СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

АДИСТИН ӨЗ ИШИНЕ ЖАСАГАН ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕСИ КАНТИП КЕСИПТЕШТЕРИНИН КЫЗЫКТУУ САЯКАТКА КАТЫШУУСУНА МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮП БЕРГЕНДИГИ ЖӨНҮНДӨ.

Кээде биз кандайдыр бир маанилүү ишке көп аракет жумшайбыз, ал иштин ийгиликтүү өтүшүнө бизге такыр тааныш эмес, мурда көрүшпөгөн адам жардам берген учурлар кездешет. Чындыгында ал адам бирөөгө жардам берип жаткандыгы тууралуу ойлонбой, тек гана өз ишин чын дилден, ак ниеттүүлүк менен аткарган болот. Жакында эле болуп өткөн биздин сынактагы ушундай бир окуя жөнүндө айтып, сиздер менен бөлүшүү мага өтө жагымдуу.


Мен сиздерге Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин адиси Осмонбаева Назира Сеитказиевна жөнүндө айтып берейин.

Биздин Фонд жети жылдан бери Кыргыз Республикасынын айыл мектептериндеги башталгыч класстардын мугалимдери үчүн сынак өткөрүп, жеңүүчүлөрдү сыйлап келүүдө. Ал сыйлыктар: Баш байге — Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат жана Атайын сыйлык – жеңүүчү үч мугалим класстагы окуучулары менен бирге эс алуу күндөрү Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсия; бул сыйлыктар мугалимдердин көңүлдөрүнө аябай төп келгендиктен, бардык аймактардын мугалимдери сынакка катышууга өтө дилгир болушат. Мында мугалимдер сыйлык үчүн эле эмес, сынакка катышуунун өзү эле өтө чоң табылга экендигин жашырышпайт.

Бирок, кийин маалым болгондой, айыл мектептеринин мугалимдерине сынак жана ага катышуу шарттары жөнүндө жеткирүү өтө жөнөкөй эмес экен.

Адатта, сынак жөнүндө жарыялар дээрлик бардык мектеп мугалимдери алып окушкан КУТ БИЛИМ гезитине жарыяланат. Тилекке каршы, гезитке кыргыз жана орус тилдеринде чыккан жарыялардын алкагына сынактын шарттарын, сынак жөнүндө Жобону батыруу мүмкүн эмес… Андыктан мен электрондук почта аркылуу Кыргызстандагы бардык райондук билим берүү бөлүм башчыларына жана ошондой эле облустук методикалык борборлорго сынак жөнүндө кат жөнөтөмүн. Ал катка сынак жөнүндө Жобону, арыздын формасын жана түшүндүрмөсү менен презентацияны кошо тиркеймин. Мунун баары кыргыз жана орус тилдеринде жазылат.

Чындыгында, билим берүү тармагынын кызматкерлери  мугалимдердин бул сынакка мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуусуна жана жеңишке жетишине кызыкдар болушу керек эле. Сынакты уюштуруу боюнча бардык каржылык ж.б. маселелерди Фонд өзү камсыздайт. Бирок бардык маалыматтар жана материалдар ар бир мектепке жана айыл мектептериндеги бардык башталгыч класстардын мугалимдерине жетип атат деп айта албайм (Окуңуз: МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯ ЗАМАНЫНДАГЫ БИЗДИН МУГАЛИМДЕР)

Анан эле элестете бериңиз, Кыргызстанда баардыгы 40 район болсо, 2018-жылдагы сынактын катышуучуларынын 30% өлкөбүздөгү бир райондун – Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун мектептеринен болгон! Кантип дебейсизби? Эмне үчүн бул райондун мугалимдери эң активдүү боло алышты? Биз өзүбүзгө ушул суроону бергенде, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин адиси ОСМОНБАЕВА НАЗИРА СЕИТКАЗИЕВНА өзүнүн жетекчисинен тапшырма алган соң, материалдарды бардык мектептерге жөнөтүп эле тим болбостон, өтө тыкаттык менен ал материалдар мугалимдердин баарына жеткен же жетпегендигин, аларда бул боюнча суроолор барбы, сынакка кызыгып жатышабы же жокпу жана дилбаяндарды жиберип атышабы деп кылдат көз салып тургандыгы маалым болду.

Өз ишине ушундай эң жоопкерчиликтүү мамиленин натыйжасында Ак-Суу районунун мугалимдери сыйлык үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышты. Натыйжада эки мугалим финалга чыкты: Отрадное айылындагы М.Калиев атындагы орто мектептин мугалими Коробченко Марина Владимировна жана Челпек айылындагы М.Рахимова атындагы орто мектептин мугалими Ашымова Назира Асанбековна. Назира Асанбековна сынактын үч лауреатынын бири катары эми өзүнүн классындагы окуучулары менен Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келмекчи.

Биздин сынакка жакындан жардам берген адам жөнүндө бир-эки ооз сөз.

Осмонбаева Назира Сеитказиевна 2004-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин англис тили мугалими адистигине ээ болгон, ал эми методикалык кабинетте республика боюнча ушундай кабинеттер ачыла баштаган — 2016-жылдан баштап эмгектенип келатат. Бул жоопкерчиликтүү милдетти аркалоого жөн гана теоретик катары эмес, мектепте топтогон 14 жылдык педагогикалык тажрыйбасынын натыйжасында татыктуу болгону талашсыз. Ал кээде мектепте сабак өткөн күндөрүн сагынганда, мектепке барып иштегиси келип кетерин мойнуна алат…

Биз Назира Сеитказиевнага биздин сынакка олуттуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүү менен бирге, Кыргыз Республикасынын ар бир районундагы башталгыч класстардын мугалимдерине ушундай кам көргөн адистер көп болуп, 2019-жылкы сынакка катышууда аларга мындан да артык колдоо көрсөтүшөт деп ишенебиз!

Биз сөзсүз түрдө сайтыбызга кеңири маалыматтарды камтыган жарыяны жарыялайбыз жана адаттагыдай эле Кыргызстандагы бардык райондук билим берүү бөлүм башчыларына кат жөнөтөбүз.

Маалымат үчүн:

Биздин долбоордун коммерциялык максаттары жок, Фонд Кыргызстандагы айылдык мугалимдин аброюн ашырып, баркын баалоого умтулат. Санжарбек Данияровдун Фондунун жеңүүчүгө баш байгеси – Россиянын борбору Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат. Андан тышкары, 1, 2  3-орундарды ээлеген жеңүүчү айылдык мугалимдер Санжарбек Данияровдун Фондунун Атайын сыйлыгы – жеңүүчү үч мугалимдин Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарына классындагы окуучулары менен эс алуу күндөүндө маданий-маалымат арттыруучу экскурсиясы.

Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду сынакты мамлекеттик каржылоосуз, эл аралык гранттардын жардамы жок, өз күчү менен өткөрүп келүүдө. Сынакты өткөрүү, Баш байге жана Атайын сыйлыктарды фонддун негиздөөчүсү жеке өзүнүн каражаты жана досторунун жана ошондой эле ыктыярчылардын жардамы менен жүргүзөт.


Дагы окуу:

БАШТАПКЫ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИ ӨЗ КЕСИБИ ТУУРАЛУУ КАНДАЙ ОЙЛОШОТ?

ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ

Сүрөтальбом“БИРИНЧИ МУГАЛИМ»-2018: ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *