СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ — 2018 СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ! ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

Сентябрь айында “Биринчи мугалим” сынагынын катышуучулары 7-жолу баш байге — Москва шаарына уюштурулуучу 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат, жана ошондой эле Атайын сыйлык – жеңүүчү мугалимдин классындагы бардык окуучулар менен Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсиясы үчүн таймашышат.


Быйыл биздин БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 сынагыбызга Кыргызстандын бардык аймактарынан 105 дилбаян келип түштү. Уюштуруу комитети алардын ичинен 60 дилбаянды кабыл алды, калган 45 дилбаян эсепке алынган жок. Алсак, 23 катышуучу сынактын шарттарына шайкеш келбеген дилбаян жөнөткөн (мисалы, көлөмү өтө эле кыска болгондору бар, сынактын шарты боюнча 3 беттен кем эмес керек). Тилекке каршы, дагы 22 катышуучунун дилбаянында плагиат аныкталган.

Эскерте кетсек, сынактын биринчи турунда мугалимдер “МУГАЛИМДИК — БУЛ КЕСИППИ ЖЕ ТАЛАНТПЫ?” деген темада дилбаян жазышты. Дилбаяндын темасы Бакай-Ата райБББ жетекчиси Дооронбеков Марат Дооронбековичтин тарабынан сунушталды. Сынак башталганга чейин биз бардык райБББ жетекчилерине дилбаяндын темасын сунуштоо өтүнүчү менен кайрылган элек, натыйжада бизге келип түшкөн сунуштардын ичинен тема тандап алдык.

Сынакка кабыл алынган дилбаяндар Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы мугалимдерден келген, атап айтканда: Ысык-Көл – 28, Талас – 8, Нарын – 6, Ош – 6, Баткен – 5, Чүй – 4, Жалал-Абад – 3. Бул жолу ысык-көлдүктөр аябай активдүү болгондору бизге өтө жагымдуу болду, айрыкча, Ак-Суу районунан быйыл 18 дилбаян (!) келген. Бул эмнеден кабар берет? Демек, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мугалимдерди мыкты кабарлашкан.

Биз сынак тууралуу өзүбүздүн сайтыбызга жана “КУТ БИЛИМ” гезитине бир нече жолу жарыялап, мугалимдерди катышууга чакырганбыз, ал үчүн медиа-өнөктөшүбүзгө ыраазычылык билдиребиз! Андан тышкары, “сарафан радиосу” да иштеди десек болот, анткени сынак 2011-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Ошону менен бирге эле сынактын шарттары, катышуу арызынын формасы СЫНАК ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОДО биздин сайтында жана  ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында (макулдашуу жана маалыматтык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Фонддун ББИМга кайрылуусунун негизинде) кенен берилгендиктен, аны жүктөп алганга ыңгайлуу болду. Биз ошондой эле маалымат алуу үчүн бизге телефон аркылуу кайрылышкан мугалимдерге электрондук почтадан Жобону салып жиберип жаттык. Тилекке каршы, интернет менен иштөөнүн жөнөкөй, ыңгайлуу жана жеткиликтүүлүгүнө карабай, мугалимдердин баары эле иш практикасында аны колдоно билишпейт («Биринчи мугалимдин Сабактары, 2-сабак»  жарыяланган материалдарды караңыз).

Маалымат таратуунун эң эле иштиктүү жолу – бул райондук БББ жетекчилерине биз жөнөткөн электрондук маалыматтар болду. Бардык маалыматтык материалдарды райБББ жетекчилерине (шаардык БББнан башка) жана Кыргыз Республикасынын методикалык билим берүү борборлоруна жөнөттүк. Сынакка катышуу мүмкүнчүлүктөрү жана андагы ийгиликтердин баары андан ары райБББ жетекчилеринин активдүүлүгүнөн толугу менен көз каранды болду десек аша чапкандык болбос. Райондор боюнча мугалимдердин сынакка катышуулары текши бөлүнбөгөндүгү да ошого жараша болуп отурат.

Сынакка келип түшкөн дилбаяндарды кабыл алган соң, авторлор ж.б. жөнүндө андагы маалыматтардын баарын алып таштап, жашыруун сандык код коюлган абалында калыстар тобунун мүчөлөрүнө жөнөтүлдү. Калыстар тобу кыргыз жана орус тилдерин жакшы өздөштүргөн, мыкты адистерден турат. Алар менен былтыркы жылда жарыяланган материалдардан ушул жерде тааныша аласыздар.

Дилбаяндар 6 критерий жана 5 балл системасы боюнча бааланды (Жобону караңыз). Код коюлган дилбаяндарды калыстар тобунун мүчөлөрүнөн чогултуп алгандан кийин гана биз авторлор жөнүндө маалыматтарды жана катышуучулар кандай баа алгандарын көрө алдык.

Биз төмөндө сынактын биринчи турунун жыйынтыктарын жарыялайбыз: Сынак жөнүндөгү Жобого ылайык, экинчи турга дилбаян үчүн эң жогорку балл алган алты мугалим чыгат. 6- жана 7-орунга татыктуу болгон мугалимдердин ээлеген баллдары окшош болгондуктан, быйыл биз экинчи турга катышууга жылдагыдай алты мугалимди эмес, жети мугалимди чакырабыз. Алар төмөнкүлөр:

Аты-жөнү Мектеби Облусу Району Айылы Стажы Тили
Коробченко Марина Владимировна СШ им Мурата Калиева Ысык-Көл Ак-Суу Отрадное 15 ОРУС
Джакыпбекова Гульсара Макрамединовна Дооронбек Дүйшөбаев а-гы ОМ Талас Бакай-Ата Боо-Терек 30 КЫРГ
Аширова Айнура Маканбаевна М.Элебаев а-гы №10 ОМ Ысык-Көл Түп Талды-Суу 29 ОРУС
Ашымова Назира Асанбековна М.Рахимова жалпы ОББМ Ысык-Көл Ак-Суу Челпек 7 КЫРГ
Арыкбаева Кенжекан Кадыркуловна Орозалиева Гуляй а-гы ОМ Талас Талас Кеңеш 27 КЫРГ
Камбарова Динара Дарманбековна «1-МАЙ» а-гы №37 ОМ Баткен Кадамжай Чечме 15 КЫРГ
Суранчиева Фарида Кенжеалиевна Акчал уу Дүйшөн а-гы ОМ Талас Бакай-Ата Ак-Дөбө 2 КЫРГ

 

Бул мугалимдер Бишкек шаарында 15-сентябрда, ишемби күнү жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанаты менен бирге өтүүчү сынактын экинчи турунда “көзмө-көз” таймашмакчы. 60 катышуучунун баары катышуучунун Күбөлүгүн алышат.

Иш-чарага конок катары катышууну каалоочуларга эшик ачык. Кененирээк маалыматты биздин сайттан окуй аласыздар.

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *