ЛАУРЕАТ-ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕРДИН САЯКАТТАРЫ

АЙЖАН САРИЕВАНЫН САЯКАТЫ. 7-БӨЛҮМ. КОСМОНАВТИКА МУЗЕЙИНЕ ЖАНА ОКЕАНАРИУМГА БАРУУ. ЭЧЖК (ВДНХ)

Фонддун сыйлыгынын алкагындагы лауреаттардын ар бир саякаты лауреаттардын өздөрү сыяктуу эле бири-бирине такыр окшобойт. Биздин саякатчылар – ишкердүү, позитивдүү, көптү билүүгө ынтызар адамдар, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар. Жалпысынан алганда,биздин программада сөзсүз түрдө балетке, операга, драмалык спектаклдерге, циркке, концерттерге баруу, батыш искусство, орус искусство галереяларын көрүү, Кремлди жана Кызыл аянтты, Москванын алдындагы усадьбаларды, тарыхый жайларды, музейлерди, мисалы, космонавтиканы же ЭЧЖК (ВДНХ) комплексин кыдыруу камтылган.

 Менин баяндоом ар бир күндү хронологиялык түрдө баяндоо эмес, экскурсиялардын темасы боюнча, тагыраагы, мына мындай түрдө болмокчу:

1-БӨЛҮМ. Келген жери жана шарттары. 2-БӨЛҮМ. Театрларга баруу. 3-БӨЛҮМ. Көркөм сүрөт галереяларын кыдыруу. 4.БӨЛҮМ. «БОЛЬШОЙ» театрдагы концерт жана Ю.Никулин атындагы Циркине баруу. 5-БӨЛҮМ. Москва суусунда яхта менен сейилдөө. 6-БӨЛҮМ. Парктар жана тарыхый жайлар. Түнкү Москва. 7-БӨЛҮМ. Космонавтика  музейин жана Океанариум (Москвариум) көрүү. ЭЧЖК (ВДНХ). 8 – БӨЛҮМ. Москва метросу.


7-БӨЛҮМ. КОСМОНАВТИКА МУЗЕЙИНЕ ЖАНА ОКЕАНАРИУМГА БАРУУ. ЭЧЖК (ВДНХ)

 

Памятник покорителям космоса
Памятник покорителям космоса
« 2 of 75 »

Космосту багындыруучуларга арналган монумент эң эле чоң – бийиктиги 107 метр келип, көктү карай көкөлөп, көзгө тээ алыстан эле чалдыгат. Бирок ал эстеликтин негизинде чоң музей – Космонавттардын мемориалдык музейи жайгашканын элестетүү кыйын. Айжан экспонаттарды кызыгуу менен карап жатты: Чыныгы, нукура космостук аппараттар, оптикалык жабдыктар, скафандрлар, планеталардын моделдери, метеориттер, сүрөттөр… Ал жерде нелер гана жок! Ушулардын баары адегенде келечекке арналып жасалган, андан кийин иш жүзүнө ашкан тарыхый чыныгы окуялар жана илимий жетишкендиктер.

Космонавтика музейин көргөндөн кийин биз совет доорунда курулуп, кийин калыбына келтирилген ЭЧЖКнын (ВДНХ) көргөзмө комплексине карай багыт алдык. Көргөзмө павильондору жайгашкан эбегейсиз чоң парк аймагы. Биз албетте, ал жерден СССРдин 15 республикасынын кыздарынын скульптурасы чегилген атактуу Элдердин достугу Фонтанын көрдүк, кыргыз кызын таап, анын жанында жана уралдын түстүү таштарына арналган “Каменный цветок” фонтанынын жанында сүрөткө түштүк.

Андан соң биз ЭЧЖКнын аймагында жайгашкан Океанариумга (Москвариум) бардык. Анда  деңиздеги жаныбарлардын майдасынан баштап, чоңдоруна чейин көптөгөн түрлөрү жайгашкан. Ар бириндеги айнектерге жарыктар орнотулгандыктан, бир чети кооз көрүнсө, бир чети ал жердеги балыктарды жана башка жандыктарды ийне-жибине чейин карап көрүүгө ыңгайлуу, ар бир аквариумдун терезелеринде кеңири маалыматтар жазылган


МУРУНКУ: 6 БӨЛҮМ. ПАРКТАР ЖАНА ТАРЫХЫЙ …         КИЙИНКИ: 8-БӨЛҮМ. МОСКВА МЕТРОСУ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *