ЖАҢЫЛЫКТАРЫБЫЗ

ЖАРКЫРАГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙМЫН!

Урматтуу достор!

Санжарбек Данияровдун Фондунун жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды жаркыраган НООРУЗ майрамы менен куттуктайм!

ЖАЗ. Гүзел 2016

Бекем ден соолукта болуп, сабырдуулукту сактаңыздар. Жазындагы жаңылануу  өзү менен бирге сиздерге көптөгөн жагымдуу жаңылыктарды жана жаңы чыгармачылык эргүүлөрдү тартуулап кубанта берсин, эч нерсеге, эч кимге карабай жашарган, тазарган табиятыбыз менен бирге биз да  аруулукка бөлөнөлү!

Жакындарыңыз күч-кубатка толуп, жашоонун кереметине ырахаттанып жашаса, ар бир адам жеке өзүнө гана таандык турмуштагы өз жолун тапса, жаратылышыбыз кыйратуучу күчтөргө моюн сунбай, күн сайын жаңырып, жашарып турса, өлкөбүз гүлдөп-өссө, билим берүү ардакталса деген аруу тилектериңиздер ишке ашуусун каалаймын!

Көңүлүңүздө түнөгөн асыл ойлоруңуз көркөм жаз менен бирге көктөп, алардын баары толкуп-ташып ишке ашып турсун!

Жаңы жашоону жар салып, күн менен түн теңелген жаздын керемет күнүн өзүңүз аздектеген адамдар менен бирге, көңүлдүү өткөрүңүз!

Тоо-токойлордо, өзөн-сууларда жаздын келишин даңазалаган чымчыктардын сайраны, теребелге тегиз тийген күн нурлары менен бирге жаратман жаздын турмушу башталгандыгы тууралуу бала-бакыраңыздарга айта жүрүүнү эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Асель Даниярова


Дагы:

ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ

МЕРЧЕМДЕЛГЕН ДОЛБООРЛОР

ГҮЗЕЛ ДАНИЯРОВА ГРАФИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИН ФОНДГО ТАРТУУЛАДЫ. АВТОР ЖӨНҮНДӨ ЭКИ ООЗ СӨЗ.

ГҮЗЕЛ ДАНИЯРОВАНЫН ГРАФИКАСЫ. СҮРӨТ АЛЬБОМ … КААЛООЧУЛАР САТЫП АЛСА ЖЕ БЕЛЕККЕ АЛСА БОЛОТ.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020 СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНГАН


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *