СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

СЫНАК ЖЕТИНЧИ ЖОЛУ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БИЗ ДИЛБАЯНДЫН ТЕМАСЫН КАНТИП ТАНДАДЫК

Санжарбек Данияровдун Фонду БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын 2018-жылы өтө турган, кезектеги сынагын 7-жолу жарыялады!


Бул жылы сынактын биринчи турундагы дилбаяндын темасын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери сунушташты. Уюштуруу комитети дилбаяндын тандап алган темасы төмөндөгүдөй аталат:

МУГАЛИМДИК – БУЛ КЕСИППИ ЖЕ ТАЛАНТПЫ?

Бул теманы бизге Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дооронбеков Марат Дооронбекович сунуштады. Сынактын уюштуруу комитетине дилбаяндын темасынын 7 (!) вариантын жөнөткөн Марат Дооронбековичге өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Биз баардыгы болуп 7 райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен 15 сунуш алдык. Билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери сунуштаган темалар – бүгүнкү күндө билим берүү тармагынын кызматкерлерин ойлонткон эң орчундуу маселелер деп эсептейбиз. Бизге келип түшкөн темалар кайсылар?

  • Эне мээрими — балдардын келечеги.
  • Инсандык калыптануунун негизги тепкичи
  • Биринчи класстагы менин биринчи мугалимим
  • Сабак өтүүдө кайсы ыкма эскирбейт?
  • Чыныгы педагогдун портрети
  • Мээримдүүлүк — эң зор ыкма
  • Мугалимдик – бул кесиппи же талантпы?
  • Зээндүү окуучу жана дээринде бар окуучу менен иштөө ыкмасы
  • Кыргызстан- кечээ! Бүгүн! Эртең!
  • Оюмда — окуучу, санаамда — сабак, максатым — мыкты мугалим болуу
  • Баланы окутуудагы мугалимдин ролу
  • Башталгыч класстын  мугалими  болуу  оңойбу?
  • Көчө балдарын   кантип  жоюуга болот?
  • Бүгүнкү баланын көз карашы кайда алып барат?
  • Мугалим балага үйрөткөн заманбап билим берүүдө ата-эненин ролу чоң

Биздин өтүнүчүбүзгө кайдигер калбай, өздөрүнүн сунуштарын жиберген билим берүү бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз. Жетекчиликтин бул аракетин биз мугалимдерге колдоо көрсөтүү деп баалайбыз жана өтө кубанычтабыз. Бизге тема жөнөткөндөр:

  • Тезекбаев Насирдин Казыевич, Чүй облусу, Москва району
  • Дооронбеков Марат Дооронбекович, Талас облусу, Бакай-Ата району
  • Өмүралиева Фатима Арманбековна, Нарын облусу, Жумгал району
  • Зиябекова Угулай Медетбековна, Жалал-Абад облусу, Аксы району
  • Тынышов Тажибай Мамбетович, Жалал-Абад облусу, Чаткал району
  • Жээнбеков Досмамбет Аматович, Ош облусу, Алай району
  • Ахматалиев Мурзабек Токоевич, Ош облусу, Кара-Суу району

Бул жооптуу иште райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине төмөнкү методисттер жардам көрсөтүштү: Уулжан Жанузакова, Үмүтай Султанова, Базаргүл Илиязова, А.Хакимова. Аларга да терең ыраазычылык билдиребиз.

Биз бардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, методисттерди жана “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагына кызыкдар болгон жалпы эле каалоочуларды Бишкекте өтө турган сынактын 2-туруна жана Жеңүүчүнү сыйлоо салтанатында көрүүгө куштарбыз! Ал иш-чара мурдагыдай эле 2018-жылдын сентябрь айынын биринчи же экинчи ишембисинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жыйындар залында өтмөкчү. Ал эми быйылкы жылдагы сынактын дилбаянынын темасын сунуштаган Марат Дооронбекович Дооронбековду ардактуу мейман катары күтөбүз!

2018-жылдагы сынактын шарттары менен төмөнкү сайтта жарыяланган материалдардан тааныша аласыздар:

Сынак жөнүндө Жобо

Арыздын формасы

Төмөнкү материалдардан биздин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагы жөнүндө көбүрөөк маалымат ала аласыздар:

Мурдагы жылдарда өткөн сынактар жөнүндө баяндар

Жеңүүчү мугалимдердин саякаттарын чагылдырган  жана Жеңүүчү мугалимдердин окуучуларынын экскурсиясын чагылдырган сүрөт альбомдор

Жеңүүчү мугалимдерди сыйлоо салтанатынан даярдалган сүрөт альбомдор

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *