ЖАҢЫЛЫКТАРЫБЫЗ

САЙТТЫН МЕЙМАНДАРЫНА ФОНДДУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ. №2 КАТ

Сиздер менен Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан амандашып жатканыма курсантмын! Сайттын таратууларына (рассылкаларына) жазылгандар 2017-жылдын аягынан бери кат-кабар алыша элек. Ушул мезгил аралыгында көптөгөн жаңылыктар болду. Алардын негизгилерин кыскача кыстарууга аракеттенебиз. Сизди кызыктырган рубриканын барактарын дароо барактоого же жаңылыктар менен өз иретинде таанышууга чакырамын (Окурмандар бул жаңылыктарды– кээ бир рубрикалардын жаңылыктары жөнүндө кыскача маалыматтык каттарды өз-өзүнчө алышат). 


Сайттагы жаңылыктар:

ФОНД ЖӨНҮНДӨ РУБРИКА/ФОНДДУН ДОЛБООРЛОРУ

Иштеп жаткан бардык долбоорлор жөнүндө:
https://daniyarov.kg/2017/12/24/obo-vsekh-deystvuyushhikh-proektakh-fonda-i/?lang=ky

Пландалган долбоорлор жөнүндө:
https://daniyarov.kg/2018/01/11/zadumannye-proekty/?lang=ky

∗∗∗

ӨЛКӨ/ 1916-ЖЫЛ; 1916-ЖЫЛДЫН АРХИВИ; 1916-ЖЫЛДАН КИЙИН РУБРИКАЛАРЫ

Чоң тема! Көптөгөн материалдарды жарыялайбыз! Сайтка жазылгандар – тарыхчы же 1916-жылдагы тарыхка кызыккандар экендиги белгилүү болгон соң, алар үчүн өзүнчө маалыматтык кат даярдайбыз.

1916-жылдын тарыхы боюнча катты ушул жерден окуңуздар:
https://daniyarov.kg/2018/04/26/istorikam-podpisavshimsya-na-rassylku/?lang=ky

∗∗∗

БИЛИМ БЕРҮҮ/ БИРИНЧИ МУГАЛИМ РУБРИКАСЫ

  1. Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдерине арналган “Биринчи мугалим” сынагынын кезектегиси 10-февралда жарыяланган. 2018-жылы – 7-жолу өтмөкчү. Сиз билим берүү тармагынан алыс болсоңуз да, балким сизге биздин сүрөт галереясындагы жеңүүчү мугалимдердин Москвага саякаттары, ал эми алардын класстагы окуучулары менен Бишкекке болгон экскурсиясы жөнүндөгү сүрөт альбомду көрүп, сынактардын өтүшү жөнүндө маалыматтарды окуган кызык болуп жүрбөсүн? Кыргызстандыктардын дээрлик ар биринин айылдарда туугандары жана жакындары бар экендиги талашсыз. Андыктан айылдагы туугандарыңызга, жакындарыңызга жана жөн гана тааныштарыңызга алардын мугалими да катышышы үчүн сынак жөнүндө кабарлай жүрүңүз.

Сынактын шарттары менен ушул жерден тааныша аласыздар:
https://daniyarov.kg/2018/02/09/2018-zhyldyn-synagy-zhonүndo-zhobo/?lang=ky

Мугалимдердин жана окуучулардын бардык саякаттары жөнүндө ушул жерден тааныша аласыздар:
https://daniyarov.kg/category/bashky-bet-ireti/galereya/fondtun-fotoalbomu/?lang=ky

***

  1. Апрель айынын акыркы дем алыш күндөрүндө жыл сайын белгиленип келаткан маданий-маалымат арттыруучу сыйлыктын алкагында үч жеңүүчү-мугалимдин класстарынын окуучулары Бишкекке экскурсияга келип кетишти. Быйыл Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келишти. Жума күндүн кечинен баштап, жекшембинин чак түшүнө чейинки убакыт өтө кызыктуу окуяларга жыш болду! Балдардын кубанычында чек жок эле. Алар биз үчүн да күтүүсүз жагымдуу концерт тартуулашты! Ал эми Нарындан келген төртүнчү класстын балдары – 50 мүнөттүк мюзикл даярдашыптыр!

Окуучулардын экскурсия жөнүндө сүрөт альбом
https://daniyarov.kg/2018/05/10/solnechnye-deti-v-solnechnom-bishkeke-fo/?lang=ky 

Бул саякат жөнүндө баяндама
https://daniyarov.kg/2018/05/14/solnechnye-deti-v-solnechnom-bishkeke-go/?lang=ky

“Биринчи мугалим” долбоорунун бюджети, анын ичинде ФОНДДУН ДОСТОРУНУН ЖАРДАМЫ:
https://daniyarov.kg/2018/05/03/primernaya-godovaya-smeta-proekta-perv/?lang=ky

***

БИЛИМ БЕРҮҮ/ ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕР РУБРИКАСЫ

  1. Фонддун дарыгерлер үчүн Сыйлыгынын 7-лауреаты белгилүү болду. Быйыл июнь айында Москвага 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка 2018-жылдын 13-15-апрелинде КММАда жаш окумуштуулар үчүн өткөн ИЛИМДЕР КҮНҮНҮН алкагында биринчи орунду ээлеген Мира Арстанбекова бармакчы.

Ал жеңүүчү жана бул иш-чара жөнүндө ушул жерден окуңуздар:
https://daniyarov.kg/2018/05/03/primernaya-godovaya-smeta-proekta-perv/?lang=ky

Мурдагы алты жеңүүчүнүн саякаттары жөнүндө сүрөт альбомду ушул жерден көрө аласыздар (Сыйлыктын башка жеңүүчүлөрү – мугалимдер, окуучулар жөнүндө сүрөт репортаждар да бар):
https://daniyarov.kg/category/bashky-bet-ireti/galereya/fondtun-fotoalbomu/?lang=ky

***

ИНСАНДАР/ КЫРГЫЗСТАН ИНСАНДАРЫ РУБРИКАСЫ

  1. Санжарбек Бакирович Данияровдун туулгандыгына 90 жыл..

КММА өзүнчө китеп кылып чыгарган сүрөт альбомду ушул жерден окууга же жүктөп алууга болот:
https://daniyarov.kg/2018/02/27/fotoalbom-posvyashhennyy-90-letiyu-sanzhar/?lang=ky

Бул датаны КММА кандай белгилегендиги жөнүндө:
https://daniyarov.kg/2018/02/27/2018-god-god-90-letiya-sanzharbeka-bakirovi/?lang=ky

С.Б.Данияровдун жаркын элесине арналган студенттердин Олимпиадасы жөнүндө:
https://daniyarov.kg/2018/02/27/mezhvuzovskaya-olimpiada-po-normalno/?lang=ky

  1. Кинорежиссер-документалист Лиля Жусуповна Турусбекованын 85 жылдыгына карата.

Ал жөнүндө макалаларды сайттын ушул жердеги барактарынан окуй аласыздар
https://daniyarov.kg/category/bashky-bet-ireti/adamdar/kyrgyzstandyn-insandar-lilya-turusbe/?lang=ky

Сайтта фильмдер жүктөлгөн (Фильмотека улам толукталууда):
https://daniyarov.kg/category/bashky-bet-ireti/galereya/fonddun-videoloru/?lang=ky

  1. “Кыргызстандын билим берүү башатында: Базаркул Данияровдун ишмердүүлүгү” деген аталыштагы агартуучунун 120 жылдыгына арналган кереге кеңеш КР УИА Тарых жана маданий мурастар институтунда өттү.

Анын белгилүү шакирттеринин эскерүүлөрү жана тарыхчылардын макалалары:
https://daniyarov.kg/category/bashky-bet-ireti/adamdar/kyrgyzstandyn-insandary-bazarkul-da/?lang=ky

Кереге кеңештен тартылган сүрөт репортаж
https://daniyarov.kg/2018/01/23/kerege-kenesh-kyrgyzstandagy-bilim-b/?lang=ky

Кереге кеңештин Резолюциясы:
https://daniyarov.kg/2018/01/23/rezolyuciya-kruglogo-stola-u-istokov-si/?lang=ky

***

БАШКА РУБРИКАЛАРДАГЫ КЫЗЫКТУУ ЖАҢЫЛЫКТАР

  1. Жапан окумуштуусу Тэцу Окияманын Кыргызстан тарыхы жөнүндө баяндамасы
    https://daniyarov.kg/2018/03/13/istoriya-kyrgyzstana-v-izlozhenii-yapon/?lang=ky
  1. Санжарбек Данияровдун Фонду Шабдан-баатыр көчөсүн жана Чүй проспектисин башкача атоого каршы! Бийлик кулак какпай койгон коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн пикирлерин колдоону улантабыз!

Шаардык кеңешке жана ЖМКларга Кайрылуу
https://daniyarov.kg/2018/03/25/obrashhenie-v-gorkenesh-protiv-pereimen/?lang=ky


Эгерде Сиз ушул маалыматты  кызыккан досторуңуз менен бөлүшсөңүз, биз кубанычта болобуз. Эгерде бул маалыматты өзүңүздүн досторуңуздан же ушул сайтты ачып алган болсоңуз жана сизге кызыгуу жараткан материалдарды тапсаңыз, баракчанын төмөнкү жагындагы “жазылууну” басыңыз.

Көңүл буруңуз: сайт материалдардын басымдуу бөлүгүн (көлөмдүү тарыхый документтерден башкасын, маселен, 1916-жылга арналган материалдар) үч тилде жарыялайт. Тилди тандоо үчүн сайттын барагынын жогору жагындагы желекчелерди басыңыз.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *