BOOKS AND ARTICLES ABOUT B. DANIYAROV

TURDUBYUBYU TYNYSTANOVA: MY MEMORIES OF BAZARKUL

Tynystanova Tyrdubyubyu (1910-1991) was the wife of Kasym Tynystanov, in 1938-1947, she worked first at the Museum of local history, then the Historical Museum of the Republic. 

Recorded on tape in 1989. First published in the book K. B. Oruzbaeva-Daniyarova. “Bazarkul of Daniyarov- the first teacher”

On photo: in the left —Tynystanova Tyrdubyubyu, in the right – Kasym Tynystanov, next tohim – his brother Botaly, who also studied at Kirinpros — pedagogical College.

At the moment this article is available in Kyrgyz and Russian only


23-жылы мен Касымга турмушка чыктым. Турмушка чыкканда Касым Ташкенде окуйт экен, акыркы курсунда экен. Мени Ташкенге алып келди Касым. Ташкенге келсек, Базакем Ташкенде экен. 23-жылдан камалганга чейин Базакемди билем, бир туугандай болуп жүрдүк. Адегенде Ташкенде Базакем, Касым болуп иштеп жүрүштү, адеп тил тууралуу, андан кийин 24-жылы Касым бүтүрдү, биз айылга кеттик. Базакем Ошко кетти, ушул жерден үйлөнүп, кайсыл жылы Фрунзеге келди, ушуну анык айта албайм, 25-ж, 28-жылыбы, жок, 25-жылы экен. 26-жылы Касым, Базакем, Осмонкул Алиев болушуп Бакуга съездге барышты. Андан кийин педтехникумда завуч болуп иштеди го, директору Петр Кузьмич Юдахин болуп иштеди. Ал өлгөндөн кийин Базакем директор болду окшойт. Дайыма эле ушул Касым экөө бирге болчу. Базакем биздикине көп келчү. Бизди өтө көп чакурчу, биз анда болчубуз. Ары-жагын бери жагын айтканда Касым экөө иш жагынан аябай жакын болчу. Абдан – мындай катыш, адамкерчилик жагынан бир туугандай болчубуз. Кийинки убакта Базакем Эл агартуу министерствосунда иштеди, аныгын билбеймин, отделинде иштедиби, менин оюмча парторгу болуш керек эле. Андан кийин дайым Базакем биздикине дайым келип иштөчү. Анан бизди чакырчу, барсак баягы эле иши. Экөө эле тиги письменный столго олтуруп алып эле, тамак-аш бышкыча бирдемелерди иштеп эле атышчу.

Латин алфавитинин комитети. Турат – Базаркул Данияров. Отурат – оңдон экинчи – Касым Тыныстанов

Анан 35-жылы чистки болгуча ушул Базакем менен баягыдай эле бир туугандай болуп Касым экөө биргелешип иштеп, адабият жагынан да, тил жагынан да менин оюмча тигил Ташкенде адеп “Ала-Тоо” гезити чыккан убакта Базакем ушуга кошулган болсо керек эле, аны анык айта албайм. 35-жылы чистки кылганда Касымды партиядан чыгарды, Базакемди да чыгарды, партиядан чыккандан кийин Ошко кетти. Ошко барып иштеди. Ушундан кийин Базакемди көргөнүм жок, ушундан кийин Ба аты да жыты да чыкпай калды.

Мына бул женпедде бир вечер болду, ошондо 37-38-жылы курман болгондордун атын аташты. Ушунун ичинде Базакемдин аты аталганда, бир тууганымдын аты аталгандай сүйүндүм. Базакем ушунчалык кишини жакшы көргөн, ак көңүл эле. Анан Базакем техникумда иштеп жүргөн убакта жаштарды тарбия кылуу тууралуу эмгеги деген чоң деп эсептеймин мен Базакемди. Мисал үчүн Жантөшев, Жоомарт, Элебаевдер, Жамгырчиевдер дагы көптөрдү тарбия кылганда Базакемдин бир топ эмгеги бар деп ойлоймун. Кыргыздын маданиятын, адабиятын жолго коюу тууралуу, мисалы учун Касым Затаевичти алдырып, Токтогулду, Жолойду, Мураталыны, Карамолдону, Калыкты алдырып, бута иштегендердин жардамчысы Базакем болгон. Кыргыздын ыр, комуз, бул жактарына аракет кылып, эл билсин, эл көрсүн деп аракет кылып, ушуларды Затаевичке бир эмес эки жолу келди, иштеди, ушулардын эмгектерин жазды.

Бул тууралуу Касым менен Базакемдин кыргыз учун эмгеги чоң деп эсептеймин, мен өз билген акылым менен, эл деле ушуну айтып келатат. Чындык эми иш жүзүнө акырындап ашып келатат. Бул Базакем Касым менен аябай көп иштеди. Тил тууралуу болсун, адабият жагынан болсун, экөө кеңешип- олтуруп иштоочу. Бул экөөнүн эмгегин эл унутпайт го деген үмүтүм бар. Менин айтаар сөзүм ушул.


Author
Tynystanova Tyrdubyubyu

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *