СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019 СЫНАГЫНЫН ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫНА ЧАКЫРАБЫЗ!

Сиз алдын-ала таанышып алууңуз үчүн иш-чаранын 2019-Программасын жарыялайбыз.


УРМАТТУУ ДОСТОР!

Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 8-жолу өткөрүп жаткан БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019 сынагына келиңиз. Биз  сизди 2019-жылдын 14-сентябрында (ишемби күнү) сынактын экинчи турунда жана жеңүүчүнү сыйлоо Салтанатында конок катары күтөбүз.

СЫНАКТЫН ЖАНА САЛТАНАТТЫН ПРОГРАММАСЫН ЖҮКТӨӨ

Биздин келечегибиздин пайдубалын куруучу-мугалимдер кандай болушат?

Биз сизди мугалимдер, окутуучулар, билим берүү системасынын адистери, окуучулардын ата-энелери жана жалпы эле бул темага кызыкдар болгондор үчүн уюштурулуп жаткан иш-чаранын мейманы катары көрүүгө кубанычта болобуз.

Иш-чара Бишкек шаарында И.Арабаев атындагы университеттин жыйындар залында 2019-жылдын 14-сентябрында (ишемби күнү) саат 11:00дон 17:00го чейин өтөт. Катышуучуларды каттоо 10:30да башталат.

Каалоочуларга эшик ачык. Келиңиз, абдан кызыктуу болот!

Быйылкы сынактын темасы — балдардын саякаты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Дагы:

2018-жылкы 2 тур жана жеңүүчүнү сыйлоо сартанаты жөнүндө
2017-жылкы 2 тур жана жеңүүчүнү сыйлоо салтанаты жөнүндө

2019 сынактын ЖОБОСУ

2 тур жана жеңүүчүнү сыйлоо салтанатынын сүрөт албомдору 2016-2019
Балдардын саякаттарынын сүрөт альбодору 2015-2019
Биринчи мугалимдин саякаттары 2011-2019


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *