YOUNG SCIENTIST TRAVEL

AIZHAN SARIEVA’S AWARD JOURNEY. PART 2. VISITING THEATERS

Фонддун сыйлыгынын алкагындагы лауреаттардын ар бир саякаты лауреаттардын өздөрү сыяктуу эле бири-бирине такыр окшобойт. Биздин саякатчылар – ишкердүү, позитивдүү, көптү билүүгө ынтызар адамдар, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар. Жалпысынан алганда, биздин программада сөзсүз түрдө балетке, операга, драмалык спектаклдерге, циркке, концерттерге баруу, батыш искусство, орус искусство галереяларын көрүү, Кремлди жана Кызыл аянтты, Москванын алдындагы усадьбаларды, тарыхый жайларды, музейлерди, мисалы, космонавтиканы же ЭЧЖК (ВДНХ) комплексин кыдыруу камтылган.

 Менин баяндоом ар бир күндү хронологиялык түрдө баяндоо эмес, экскурсиялардын темасы боюнча, тагыраагы, мына мындай түрдө болмокчу:

1-БӨЛҮМ. Келген жери жана шарттары. 2-БӨЛҮМ. Театрларга баруу. 3-БӨЛҮМ. Көркөм сүрөт галереяларын кыдыруу. 4.БӨЛҮМ. Чоң театрдагы концерт жана Ю.Никулин атындагы Циркине баруу. 5-БӨЛҮМ. Москва суусунда яхта менен сейилдөө. 6-БӨЛҮМ. Парктар жана тарыхый жайлар. Түнкү Москва. 7-БӨЛҮМ. Космонавтика  музейин жана Океанариум (Москвариум) көрүү. ЭЧЖК (ВДНХ). – БӨЛҮМ. Москва метросу.


2-БӨЛҮМ. ТЕАТРЛАРГА БАРУУ

В Геликон-опере
В Геликон-опере
« 1 of 45 »

Москва шаарында 150гө жакын драмалык, музыкалык, ар түрдүү жанрдагы жана багыттагы театрлар бар. Бардык лауреаттар үчүн бирдей программа түзүүгө мүмкүн эмес, бирок балет, опера жана эки драмалык спектакль сөзсүз кошулат. Мен биринчи классикалык постановканы көргөзгөнгө аракеттенем, анткени менин меймандарымда бул саякатка чейин театрга баруу тажрыйбасы дээрлик болбойт. Албетте, мен эң жогорку сапаттагы постановкаларды көргөзгөнгө аракеттенем, бул жагынан Москвадан таңсыктык жок эмеспи, балет эбак эле шаардын визит карточкасы болуп калган десек да болот, опера дүйнөлүк кыйын сценалардан ашса ашат, бирок кем калбайт, ал эми драмалык искусствонун өзүнүн эбактан берки каада-салты түптөлүп калган.

Менин айтаарым, көрүүчүлөрдүн жана угуучулардын купулуна жеке эле постановкалары эмес, имараттардын жаркыраган абалы да толот, көптөгөн театрлардын тарыхый да, маданий да баалуулуктары укмуш, аларды реставрациялоодо жогорку класстагы архитекторлор иштегени көрүнүп турат, эмеректеринин элеганттуулугун жана оригиналдуулугун көрүп сыймыктанып да кетесиң. Отургучтарынын ыңгайлуулугучу, андай орундуктарда отурган адамдын маанайы майрамдагыдай көтөрүлө түшөт.

ОПЕРА. П.И.Чайковскийдин “Мазепа” операсын биз Геликон-опера театрында уктук. Бул театр башка театрлардын катарында Москванын так жүрөгүндө, Малая Никитская көчөсүндө жайгашкан, андан анча алыс эмес жерде Кремль турат. Театрга архитектуранын акактай таза мөлтүрөгөн үлгүсү менен салынган Бульвар алкакчасы (Бульварное кольцо) аркылуу өткөн аябай жагымдуу сезилет. Театрдын опера залын өзүнчө сөз кылууга арзыйт, имараттын ички жасалгаларын жасоодо аябай кызыктуу ыкма табышкан, “жасалмаорус” же “неоорус” стилиндеги мурунку фасаддары залга айланып жуурулушуп кетет, сахнасы жана оркестр жайгашкан чуңкуру да өзүнчө сөз кылууга арзыйт, “Миң уккандан бир көргөн” демекчи, ал жөнүндө өзүнчө мына мобу сайттан көрүп алганыңар жакшы. https://trymoscow.ru/teatr-gelikon-opera/

Чайковскийдин “Мазепа” операсы, ал дүйнөдөгү эң атактуу композиторлордун бири болгонуна карабай, али эл арасында анча белгилүү эместей. Эң жогорку чеберчиликте аткарган аткаруучулардын мукам үндөрүнө ички жасалгалары айкалышып, өзүнчө бир керемет көрүнөт. Билиндирбей кошулуп кеткен “заманбап белгилер” да жок эмес. Акыркы жылдары режиссерлор персонаждардын кийимдерине же дагы бир жерлерине азыркылардын кийимдерин же турмуш-тиричилик буюмдарын кошуп койбогон опералык постановканы табуу кыйын болуп калды. Бул операга кошумча көрк берет деп айта албайм, бирок бул көрүнүш бар жана театрлар “трендден” тышкары калуудан чоочулап атышкан сыяктанат… Мунун баары бирок улуу чыгарманы угуп эмоциялык эргүү алганга жолтоо болбойт.

БАЛЕТ. Л. Минкустун “БАЯДЕРКА” балетин биз К.С.Станиславский жана В.И.Немирович-Данченко атындагы Музыкалык театрдан көргөнгө үлгүрүп калдык. Үлгүрүп калдык деген себебим, театр сезону аяктап, келерки сезонго чейин тандаганга деле анча мүмкүнчүлүк болбой бараткан эле, келеркиси болсо сентябрь айында ачылмак. Бул театр Москванын так жүрөгүндө жайгашкан.  Театрдын имаратын көргөн көрүүчү дароо эле классикалык балет үчүн укмуш ылайыктуу фон экенин баамдашат, өзгөчө элеганттуу интерьерлери, “электрик” түстүү залы жана фойеси аппак колонналарга жана хрусталь люстраларга айкалышып, бири-бирине кыналыша курулган имараттардын ички жасалгасын өзүнчө эле көрккө бөлөп чагылышат.

Людвиг Минкустун музыкасына жазылган “Баядерка” балетин 19-кылымдын белгилүү хореографы Мариус Петипа 1877-жылы алгачкы жолу Петербургдагы Императордун театрынын сахнасына койгон. Кесипкөй сынчылар жазышкандай, улуу балериналардын баары Никиянын баядеркасын бийлегилери келишкен, анткени бул роль бий техникасын жана анын ажайып сулуулугун жарк эттире ачып көрсөтүүгө ылайыктуу деп эсептешкен. Атактуу балерина Наталья Макарова 1980-жылы “Баядерканын” өзүнчө версиясын койгон жана Петипанын шедевринин эң башкы артыкчылыктарын сактай алган, ошондуктан ал редакциялаган балетти көптөгөн европалык театрлары көз кырына ала башташкан. Биз барганда Никиянын партиясын белгилүү прима-балерина Оксана Кардаш аткарды.

ДРАМТЕАТР. Биз Айжан экөөбүз Түштүк-Батыштагы Театрдан У.Шекспирдин “ЖАЙКЫ ТҮНДӨГҮ ТҮШ” («СОН В ЛЕТНЮЮ НОЧЬ») классикалык комедиясын көрдүк. 400 жыл илгери жазылса да, күнү бүгүнкүдөй жайдары, жандуу жана шакаба менен тамашага жык толгон пьесаны аткарып жатышкан артисттердин өздөрүнүн да маанайлары шаттанып, ырахат алып жатышканы көрүнүп турат. Театрдын сайтында: “Жайкы түндөгү түш” спектакль-майрам десек да болот, мында шекспирдик жомок күлкүлүү жана динамикалуу комедия менен, чындык жана шакаба менен жуурулушуп, улуу драматургдун классикалык поэзиясы да орун алган” деп жазылган.

ДРАМТЕАТР, дагы бир спектакль. Мыкты драматург А.Вампиловдун “ТУН УУЛ” (“СТАРШИЙ СЫН”) пьесасын Москва-Эрмитаж бакчасынын бурчунда жайгашкан “СФЕРА” театрынан аябай ырахаттанып көрдүк. Бакча – шаардын так борборунда, Петровский бульварынын катарында, “Каретный ряд” деген эң сонун тарыхый аталыштагы көчөдө жайгашкан модерн стилиндеги бакча-парк архитектурасынын үлгүсү. Бакчада үч театр жана бир жайкы сахна, эстеликтер жана эң сонун кафе бар.

Театрдын өзү да өзгөчө десем болот. Аталышы айтып тургандай эле, анын сахнасын туш тараптан көрүүгө болот, ал эми көрүүчүлөрдүн отургучтары жайгашкан катарлар сахнадан эле башталгандыктан, көрүүчүлөр өздөрүн спектаклдин катышуучусу катары сезишет. Актерлор ушунчалык чын жүрөктөн берилип аткарышкандыктан, көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, кайдигер карап турган адам болгон жок.

Театрдан чыккан соң, биз көз уялткан жарыктарга бөлөнгөн тарыхый имараттардын курчоосундагы түнкү Москванын борборуна туш келдик. Түнкү Москвадагы сейилдөөлөр жөнүндө өзүнчө репортажда сөз болмокчу.

 


МУРУНКУ: 1-БӨЛҮМ. МЕЙМАНДЫН ЖАЙГАШУУСУ.       КИЙИНКИ: 3-БӨЛҮМ. ГАЛЕРЕЯЛАР


Author
Asel Daniyarova

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *