CHILDREN TRAVEL

2019. HELLO, BISHKEK! FIRST-GRADERS WELCOME OUR CAPITAL! GUESTS FROM THE BATKEN VILLAGE OF CHECHME, ISSYK-KUL VILLAGE OF CHELPEK AND TALAS VILLAGE OF AK-DOBO

Being translated into English

Бул баяныбыз «БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018» сынагынын жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын апрелинде баш калаада өткөн экскурсия жөнүндө. Урматтуу биздин сайтыбыздын мейманы, эгерде сиз биздин баракчабызды ачкан болсоңуз, аягына чейин окууну сунуштар элем, анткени мен сиз менен бөбөктөрдүн экскурсиясынан алган таасирлеримен гана бөлүшпөстөн, биздин ишибизге көмөктөшүп, мени шыктандырышкан адамдар сизди да шыктандырып дем-күч берет деген аруу тилекте бөлүшүүгө кубанычтамын!

Бул жерден экскурсия жөнүндө сүрөт репортажды көрүңүз: САЛАМ, БИШКЕК! КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛЫСКЫ АЙМАКТАРЫНАН КЕЛИШКЕН 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ САЛАМ АЙТЫШАТ! 2019-ЖЫЛДЫН ЭКСКУРСИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ ОТЧЕТ


Биздин Фонд жыл сайын БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген мугалимге Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякат, жана дагы биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген үч мугалимге ФОНДДУН АТАЙЫН СЫЙЛЫГЫ – үч жеңүүчүнүн классындагы окуучулары менен Бишкек шаарына экскурсия уюштуруп келет. Ар бир класс өзүнүн жеңүүчү мугалими жана ата-энелер комитетинин 3-4 мүчөсүнүн коштоосунда келет.

Курманбек Жаанбаев жана Арзыгуль Оморова
Кашыбаева Айнагуль жана Нурболот Жаныбек уулу
Даярданып жатабыз

Катышуучулар арасында кайсы сыйлык көбүрөөк популярдуу экендигин айтуу кыйын. Сынактын экинчи туруна келишкен мугалимдер окуучулары ар дайым Бишкек шаарына экскурсияны утуп алыңыз деген өтүнүчү менен узатышарын айтышат.

Адатта биз балдардын экскурсиясын сентябрь айында өтүүчү сынактын 2-турунан кийин дароо өткөрбөй, жаз айында – күн жылыганда, апрель айында өткөрөбүз. Биздин тоолуу өлкөбүз үчүн бул өтө маанилүү – анткени адатта балдар борборго келиши үчүн тоолордогу ашууларды ашып келишет эмеспи.

Балдар бул экскурсияны аябай күтүшөт! Биз ал тууралуу алдын-ала билебиз, анткени жеңүүчүлөрдү жарыялагандан тартып, балдар келгенге чейин жеңүүчү мугалимдер менен дайыма байланышта болобуз. Биз да ал жолугушууга өтө тыкаттык менен даярданабыз – жеке эле экскурсиянын программасын эмес, балдардын тизмесин түзөбүз, ата-энелеринен ишеним кат даярдатабыз, жата турган жайларын, тамак-аштарын уюштурабыз.

Бул жолу жеңүүчү мугалимдер менен кенже класстын окуучулары келишти. Адатта, мурдагы жеңүүчүлөрүбүз үчүнчү жана төртүнчү класстын окуучулары менен келишчү. Быйыл болсо өзүнүн 1-класстагы окуучулары менен Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы Чечме айылынан Камбарова Динара Дарманбековна, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылындагы мектептин 1-класстагы окуучулары менен Ашымова Назира Асанбековна жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы мектептин 1-классынын окуучулары мугалими Суранчиева Фарида Кенжалиевна менен келишти. Баардыгы болуп 64 окуучу, 3 мугалим жана ата-энелер комитетинин 10 мүчөсү келишти.

Быйыл аба ырайы бир аз кыялын көрсөтүп түнөрүп турду, бирок ал биздин кичинекей меймандарыбыздын маанайына таасир эте алган жок! Аларга тюльпан жана сирень гүлдөрүнүн жыты аңкыган жап-жашыл айлананын баары кубаныч, майрамдык маанай тартуулап турду.

Эми 2019-жылдын 19-апрелинен 21-апрелге чейинки кереметтүү үч күн кандайча өткөнүн кезеги менен айтып берейин.

Балдар 19-апрелде, жума күнү кечинде кечки тамакка келип калышты. Баткендеги Чечме айылынан Ош-Бишкек каттамы боюнча самолет менен учуп келишти. Ал эми Челпек жана Ак-Дөбө айылдарынан Билимкана-Кант жатак мектебине микроавтобустар менен келишти. Билимкана-Кант жатак мектеби балдарга жатакана жана тамак-аш даярдап турду.

Балдар жаңы жайлары менен таанышкан соң, уктоочу бөлмөлөрүнө жөнөштү. Балдар жолдо катар көрүп-туйгандарын сөз менен жеткирип бере албай жатышты. Айрыкча Баткенден алгачкы жолу самолетко түшкөн балдардын кубанычтарында чек жок эле. Ал эми Талас менен Көлдөн келгендерге да жолдо катар көргөн кооз жайлары жетиштүү болду.

Эртеси эртең мененки тамактануудан кийин жаш саякатчыларга 50 орундук комфортабелдүү автобус келди. 40-50 мүнөттүк Кант-Бишкек жолунда ыктыярчы-гиддер балдарга шаар айылдан эмнеси менен айырмаларын, скульптура, музей, театр, опера жана балет, драма деген эмне экендигин кызыктуу кылып айтып беришти. Андан кийин да балдар автобуска отурганда пайдалуу жана кызыктуу ар түрдүү темаларды талкуулашып, бири-бирине табышмактарды айтышып, логикалык оюндарды ойноп жатышты. Биздин балдар көптөгөн макал-лакаптарды, табышмактарды, логикалык суроолорду билишет экен, алар жан дилдери менен табышмактарды табышып, бизге ырдап да, бийлеп да беришти.

МУСА ЖАНГАЗИЕВ АТЫНДАГЫ КУУРЧАК ТЕАТРЫНДА биздин балдар Редьярд Киплингдин “ПИЛДИН БАЛАСЫ” жомогу боюнча даярдалган  «БААРДЫГЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ» спектаклин көрүштү. Көрсө, куурчак театрына балдар эле эмес, ата-энелер да өмүрүндө биринчи жолу келип жатыптыр. Былтыр да балдардан мурда ата-энелер биринчи жолу куурчак театрына келишкенин айтышып, кубанышкан эле. Кичинекей көрөрмандардын маанайынан спектакль аябай жакканын байкадык. Спектакль аяктаганда аларды көшөгө артына экскурсия өткөрүп, куурчактар менен жакындан тааныштырышты.

Манас эпосу аткаруусу АЙКӨЛ МАНАС эстелигинин жанында

АЛА-ТОО АЯНТЫ. МАНАС жана ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН эстелиги. Биздин гиддер балдарга ушул эстеликтер жана каармандар жөнүндө баяндап беришти. Ал эми балдардын флагштоктогу Улуттук гвардиянын аскерлеринин КАРООЛ АЛМАШУУ САЛТАНАТЫН көргөндөгү кубанычын өз көзүңүз менен көрсөңүз сонун болмок! Балдар ушул учурду көрүшү үчүн программаны атайын ушундай ирээтте түзгөнүбүз бекер болбоптур. Кароол алмашуу салтанатын көргөндөн кийин толкунданган балдар дароо КЫРГЫЗСТАНДЫН ГИМНИН ырдап киришти, кичинекей патриотторду көрүшкөн башка туристтер аларды видеого жана сүрөткө тартышып алар да аябай толкунданып карап турушту. АЙКӨЛ МАНАСТЫН эстелигине келгенде балдар эпостон үзүндү да айтып беришти.

Ары-бери басып бир аз чаалыга түшкөн балдарды Ала-Тоо аянтына жакын БУРГЕР ХАУЗ кафесинде түштөндүрдүк. Кафенин кызматкерлери бизди өтө илбериңки тейлешти, ал үчүн өзүнчө алкыш!

Андан соң биз АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ атындагы ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫНА карай экскурсиябызды уланттык. Искусство ибадатканасына кирер алдында балдар улуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелигинин алдында сүрөткө түшүштү. Баса, улуу балерина жөнүндө айтып берип жаткан гид балдарыбыз алардан улуттук банкноттогу сүрөтүн көрдүңөр беле деп сурап калышты. Көрсө, ал акча биздин коноктор төрөлө электе эле жок болгон экен. Кандай гана өкүнүчтүү! Анын образын жаңы банкнотко көчүрүп койсо, сонун болмок!

Балдар Токтогул Сатылгановго коюлган эстеликти көргүчө балмуздак жешип, таштандылар ташталчу атайын челектер болору жөнүндө биринчи жолу (!) угушту.

Акын Маркабай Ааматов

Опера жана балет театрындагы экскурсияны бизге эмгек сиңирген акын, учурда театрдын музейинде иштеп жаткан МАРКАБАЙ ААМАТОВ өзү өткөрүп, театр жөнүндө кызыктуу баяндап берди. Театрдын имараты, сахнасы жана шыптагы жазуулар, люстралар биздин кичинекей көрөрмандарыбыздын эле эмес, ата-энелердин да ооздорун ачырды окшойт. Өкүнүчтүүсү, биздин меймандар буга дейре бир да жолу опера жана балет театрына келип көрүшкөн эмес. Мындан кийин балким музыкалуу спектакль көрүүгө кызыгуулары ойгонуп калгысы бардыр.

Концерт

Театрдан кийин биз үчүн эң кызыктуу учур башталды. Балдар так эле театрдын имаратынын маңдайынан көптөн күттүргөн КОНЦЕРТИН тартуулашты. Көптөн күткөн деген себебибиз – биздин балдар бийлегенди, ырдаганды жана концерттик номурларды аткарганды аябай жакшы көрүшөт. Биз мурда бул жөнүндө бир нече жолу жазганбыз, азыр да айылдан келген балдар кээ бир шаардык балдарга окшоп тартынышпай, концерттик номурларга активдүү катышарына ынандык. Кээ бир балдар өздөрү менен бий костюмдарын да ала келишиптир. Балдардын концерти кандай ырахат тартуулаганын сүрөттөрдөн көрсөңүз болот. Ары-бери өткөндөр жана туристтер биздин балдарга суктануу менен жылмая карашып, алардын өнөрлөрүн кубаттап жатышты.

Театрдан кийин балдар Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы НӨЛДҮК КИЛОМЕТРге багыт алышты. Балдар өздөрүнүн үйлөрү кайсы багытта, канчалык алыс аралыкта жайгашканын кызуу талкуулап жатышты. Кээ бир балдар компас эмне экенин билишсе да, кээ бири жүзгө чейин санаганды али билбегендиктен, 900 км аралык канча болорун аныктай алышкан жок.

Балдардын экскурсиясы КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН ЭСТЕЛИГИ көрүү менен уланып, андан ары АЧЫК АСМАН АСТЫНДАГЫ МУЗЕЙ жана ошондой эле шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайы – ЭМЕН ПАРКЫН аралады.

Программа боюнча балдар белгилүү балбан КАБА УУЛУ КОЖОМКУЛдун эстелигине барышты. Көпчүлүк балдар ал жөнүндө мурда угушкан экен, балдар Кожомкулдун атактуу алаканы менен өздөрүнүн алакандарын ченөөнү эстеринен чыгарышкан жок.

Бул жерден балдар кайрадан автобуска отурушкан соң, Жусуп Турусбеков атындагы көчөгө катарлаш жайгашкан Чүй проспектисиндеги “БУФЕТ” тамактануучу жайынан кечки тамактарын ичишти. Бул жерде биздин кичинекей меймандарыбызга өзгөчө көңүл бурушуп, жакшы тейлешти.

Кийинки күнү эртең мененки тамактануудан соң, балдар түшкө чейинки убактыларынын эки жарым саатын Шаардык универсалдуу дүкөндүн (ГУМ) төртүнчү кабатындагы  БИК (ДНК) музейинде – Балдардын илимий комплексинде өткөрүштү. Бул жерден балдарды физика мыйзамдарынын сырларын түшүнүүгө жардам берүүчү экспонаттар жана химия мыйзамдарын көрсөткөн “фокустар” шоусу күтүп жаткан. Музей балдарга быйыл да былтыркыдай эле эстен кеткис таасир калтырды. Музейдин экскурсия өткөргөн кызматкерлери балдар менен кыргыз тилинде сонун баарлашканы бизди аябай кубандырды

ДНК музейинин гиди
гид рассказывает, как пройдет экскурсия

Балдарыбыз андан соң ошол эле имараттын бешинчи кабатында жайгашкан “ЖАНДУУ ЭКЗОТИКА” чакан-зоопаркына киришти.

Бул күндөгү балдардын эстен кеткис бир учуру – алардын эскалаторго түшкөнү болду окшойт. Балдар ага бир нече жолу түшүштү, анткени БИК музейи төртүнчү кабатта болсо, “ЖАНДУУ ЭКЗОТИКА” бешинчи кабатта жайгашкан.

БИК музейинде экскурсияда жүргөн учурда бизге Челпек айылындагы мектептин директору келип учурашып, өзүнүн мектеп окуучулары үчүн кубанычта экендигин билдирди.

Биздин бир жеңүүчү мугалимибиз Назира Асанбековна иштеген мектеп М.Рахимова атында болгондуктан, Магрифа Рахимованын небереси Айганыш Акиева жана чөбөрөсү Аиша да келишип, жеңүүчүбүздү куттукташты. Алар биздин мейманды сынактагы байгелүү орду менен куттукташып чоң энеси жөнүндөгү китепти белекке тапшырышты.

Биздин экскурсиябыз ГУМдагы “ЧЕМПИОН” кафесинде аяктады, кафенин кызматкерлери даярдашкан даамдары биздин кичинекей саякатчыларга аябай жакты, балдар айрыкча аягындагы таттуу токочтору өзгөчө даамдуу экендигин белгилешти.

Экскурсия башталгандан аягына чейин балдар менен ыктыярчылар кошо жүрүшүп, мени балдардан кем эмес кубанычка бөлөштү! Биздин ыктыярчылар былтыр да биздин экскурсияны өткөрүшүп, тажрыйба топтоп калышкан эле, быйыл да бул иш-чарабызга катышууну каалап жатышканын билдиришти! Алар балдар менен эң жакшы тил табышып, өздөрүнүн өтө жоопкерчиликтүү, ишенимдүү, тапкыч жана жайдары адамдар экендиктерин көрсөтүштү. Ыктыярчылар былтыркыдай эле, командалык Олимпиада оюнун ойногондой биримдүү иштешти. БИЛАЙН компаниясынын кызматкери КУРМАНБЕК ЖААНБАЕВ, КЭУнун студенттери АРЗЫГҮЛ ОМОРОВА, НУРБОЛОТ ЖАНЫБЕК УУЛУ – баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем жана эгерде керек болсо, силер менен бирге чалгынга барууга даярмын! Мен өзүнүн студенттерин ыктыярчы катары сунуштаган КЭУнун туризм кафедрасынын мугалими АЙНУРА ЖЕКШЕНБЕКОВНА БЕЙШЕЕВАГА жана ыктыярчыларды табууда ушул кафедрага кайрылууну сунуштаган кеңеши үчүн КАШЫБАЕВА АЙНАГҮЛ СУПАТАЕВНАГА ыраазычылыгымды билдиремин!

Токтобүбү Талиповна жана Кундуз Талгатовна

Быйыл үчүнчү жолу (2017, 2019, 2019-жж.) БИЛИМКАНА Фондунун жетекчилери ТӨЛӨНДҮ ТОЙЧУБАЕВГЕ жана ЭЛЬНУРА ОСМОНАЛИЕВА биздин балдарды жатакана менен камсыздап, БИЛИМКАНА-КАНТ жатак мектебинде балдарды эки түн жайгаштырып, мыкты шарттарды түзүп беришти.  Бизге бекер жатакана, тамак-аш жана ошондой эле кызматкерлеринин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазымын! Кызматкерлер ТОКТОБҮБҮ ТАЛИПОВНА ЭСЕНКУЛОВА жана англис тили мугалими КУНДУЗ ТАЛГАТОВНА ДУМАНАЕВА балдарыбызды бөлмөлөргө уюшкандыкта жайгаштырып, эртең мененки жана кечки тамактары менен камсыздап турушту. Жетекчилерге – Билимкана-Люксембург-Кант мектебинин директору ТУРГАНБАЕВА АЙЗАДА ТУРДАКУНОВНАГА жана БИЛИМКАНА тармактык мектептердин директору ЖАНЫБЕК ЭРАЛИЕВГЕ чоң рахмат! БИЛИМКАНА мектеби биздин Фонддун долбооруна материалдык олуттуу жардам көрсөтүүнү улантып келатканы биз үчүн өтө жагымдуу. Балким бул башка адамдарга да үлгү болуп, билим берүүнү, биздин мектептерди, анын ичинен башталгыч билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошуусуна түрткү болор.

Балдар үчүн эң сонун музей түзгөндүгү жана биздин кичинекей меймандар менен жогорку чеберчиликте иш алып барышкан кыргыз тилдүү гиддери үчүн БИК (ДНК) музейинин түзүүчүсү ГҮЛНАЗ ТУРБАТОВАГА рахмат айтам! Жылдыздуу, өздөрүнө бекем ишенген жана жагымдуу үндүү гиддер биздин меймандарыбыздын көңүлүн дароо өздөрүнө бурду. Кошумчалай кетерим, долбоорго жана биздин мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында БИК музейиндеги быйылкы экскурсия БЕКЕР сунушталды.

Жеке ишкер СВЕТЛАНА ТЫНЫБЕКОВА бизге транспортту арзаныраак баада уюштурууга көмөк көрсөттү, тилекке каршы, биздин өлкөдө туристтик инфраструктура жеткиликтүү өнүккөн эмес. Бул долбоордун негиздөөчүсү катары мен үчүн балдарды борборго ташып келүү маселеси эң оор, түйшүктүү маселе бойдон калууда.

КР ИИМнин КЖККББ

Ушул жерден мен бизде мурдатан калыптанып келаткан бир көнүмүш көз карашты жокко чыгаргым келип жатат: Талас облусунан балдарды алып келүү үчүн КР ИИМнин КЖККББ (Коопсуз жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгы – мына ушундай аталышы татаал) тарабынан уруксат алышым керек болду. Мени биздеги милиция, жол көзөмөлдөө кызматкерлеринин иши (оң сапатына караганда терс сапаты көбүрөөк чагылдырылган) жөнүндө кеңири тараган көз карашка тап-такыр карама каршы – таза, тыкан имаратта орус жана кыргыз тилдеринде бирдей сабаттуу сүйлөшкөн кызматкерлер жагымдуу маанайда тосуп алышты. Алар мени кунт коюп угушкан соң, менин маселемди тез, так жана кесипкөйлүгүн көргөзүп чечип беришти. Ал кызматкерлер балдарды ташып келе турган айдоочулардын документтерин такташып, аларды чакырышкан соң нускама өткөрүшүп, аба ырайы кызматынан аба ырайы тууралуу маалыматтарды такташкан соң гана, ТӨӨ-АШУУ жана ӨТМӨК ашууларынан өтүүгө уруксат беришти. Жол көзөмөл кызматынын инспектору САИДОВ ТЫНЫЧ МАДЕИНОВИЧке жана ЖУМАБАЕВ НУРГАЗЫ КАЛИЛОВИЧке терең ыраазычылыгымды билдирем! Мен өзүм документке кол койгон начальнигин көрө алган жокмун, бирок кызматкерлеринин кызматын мыкты уюштургандыгы үчүн милициянын подполковниги ИСРАИЛОВ АЗАМАТ БАКИРОВИЧКЕ терең ыраазычылымды билдирем! Билим берүү министрлигине жөнөтүлгөн катка жоопту бир нече ай (эреже боюнча 14 күн болгонуна карабай) күтүүгө туура келгенин, бул жерде болсо маселе бир-эки күндө чечилгенин белгилеп койгум келет.

Айсулуу

Албетте, балдардын экскурсиясын уюштурууда балдар көңүлүнө төп келген, сапаттуу гана тамактарды жеп, энергия топтоосу өтө маанилүү эмеспи. Балдарга жасаган илбериңки мамилелери, жогорку деңгээлде тейлегендери жана жеңилдиктерди сунуштагандары үчүн “БУФЕТ” тамак-аш тармагынын жетекчиси АЙСУЛУУ МЫРЗАКОЖОЕВАГА, БУРГЕР ХАУЗ негиздөөчүлөрүнүн бири – АЖАР БЕЙШЕМБАЕВАГА, менеджер БАКЫТ АЛИЕВКЕ жана ЧЕМПИОН кафесинин администратору УЛАН ДЕМИСИНОВИЧ ОЗУКЕЕВГЕ даамдуу тамак-аштары, жагымдуу мамилелери жана бизге көрсөткөн жеңилдиктери үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет.

Биздин кичинекей конокторубуз үйлөрүнө бир аз чарчаңкы, бирок көңүлдөрү шат кетишти. Алар биз менен жылуу коштошуп узашты.

Урматтуу окурман, сизди 2019-жылдын сентябрь айында өтө турган сынактын экинчи туруна чакырабыз, эгерде кааласаңыз, 2020-жылдын апрелинде биздин долбоорго ыктыярчы катары катыша аласыз!


Бул жерден окуңуз:

2019-ЖЫЛДЫН СҮРӨТ АЛЬБОМУ

Биринчи мугалим 2018 сынагы жөнүндо репортаж

2018-жылдын сүрөт альбому

2017-жылдын сүрөт альбому, 1-бөлүмү

 2017-жылдын сүрөт альбому, 2-бөлүмү

Мугалим Айгүл Жолчубаеванын Москва шаарындагы саякаты жөнүндө сүрөт альбом.

2018 Экскурсиянын бюджети

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2019». АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИН СЫНАГЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!


Author
Asel Daniyarova

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *