ЛАУРЕАТ-ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕРДИН САЯКАТТАРЫ

АЙЖАН САРИЕВАНЫН САЯКАТЫ. 4-БӨЛҮМ. «БОЛЬШОЙ» ТЕАТРДАГЫ КОНЦЕРТ ЖАНА НИКУЛИНДИН ЦИРКИ.

Фонддун сыйлыгынын алкагындагы лауреаттардын ар бир саякаты лауреаттардын өздөрү сыяктуу эле бири-бирине такыр окшобойт. Биздин саякатчылар – ишкердүү, позитивдүү, көптү билүүгө ынтызар адамдар, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар. Жалпысынан алганда,биздин программада сөзсүз түрдө балетке, операга, драмалык спектаклдерге, циркке, концерттерге баруу, батыш искусство, орус искусство галереяларын көрүү, Кремлди жана Кызыл аянтты, Москванын алдындагы усадьбаларды, тарыхый жайларды, музейлерди, мисалы, космонавтиканы же ЭЧЖК (ВДНХ) комплексин кыдыруу камтылган.

 Менин баяндоом ар бир күндү хронологиялык түрдө баяндоо эмес, экскурсиялардын темасы боюнча, тагыраагы, мына мындай түрдө болмокчу:

1-БӨЛҮМ. Келген жери жана шарттары. 2-БӨЛҮМ. Театрларга баруу. 3-БӨЛҮМ. Көркөм сүрөт галереяларын кыдыруу. 4.БӨЛҮМ. «БОЛЬШОЙ» театрдагы концерт жана Ю.Никулин атындагы Циркине баруу. 5-БӨЛҮМ. Москва суусунда яхта менен сейилдөө. 6-БӨЛҮМ. Парктар жана тарыхый жайлар. Түнкү Москва. 7-БӨЛҮМ. Космонавтика  музейин жана Океанариум (Москвариум) көрүү. ЭЧЖК (ВДНХ). 8 – БӨЛҮМ. Москва метросу.


4-БӨЛҮМ. БОЛЬШОЙ ТЕАТРДАГЫ КОНЦЕРТ ЖАНА НИКУЛИНДИН ЦИРКИ.

Театрлардан тышкары, биз концертте, анан циркте да болдук.

В Большом театре, Новая сцена. Зал
В Большом театре, Новая сцена. Зал
« 2 of 32 »

Эгерде мүмкүнчүлүк болуп калса, мен лауреатты сөзсүз түрдө ИГОРЬ МОИСЕЕВ атындагы АНСАМБЛДИН КОНЦЕРТИНЕ алып барам. Укмуштуудай жогорку чеберчиликте аткарылган бийлери, жана башка ар кыл кыймылдары, таң калаарлык синхрондуулугу таасир калтырбаган бир да адамды кездештире элекмин. Бул жолу ансамбль «Большой» театрдын Жаңы сахнасында концерт койду. Тарыхый имараттын катарында жайгашкан имараттын өзү жана зал дагы опера жана балеттен алуучу ырахатты коштоп, колдоп тургансыйт.

Эгерде сиз НИКУЛИНДИН ЦИРКИНЕ барбасаңыз, анда Москвада болдум дебей эле койсоңуз болот. Ал циркке барган улуу-кичүү бирдей көңүлдөрү көкөлөп, жаш баладай сүйүнүп чыгаары шексиз. Кичинекей, чоң топторду чимирилткен жонглерлери болобу, канаттуу куштай сызып учкан аба гимнасты болобу, айбанаттарды машыктыруучулары болобу, же көз боочулардын чебер аткарган оюндары болобу, айтор, цирктеги артисттердин биринен сала бири токтоосуз аткарган оюндарын чындап эле оозуңду ачып көрөсүң. Анан албетте, клоундун тамашасы тил билгенге да, билбегенге да түшүнүктүү болсо керек. Циркке барганда чындап эле балалыктын бактылуу бир учуруна кабылгандай, башкача сезимдерге чулганасың, Айжандын да маанайы башка сезондордогу оюндарды көрүшкөн лауреаттардыкындай көтөрүлө түшкөнүн байкадым.

Цирктин имаратынан чыкканда бизди Юрий Никулиндин кабриолеттен чыгып келаткан колодон жасалган атактуу эстелиги күтүп туруптур, ал жерде демейдегидей эле сүрөткө түшүүнү каалагандар көп экен. Ушул эле жерде, Цветной бульвардагы цирктин бет маңдайында Зураб Церетелинин фонтан менен шайыр клоундардын скульптуралык сериясын көрүүгө болот.


МУРУНКУ: 3-БӨЛҮМ. ГАЛЕРЕЯЛАР                                    КИЙИНКИ: 5-БӨЛҮМ. ЯХТА МЕНЕН СЕЙЙИЛДӨӨ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *