СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

2019-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ. ТЕМАСЫ, КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖАНА ФИНАЛИСТТЕР ЖӨНҮНДӨ

Быйыл биздин сынак 8-жолу өттү. Бул демек, сынагыбыз 2011-жылы алгачкы жолу өткөрүлгөндөн бери, Фонддун сыйлыгынын алкагында Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка 7 мугалим барып келди дегендик. Алардын саякаттары жөнүндө биздин сайттын барактарынан окуп жана сүрөт галереядагы сүрөт репортаждан көрө аласыздар. Бул ошондой эле сынактын  дагы 14 финалисти болгонун, анын ичинен 12 мугалим 2015-жылы белгиленген Атайын сыйлыктын ээси катары, эс алуу күндөрү класстагы окуучулары – бул Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчтарынан 300гө жакын окуучу — 12 класс менен биргеликте, Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келгендигин билдирет.

Бул жолу ким финалга чыкты? Баса, 2019-жылдагы сынактын темасы, саякатка арналган.


2011 1-турдун финалисттери

2013 1-турдун финалисттери

2014 1 турдун финалисттери

2015 1 турдун финалисттери

2016 1 турдун финалисттери

2017 1турдун финалисттери

2018 1 турдун финалисттери

Быйылкы жылы сынакка жалпысынан 79 дилбаян келип түштү. Сынактын ЖОБОСУНА ылайык, плагиатка текшерилген соң, 55 дилбаян сынакка кабыл алынды. Быйылкы сынактын биринчи турундагы дилбаяндын темасы: “КЫЗЫКТУУ САЯКАТ” деп аталып, ага төмөндөгүдөй түшүндүрүлмө берилди: сиздин мектепке шаардык мектептин кенже классынын окуучулары келишет. Сизге конокторду тосуу тапшырмасы берилди. Сиздин сүрөттөөңүз жана саякаттын маданий-маалымат арттыруучу программасы.

Бул темада иштөө учурунда биздин өлкөнүн мектеп окуучуларын саякатка алып чыгууну уюштурууга, мектептер аралык экскурсияларды өткөрүүгө кантип жардам берүү жөнүндө жаңы идеялардын жаралышына түрткү берет деп ойлойм.

55 дилбаянды текшерүүгө калыстар тобунун 10 мүчөсү катышты, баардыгы билим берүүнүн кесипкөй адистери. Калыстар тобунун мүчөлөрү дилбаяндын авторлорунун аты-жөнүн, даректерин жана иштеген иштерин көрө алышкан жок. Ар бир дилбаянга номур – код коюлуп, калыстар тобуна дилбаяндар код коюлган түрүндө жөнөтүлдү. Андан соң ар бир дилбаян үчүн баллдардын суммасы эсептелип, катышуучулардын аты-жөнү ачыкка чыгарылды. Ар бир дилбаянды калыстар тобу (7ден мүчөсү) 6 критерий, 5 баллдык система боюнча баалады. Натыйжада калыстар тобунун бир мүчөсүнөн ала турган эң жогорку баа 30 баллды (6х5=30) түздү, текшерген 7 кишиден ар бир критерий боюнча максималдуу балл – 35 (7х5=35), ал эми бир катышуучудан ала турган максималдуу баллдын суммасы жалпысынан 210 балл (б.а. 6 х 5 х 7 = 210) болду.

Быйылкы жылы биздин конкурста эң жогорку жыйынтыкка 210 баллдан 194 балл алган катышуучу ээ болду. Сынактын шарттарына ылайык, финалга эң жогорку – 184 – 194 балл алган 6 катышуучу чыкты. Финалисттердин аты-жөнүн билип алыңыздар:

1-орун бирдей балл алган 2 мугалимге бөлүндү:

  • Абдылдаева Чолпон Тилековна – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң айылындагы С.Каралаев атындагы №23 орто мектептин мугалими, эмгек стажысы – 8 жыл;
  • Бутешова Аида Малабековна, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Э.Капалов атындагы орто мектептин мугалими, эмгек стажысы – 14 жыл;

3-орун: 

  • Суранчиева Фарида Кенжеалиевна, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектептин мугалими, эмгек стажысы – 4 жыл;

4-орун:

  • Исакова Нуржан Шамуратовна, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сенгир айылындагы Ы.Чанаков атындагы №31 орто мектептин мугалими, эмгек стажысы – 33 жыл;

5-орун бирдей балл алган 2 мугалимге бөлүндү:

  • Беккул кызы Нуржан, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы орто мектептин мугалими, эмгек стажысы – 27 жыл;
  • Рахматова Аспира Каныбековна, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң-Кара-Буура айылындагы Мамат Акымбеков атындагы орто мектептин мугалими, эмгек стажысы – 24 жыл.

Биринчи турда финалга озуп чыккан мугалимдерди чын дилибизден куттуктайбыз жана экинчи турдагы 3 кызыктыруучу орун үчүн ат салышуучу 6 мугалимдин кызыктуу таймашын күтөбүз!

Жагымдуусу, эки мугалим – Суранчиева Фарида Кенжеалиевна жана Беккул кызы Нуржан биздин сынакка экинчи жолу катышууда, ал эми Фарида Кенжеалиевна 2018-жылдагы сынакта биринчи турдун финалисти, экинчи турдун призеру болгон!

Жалпысынан алганда 55 дилбаяндын ичинен 11 катышуучу биздин сынакка мурда катышкан, анын ичинде бир катышуучу 4-жолу дилбаян жазып жиберген.

Облустар боюнча бөлгөндө төмөндөгүдөй:

Ысык-Көл Талас Жалал-Абад Чүй Нарын Ош Баткен Бардыгы
27 10 7 5 3 2 1 55

Ысык-Көл облусунан катышкан 27 катышуучунун 18и Ак-Суу районунан, ал эми Талас облусунан катышкан 10 катышуучунун 8и – Бакай-Ата районунан. Мунун себеби жөнөкөй. Маселенин баары мугалимдердин сынак жөнүндө маалымат менен камсыз болушунда болууда. Фонд бул сынакты 2011-жылдан бери өткөрүп келатканына карабай, мугалимдердин көбү сынак жөнүндө билишпейт. Мугалимдер Фонддун сынагы, анын Сыйлыгы жана Атайын Сыйлыгы жөнүндө билип, баш байгелерди утуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу үчүн мен 40 райондук БББнын жетекчисинин ар бирине  жана ошондой эле кээ бир мектеп директорлоруна (электрондук почтаны колдонгон директорлор тилекке каршы, аз) сынак жана анын жыйынтыктары жөнүндө жеке катымды байма-бай жөнөтүп турам.

Кезектеги сынак жарыяланганда ал жөнүндө маалыматты Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Осмонбаева Назира Сейитказиевна (ал жөнүндө сайттан ушул жерден окуңуз) жана Бакай-Ата райондук БББнын жетекчиси Дооронбеков Марат Дооронбекович (анын катышуусу жөнүндө сайтка жазганбыз ушул жерден окуңуз) активдүү таратышат. Эгерде башка райондун жетекчилери жана методисттери да ушундай активдүүлүгүн көрсөтүшүп, өздөрүнүн мугалимдерин сынакка катышууга жана анда жеңүүчү болууга мүмкүнчүлүк беришсе, эң сонун болмок!

Эмесе, кезектеги сынактын экинчи туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 2019-жылдын 14-сентябрында болот. Анын программасы биздин сайтта алдын-ала жарыяланат. Каалоочулардын баарын – мугалимдерди, билим берүү тармагынын кызматкерлерин, ата-энелерди жана тек гана биздин өлкөдөгү мектептердин абалына кызыкдар адамдарды конок катары көрүүгө куштарбыз!


Сиз төмөндө окуй аласыз:

2018-жылдагы сынактын өтүшү жөнүндө 
Мугалимдердин саякаттары жөнүндө сүрөт репортаждар
Окуучулардын экскурсиялары жөнүндө сүрөт репортаждар
2019-жылы эң жогорку балл алган дилбаяндар
2018-жылы эң жогорку балл алган дилбаяндар


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *