ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАЛАРЫ

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР» («ВОСКРЕСШИЕ ИЗ ПРАХА») ТАСМАСЫ. 1992-ЖЫЛ

«АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР» («ВОСКРЕСШИЕ ИЗ ПРАХА») — 2 бөлүктүү документалдык фильм. Режиссеру — Лиля Турусбекова, сценарийдин автору — В.Никсдорф, оператору С.Макекадыров.

Жакынкы арада тасманын бул версиясы Кыргызфильм киностудиясында жаңы санариптештирилген жана калыбына келтирилген версияга алмаштырылат.


Бул тасма 1937-жылы күнөөсүз репрессияга кабылып, Бишкектин үстүндөгү Чоң-Таш тоосунун этегинде жашыруун көмүлгөндөр жөнүндө. Алардын сөөктөрү 90-жылдары табылып, баары идентификацияланган. Бул адамдардын тагдырлары ар кандай — ар түрдүү жана социалдык ар башка катмардагы карапайым адамдар жана Кыргыз АССР, андан соң, 1936-жылы Кыргыз ССР болуп кайра түзүлгөн Кара-Кыргыз Автономиялуу Облусунун алгачкы жетекчилери. Алардын ичинде — Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев жана көптөгөн адамдар — баардыгы 137 адам… Бул окуя Кыргыз Республикасын дагы бир силкинткендей болду. Бул тасма режиссер Лиля Турусбекованын жаңы «табылгалары» боюнча жөнөкөй, эч кандай сенсациялык кошумча-алымчасыз, жылуу маанайда тартылган. Кадрда — бейкүнөө атууга кетишкендердин туугандары жана жакындары өздөрүнүн эскерүүлөрү менен бөлүшүшкөн: Роза Айтматова, Фарида Эсенаманова, Галина Львова, Раиса Абдрахманова жана башкалар. Ошол 90-жылдары, атылып кетишкенине 50 жылдан ашык мезгил өткөндөн кийин алардын сөөгү табуу, кайра көмүү канчалык кыйынчылыктарды туудурганына карабай, ошол чечимди ишке ашырган Бибира Кадыралиеванын айтып бергендери жөнүндө… Тасманы көрүп коюңуз…


Кыргызстан Инсандары. Лиля Турусбекова — рубрикасы

Лиля Турусбекованын фильмографиясы

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА — РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН — Лиля Турусбекова жөнүндө


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *