Б. ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ КИТЕПТЕР ЖАНА МАКАЛАЛАР

ДАНИЯРОВ НАСЫР: АЙТЫЛБАЙ КАЛГАН АГАРТУУЧУ

Насыр Бакирович Данияров

Данияров Насир Бакирович (1915-1993 г.г.) – Б.Данияровдун жээни, анын окуучусу. 1938-жылы Орто-Азия Индустриялык институтун аяктаган, кесиби  – гидрогеолог. ЧЧК долбоорлоого жана курулушуна катышкан, СССРдин КыргИАФ эмгектенип жүргөндө, атасы Бакирдин Сибирге айдалгандыгына байланыштуу социалдык абалы боюнча илимий-изилдөөчүлүк ишинен четтетилген. Республикабыздын ар кайсы мектептеринде, жогорку окуу жайларында агартуучу болуп эмгектенген. Өмүрүнүн соңку жылдары Кыргыз ССРинин Геология башкармалыгынын гидрогеологиялык экспедициясына кирген.

Бул эскерүү 1990-жылдын 4-февралында жазылган, Фрунзе шаары.

(Менин жеке пикиримде төмөндө сунушталган материал – Базаркул жөнүндө таң калгыдай кызыктуу, так  жана айкын жазылган чыгарманын үлгүсү — Асель Даниярова) 


Кыргызстандын билим берүү жана маданият тармагындагы алгачкы ишмерлердин бири Базаркул Данияров 1897-жылы Кемин районунун Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Кайыңды айылында бардар турмуш кечирген көчмөн малчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Кыргызстандын тарыхынан белгилүү болгондой, XIX кылымдын аягында белгилүү манап Шабдан Жантаев Чоң-Кемин өрөөнүндө “Шабдандын медресеси” деп аталган диний-светтик мектеп ачат. Б.Данияров ошол мектепти аяктап, алгачкы билимге ээ болот. Окуусун Токмок шаарындагы орус-тузем мектебинде улантат. Ал жерде эки жыл окуган соң Верный шаарындагы (азыркы Алмата) гимназияда окуусун улантуу үчүн кетет. Бирок ал жактан окуусун аяктай албай калган. Ага себепчи 1916-жылдагы окуя болгон, ал өзүнүн туулуп-өскөн жерин таштап ата-энеси менен Синь-Цзянга (Кытай) көчүп кетүүгө аргасыз болот.  Улуу Үркүндө качкандар кайра өз жерине арадан эки жыл өткөн соң, Улуу Октябрь Революциясынан кийин көчүп келишкен.

1919-жылы Б.Данияров Алмата шаарында ачылган агартуучулардын Казак-Кыргыз институтуна өткөн, көп өтпөй ал окуу жай Ташкент шаарына – Түркстан Республикасынын борборуна которулган. Базаркул Данияров менен бирге ал институтка болочоктогу комсомол уюмунун түзүүчүсү, Кыргызстандын жыйырманчы-отузунчу жылдардагы ири партиялык-мамлекеттик ишмери Осмонкул Алиев да өтөт. Тилекке каршы, Осмонкул Алиев да Базаркул Данияровго окшоп сталиндик репрессиянын күнөөсүз курмандыгы болушкан. 1923-жылы Агартуу институтун ийгиликтүү аякташкан алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында Осмонкул да болгон. Окуусун аяктаган соң Осмонкул Кыргызстанга комсомол уюмун уюштуруу үчүн жөнөтүлөт, ал эми Базаркул Данияров Ош уезддик элдик билим берүү бөлүмүнө бөлүштүрүлөт, ошол жердеги элге билим берүү ишинде анын алгачкы агартуучулук таланты ачылат.

Болочок педагогдун кайнаган ишмердүүлүгү бир жылдык мугалимдер курстарын ачуу үчүн сабаттуу адамдарды издөөдөн, республиканын жалпы аянтынын дээрлик жарымын түзгөн, 99 пайыз сабатсыз Түштүк элине башталгыч мектептерди уюштуруудан башталат. Эки жыл бою ал жергиликтүү бийликтин жардамы менен Ош жана Жалал-Абад шаарларында мугалимдердин курсун уюштуруу менен алектенип жүрөт. Активдүү, кара жанын карч уруп жигердүү иштеген Б.Данияровдун иши аябай жемиштүү болду. Кыргызстандын Түштүгүнүн булуң-бурчтарындагы айылдардын жана кыштактардын баарында ачылган мугалимдердин курстары, уюшулган башталгыч мектептин бүтүндөй бир тармагы Кыргызстандын чоң бир облусунда элдик билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүүгө зор түрткү бергендиктен, ал революциялык өтө чоң мааниге ээ болгон. Дээрлик бир чоң аймактын сабатсыз эли менен иш алып баруунун өзү Б.Данияровдун ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлдеги гумандуулугунан кабар берет. Б.Данияровдун уюштуруучулук-педагогикалык иши эки жылдан кийин Өкмөттүн Пишпек шаарына – Кара-Кыргыз Автономиялуу облусуна чакыруусуна байланыштуу токтойт. Борборго чакырылышына 1925-жылы Пишпекте ачылган Кыргыз агартуу институту себепкер болгон. Ал институт 1928-жылы Фрунзе педагогикалык техникуму деп кайра аталган.

Бул окуу жайын уюштурууну педагог-агартуучу Петр Кузьмич Юдахинге жана Базаркул Данияровго тапшырышат. Ал окуу жай ырасында эле алардын тунгуч перзентиндей, көп сандаган мугалим жана маданият, искусство жана илимий кадрларын даярдоочу ыйык жайга айланган. Келечектеги көптөгөн партиялык жана советтик кызматкерлер ошол окуу жайды аякташкан. П.К.Юдахин окуу жайы ачылгандан 4 жыл өткөндөн кийин каза болгон.

КМУнун доценти Зияш Бектенов (“Кыргызстан маданияты”, №51, 1989-жыл, 21-декабрь) өзүнүн макаласында Кыргыз педагогикалык техникумдун мааниси жөнүндө минтип жазганы бар: “Эгерде орус маданиятынын өнүгүшүнө А.С.Пушкин жана башка белгилүү декабристтер окушкан падышалык лицей чоң роль ойносо, 1925-жылы Фрунзеде ачылган Кыргыз агартуу институту да кыргыз маданиятынын өнүгүү тарыхында андан кем эмес роль ойногон”.

Педагогикалык техникумдун алгачкы ачылган мезгилинен баштап, анын биринчи директору Петр Кузьмич Юдахин каза болгонго чейин Б.Данияров окуу бөлүмүн үзгүлтүксүз башкарып келген болсо, ал кишинин көзү өткөндөн кийин 1931-жылы башка жумушка өткөнгө чейин анын директору болуп эмгектенген. Ал өзүнүн агартуучулук ишмердигин толугу менен кыргыз жаштарынан турган алгачкы жаш студенттерге билим берүүгө жана тарбиялоого арнаган. Алгачкы учурларда окутуучулардын арасында тиешелүү билими бар кыргыз улутундагы жалгыз мугалим болгон. Ал кыргыз тили жана адабиятын окуткан. Кыргыз тилинде окуу китептери тап-такыр жок болгондуктан, ал түрк адабиятынан, орус классикасынан которуп окуткан.

Б. Данияров өтө эмгекчил адам болгондуктан, жумушта да, үйүндө да өзүнүн квалификациясын жогорулатуунун үстүндө тынымсыз эмгектенген. Менин эсимде, ал орус классик авторлору менен катар казак жазуучулары: Абай Кунанбаев, Мухтар Ауэзов, Сакен Сейфулин, Байимбет Майлин, Мукан Сабитов, Ильяс Жансугуровдордун; өзбек жазуучусу Абдулла Кадырый Жулкумбайдын; татар жазуучулары – Абдулла Тукай, Галимжан Ибрагимовдун; тажиктерден – Садридин Айни ж.б. көптөгөн жазуучулардын көркөм чыгармаларын жакшы билер эле. Техникумдагы окутуучулук жана окуу-тарбия иштеринен бөлөк, ал студенттердин руханий байлыгын арттырууга далалаттанып, ар түрдүү ийримдерди уюштуруп, дубал газеталарды чыгарып, популярдуу лекцияларды байма-бай өткөрүп турар эле. П.К.Юдахиндин жана Б.Данияровдун тарбиялануучу-бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кыргыз жазуучулар жана акындарынын биринчи плеядасы бар. Алар: Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Жума Жамгырчиев, Мамасалы Абдукаримов, Узакбай Абдукаимов, Касымбек Эшмамбетов, андан кийинки жаштардан: Алыкул Осмонов, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев, Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков; ири окумуштуу жана котормочулар: Тазабек Саманчин, Зияш Бектенов, Ташим Байжиев, Сүйүнтбек Бектурсунов; журналисттер: Саткын Сасыкбаев, Шайык Жамансариев; ССР эл артисттери, композиторлор: Абдылас Малдыбаев, Анвар Куттубаева; академик, тарых илимдеринин доктору Бегималы Жамгырчинов; КР Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев ж.б.

Кыргыз педагогикалык техникумунун жамааты жана жетекчилиги окуу жайы уюшулгандан алгачкы күндөн баштап эле техникумга окууга жеке эле өспүрүм жигиттерди эмес, билим алууну эңсеген кыргыз кыздарын да тартышкан. Алгачкы кыздардын арасында Айшакан Карасаева (Түмөнбаева), Аккагаз Азыкова (Арабаева), Уултай Ботбаева, Нуриля Эшмамбетова, Нияскан Солтоноева, Гульниса Мамбетова ж.б. бар эле. Б.Данияров алардын окуусуна жана турмуш шартына өзгөчө кам көрөр эле. Кыздардын жатаканасын ал дайыма өзү жашаган батирге жакын жайгаштырчу. Ошондон улам ал кыздардын жалпы камкор атасы да катары болгон. Ал студент кыздар кийин алгачкы кыргыз аял-интеллигенттеринен, билим берүү жана маданиятынын көрүнүктүү кызматкерлеринен болушту. Б.Данияров өзүнүн студенттерине терең академиялык билимден тышкары, акыл-ой байлыгын берүүгө далалаттанган.

Б. Данияров окуу-тарбия иштери менен гана чектелбестен, терең эрудициясы жана ар тараптуу билими бар личность катары маданий-агартуучулук иш-чараларга активдүү катышкан. Б.Данияров Казак-кыргыз агартуу институтунда окуп жүргөн кезинде эле аны Түркстан Эл агартуу комиссариатынын Кара-Кыргыз илимий комиссиясынын төрагасынын орун басары кылып шайлашкан эле. Анын төрагасы белгилүү кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев болгон. Б.Данияров ал комиссиянын ишине активдүү катышуу менен бирге 30 пункттан турган колдонмо түзүп чыккан (ал 1925-жылы 25-сентябрда “Эркин-Тоо” гезитинин №66 санында жарык көргөн). Ал Колдонмо-инструкциянын максаты – улуу элдик эпостордон тарта элдик каада-салттар, уламыштар ж.б. камтылган элдик оозеки чыгармачылыгын чогултуу болуп эсептелген. Ошол жана андан кийинки жемиштүү ишинин жыйынтыгы катары ар кайсы жылдары басылып жарыкка чыккан кээ бир материалдары болду (анын басымдуу көп бөлүгү ушул кезге чейин Улуттук илимдер академиясынын архивдерине сакталуу турат).

Б. Данияров ошондой эле методикалык жазылмаларды, окуу программаларын түзүүдө активдүү катышып, башталгыч мектептин окуу китептерин которуп жана түзүп чыккан. Жыйырманчы жылдардын башында кыргыз мектептеринин башталгыч класстары үчүн окуу китептери дээрлик жок эле. Ал алгачкылардан болуп басып чыгарган алты аталыштагы окуу китеби өз учурунда балдарды окутууга чоң салым кошкон. Иш жүзүндө ал жаңы гана түзүлгөн жаш республикага окуу китептерин ыргактуу чыгарууну баштап берген десек да болот. Андан тышкары, Б.Данияровдун ошол кездеги актуалдуу маселелерди козгогон материалдары республикалык басма сөз беттеринде активдүү жарыяланып турган.

1928-жылы Кыргызстандагы белгилүү окумуштуу, таланттуу акын Касым Тыныстановдун жана Б.Данияровдун демилгеси боюнча Москвадан Кыргызстанга атактуу профессор композитор Затаевич келген. Республиканын бардык райондорунан борбор калаага бардык белгилүү комузчулар чогулган. Бул иш-чаранын башкы максаты – комузчулардын күүлөрун нотага түшүрүү эле. Б.Данияров Чоң-Кеминден өзүнүн айылдаш жердеши – белгилүү комузчу Мураталы Күрөңкеевди чакырып келген. Бир ай бою профессор Затаевич Мураталы Күрөңкеевдин бардык чыгармаларын нотага түшүрүп чыккан. Б.Данияров котормочу катары Затаевичке өзүнүн бир тууган жээни Түлөнбайды (менин агам – К.О.) кошуп берген. Ошол эле 1928-жылы композитор Затаевич Пишпек шаарынан кете электе, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн атактуу демократ акын Токтогул Сатылганов келип калат. Затаевич анын да чыгармаларын нотага түшүрөт.

Күндөрдүн биринде педтехникумдун студенттерин Токтогул акындын музыкалык шедеврлери менен тааныштыруу максатында, жеке демилгеси менен Базаркул өзүнүн эки бөлмөлүү батирин бошотуп берет. Көптү билүүгө умтулушкан студенттер бөлмөлөрдө жана анын тегерегинде жана коридорлорго жайгашышкан. Кечинде Токтогул келип өзүнүн белгилүү концертин баштап, түнү бою студенттерге көңүлдүү оюн куруп берген. Албетте, ал концерт ага катышкандардын эсинде көпкө сакталып калганы талашсыз. Ошол концерттин катышуучулары, азыркы ардактуу аксакалдар: жазуучу Мамасалы Абдукаримов, окумуштуу-педагог Зияш Бектенов, жазуучу жана журналист Саткын Сасыкбаев, эмгек ардагери, эмгек сиңирген педагог, ардагер Жукеш Мамбеталиевдер ошол атактуу тарыхый кечти эстешсе керек?

Ар тараптуу маданий-агартуучулук иштердин жүрүшүндө Б.Данияров үчүн эң эле жакын ишенген адамы, сырдашы белгилүү таланттуу акын жана окумуштуу профессор К.Тыныстанов болгон. Алар эң алгач таанышкан Ташкенттеги агартуу институтунан баштап, өмүрүнүн акырына чейин улуттук маданиятты өркүндөтүү максатын бирге көздөшүп кызматташып турушкан. Тил илими, адабияты, фольклор, тарыхтын көп кырдуу маселелерин алар көбүнчө үй шартында талкуулашкан. Алар бири-бирин толуктап турушар эле: аларды идеялык бийик ишеним, бири-бирине болгон терең сый-урмат өмүрлөрүнүн аягына чейин коштоп жүрдү.

1926-жылы Баку шаарында профессор Адамалы-Оглынын төрагалыгы алдында араб шрифтин латин шрифтине алмаштыруу маселеси боюнча тюркологиялык конференция өткөн. Ал конференцияга К.Тыныстанов, Б.Данияров делегат болуп катышып келишкен. Экөө андан ары жаңы алфавитти турмушка ашырууга активдүү киришкен. 1925-жылы Москвадагы СССР элдеринин Борбордук басмаканасында К.Тыныстановдун алгачкы ырлар жана поэмалар жыйнагы араб шрифтинде жарык көргөн. Ага баш сөз жазып, редакциялаган Б.Данияров болгон. Ал өзүнүн чакан макаласында жыйнактын мазмунуна эң сонун мүнөздөмө берүү менен, жаш акындын татыктуу дагы көптөгөн жаңы чыгармаларын окуй тургандыгына ишенерин билгизген.

Ушуга байланыштуу өткөн жылдын аягында “Вечерний Фрунзе” (№244 (3949) 1989-жыл, 16-декабрь) газетасындагы интервьюсунда Мамлекеттик коопсуздук комитетинин полковниги А.Токтогулов мындай дейт: “1925-жылы Москва шаарында К.Тыныстановдун ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ал китепке баш сөз жазган, билим берүү боюнча Кыргыз комиссиясынын мүчөсү, 1937-1939-жылдары күнөөсүз жазаланган Б.Данияров жаш акындын мыкты адабий талантын өзгөчө баса белгилөө менен, Тыныстанов жаңы жаралып жаткан профессионалдык кыргыз адабиятынын баштоочусу болоруна ишенерин билдирген. Данияровдун айткандары келди”. Ал эки көсөм жогорку билимдүү жана бийик маданияттуу инсандардан эле.

Арийне, жеке сапаттары, мүнөздөрү боюнча алардын ортосунда кескин айырмачылыктар бар эле. К.Тыныстанов турмушта аябай ачык-айрым, шайыр, башкалар менен тез ымалаша билген, тамашөкөй жана чукугандай сөз тапкан, юморду мыкты түшүнгөн адам болгон. Анча тааныш эмес адамдардын арасында да тез эле урмат-сыйга арзый алчу. Ал эми Б.Данияровдун мүнөзү бир аз башкачараак эле: ал аябай олуттуу, токтоо, аз сүйлөгөн, аябай чынчыл жана адилеттүү адам болгон. Ал шаан-шөкөттөрдү анча сүйө берчү эмес. Өтө күжүрмөн эмгекчил адам катары, өзүнүн терең интеллектуалдык өнүгүүсү жана билими боюнча ал ошол кездеги интеллигенциянын арасында талашсыз авторитетке ээ болгон.

Улуу урматтуу профессор Карасаев мындайча эскерет: ″Тааныш студенттер,  өкмөттө жана мекеме-ишканаларда, мамлекеттик бийик кызматтарды ээлеген жаш жана улуу адамдар ага бардык суроолор менен кайрылышканда Базаркул деп өз атынан айтышпастан, сыйлуу гана “Базаке” деп коюшчу. Анткени ал баардыгы үчүн мыкты педагог, чынчыл жана өтө адилеттүү адам эле. Ал эч качан ага жардам сурап кайрылган адамдарга жок дечү эмес. Ар дайым керектүү жана калыс кеп-кеңештерин берип турчу. Улуу устат агайыбыз “Базаке” Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарында эмгектенишкен көптөгөн коомдук ишмерлер, мугалимдер менен катар өзүнүн чексиз берилген агартуучулук ишинин аркасында кыргыз элинин акын, жазуучуларынын, маданият кызматкерлеринин таланттарын таптап өстүрүүгө зор таасир тийгизген. Алар Мукай Элебаев, Касымалы Жантөшев, Тазабек Саманчин, Ташим Байжиев, Жоомарт Бөкөмбаев, Узакбай Абдукаимов, Мамасалы Абдукаримов, Абдылас Малыбаев, сүрөтчү Гапар Аайтиев ж.б. Улуу урматтуу Базаке кыргыз элинин тарыхында татыктуу орун ээлөөгө тийиш”.

Базаркул өзүнүн батиринде жердештери – белгилүү тарыхчы Белек Солтоноев, жазуучу Касымалы Баялинов жана агартуучу Ишеналы Арабаев менен тез-тез жолугушуп турчу. Алар жолуккан кезде өзүнчө бир бөлмөгө кирип алышып, узак убакыт бою аңгемелешип отурушар эле. Кээде аларга К.Тыныстанов кошулуп калчу. Анын батиринде Осмонкул Алиев, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов сыяктуу советтик-партиялык кызматкерлер үй-бүлөлөрү менен тез-тез чогулуп турушчу. Бул жолугушууларды адатта алардын өмүрлүк жубайлары уюштуруп калышчу, анткени алардын баары жакын курбу-татар кыздарга үйлөнүшкөндүктөн, аларды жакындаткан да ошол аялдары эле. Мындай отуруштар ичимдиксиз, ынтымактуу үй-бүлөлүк шартта өтчү.

Базаркул Данияров өзүнүн жердештерине жана жакын туугандарына көп каралашып жардамдашып турар эле. Ал бир жолу Ташкенттеги агартуу институтунда окуп жүргөн студент кезинде өзүнүн айылына эс алууга келип, жаштардын арасында окууга өтүүнү каалагандар барбы деп кызыгып сурап калат. Айылдаштары ошол кездеги жаш өспүрүмдөр, болочоктогу белгилүү акын Аалы Токомбаевден, Рыскул Тургунбековдон сурап көрүүгө кеңеш беришет. Бул жолку келишинде аларды өзү менен бирге Ташкентке окууга ала кетет. Кийин алардын балдарынан илимий кызматкерлер, инженерлер, белгилүү сүрөтчүлөр, архитекторлор чыгышты.

Базаркул Данияровдун өзүнүн балдары болгон эмес, ошондуктан ал өзүнүн көп балалуу бир тууган агасы, 1931-жылы репрессия курмандыгы болгон Бакир Данияровдун балдарын багып өстүргөн. Алардын баарын жогорку билимдүү кылды. Алардын арасынан кийин врач, мугалим, инженер, искусство кызматкерлери, илимий, партиялык советтик кызматкерлер, бир нече илимдин кандидаттары жана бир академик, ар кайсы даражадагы медаль-ордендердин ээлери өсүп чыгышты.

Кыргыз Республикасынын элдик билим берүү жана маданиятын түптөөгө жана өнүктүрүүгө Базаркул Данияров өз мезгилинде эбегейсиз эмгегин жумшап, салмактуу салымын кошкон. Бирок тилекке каршы, ушул кезге чейин анын басып өткөн өмүр жолу жана чыгармачылыгы жөнүндө жогоруда аталган З.Бектеновдун макаласынан башка, басылып чыккан бир да материал жок.

Жакында эле жарык көргөн Кыргызстан педагогикасын өнүктүрүү тарыхы боюнча капиталдык эмгекте (Кыргызстандагы педагогикалык ой-пикирлердин антологиясы. – М.: Педагогика, 1988-жыл) Б.Данияров республикадагы башталгыч мектептерди жана жогорку окуу жайларды уюштуруучулардын алдыңкы активдүү сабында тургандыгына карабай, анын ысымы аталган эмес. Бул — окумуштуу-педагогдордун өкүнүчтүү унутчаактыгы! Б.Данияров күнөөсүз жерден сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон. Ал көзү өткөндөн кийин, 1959-жылы акталып чыккан.

 

 

 

 


Автору
Насыр Данияров

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *