнгөй тараптан орун алган, биздин чакан айылыбыздын асман тиреген бийик-бийик болгон бак дарактардын кооздугу менен эле алыстан көрүнөт. Жазгы көрүнүш. Айыл өзүнчө эле кооз шаңга бөлөнүп турат. Жаратылыш ойгонуп, келгин куштардын сайраган үндөрү. Тоо булактан агып келген арык толо шаркыраган суунун добушу көңүлдү көтөрөт. Жазгы шамал колу бетти шуудуратат. “Жаз жарыш, күз күрөш” демекчи, ар ким өз тиричилиги менен алек. Апалар таңдан туруп уй саамай, аталар болсо талаачылык жумуштары менен бушайман. Айылыбыздын чок ортосунунан орун алган жаңы салынган эки кабат мектеп жанында эле бала бакча, китепкаана, маданият үйү анан мечеть курулган. Карасаң баары бир жерден орун алган. Эртең менен карасаң мектепти көздөй баскан агай-эжейлер, сабактан кечигип калбайлы деп кошо шашылып баскан окуучулар. Бала бакчаны көздөй баскан тарбиячылар, уйкусу канбай ата-энесин колун кыса кармаган бөбөктөр. Ушул курулган мекемелердин ичинен бири-бирине кандайдыр бир тосколдук көрүнүш болуп жатты окшойт. Мектептен танапис учурунда коңгуроонун шыңгыраган үнү угулуп турса бир убакта мечеттен азан чыкырган үнү угулуп турчу. Буга чейин эле мечеттин туура эмес жерден курулганын эл оозунда айтылып жүрдү эле. Бир күнү эле айылдын тургуну Кайрат деген бала бир туугандары менен өз каражаты менен жаңы мечеть курууга даярдык көрүп жатканын айтылып калды. Атасынын айтып кеткен керезин аткарган балдар айылдын четинен курулуш ишин башташты. Айыл тургундары карап турган жок кол кабыш кылып жатышты. Эски деле эмес жаңы эле курулган мечеть болчу. Муну деле айылдын тургуну Кубан деген уулубуздун салымы менен баштап салынаган эле.

Жаз мезгилинин аяктап калган учур эле. Айыл тургундары чогулуп бат-баттан эле жыйналыш өткөзүп жатышты. Бири болсо бири болбой дегендей бир маселени чече албай жатышты. Айылда ушундай экен “жаздын бир күнү жылга тете дегендей” талаачылык жумуштар менен алек да. Көрсө айылыбызда музей жоктугун, музей ачууну туура көрүп жатышыптыр айыл аксакалдарыбыз айтуусунда музей айылыбыздын жүзү, маданиятыбыздын күзгүсү деген сөздөрүнөн кийин угуп олтурган жаштар болсо колдоп бир добуштан макул болушту. Өзүбүздүн ата-бабаларыбыздын чыгаан инсадарынын музейин түзүү эле. Мектеп ичинен музей ачууга орун тардык болгондуктан эски мечеттин ордун туура көрүштү. Мына жаңы мечеть курулгандан кийин эски мечеттин ордун оңдоо түзөө иштерин жүргүзүп музей ачууну башташты. “түкүрсөң, көл болот” дегендей мектептин жанынан музей курула башталды. Айылыбыздын эли абдан ынтымактуу ар кимиси колунан келген иштерин жасап жатышты “курулган иш кур калбайт” деп бекеринен эл айтбаса керек. Колунан көр төгүлгөн уста балдарыбыз музейди куруп жатышты. Алыс жакка чыгып кеткен балдарыбыз да өз салымдарын кошуп салып жатышты. Ошентип музей куруу оной жолго турган жок. Элибиздин көптөгөн эмгектери жумшалып жатты. Күндө мектепке келип жаткан окуучулар таңкыркашып, эмне курулуп жатканын кандай болорун окутуп жаткан агай эжейлеринен сурап жатышты. Окуучулар эмес мугалимдер да суктануу менен жанынан өтүп ойго батып жүрүштү. Антекени музей мектептин жанында курулуп жаткан эле. Көз ачып жумгуча курулуш иши аяктап музейдин сырты бүттү. Айланасын көрктөнтүүгө көчөт олтургузганга айыл өкмөттөн жардам берилди. Бир канча түп ийне жалбырактуу карагай арчалары, ак кайың, чынар теректерди алып келишти. Жогорку класстын окуучулардын жардамы менен көчөттөрдүн ордулары казылып тигилгенге даярдык көрүлүп тигиле башталды. Ал эми башталгыч класстын окуучулары болсо өзүлөрүнө чакан суу куйгуч идиштерин алып, ар бир тигилген көчөттүн түбүнө суу коюлуп жатты. мындан тышкары да гүл көчөттөрү тигиле баштады. Жашылдандыруу иштер жүрүп, ишембиликтер болуп турду. Эми музейдин ички көрүнүшү калды.

Бат эле окуу жылы аяктап каникулга тараган саналуу күндөр эле калды. Адаттагыдай эле ар жуманын дүйшөмбү күндөрү мектеп алдында линейке өтүлүп турат. Мектеп мүдүрү Марат агай окуучуларга кайрылып музейдин ички толтурушуна салымдарыңар чоң экени кандай жардам көрсөтө ала тургандыгы жөнүндө айтып өттү. Себеби балдардын жардамы менен катылып жаткан илгерки замандан бери көрүнбөй же билинбей жаткан чаң басып сарайларда болобу же сандыктардын түбүндө жаткан ата-энелердин унутулгус буюмдары же коллекциялар курал жарак, китеп журнал, сүрөттөр, айбанаттардынсөөктөрү, териден, чыгачтан, металлдан жасалган буюмдар, идиш аяктар жана башка кооз буюмдарды чогулту эле. Тарых сабагынан берген эжейлердин бири Гүлжамал эжейибиз өз сөзүндө өзүбүздүн айлыбыздан чыккан атактуу элибиздин эмгектерин жайылтып тарых музейи деп ачылса кана деди. Сунуштарын кош колдоп жактап турган окуучулар мугалимдер болду. Балдар ата-энелерине бул туралуу айтып жеткизишти. Албетте мындай жакшы жаңылыкты уккан элибиз жөн турабы ар кимиси колунда болгон музейге коюлучу буюмдар мектепке чогулуп жатты.

Чогулган буюмдар четинен жайгаштыруу учуру келди. Музейдин ичин көптөгөн бөлмөлөргө бөлүндү. Ичине киргенде эле тегеренип айланып чыга тургандай кылып түзүлдү. Оңдон солду көздөй басканда эле түрдүү буюмдар чоң ата, чоң энелердин чоң үкөк, жаргылчак ташы, буудай күшөгүч, жезден жасалган самоор, аяк каптар чок салма үтүк жана башка кооз буюмдарды коюп жайгаштырылды. Андан кийин зоологиялык бөлмөдө жаныбарлардын, курт- кумурскалардын жана көпөлөктөрдүн кургатылган кептерин көрүүгө болот. Баа жеткиз картиналар, сайма туш кийиз, чопо идиштер, жүн ийиргич, жүн тыткыч шаймандар, май менен күйүүчү лампа, тамак бышуучу шимел жана акча бирдиктери тыйындар тизилип турду. Жакшылык атанын мергенчиликте аң уулап жүргөн кезде кармаган аюнун, карышкырдын терси, тырмактары илинген. Мектепте иштеп кеткен ардагер мугалимдерибиздин калем саптары, көтөргөн портфелдери ошондой эле сабакта пайдаланып жүргөн окуу куралдары эски парталардын үстүндө тизмектелип турат. Музейди так төрүндө Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата иш чарага чогулган ветеран агайларыбыздын сүрөттөрү илинип турат. Алар Усубалы, Исалы, Бейше агайларыбыздын элестерин, из калтырган эмгектерин, төш белгилери кармаган буюмдарын көрүүгө болот. Мындан тышкары да Бүбүйна Ноорузбаева, Үтүр Калиевдин да эмгек жолунда чагылдырылган кызыктуу материалдар топтолгон. Сүрөтчүлөрдүн тарткан кооз сүрөттөрү тамдын боорунда илинген. Жергебиздин ажайып кооз табиятын чагылдырган элибиздин жашоо –турмушун ошондой эле ар кандай тематикадагы эң бир мыкты эмгектери коюлганы көрүнүп турду. Бала бакчанын жетекчиси Айшакүл эжебиздин салымы чоң болду. Ал бала бакча түптөлгөндөн баштап чогулган буюмдар, балдар ойногон илгерки оюнчуктарды музейдин бир бурчуна жайгаштырышты. Мектептин ардагер агай-эжейлердин жана ошондой эле окуучулардын жылынан бери данаалап жазылган буюмдары, окуу куралдары, жасаган эмгектери ийгиликтери, сүрөттөрүн карап туруп эле өзүңө жана кийинки урпактарга чоң тарбия ала тургандай болуп турат. Айылыбыздан чыккан астролог Манаке атабыздын да маалымат жыйнактары, портрети, китеби коюлду. Бакыт агайдын окуучулардын эмгек сабагынан жасалган буюмдары жыгачтан жонуп жасаган айбанаттардын сөлөкөттөрү, жыгач кашыктары, учкуч моделдери күндүн энергиясынын жарадамы менен как кургатуучу түзүлүш, шамалдын энергиясын электр айландыруучу менен электр кичи тегирменди иштетүү түзүлүштөрү мунун баары окуучулардын колунан келген буюмдары коюлду. Кыздардын жасаган буюмдарынан болсо кагаздан, унутта калып жаткан кийизден жасалган шырдак оймолору ала кийиз илме, сокмо шибеге, менен согулган шуруулардан тизилген буюмдары аты жөнү менен жазылып коюлган эмгектерин көрүүгө болот. Көрүнүктүү ишмерлердин буюмдары коюлуп жатты. Музейибиз чоң музей болбосо да өткөн замандан тартып, азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырган кызыктуу материалдар топтолуп жатты. Айылыбыздын ажайып кооз табияты, элибиздин жашоо –турмушун, ошондой эле ар кандай тематикадагы эң мыкты эмгектери коюлуп жатты. Мына ошентип өзүбүздүн айылыбыздан чыгаан инсандарга байланыштуу музейди түзүп алдык. Эми буларды кийинки урпактарга жеткирип туру керек. Жөн эле буюмдарды чогултуп алуу эмес, ошол чогулган буюмдардын баалуулугун сапатын кетирбей сактоо. Кээ бир буюмдарды жарыкка же караңгы жерге чыдабай бузулуп кетет, кургакта же болбосо нымдуулукта сактоо. Кышында жылуулук берилип, ал эми жайында болсо желдетип туруу керектигин эске алуу менен даярдык иштер көрүлүп жатты. Ошондуктан ушунун баарын билген профессионал музей кызматкерин даярдап алышыбыз керек. Андыктан билими бар адисти даярдап алабыз. “Башка элде султан болгуча өз элиңде ултан бол” дегендей айлыбыздан өнүп өскөн чыгаан балдарыбыздын бирин даярдап алуу. Музей жеке өзүбүз түзгөн музей болду. Музей- бул тарыхый кооз буюмду жыйнап, аны элге көрсөтүү эмес, музейдин илими да бар экенин билүү. Музей айылыбыздын жүзү болду. Айылыбыздагы элибиз, бала бакчадан башталган балдарыбыздан бери өз элинин тарыхын билип жана ошондой эле, сыймыктанып толкунданып, мекенчилдик сезими кайнап тургандай болуш керек. Музейде эрежелер сакталып турат. Музей иретке келтирилип, даяр болуп, ачууга да убакыт келди.

Музей 1-июнь “Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө дал келип ушул күнү ачууга туура келди. Айлыбызда чоң майрам болуп, музейге көптөгөн өкүлдөр, коноктор келди. Музейге келген ар бир коногубуз сыймыктанып, суктануу менен көз карашта болуп турганы байкалып турду. Атайын даярдалган адистерибиз келген меймандарыбызга айылыбыздын тарыхын айтып берип турушту. Музейде айлыбыздын байлыгы көрүнүп турду. Музейге келген ар бир жараныбыз сыймыктанып, чет элдик турист суктангыдай, бир нерсени алгыдай кылып айлыбыздын тарыхын айтып бере алган балдарыбыз өз тилинде гана эмес орус, англис тилинде айтып бере алышат. Анткени бул үч тилди мектептен окуп билим алып жатышат. Коңшу мектептен көптөгөн окуучулар, студенттер келип көрүп жаткан сайын биз сыймыктана беребиз. Керек болсо чет жактан келген туристерге да музейибиздин эшиги ачык. Музей таануудан балдарыбыздын аң сезимдери ойгонуп тарыхыбыздын издерин байлыгын биле алышат. Мындан ары музейдин иши жакшыра бермекчи. Интернет желеси аркылуу дүйнөгө таанымал катарында болмокчу. Кыргызстандагы музейлердин санына кошулуп, көбөйүп көптөгөн элди кызыктыра алабыз деген үмүт ойлор бар. Учурдун талабына ылайык санариптештирүү күн сайын өсүп келе жаткан учуру. Өлкөбүзгө айлыбыздан чыккан музейибиз менен таанымал боло алабыз. Балдар музейлерден дүйнө таануусун кеңейтишип, билимдүү болууга умтулушуп, музей таанудан чон жардам ала алышат. Андыктан, бош убактысындабы же каникул күндөрүндө болобу өлкөбүздө көптөгөн ар түрдүү музейлерди барып көрүүгө аракеттенип турушат.

Музейден мугалимдер окуучуларга темаларга байланыштуу сабактар өтүлүп, экскурсияга барып турушат. Бала бакчадагы наристелерден башталып дүйнө таануусу кеңейтилет. Музей көздүн карегиндей сакталып, талапка жооп берилип турат. “Ааламга жол айылдан башталат” айылыбызга музей керек экен. Чолпон айылындагы “Менин чөлкөм таануудагы музейим”болду.


Еще:

ВИДЕО: ПРЕМИЯ ПОБЕДИТЕЛЯМ КОНКУРСА “ПЕРВЫЙ УЧИТЕЛЬ”.


Автор
Асель Даниярова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *