СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН 7-ЖОЛУ ӨТҮП ЖАТКАН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” СЫНАГЫНА ЧАКЫРАБЫЗ

Сиз алдын-ала таанышып алууңуз үчүн иш-чаранын 2018-Программасын жарыялайбыз.


СЫНАКТЫН ЖАНА САЛТАНАТТЫН ПРОГРАММАСЫН ЖҮКТӨӨ

Сиз мектеп босогосун жаңы аттаган биздин балдарыбызды кабыл алышкан мугалимдер өз кесиби жөнүндө эмне ойлошору жөнүндө билгиңиз келеби? Биздин келечегибиздин пайдубалын куруучу-мугалимдер кандай болушат? Балдарыбыз аттарын өмүр бою эстеринде сактап калуучу адамдар кимдер?

Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 7-жолу өткөрүп жаткан БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 сынагына келиңиз.

Биз сизди мугалимдер, окутуучулар, билим берүү системасынын адистери, окуучулардын ата-энелери жана жалпы эле бул темага кызыкдар болгондор үчүн уюштурулуп жаткан иш-чаранын мейманы катары көрүүгө кубанычта болобуз.

 

 

Сизди

15-сентябрда, ишемби күнү И.Арабаев атындагы университеттин жыйындар залында 10:30да

күтөбүз.

Каалоочуларга эшик ачык. Келиңиз, абдан кызыктуу болот!

 

 

 

 

 

 

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *