СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020” СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУНДА КИМ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ?

Кыргыз Республикасынын айылдарындагы мектептердин башталгыч класстары үчүн Тогузунчу жолу өткөрүлүп жаткан “Биринчи мугалим” сынагы уланууда! 2020-жылдагы сынактын биринчи туру аяктады, эми анын жыйынтыгын билүүгө мезгил жетти. Сынактын экинчи турунда баш сыйлык үчүн кимдер таймашка чыгышат жана катышуучулардын арасынан кимдер күйөрмандар жана байкоочулардын катарына кошулат?

Эскерте кетсем, биринчи орунду ээлеген мугалим эки сыйлыкка эгедер болот: Санжарбек Данияровдун Фондунун баш сыйлыгы – Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат жана Фонддун атайын сыйлыгы – классындагы окуучулары менен бирге эс алуу күндөрү Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсия. Бул Атайын сыйлык менен ошондой эле 2- жана 3-орунду ээлеген мугалимдер сыйланышат. 


Бул  жылы сынакка баардыгы болуп 93 дилбаян келип түштү. Ал дилбаяндарды плагиатка жана 2020-жылдагы СЫНАКТЫН ЖОБОСУНУН шартына шайкештигин текшергенден кийин, мелдешке катышууга 56 дилбаян кабыл алынган.

2020-жылдагы сынактын биринчи турунун катышуучуларынын пикирлери боюнча дилбаяндын “МЕНИН ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИМ” деп аталган темасы баардыгына аябай жаккан. Алардын көбү өздөрүнүн окуучулары жана айылдаштары менен биргеликте ошондой музей уюштурууну пландап жатышканын жазышкан, ошол эле учурда аны иш жүзүнө ашырууга алгачкы кадамдарды жасагандары да бар.

56 дилбаянды текшерүүгө калыстар тобунун 11 мүчөсү катышты, алардын баары билим берүү тармагынын эксперттери, ал эми төртөө – “Биринчи мугалим” сынагынын мурунку жылдардагы жеңүүчүлөрү. Чындыгында СЫНАКТЫН ЖҮЗҮ – АНЫ БААЛООЧУ КАЛЫСТАР эмеспи. Адаттагыдай эле, калыстар тобунун мүчөлөрү дилбаяндарды жашыруун түрдө алышып, катышуучулардын аты-жөнүн, даректерин жана иштеген жерлерин билишкен жок. Ар бир дилбаянды калыстар тобунун 7 мүчөсү 5 баллдык система менен 6 критерий боюнча баалашты. Натыйжада катышуучу алган эң жогорку баа 210 баллды (б.а. 7 х 5 х 6 = 210 балл) түздү.

Бул жылы биздин сынакта мүмкүн болуучу 210 баллдын ичинен, эң жогоркусу – 201 балл болду. Сынактын шарттарына ылайык, эң жогору балл алган 6 катышуучу финалга чыгууга тийиш эле, бирок эки катышуучу бирдей балл алгандыктан, финалга 188ден 201 баллга чейин балл алган 7 адам чыкты.

 

1 орун:

 

Суранчиева Фарида Кенжеалиевна,
Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектептин мугалими, эмгек стажы – 4 жыл.
  Белгилей кетсек, Фарида Кенжеалиевна сынакка 3-жолу катышууда, 2018-жылы финалда байгелүү 3-орунга ээ болсо, 2019-жылдагы сынактын финалында байгелүү 2-орунду алган!
2 орун: Дюшенбаева Светлана Эриковна,
Чүй облусундагы Сокулук районунун Чоң-Жар айылындагы Нурлан Рахманов атындагы орто мектептин мугалими(эки экинчи орун, анткени эки катышуучу  бирдей  балл алган)
2 орун: Кыдыкова Гульнар Жумакадыровна,
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиянын мугалими.(эки экинчи орун, анткени эки катышуучу  бирдей  балл алган)
4 орун: Узакова Үмүт Курманбековна,
Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы №21 орто мектептин мугалими.
5 орун: Бекташова Жанара Бекташовна,
Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Т.Мойдунов атындагы орто мектептин мугалими.
6 орун: Маматайсаева Айым Акилаевна,
Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айылындагы Курманжан Датка атындагы №86 мектеп-гимназиянын мугалими.(эки алтынчы орун, анткени эки катышуучу  бирдей  балл алган)
6 орун:

 

Өмүрова Жылдызкүл Жеңишовна,
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Утур Калиев атындагы мектептин мугалими.(эки алтынчы орун, анткени эки катышуучу  бирдей  балл алган)

 

Финалга чыккан мугалимдерди чын дилибизден куттуктоо менен бирге, экинчи турда 3 байгелүү орун үчүн ат салыша турган 7 мугалимден кызыктуу акыл таймашын күтөбүз!

Жалпысынан алганда, 56 дилбаяндын ичинен 12 катышуучу биздин сынакка мурда да катышкан, анын ичинен, бир катышуучу 5-жолу дилбаян жөнөткөн.

Катышуучуларды облус боюнча бөлгөндө, төмөнкүдөй:

Ысык-Көл Ош Талас Чүй Жалал-Абад Нарын Баткен всего
25 13 5 5 4 4 0 56

Ысык-Көлдүктөр жыл сайын активдүү катышып жаткандыгы биз үчүн аябай жагымдуу экендигин белгилегим келет, мындан ары да активдүүлүгүн көрсөтө берүүсүнө тилектешпиз. Айрыкча, Ош облусунун мугалимдеринин катышуучуларынын саны көбөйүп жаткандыгы да кубандырат. 2021-жылы баткендик мугалимдер да активдүү катышат деп ишенемин, анткени биздин сынакта Баткенден жеңүүчүбүз бар.

Бардык катышуучуларды – 56 мугалимди 2-турда жана сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо Салтанатында катышуучу катары күтөбүз! “2020 СЫНАКТЫН ЖОБОСУНА” ылайык, 2-тур 2020-жылдын 5- же 12-сентябрында (ишембиде) өткөрүлмөк. Бирок КОВИД-19 эпидемиясына байланыштуу, иш-чараларды өткөрүүгө чектелүү киргизилгендиктен, биздин жолугушуубуз артка жылдырылды.

Сынактын 2-турун аралыкта өткөрүүнү пландаган жокмун, чектөөлөр алынганды күтүүнү туура көрдүм. Байланышуунун заманбап технологиялары жардамчы катары аябай пайдалуу жана ыңгайлуу экени талашсыз, бирок эч качан бетме-бет жолугушуп, баарлашуунун ордун баса албайт!

Иш-чара өтө турган күндүн датасы сөзсүз ушул сайтта жарыяланмакчы. Анан албетте, адаттагыдай эле, анын Программасы менен да алдын-ала тааныша аласыздар. Адатта 2-тур аябай кызыктуу жана өзгөчө жандуу өтөт, ага Атайын чакырылган коноктордун кошкон салымдары зор. Мурдагы сынактарда төмөнкү ардактуу конокторубуз катышкан:

Турусбек Мадылбай, 30+ тилди билген жазуучу, эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

 

Роза Төрөкуловна Айтматова, физик-педагог, жогорку окуу жайынын окутуучусу, коомдук ишмер, документалдуу китептердин автору,

 

  Болот Төлөнович Шамшиев, атактуу кинорежиссер, СССРдин Эл артисти,

 

  Төлөндү Тойчубаев, Билимкана мектептер тармагын негиздөөчү

 

  Союзбек Салиев, пилот, Кыргызстандын желеги менен бир моторлуу самолетто жер шарын айланып чыккан учкуч.

 

2020-жылдагы сынактын 2-турунун жана жеңүүчүнү сыйлоо Салтанатынын Ардактуу коногу ким болмокчу?

 


Сиз төмөндө окуй аласыз:

2019-жылдагы сынактын жүрүшү жөнүндө

Мугалимдердин саякаттары жөнүндө Сүрөтбаяндар

Окуучулардын экскурсиясы жөнүндө Сүрөтбаяндар

2020-жылы эң жогорку балл алган дилбаяндар 

2019-жылы эң жогорку балл алган дилбаяндар

2018-жылы эң жогорку балл алган дилбаяндар

 

 

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *