КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ

КММА БИЛИМ КҮНДӨРҮ 2018. МИРА АРСТАНБЕКОВА – САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ЛАУРЕАТЫ

АРСТАНБЕКОВА МИРА АРСТАНБЕКОВНА биздин Фонд жаш окумуштуу-дарыгерлерге ыйгарган Сыйлыктын 7-лауреаты жана сыйлануучулардын жалпы тизмесинде 14-лауреат болуп калды. Биздин Сыйлык жыл сайын бир жаш окумуштууга жана Кыргызстандын айылдык мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин сынагынын бир жеңүүчүсүнө ыйгарылып турат. Эми Мира лауреат катары 2018-жылдын июнь айында Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка бармакчы. Биз жылдагыдай эле ал саякат тууралуу өзүбүздүн сайтыбызга кеңири сүрөт репортаж даярдайбыз.

Мира Арстанбекова – И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын гематология курсу менен профпатология, госпиталдык терапия кафедрасынын ассистенти. Илимий жетекчиси – м.и.д. Маматов С.М.

Мира 2018-жылдын 10-13-апрелинде Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын (КММА) БИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН алкагында өткөн жаш окумуштуулар сынагында биринчи орунду ээлеп, Сыйлыктын Лауреаты болуп калды. Жыл сайын өткөрүлүп келаткан бул сынак республиканын медициналык ЖОЖдор турмушунда жана өлкөбүздүн жалпы эле кесиптик медициналык коомчулугунда чоң окуя болуп саналат. Ал Кыргызстандагы медициналык илимди жана медицинаны окутуунун сапатын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө арналган. ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН жүрүшүндө өлкөбүздүн илимий жана практикалык медицинасынын жаркын келечеги көрүнөт десек болот.

Салт боюнча ИЛИМ КҮНДӨРҮ ар жыл сайын апрель айында өткөрүлүп, белгилүү бир адамга же окуяга арналат. Алсак, 2012-жылы өткөрүлгөн ИЛИМ КҮНДӨРҮ Санжарбек Бакирович Данияровдун жаркын элесине арналган. 2014-жылы – ЖОЖдун 75 жылдыгына, 2015-жылы – Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына, 2016-жылы КММАнын биринчи ректору Б.Я.Эльберттин туулгандыгынын 125 жылдыгына карата өткөрүлүп келсе, былтыр академик М.М.Миррахимовдун 90 жылдыгына арналган.

Быйылкы ИЛИМ КҮНДӨРҮ 2018  медицина илимдеринин доктору, профессор, КР эмгек сиңирген врачы жана КР эмгек сиңирген илимий ишмери, билим берүүнүн мыктысы, КР УИА академиги, республикадагы биринчи хирург аял Какиш Рыскуловна Рыскулованын 100 жылдык юбилейине арналды. Какиш Рыскуловна —  биздин медицинанын тирүү тарыхы жана саламаттыкты сактоо жана билим берүү ишине кызмат өтөөнүн анык үлгүсү. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүнүн жүрүшүндө докладчылардын көпчүлүгү академиктин өзүнүн хирургдук чеберчилигин шакирттерине үйрөтүү, мол тажрыйбасын кең пейилдик менен бөлүшүү жана жаш кадрларды окутуу ишинде кафедрада ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жасаган далалатын баса белгилешти.

Олимпиаданын жеңүүчөлөрү

Жалпысынан алганда КММА жаш окумуштуулардын жана студенттердин конференцияларга катышууга кызыкдар болгондуктары, энтузиазмы, студеоЛИМПИАДЫнттер, аспиранттар жана окутуучулар тарабынан ишке формалдуу эмес жасаган мамилеси менен кубандырды. Ошондой эле иш-чара эң жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын, мында КММА ректору профессор Индира Орозобаевна Кудайбергенованын зор салымы бар экендигин белгилеп кеткибиз келет.

ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН алкагында студенттик Олимпиада өткөрүлдү, чыгып сүйлөгөндөр өз сөздөрүндө катышуучулардын даярдоо деңгээлинин мыктылыгына баа беришти.


Санжарбек Данияровдун Фондунун Сыйлыгынын алкагында жаш окумуштуулар сынагынын жеңүүчүлөрүнүн маданий-маалымат арттыруучу саякаттары тууралуу сүрөт репортаж:

2012 год Алан Абдиев
2013 год Радик Талант
2015 год Болоткан уулу Насыр
2016 год Жаркын Откеева и Елена Черномазова
2017 год Таалайбек уулу Байымбет

Жаш окумуштуу-дарыгер


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *