СЫНАКТЫН СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019: 2-ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ: 2019-жылдын 14-сентябрында БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагы 8-жолу болуп өттү. Ал Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУнун жыйын залында өтүп келатканы биз үчүн жагымдуу салт болуп калды, ал үчүн биз ректор, профессор Төлөбек Абылович Абдырахмановго чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сынакка бардык аймактардан мугалимдер – сынактын катышуучулары, анын ичинде 1-турдун жеңүүчүлөрү, биздин финалисттер келишти. Алар кимдер экендигин катышуучулар жана жеңүүчүлөр жөнүндөгү биздин репортажыбыздан окуй аласыздар.

Бул жолу биздин ардактуу коногубуз – бир моторлуу самолету менен дүйнө жүзүн айланып келген жердешибиз Союзбек Сатыбалдиевич Салиев болду. Пилот ар бир өлкөгө келгенде кыргыз желегине чек ара кызматынын мөөрүн бастырып турган. Авиатордун аңгемеси залдагыларга аябай жакты.

Төмөндө сүрөттөр менен таанышыңыздар (195 сүрөт).

____________________________________________________________________

БАРДЫК СҮРӨТТӨРДҮ ТОЛУГУ МЕНЕН (761 сүрөт) төмөнкү ШИЛТЕМЕ боюнча кыспай туруп эле жүктөп ала алышат: БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2019

Көңүл буруңуздар: Сүрөттөрдү шилтеме боюнча 20.11.2019 чейин жүктөп аласыздар. Белгилүү датадан кийин төмөндөгү сүрөт альбомдогу сүрөттөрдү мурдагыдай эле көрүүгө болот.

____________________________________________________________________

Катышуучулар, финалисттер, жеңүүчүлөр, калыстар тобунун мүчөлөрү жана иш-чаранын жүрүшү жөнүндө төмөнкү материалдан окуңуздар: ОКУУЧУЛАРГА КЫЗЫКТУУ САЯКАТТЫ КАНТИП УЮШТУРУУ КЕРЕК – МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ ОЙЛОШОТ? “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2019 СЫНАГЫНЫН ФИНАЛЫ ЖӨНҮНДӨ.


 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *