YOUNG SCIENTIST - LAUREATE TRAVEL

AIZHAN SARIEVA’S PREMIUM JOURNEY. PART 5. BOAT TRIP ON THE MOSCOW RIVER

Фонддун сыйлыгынын алкагындагы лауреаттардын ар бир саякаты лауреаттардын өздөрү сыяктуу эле бири-бирине такыр окшобойт. Биздин саякатчылар – ишкердүү, позитивдүү, көптү билүүгө ынтызар адамдар, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар. Жалпысынан алганда,биздин программада сөзсүз түрдө балетке, операга, драмалык спектаклдерге, циркке, концерттерге баруу, батыш искусство, орус искусство галереяларын көрүү, Кремлди жана Кызыл аянтты, Москванын алдындагы усадьбаларды, тарыхый жайларды, музейлерди, мисалы, космонавтиканы же ЭЧЖК (ВДНХ) комплексин кыдыруу камтылган.

 Менин баяндоом ар бир күндү хронологиялык түрдө баяндоо эмес, экскурсиялардын темасы боюнча, тагыраагы, мына мындай түрдө болмокчу:

1-БӨЛҮМ. Келген жери жана шарттары. 2-БӨЛҮМ. Театрларга баруу. 3-БӨЛҮМ. Көркөм сүрөт галереяларын кыдыруу. 4.БӨЛҮМ. Чоң театрдагы концерт жана Ю.Никулин атындагы Циркине баруу. 5-БӨЛҮМ. Москва суусунда яхта менен сейилдөө. 6-БӨЛҮМ. Парктар жана тарыхый жайлар. Түнкү Москва. 7-БӨЛҮМ. Космонавтика  музейин жана Океанариум (Москвариум) көрүү. ЭЧЖК (ВДНХ). – БӨЛҮМ. Москва метросу.


5-БӨЛҮМ. МОСКВА-СУУСУНДА ЯХТА МЕНЕН СЕЙИЛДӨӨ.

Фойе гостиницы УКРАИНА (Рэдиссон)
Фойе гостиницы УКРАИНА (Рэдиссон)
« 1 of 41 »

Лауреат Москва шаары менен бир аз таанышып, Москванын символу болгон тарыхый имараттарды ажырата баштаган кезде, биз сөзсүз түрдө Рэдиссон флотилиясынын комфортабелдүү яхтасында суунун үстүндө сейилдейбиз. Ал сейилибиз көп кабаттуу эң бийик Рэдиссон-Украина мейманкасынан башталып, “Котельническая жээктериндеги эң бийик имаратына чейин уланат. Москвага барган адам Россиянын борборунун сонундуктарынын бири – сталиндик кезде курулган 7 көп кабаттуу бийик имарат (“высотки”) экенин жакшы билишет, азыр алардын экөө мейманкана, экөө турак үй, экөө министрлик жана бири – ММУ. Мен Айжанга алардын баарын дээрлик көргөздүм, көрүп жетишпей калгандары ММУнун кароо аянтчасынан, алыстан көрүнүп турду.

Рэдиссон-Украина мейманканасы – 40-50-жылдардын көркөм чыгармаларына, шыптары советтик кездеги жазууларга толгон  ретро-стилдеги элегенттуу 5 жылдыздуу отель, ал совет учурунда Тарас Шевченко жээк жолундагы “Украина” деп аталган мейманкана эле, азыр анын алдындагы аянтта Тарас Шевченконун эстелиги турат. 5 жылдыздуу мейманкана ал жакка келишкен саякатчыларга жана жалпы эле тургундарына өзүнүн чачкан жарыгы менен жагымдуу маанай тартуулайт. Мен дайыма биздин лауреаттын яхтадагы саякатын мейманканага кирүү менен баштайм, анткени бул жерде эң укмуштуудай экспонатМосква диорамасы бар, ал СССР ТИМ буйрутмасы боюнча 1977-жылы жасалган, ал кийинчерээк мейманкананын менчигине өткөн. Бул – Кремлдин таң аткандагы, күндүзгү жана кечки жарыгын дал өзүндөй так жана кеңири жасап көрсөткөн макети.

Кире беришинде эле яхталар токтой турган токтоочу жайдан дайыма өзүбүздүн саякатыбызды баштайбыз. Яхтанын залына терезе салынган, ошондуктан шамалдан коркпой эле эки жакты карап, судна жандап өткөн, каалаган нерселердин баарын сүрөткө тартып алса болот. Ал – Новодевичий монастырь, ММУнун имараты, биз мурда Айжан экөөбүз сейилдеген асма жол менен кошо Воробьев тоосу, Нескучный Сад жана Горький паркы, Кремль, Кремль чиркөөлөрү дубалдын ар жагынан, Кызыл Аянт Василий Блаженный чиркөөсү жагынан, андан ары Зарядье Паркы, Котельническая көп кабаттуу бийик имарат алаканга салгандай көрүнүп турат. Эгерде кааласаң, үстүңкү палубага таза абага чыгып, ошол жерден сүрөткө түшсө да болот. Биздин бул ирет жолубуз болду окшойт, Айжан келгенден баштап күн жаап, суук болуп жатса, так ошол күнү биз каалагандай күн чакыйып тийип турду.


МУРУНКУ: 4-БӨЛҮМ. КОНЦЕРТ ЖАНА ЦИРКИ.           КИЙИНКИ: ПАРКТАР ЖАНА ТАРЫХЫЙ ЖЕРЛЕР


Author
Asel Daniyarova

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *