КАТЫШУУЧУЛАРГА

АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020” СЫНАГЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!

Кыргыз Республикасынын айылдык мектептеринде иштеген башталгыч класстардын мугалимдерин БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020 сынагына катышууга чакырабыз. Жыл сайын өткөрүлүп келаткан бул сынак быйыл 9-жолу болмокчу.

Бишкек шаарына лауреаттарынын классынын окуучуларынын маданий-маалымат арттыруучу экскурсиясы. АТАЙЫН СЫЙЛЫГЫНЫН БОЛЖОЛДУУ ПРОГРАММАСЫ (1-2-3-орун) жүктөп алуу.

Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякаты. ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫНЫН БОЛЖОЛДУУ ПРОГРАММАСЫ  (1 орун) жүктөп алуу


“БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020” сынагына катышуу үчүн төмөндөгү шарттарды аткаруу керек:

  • Кыргыз Республикасынын АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРИНИН мугалими болуу
  • БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН мугалими болуу
  • БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН кунт коюп окуп чыгуу

Эгерде жогоруда аталган шарттар сиздин абалыңызга шайкеш келсе, анда катышуу үчүн төмөндөгү КАДАМДАРДЫ АТКАРУУ зарыл:

1 ======================================================================

2020-сынактын жобосундагы тема боюнча ДИЛБАЯН жазуу.
Сиз БМ 2020 СДКФ ЖОБО— pdf форматында ушул жерден жүктөп алсаңыз болот
                      же
төмөндө «БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020 СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН» толугу менен окуй алсаңыз.

СЫНАКТЫН ЖОБОСУНДА сынак кандай өтөт, дилбаяндар кандай бааланат, сынактын өтө турган күнү жөнүндө бардык маалыматтар толугу менен жазылган. Дилбаяндын жаңы темасы жөнүндө 2020-жылдын ЖОБОСУН окуп биле аласыздар.*

04.02.2020-жылга чейин ЖОБОНУ көчүрүп алган мугалимдердин эсине. Биз дилбаяндын темасынын кыргызча вариантына оңдоо киргиздик, бирок анын жалпы мааниси өзгөрүлгөн жок. Биз темасындагы «край» деген сөздү  «чөлкөм» деген сөзгө алмаштырдык. Шилтеме боюнча киргенде эми ЖОБОНУН «чөлкөм» деген сөзгө жаңыланган варианты жүктөлөт.

======================================================================

2 2020 СОБОЛДОМОНУН (АНКЕТАНЫН) формасын толтуруу. БМ 2020 СОБОЛДОМО  жүктөп алуу

======================================================================

3 Окуучуларыңыздын ТАБЕЛИН көчүрүп, администрациянын же башталгыч класстардын башчысынын мөөрүн жана колун койдуруу.

======================================================================

4 Сынактын биринчи туруна катышуу үчүн жогоруда тизмеленген материалдарды (дилбаян, арыз жана табелди) сынактын УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНЕ 2020-жылдын 30-июнуна чейин төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүү: sdkf.meldesh@gmail.com

======================================================================

Уюштуруу комитети катышуучулардын баарына кабыл алынган документтер, андан соң биринчи турдун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды жөнөтөт жана баарын  сынактын катышуучусу (биринчи турдун жеңүүчүлөрүн) же күйөрман катары чакырат. Аябай кызыктуу болот!

Дилбаяндарды оймо-чийме менен кооздоонун зарылдыгы жок, андыктан кооздоп, жасалгаланбаган түрдө жиберүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Суроолоруңуздар болсо кайрылыңыздар:

  • 0(707)783295 – Асель Санжарбековна Даниярова. Маалымат алмашуу, кат жазышуу, сүрөттөр үчүн гана. Телефон чалууга болбойт
  • Электрондук дарек: meldesh@gmail.com ЖЕ a.daniyarova@daniyarov.kg
  • 0(700)362497 Айнагуль Супатаевна Кашыбаева

Ийгилик каалайбыз!


Дагы:

МУГАЛИМДЕРДИН ЖАНА БАЛДАРДЫН САЯКАТТАРЫ

СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ ЖАНА СҮРӨТТӨРҮ

ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР


Төмөндө БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020 СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН толугу менен жарыялайбыз.

Кыргыз Республикасы «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 2020-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН ЖОБОСУ 

 25.01.2020

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду Кыргыз Республикасынын айылдарындагы башталгыч класстардын мугалимдеринин «Биринчи мугалим 2020» 9-сынагын (мындан ары Сынак) жарыялады. «Биринчи мугалим» — бул башталгыч класстын мугалими, бул — мыкты педагог, бул — Чыңгыз Айтматовдун повестинин каарманы.

Сынак КР Билим берүү жана илим министрлигинин ЖАКТЫРУУСУ менен өткөрүлүүдө.

1.     Сынактын максаттары:
  • Айылдык мугалимдердин кесиптик өнүгүүгө умтулуусун колдоо
  • Башталгыч класстардын мугалимдеринин мугалимдик кесипке кызыгуусун жогорулатууга көмөктөшүү
  • Мугалимдердин айыл мектептеринде иштөөсүнө кошумча дем берүү
2.     Сынактын катышуучулары:
  • Сынакка Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде жана шаар тибиндеги поселкаларында жайгашкан, уюштуруучулук-укуктук түзүлүшүнө карабай, жалпы билим берүү программасын ишке ашырган жалпы билим берүү мекемелеринин БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН АР БИР МУГАЛИМИ (мындан ары — Катышуучу) катыша алат.
  • Шаар мектептери, тагыраак айтканда, республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын мектеп мугалимдери КАТЫША АЛБАЙТ.
  • Сынакка ошондой эле окуучуларды окутууга түздөн-түз катышпаган билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана администраторлору КАТЫШУУГА БОЛБОЙТ.
3.     Сынактын сыйлыктары:

1-орунду ээлеген жана «БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020» наамына татыктуу болгон катышуучу Ардак диплом жана сынактын башкы сыйлыгы, Санжарбек Данияровдун Фондунун Премиясы — Россиянын борбору Москва шаарындагы музей, галерея, театрларды ж.б. кооз жайларды кыдыруу кызыктуу программасына жыш толгон 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу сыйлыгы менен сыйланат. Сыйлык жөнүндө №1 ТИРКЕМЕДЕ жазылган.

Сынактын экинчи турунун үч жеңүүчүсү (эки турдун жыйынтыгы боюнча 1,2,3-орунду ээлеген) Сынактын лауреаттары катары Ардак грамота жана ошондой эле Санжарбек Данияровдун Фондунун Атайын сыйлыгы –Лауреаттын окуучулары менен бирге, эс алуу күндөрү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкектеги кызыктуу жайларды кыдыруучу маданий-маалымат таануу экскурсияга баруу сыйлыгы менен сыйланат. Атайын сыйлык жөнүндө №2 ТИРКЕМЕДЕ жазылган.

Сынактын биринчи турунун алты жеңүүчүсү Ардак грамоталар жана эстелик белектер менен сыйланат.

Сынактын биринчи туруна катышкан бардык катышуучулары күйөрман жана көрөрман катары сынактын экинчи туруна катышып, Сынактын уюштуруучусунан Катышуучунун күбөлүгүн алышат.

4.     Сынакка катышуу үчүн документтер:
  1. 2020-жылдагы тема боюнча ДИЛБАЯН. Сынактын темасы жана талаптары ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн.
  2. Катышуучунун АНКЕТАСЫ (мындан ары Катышуучу) форма боюнча жөнөтүлүшү керек (№3 ТИРКЕМЕ).
  3. Катышуучу иштеген мектеп администрациясынын колу коюлуп, мөөрү басылган Катышуучунун окуучуларынын окуудан жетишүү ТАБЕЛИ. Табелди сөзсүз түрдө сүрөт же көчүрмө түрүндө салып жиберүү керек. Эскертүү: сынакта ал табелдер бааланбайт, ал Катышуучу башталгыч класстарга билим берүү процессине катышаарын тастыктоосу үчүн зарыл.

Мугалим сынакка бардык материалдарды төмөнкү дарек боюнча электрондук почта аркылуу ГАНА жибериши керек: sdkf.meldesh@gmail.com

5.     Сынакты өткөрүү формасы жана мазмуну

Сынак эки турда өтөт:

Биринчи турда – жазуу түрүндө дилбаян жазышат. Биринчи турга Кыргыз Республикасынын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын бардык каалоочу мугалимдери катышат. Дилбаяндарды баалоонун жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган биринчи турдун 6 (алты) жеңүүчүсү аныкталат. Алар 2-турдун катышуучулары болушат.

Экинчи турда – биринчи турдун 6 жеңүүчүсү оозеки түрдө бетме-бет таймашат. Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген, “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020” сынагынын жеңүүчүсү жана 2 жана 3-орунду ээлеген сынактын ЛАУРЕАТТАРЫ жарыяланат.

Биринчи турдун мазмуну:

Сынактын биринчи турунда төмөнкү темада дилбаян жазуу:

МЕНИН ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИМ

Дилбаянда төмөнкү суроолорго жооптор камтылууга тийиш:

Мугалим өзүнүн айылында, балким мектебинде чөлкөм таануу музейин кандай элестетет? Аны ким түзөт? Ага балдар да катыша алабы?

Дилбаянга талаптар:

  1. Сынакка дилбаяндар орус жана кыргыз тилдеринде кабыл алынат. Кайсы тилде жазылганы дилбаянды тандоодо жана баалоодо критерий болуп эсептелбейт.
  2. Дилбаян WORD программасында ТЕРИЛГЕН түрдө болууга тийиш. Кол жазмалар кабыл алынбайт. Дилбаян электрондук почтадагы маалыматка тиркеме түрүндө жиберилиши керек.
  3. Дилбаяндын көлөмү А4 форматындагы 12 шрифт боюнча аралыгы 1,15 интервалы менен терилген 3 барактан 5 баракка чейин болууга тийиш.
  4. Дилбаян 3 бөлүктөн турат: кириш сөз, негизги бөлүгү жана корутунду.
  5. Дилбаянда АВТОРДУН ӨЗҮНҮН ТЕКСТИ камтылууга тийиш. Дилбаяндагы цитаталар маалымат булактарына шилтеме келтирилип, көлөмү 10%дан ашпоосу керек. Уюштуруу комитети сынакка жиберилген бардык дилбаяндардын сынактын шарттарына шайкештигин жана тексттин уникалдуулугун, башкача айтканда, плагиатка текшерет.

Ушул ЖОБОГО дал келген дилбаяндар сынакка кабыл алынат жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө баалоо үчүн жиберилет, Уюштуруу комитети ар бир авторго жыйынтыгы тууралуу жооп кат жөнөтөт.

Сынактын 1-турундагы ДИЛБАЯНДАРДЫ БААЛОО тартиби

Биринчи турдун жеңүүчүлөрү калыстар тобунун мүчөлөрү ар бир критерийлер боюнча койгон баллдардын суммасы боюнча аныкталат. КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮ ДИЛБАЯНДАРДЫ АНОНИМДҮҮ ТҮРДӨ, катышуучунун аты-жөнү жазылбаган жашыруун түрдө баалашат. Ал үчүн ар бир дилбаянга код коюлат. Калыстар тобунун мүчөлөрү баалоо үчүн бардык дилбаяндардын көчүрмөсүн коду менен алышат да, 1-турдун Баалоо баракчасына 5 балл системасы боюнча балл коюшат (№4 ТИРКЕМЕ). Калыстар тобунун ар бир мүчөсү 8-10 дилбаян текшерет. Уюштуруу комитети ар бир Катышуучунун алган баллдарынын жалпы суммасын эсептеп чыккандан кийин коддору ачылат.

Дилбаяндарды баалоо критерийлери:

  • Теманын толук ачып берилиши
  • Негизги ойду ачык жана так баяндап берүү
  • Баяндоо стили (көркөмдүүлүгү)
  • Жазуунун сабаттуулугу
  • Тажрыйба бөлүшүү, иш жүзүндө андан ары колдонууга пайдалуулугу
  • Дилбаяндын темасына стандарттан тышкары ыкма жасоо

Калыстар тобунун мүчөлөрү койгон баллдарды эсептеп чыккан соң, Уюштуруу комитети коддорду ачат да, катышуучулардын ар бирине электрондук почта же вотсап аркылуу жыйынтыктарын жиберет. Сайтта эң жогорку балл алган 6 Катышуучунун, башкача айтканда, сынактын 1-турунун жеңүүчүлөрүнүн гана жыйынтыктары жарыяланат.

Экинчи турдун мазмуну:

Сынактын экинчи турунда 1-турдагы 6 жеңүүчү оозеки таймашат. Экинчи тур Конференц-залда Калыстар тобунун, Уюштуруу комитетинин өкүлдөрүнүн, 1-турдун катышуучуларынын жана ошондой эле кесиптеш мугалимдердин, райондук БББнын облустук администрация өкүлдөрүнүн жана башка жалпы эле күйөрмандардын катышуусунда өтөт.

2-турдун тапшырмалары суроолор жана жооптордон турат. Тапшырмалар жана баалоо критерийлери жөнүндө Катышуучуларга кененирээк биринчи турдун жыйынтыгы чыккандан кийин жана 2-турга 14 күн калганда берилет.

2-турдун жеңүүчүлөрүн аныктоо тартиби

Сынактын жеңүүчүсү калыстар тобунун бардык мүчөлөрү 2-турдун бардык тапшырмалары үчүн койгон баллдардын жыйынтыгы боюнча аныкталат. Калыстар тобунун мүчөлөрү бааларын сынактын катышуучуларына сынактын жүрүшүндө “реалдуу убакыт” режиминде, критерийлердин жыйынтыгы боюнча тапшырманын ар бир элементи үчүн 5 балл шкаласы боюнча коюшат. Уюштуруу комитети баллдардын жалпы суммасын эсептеп чыгат да, жыйынтыгын Катышуучуларга жана күйөрмандарга жарыялайт.

6.     Сынакты өткөрүү мөөнөтү, убактысы жана орду:

 1-Туру: 2020-жылдын 1-февралынан 30-июнуна чейин. Жыйынтыгы Катышуучуларга 2020-жылдын 10-августуна чейин жарыяланат.

2-Туру: 2020-сентябрдын 1-(5-сентябрь) же 2-(12-сентябрь) ишембиси. 2-турду өткөрүү жана жеңүүчүнү сыйлоо Салтанаты өтүүчү жай: И.Арабаев атындагы Университеттин аудиториясы (Университеттин жетекчилиги менен макулдашуу боюнча).

Бишкекке Лауреаттардын окуучуларынын маданий-маалымат арттыруучу экскурсиясы (Фонддун Атайын сыйлыгы): 23-25-апрель, 2021-жыл. Убактысы лауреаттардын макулдашуусу боюнча өзгөрүлүшү ыктымал.

Жеңүүчүнүн Москвага маданий-маалымат арттыруучу саякаты (Фонддун премиясы): 2021-жылдын ичинде, болжол менен 2021-жылдын июнь айы, тагыраак датасы жеңүүчү менен макулдашуу боюнча аныкталат.

7.     Сынактын уюштуруу комитети:

Сынакты даярдоо жана өткөрүү үчүн Уюштуруу комитети түзүлөт. Уюштуруу комитетинин курамы Сынактын негиздөөчүсүнүн буйругу менен бекитилет. Уюштуруу комитетинин курамына төмөнкүлөр кирет: Фонддун директору, Фонддун өкүлү. 1-2 ыктыярчынын катышуусу мүмкүн. Фонддун директору Уюштуруу комитетинин иштерин жөнгө салат.

Уюштуруу комитети

  • Катышуучуларга жана массалык маалымат каражаттарына сынактын өтүшү жөнүндө маалымат таратат;
  • Калыстар тобунун курамын түзүп, Сынактын уюштуруучусуна бекиттирет;
  • Калыстар тобунун мүчөлөрүнө сынакты өткөрүү тартибин жана милдеттерин түшүндүрөт жана Катышуучуларга кеп-кеңештерди берет;
  • Сынакка катышууга талапкерлердин материалдарын кабыл алат, сынактын талабына шайкештигин жана плагиатка текшерет, сынакка катыштыруу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат;
  • Сынактын эинчи турун өткөрүү тартибин, формасын, ордун жана убактысын аныктайт (ушул ЖОБОНУН маалыматтарына ылайык);
  • Сынактын документ иштерин жүргүзөт;
  • Калыстар тобунун баалоосунун негизинде баллдарды эсептеп чыгат;
  • Пресс-релиздерди даярдайт;
  • Сынактын 1-жана 2-турун өткөрүү жана ошондой эле Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо Салтанатын уюштуруу иштери менен алектенет;
  • Талаш-тартыш маселелерди чечүүгө көмөктөшөт;
  • Сынактын Жеңүүчүсүнүн Москвага саякатын жана лауреаттардын окуучуларынын Бишкекке экскурсиясын уюштурат;
  • Сынактын аягында отчет даярдайт;
8.     Калыстар тобу

Уюштуруу комитети сынактын Калыстар тобунун курамын билим берүү, илимий, методикалык мекемелеринин адистеринен, сынактын өткөн жылдардагы жеңүүчүлөрүнөн түзөт. Калыстар тобунун ар бир мүчөсү кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй билүүсү кажет. Сынактын сырттан жана бетме-бет өткөрүү турларынын, Калыстар тобунун курамы, анын иш тартиби, баалоо системасы жана башка маселелер сынакты уюштуруу тарабынан бекитилет.

Сынактын калыстар тобунун мүчөлөрү анализ жүргүзүшүп, бааларды коюшуп, сынактык сыноолордун жыйынтыгы боюнча чечимдерди чыгарышат. Калыстар тобунун мүчөлөрү өз ишинде Сынактын негиздөөчүсү бекиткен жана ушул Жободо көрсөтүлгөн баалоо критерийлерин колдонушат.

9.     Талаш-тартыш маселелерди чечүү

Сынактын катышуучулары калыстар тобунун чечимдерине макул болбосо, ар бир турдун жыйынтыгы боюнча уюштуруу комитетине апелляция жазып кайрыла алышат. Уюштуруу комитети ага тиешелүү документтердин негизинде апелляцияны карап чыгууга милдеттүү. Уюштуруу комитетинин чечими апелляция жазган адамга жана калыстар тобуна маалымдалат.

10. БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020 сынагынын долбоорун жыйынтыктоо

Жыйынтыктоо үчүн төмөнкүлөр пландалган:

  • Биринчи мугалим 2020” менен сайтка, мүмкүнчүлүктөр болсо ЖМКга интервью жарыялоо.
  • “САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУ” КФ сайтында жана социалдык тармактарда сынактын жүрүшүн чагылдыруу.
  • Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча пресс-релиз даярдоо
  • Райондук билим берүү бөлүмдөрүнө сынактын жеңүүчүлөрү жөнүндө маалымдоо

Фонддун директору               А. Даниярова


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *