УБАКЫТ ТУУРАЛУУ ОЙ-ТОЛГООЛОР

ЖАНТАЙ ХАН ЖАНА ШАБДАН БААТЫРДЫН ӨМҮР ЖОЛУНДАГЫ ДАТАЛАР ЖӨНҮНДӨ

Жантай хандын 225 жылдыгына жана Шабдан баатырдын 180 жылдыгына карата

Жаңыл Абдылдабек кызы. Спутник.кг сүрөтү

Бул макаланы Шабдан баатырдын чөбөрөсү жазган.

Жаңыл Абдылдабек кызы 1947-жылы Кыргыз ССРинде Шабдан баатырдын небереси Абдылдабек Тайгуроновдун үй-бүлөсүндө туулган. 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтунда автоматика жана телемеханика кесиби боюнча билим алып, информациялык технологиялар боюнча кыргыз аялдарынын ичинен эң биринчи инженер болгон.

КР Өкмөтүнүн алдындагы үй-бүлө жана аялдардын иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы болуп иштеген. Кыргызпатенттин директорунун орун басары кызматын аркалап жүргөн мезгилде автордук жана чектеш укуктар боюнча Кыргызстандын мыйзам базасын түзүүдө өзүнүн зор салымын кошкон. Көп жылдар гендердик серепчи катары БУУнун «Аялдар» түзүмүндө жана БУУ программаларынын долбоорлорун ишке ашырууга катышып, аялдардын укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери менен алектенип келген.

Азыркы учурда ардактуу эс алуудагы ардагер катары Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алат. Эки уулу жана сегиз небереси бар.
Шабдан баатыр жөнүндө китеби басмадан 2020-жылы жарык көрүү алдында турат.


Жантай хан жана Шабдан баатырдын өмүр жолундагы даталар жөнүндө

Жарыяланган көпчүлүк макалаларда Жантай хан 1794-жылы, ал эми анын баласы Шабдан баатыр 1839-жылы туулган деп жазылып жүрөт. Туулгандыгы тууралуу метрикалык жазуулар жок болгондуктан, эки дата тең эсептөө жолу менен белгиленген. Андай эсептөөлөргө алардын каза болгон жылдары жана ошол учурдагы жаш курактары ынанымдуу маалымат катары негиз болгон.

Жантай хандын сөөгү коюлган жерде “1283 (1867) жылда Жантай баатур Карабек баатур углу 73 йашында бу дара алфанидан даралбака рихлат айлади” деп, ташка чегилип жазылган. Бул жазуунун мааниси: “Карабек баатырдын уулу Жантай баатыр 1867-жылы 73 жаш курагында каза болгон” дегенди билдирет. Келтирилген жазуунун негизинде: 1867 – 73 = 1794-жыл деп, Жантай хандын туулган жылы катары, белгиленген жылды аныктай алабыз.

Солдон оңго: Шабдан уулу Аман, Кемел уулу Ажыкабыл (Шабдандын небереси), Жантай уулу Шабдан, Шабдандын кыз-небереси, Абдрахман Естебесов болуш, Абдрахмандын жигити

Ал эми Шабдан баатыр жөнүндө маалымат арбыныраак. Анын сөөгү жаткан жерде ошондой эле ташка чегерилген жазуулары бар, андан тышкары, Шабдан баатырдын каза болгондугу тууралуу маалыматтар ошол кездеги басма сөз беттеринде кеңири жарыяланган. Мисалы, “Туркестанские ведомости” жана “Семиреченские ведомости” газеталарында некролог жарыяланып, анда Шабдан баатыр 1912-жылы 73 жаш курагында каза болгондугу жазылат, ошондон улам анын туулган жылы – 1839-жыл (1912 — 73) деген жыйынтык чыгарууга болот.

Арийне, Н.А.Аристовдун «Западный Тян-Шань. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы»  деген китебинин (2-б. – СПб, 1893) 512-бетинде изилдөөчү “… Анын [Аристовдун] каалоосу боюнча Шабдандын автобиографиясын…”; кошконун жазат, андан ары текст боюнча: “…Мен, Шабдан, Ысык-Көлдөгү Күнгөй-Ак-Суусуна жакын жердеги Туюк-Булуңда (Чоң-Кемин жана Чоң-Ак-Суу сууларынын башаты) 1840-жылдын май айында жарык дүйнөгө келгем”. Демек, 1840-жыл – Шабдан баатырдын төрөлгөн жылы деген маалымат анын өзүнүн оозунан чыккан. Бул 1888-жылы түзүлгөн “Кызматтык тизмедеги” жазуу менен дал келет, анда Шабдан “…төрөлгөндөн бери 48 жашка чыккан…” деп белгиленет, башкача айтканда, 1888 – 48 = 1840, натыйжада биз Шабдан баатырдын туулган жылы – 1840-жыл экендигин анык билебиз.

Тар-Суудагы Шабдандын медресеси

Шабдан баатырдын туулган жылы 1839-жыл деп белгиленген башка жазууларды жокко чыгарууга да болбойт, андыктан биз бул маалыматтарды айырмалаган себебин табууга тийишпиз.

Биздин көз карашыбызда, азыркы мезгилге чейин сакталып келген кыргыздардын маркумдарды жерге бергендеги өзгөчө каада-салттарын эске алышыбыз керек, атап айтканда, каза болгон адамды жерге берерде ага энесинин карынындагы бир жылды кошуп айтышат. Ага ылайык, Жантай хан да, Шабдан баатыр да 73 жаш (72+1) деп жерге берилгенине карабай, жарык дүйнөдө 72 жыл өмүр сүрүшкөн деген тыянак чыгарууга болот. Демек, жогорудагы маалыматтарды эске алуу менен, биз Жантай хандын туулган жылы – 1975-жыл жана Шабдан баатырдын туулган жылы – 1840-жыл деген чыныгы маалыматтарды алабыз.

Шабдан баатырдын дүйнө салган датасында да айырмачылыктар бар. Алсак, некрологдо Шабдан баатыр 1912-жылдын 6-апрелинде каза болгон деп жазылат. Заманбап конверторлордун жардамы менен ал күн ишемби болгондугун аныктоого болот.

Ошол эле учурда Шабдан баатырдын күмбөзүндөгү ташка чегилген маалыматта ал 1330-жылдын жазында, 17синде, жума күнү (б.а. мусулмандардын улуу күнүндө) каза болгон деп жазылган: «1330 год хиджры 17 Раби ас-сани (айа) – жуманын күнү – йаум аль-джум’а». Осмоналы Сыдыковдун “Тарыхи Шадмания” китебинде да ошондой жазылган.

Ошондон улам, Шабдан баатырдын каза болгон күнү – 1912-жылдын 5-апрели, жума күнү деп аныктоого болот.

Корутунду чыгарабыз:

  • Жантай хан 1795-жылы жарык дүйнөгө келип, 1867-жылы каза болгон.
  • Шабдан баатыр 1840-жылдын май айында Ысык-Көлдөгү Күнгөй-Ак-Сууга жакын жердеги Туюк-Булуңда жарык дүйнөгө келген жана 1912-жылы 5-апрелде Чоң-Кеминде, азыркы Тар-Суу айылында каза болгон.

Биздин пикирибиз боюнча алдыда жазыла турган маалымдама басылмаларда так ушул даталарды колдонуу зарыл.


Дагы:

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫ ЖАПАН ОКУМУШТУУСУ ТЭЦУ АКИЯМАНЫН БАЯНДАМАСЫНДА


Автору
Жаңыл Абдылдабек кызы

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *