САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ

КММА САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАП ЧЫГАРГАН СҮРӨТ АЛЬБОМ

Окумуштуу, педагог, КММИнын (азыркы КММА) 1971-1987-жж. ректору С.Данияровдун 90 жылдыгына арналган «АКАДЕМИК САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ. 90 ЖЫЛ» сүрөт альбомун КММА жарыкка чыгарды.

Альбомдун мазмундук бөлүгүн Санжарбек Данияровдун Фонду даярдаган.

Басмаканадан басып чыгаруу демилгеси КММАга таандык.

Сүрөт альбом академик С.Б.Данияровду жакындан тааныгандардын, КММА кызматкерлеринин, медицина коомчулугунун, студенттердин зор кызыгуусун жаратуу менен бирге, жалпы эле медицина тарыхы, Кыргызстандын инсандары, өлкөнүн тарыхы, маданиятына кызыккандар үчүн баалуу эмгек болуп калды.

Бул жерде альбомдун СҮРӨТАЛЬБОМ. САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ 90-ЖЫЛ жарыялайбыз.

Академиктин 90 жылдыгына байланыштуу КММА уюштурган бардык иш-чаралар жөнүндө биздин сайтыбыздын ЖАҢЫЛЫКТАР БӨЛҮГҮНӨН окуй аласыздар.

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *