О ТВОРЧЕСТВЕ ЖУСУПА

ДРАМА ЖУСУПА ТУРУСБЕКОВА «АЖАЛ ОРДУНА» — ХУДОЖЕСТВЕННЫЙ ОБРАЗ ТРАГЕДИИ «ҮРКҮН»

Публикуется по тексту сборника «Национально-освободительное восстание 1916 года в Кыргызстане и Центральной Азии». – Б.: «Турар», 2017. – 700 с. СБОРНИК ПОЛНОСТЬЮ НА САЙТЕ

Приведена на языке оригинала. В процессе перевода на русский язык

На нашем сайте опубликовано произведение Жусупа Турусбекова «АЖАЛ ОРДУНА» 


БАЙГАЗИЕВ С. О., ф.и.д., профессор КББА
УРКУНЧИЕВА Г. Ж., БГУда улук окутуучу

1939-жылы. Кыргыз искусствосунун Москвадагы декадасы

Пьесанын өзүнө тийиштүү чыгармачылык тарыхы бар. «Ажал ордуна» драмасы 1934–1935-жылдары жаралып, андан кийин 1939-жылга чейин автор тарабынан бир нече жолу редакцияланган. Ж.Турусбеков драманын идеялык мазмунун, көркөм структурасын жакшыртуунун жана өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеген. Пьесанын акыркы варианты 1939-жылы Москвада  өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасы убагында көрсөтүлгөн.

Автор адегенде эле элдик көтөрүлүштү чагылтуунун туура жолун таба алган эмес. Чыгарманын адепки варианты 30-жылдарда борбордук басма сөздө бир жагында Афигенов, Киршон, экинчи тарабында Вишневский, Погодин турган чыгармачылык группалардын ортосунда жүргөн белгилүү дискуссиянын Жусуп Турусбековго кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн таасирин тийгизгендигин күбөлөйт.

Узакка созулган бул дискуссияда Вишневский менен Погодин башында турган драматургдар жана теоретиктер мурдатан келаткан реалисттик адабий салттарды өнүктүрүүнү жактаган драматургдардын позициясын четке кагып, бүгүнкү күндө пролетардык жаңы доордо психологизмдин жараксыздыгын, анын анахронизмге жатарын, элдик турмушту индивидуумдун, жеке инсандардын тагдырлары аркылуу көрсөтүү сыяктуу методдун эскиргендигин жарыялашып, типтүү мүнөздөрдүн ордуна «жалпы массанын портретин», «коллективдүү геройду» түзүүнү, чыгармада жеке пендени, үй-бүлөнү, «бөлмөлүк психологияны» эмес, массалык «жалпы маршты», «гиганттык кыймылды», «элдик зор толкунду» көрсөтүүнү жакташкандыгы белгилүү. Мындай теория өз кезегинде көркөм практикада жеке мүнөздөрдүн, типтүү образдардын ордуна таасирсиз «коллективдүү геройлорду», жансыз «маска-адамдарды» көрсөткөн пьесаларды пайда кылган. Жусуп Турусбеков да пьесанын алгачкы вариантында жалпы элди, калың көпчүлүктү биринчи планга алып чыккан. Автордун өзүнүн моюнга алып айтканына караганда ал драмасында жеке каарманды эмес, жалпы калкты көрсөтүүгө умтулган. Ал эми пьесада көтөрүлүштү уюштурган адамдар калктын башында турган өз алдынча каарман эмес, элдин эркин элпек аткаруучулар катары берилген. Негизги каарман Искендердин образы массалык сценалардын далдаасында калган. Ал эми Бектурдун образы биринчи вариантта такыр жок эле. Анын ордуна бири-бирине коёндой окшош, аты-жөнү жок, көп ооз ачып сүйлөбөгөн эки чал көрсөтүлгөн. Бир жагынан аты-жөнү жок ал эки чал Касым Тыныстановдун «Көз көргөндөрүндөгү» («Академия кечелери») аты-жөнү жок эки чалды да элестетет.

Бирок драматург сүрөттөөнүн, образ куруунун мындай ыкмасынын, жасалма монументалдуулуктун калпыстыгын эрте баамдаган. Пьесанын кийинки варианттарында автор жеке каармандарды биринчи планга алып чыгууга аракет кылат. Станиславскийдин системасынын принциптери жетекчиликке алган опера жана балет (ал кезде музыкалуу) театры массалык сахналарды конкреттештирүүдө, элдин типтү өкүлдөрүнүн образдарын түзүүдө, пьесаны жакшыртууда авторго чоң көмөкчү болгон.

«Ажал ордуна» пьесасы 1916-жылкы көтөрүлүштүн окуясын кеңири масштабда тарыхый конкреттүү көрсөткөндүгү менен айырмаланат. Жусуп Турусбеков чыгарманын өзөгүндөгү чыңалууга толгон борбордук конфликттин драматизмин, трагизмге шыкалган массалык сценалар жана жалпылаштырылган образдар аркылуу ошол алоолонгон өрттүү мезгилдин катаал атмосферасын, элдин күрөшчүл демин элестүү жеткирген. Чыгарманын негизги идеясы – Октябрь социалисттик революциясы кыргыз элин ажалдан сактады, ажалдын ордуна өмүр, бакыт апкелди деген идея.

Ысык Көл менен коштошуу. Киргостеатр. 1938

Драматург пьесанын башкы конфликтисин бир тарапта падышалык бийлик, жергиликтүү төбөлдөр, экинчи тарапта кыргыздын калың букарасы турган карама-каршылыктын негизинде курат. Элдик көтөрүлүштүн планын талкуулоо, падышачылыктын жазалоочу отряддары менен болгон кармаш, Ысык Көл менен коштошуу, элдин кытай жеринде жергиликтүү сүткорлорго каршы күрөшү, тууган жерге кайтып келүү – драманын сюжетинин башкы түйүндөрү ушулар. Пружинадай толгонгон бийик чыңалууга жеткен бул урунттуу драмалык окуялар бири-бири менен терең байланышта өнүгүп, борбордук конфликттин маңызынын ачылышына активдүү кызмат өтөйт. Сюжеттик окуялардын чордонунда Искендер, Бектур, Зулайка сыяктуу элдин өкүлдөрүн үн типтүү образдары турат.

Искендердин образын оң каарман проблемасын чечүү жолундагы кыргыз драматургиясынын алгачкы ийгиликтеринин бири деп эсептөөгө болот. Искендер элдик мыкты сапаттарга эгедер, өз калкын, Мекенин терең сүйгөн, бир боор Ата Журттун эркиндиги жана көз каранды эместиги үчүн чечкиндүү күрөшкө аттанган каарман. Драматург бул образ аркылуу патриоттук күчтүү деми менен жалпыга үлгү боло турган оң идеалды көрсөтөт.

Искендердин образы курч драмалык ситуацияларда, сюжеттик кагылыштарда ачылып отурат. Өмүр менен тагдырды таразага койгон татаал турмуштук жагдайлар Искендердин нравалык күч-кубатын, көз караштарын сынап, анын образын сюжеттик агымда улам дааналанта берет.

«Адам драманын каарманы болуп саналат, – деп жазган улуу Белинский өз мезгилиндеги драмалык чыгармаларды талдай отуруп, – драмада адамга окуялар кожоюндук кылбайт, тескерисинче, адам окуяга кожоюн болуп, өз эрки менен анын тигил же бул жол менен чечилишине же аякташына таасир этет». [Белинский В.Г. Собр. Сочинений. В 3-х томах, Т. 2. – М., Гослитиздат, 1948, 14-б.]. Искендердин букара элдин жалпы кызыкчылыгынан улам келип чыккан өз позициясы бар. Ал ушунусунда бекем турат. Драманын терс каармандарынын бири Максүт Синьцзяндык сүткор Учей-Фуга мындай дейт: «Жок, кокуй, Искендер ыкка көнөт деп ойлобоңуз». Искендердин ыкка көнбөгөн мүнөзү анын эл мүдөөсүн көздөгөн түпкү максаты менен терең байланышкан. Ал өзүн үн туткан позициясына каршы келген көрүнүштөргө кез болгондо, кара таман калктын кызыкчылыгы бузулганда, чындыкка, акыйкаттыкка шек кеткен жерде бардыгын жыйыштырып таштап, тайманбай кармашка чыгат. Анын «ыкка көнбөгөн» мүнөзү пьесада дайыма конфликттин, «чыр чатактын» күнөөкөрү, себепкери болуп чыгат. Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасында бири-биринен ачык айырмаланган, бири-бирине карама-каршы багытты алып жүргөн жандуу кейипкерлерди түзө алышы, конфликтти каармандардын кагылышы катары өнүктүрө билиши драматургиядагы жагымдуу саамалык болду жана бул жалпы эле кыргыз драматургдары искусствонун бултүрүнүн спецификасын, драмалык конструкциянын өзгөчөлүктөрүн өздөштүрө баштагандыгын айгинелеген факт эле.

1938 Киргостеатр. Бектур — Эшимбеков

Пьесанын сюжеттик структурасында Бектурдун образы маанилүү ролду ойнойт. Драматург Бектур аркылуу карапайым калктын өкүлүнүн, элдик аксакалдын жалпыланган элесин жаратууга жетишкен. Бул образ өзүндө элдик даанышмандыкты алып жүргөндүгү жана күчтүү патриоттук духу менен көңүлдү бурат. Бектур – көрөгөчтүгү менен кырдаалдын милдетин туура туюнуп, көтөр үшчүл өрдүн катарына келип турган адам. Ал дайыма терең ой жүгүртүп, элдин эмне үчүн көтөрүлүп жаткандыгынын себебин билүүгө аракет кылат. Каршы чыкпайлы, падышага берчү солдатын берип тыналы дешкен Максүт менен Алымбай өңдүү жергиликтүү бийлөөчүлөргө мындайча жооп берет: «…Ак падыша, ак падыша, эмне ак падыша! Падышанын бергени: жер-сууну алганын мындай эле коё туралы, күнүгө ырамат, салык салганыбы. Жадаганда кийиз, тон, байпак, жип-шуубуздан өйдө жыйнап алды. Чын айтып жатам. Бизди өз жолубузга тынч койсоңчу, Максүт». Бектурдун бул ачуу репликасынан улам Жусуп Абдрахманов менен Г.И.Бройдонун 1916-жылга байланыштуу келтирген маалыматтарын аргасыздан эске түшүрөбүз. Ж.Абдрахманов минтип жазган: «1916-жылдагы көтөрүлүштүн падышалык империалисттик Россиянын колониялары катары Орто Азиянын жана Кыргызстандын абалынан келип чыккан социалдык-экономикалык тереңде жаткан себептери бар….1916-жылы Пржевальск уездинин 21,1 процентин түзгөн орус калкы бардык айдоо жеринин 67,3 процентин өз колуна алган жана 1920-жылы жер реформасы жүргүзүлгөнгө чейин калктын 34 процентин түзгөн орус калкында аталган уездин айдоого жарактуу жер аянттарынын 84,7 проценти болгон» [Абдрахманов Ж. Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө. Китепте: Үркүн, – Бишкек, Кыргызстан, 1993, 15-б. Бройдо Г.И. 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшүнүн тарыхынан материалдар].

«Согуш кыргыздардын башына жаңы салыктарды алып келди. Келгин орустардын жарыбаган ыктыярдуу кошумчаларынан башка, согушка демиш болуп кыргыздардын болгон тасмыясын кагып алышып, администрациянын жогорку чининен тартып, төмөнкүлөрүнө чейин байып жатышты».

Пишпек оёзу боюнча 14-жылдын ноябрь, декабрь айларында Кызыл Кресттин официалдуу отчету боюнча кыргыздардан 30 000ге жакын сом. 1000ге жакын тон, 10 000ге жакын байпак ж.б.у.с. «түшкөн». Андан соң Кызыл Крест үчүн кыргыздар түтүн сайын 1–3 сомго чейин «өздөрүнө салык» салышты. Мындан тышкары кыргыздар аскер муктаждыгына өлчөөсүз көп боз үйл өрдү, болгондо да көбүн бекер беришкен. Ал боз үйлөрдү темир жолго чейин кыргыздар көп учурда өздөрү акысыз жеткиришчү. Сапарда бараткан аскерлер менен жолугушуу өткөрүү жана аларды коноктоо кыргыздардын эсебинен болгон. Ат чабыш, шайлоо жыйындарында полиция согуш муктаждыгы үч үнөтөкөп суммадагы акча жыйнап алчу. Ново-Николаевское деген кыштак баш-оту менен 90 ат берген.

Эр бүлөсү, согушка кеткен орустардын үй-бүлөсүнө жерин айдап, чөбүн чаап, эгинин оруп-жыйып берүү үчүн ар бир болуштан кыргыздар кишилерди жиберип турушкан [Ошондо, 84-бет]. Кыргыздарга жергиликтүү «абориген» катары караган колониалдык бийлик Ала-Тоолук калктын жерин тартып алып, мал-мүлкүн, оокат-кечесин тоноп, адам чыдагыс салыктарды салып, граждандык укугун тебелеп-тепсеп, эл-журтту моралдык-саясий жактан да, экономикалык жактанда жан чыдагыс абалга жеткизген. Өйдөдөгү Бектур каармандын сөзүндө дал ушул турмуштук катаал чындык чагылдырылган. Ичтеги буккан ачуу күйүттү сыртка чыгарган Бектурдун кеби тарыхый чындыкты да, көркөм чындыкты да ичине камтып, элдик көтөрүлүштүн мотивин көрүүчүлөргө каңкуулап турат.

Бектурдун образы бийлик ээлеринин ырайымсыздыгын жаңыдан туюп жаткан карапайым калкты ой-сезимин алып жүргөн, сюжеттик структурада аткарган активдүү ролу бар, өзүнүн ачык социалдык мүнөздөмөсү менен айырмаланган, пьесанын жалпы идеялык мазмунун ачылышында жандуу кызмат аткарган таасирдүү образдардан.

1938 Киргостеатр. Зулайка — А.Куттубаева, Искендер — Боталиев

Драмалык окуяга катышуучу бардык персонаждардын негизги проблемага түздөн-түз багындырылгандыгы чыгармага өзүнчө бир көркөм бүтүндүк берип турат. Мындай сапат пьесадагы бардык кейипкерлердин сюжеттик-фабулалык өз ара тыгыз байланышы менен чыңдалат жана бекемделет. Драмадагы Зулайканын образы чыгарманын борбордук коллизиясы менен бекем жуурулушкан. Пьесанын идеялык-көркөмдүк дүйнөсүнө Зулайка трагедиялык мотивди – ырайымсыз социалдык адилетсиздиктин тушундагы кыргыз кызынын тагдыры жөнүндөгү мотивди алып кирет. Көтөрүлүштүн мезгилиндеги Зулайканын трагедиясы автор тарабынан кеңири планда, жалпы эле падышалык колониялык саясатынын натыйжасы катары чечмеленет. Эл менен кошо кытайга качып барган тарыхчы Белек Солтоноев өз үнүн «1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү» деген эмгегинде минтип жазат: «Кытайга барганда мал-мүлкүнөн ажырап, тамак алып ичишке акчалары түгөнүп калып, адамдар кыздарын уйгурга, дунганга, калмакка сата баштады». [Солтоноев Б. 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү. –Китепте: Үркүн. – Бишкек, Кыргызстан, 1993, 182-б.] Демек, драмадагы Зулайканын кытайлык сүткор Учей-Фуга бир табак жүгөрү унга сатылышы бул драматургдун ойдон чыгарган гиперболалык ыкмасы эмес, тескерисинче, кашкайган турмуштук-тарыхый чындык. Биздин оюбузча көтөрүлүштүн жүрөк титиреткен драматизми согуштун кандуу кыргынында эмес, дал ушул карачечекей балдардын бөлөк-бөтөн адамдарга аргасыздан бир сындырым нан, бир табак талкан үчүн сатылышында өзүн үн апогейине жеткен. Жусуп Турусбеков элдик көтөрүлүштүн жеңилишинин трагизмин даана берүү үчүн дал ушул окуяны аң-сезимдүү түрдө көркөм символика катары пайдаланган. Ачкадан айласы куруп турган качкындардын амалсыз абалынан пайдаланып, Учей-Фу Зулайканын бир чейрек жүгөрү унга сатылышына жетишет. Ошондо аргасы түгөнгөн кыз менен эненин психологиялык агониясынан мисал келтирсек:

«Зулайка: – Кагылайын энеке,

Кантип мени саттыңар!..
Же мен байкуш силерге
Өгөй белем айтчы, энем,
Чейрек унга бааланып,
Сатылуучу мен белем?

 

Ак мамаңды аймалап,
Эмдим эле, энеке.
Жалгызым сен деп ар убак,
Келдиң эле, энеке!

Жок болобу ушинтип,
Шордуу кыргыз тукуму.
Айланайын, атаке,
Менин күнүм ушулбу?..

 

Айланайын, атаке,
Эркелетип бакканың
Айланайын, энеке,
Түрдүүлөп шуру такканың!

 

Аягы келип ушундай
Болмок беле убайым,
Айтсаңарчы, калайык,
Айтсаңарчы угайын.

 

Кемпир: – Ботосунан айрылып, кокуй,

Боздогон инген мына мен, кокуй,
Айланайын кулунум, кокуй,
Боздоп калган ботом сен, кокуй.
Эми кантем кулунум, кокуй,
Менде кандай айла бар, кокуй,
Тирүүлөй сенден айрылып, кокуй,
Мендей шордуу кайда бар, кокуй».

 

1938 Си-Тай-Хао — Сыдыкбекова
1941 Си-Тай-Хао — Түмөнбаева
2006 Си-Тай-Хао — К.Сартбаева

Бул учурду көзгө жаш албай окуу, көрүү мүмкүн эмес. Бул эпизод чыгарманын эмоционалдык күчү жагынан эң жогорку чекке чейин жеткен күчтүү сахналарынын бири. Кезегинде биринчи премьера учурунда атактуу артистка Анвар Куттубаева ушул учурду көзүн үн жашын агызып, ыйлап аткарган. Абдан чебердик менен иштелген бул көрүнүш чынында эле «ат өлүгү, эр өлүгү тоо болгон» уруш картинасына караганда, 1916-жылдагы трагедиянын драматизмин, колониалдык бийликтин таш боор геноцидинин антигуманисттик натыйжасын жан дүйнөнү күчтүү козгогон жогорку көркөмдүк күч менен кыска жана нуска көрсөтөт. Мазмунду, идеяны образ аркылуу, көркөм форма аркылуу берүү драманын стилистикасына негизинен мүнөздүү.

Бирок драмада Зулайка башынан аягына чейин кайгыга чөмүлгөн, тагдырдын салганына моюн сунуп, турмуштун зомбулугуна жалдырап баш ийген образ катары таасир калтырбайт. Айрым изилдөөлөрдө Зулайканын образы дал ушундай планда чечмеленгендиги байкалат:

«Ж.Турусбековдун героиниясы жагымдуу, жылдыздуу, өз сүйгөнүнө жетүүгө умтулган кыз… Бирок Зулайка тегерегинде болуп жаткан алаамат окуяларга, жандуу, катаал кагылыштарга аң-сезимдүү түрдө аралашпайт. Ал бул коомдук иштердин, көтөрүлүштүн активдүү катышуучусу эмес, «Кайгылуу Какейдеги» сыяктуу эле муңзарга басылган кайгылуу кыздын мотиви басымдуулук кылат» [Борбугулов М. Учу-кыйырсыз жол, 100-б.]. Мындай ой чыгармадагы образдын чыныгы духу жана пафосу менен шайкеш келбейт. Тескерисинче, Зулайка кыйынчылыкка майышпаган, турмуштун кыйын-кыстоолоруна оңой менен алдырбаган активдүү каармандардын бири. Ал драмадагы окуяларга башынан аягына чейин жандуу аралашат. Ак падышанын буйругун угуп, эл катуу толгонуп турганда: «Зордукка жигит чыдайт бекен» – деп, эр-азаматтардын намысын бүлөйт. Кытай жеринде Учей-Фу, Максүт сыяктуу эл душмандарынын Искендерди өлтүрүү жөнүндөгү жашыруун келишимин көтөрүлүшчүлөргө жеткизип, сүйгөнүн өлүмдөн коргойт. Зулайка адам чыдагыс абалда жүрсө да, муң-зарга бастырып отуруп калбайт. Ал өз алдынча акыл жүгүртүп: «Айтчы Искендер себебин, кайгыда дайым келемин?» – деп, өзүнүн оор абалынын себебин билүүгө аракет кылат. Турмуш запкысына көшөрүп каршы турат. Тагдыр сыналып жаткан кыйын минуталарда Искендердин ага кайрат берип айткан сөздөрүнө Зулайка: «Жаныңда бирге боломун, Өлүмгө башты тосомун» – деп, чечкиндүү жооп берет.

Кыскасы, Ж.Турусбеков Зулайка аркылуу революциядан мурунку кыргыз кыздарынын кулк-мүнөзүн, көзкарашын, иш-аракетин жалпылаштырып көрсөткөн.

Автор чыгармасында интернационалдык теманы да көтөрөт. Пьесада Григорийдин образы чыгармага формалдуу түрдө киргизилген жансыз сөлөкөт эмес, ал маанилүү идеялык функцияны көтөргөн образ. Мында тарыхый чындык да бар.

1916-жылы падышачылыктын адилетсиздигине каршы чыгып, айрым орус кедейлеринин көтөрүлүш чыгарган кыргыздар тарапка кошулган учурлары болгон. Мисалы, Георгий орденинин үч баскычынын кавалери М.Д.Власенко, Ф.Павлов, бир туугандар Тимофей жана Афанасий Лобзов ж.б. [Труды института языка, литературы и истории вып.IV. – Фрунзе: Изд. Кирг ФАН СССР, 1954, 38-б.] Ошондой эле көтөрүлүш учурунда кыргыздардын орустарды жана падышалык бийликтердин жазасынан орустардын кыргыздарды сактап калгандыгы жөнүндө көп окуялар белгилүү. Албетте, мындай фактылар айрым бир кишилердин адамгерчиликтүү тарбиясы, гумандуулугу менен гана түшүндүрүлө турган кокустук көрүнүштөрдөн болгон эмес. Мунун өзү укуктары тебеленген карапайым эмгекчилердин экономикалык-саясий, коомдук турмуш абалынын бирдейлигинен, алардын социалдык психологиясынын жалпылыгынан закон ченемдүү түрдө келип чыга турган табигый көрүнүш эле. Ж.Турусбеков Григорийдин образы аркылуу мына ушул көрүнүштү жалпылаштырууну көздөгөн. Драмада Григорийдин образы чыгармага интернационалдык мазмун киргизип, анын масштабын кеңитип турат.

«Ажал ордуна» драмасында терс сапаттарды алып жүргөн Максүт, Учей-Фу, Алымбай сыяктуу кейипкерлер оң каармандардын карама-каршысында активдүү аракетте турушат жана негизги конфликттин өнүгүшүндө иштиктүү роль ойношот. Алардын ар бирине автор тарабынан так социалдык мүнөздөмө берилет. Биз түлкүдөй амалдуу, кыйды Максүттү, көкүрөгүн көтөргөн мактанчаак канкор офицерди, адамдык абийирден кеткен ач көз соодагер Учей-Фуну бири-бири менен чаташтырбайбыз.

Драмалык композициянын талаптарынын көз карашынан караганда да «Ажал ордуна» өзүнүн артыкчылыктарына ээ. Пьесадан негизги мазмундун ачылышына тиешеси болбогон артыкбаш эпизоддорду табуу кыйын. Драманын курулушу өзүнүн өзгөчө тыкандыгы менен айырмаланат. Пьесадагы эпизоддор жана сценалар бирдиктүү бир драмалык түйүнгө бириккен. Бардык сахналар өз ара тыгыз тутумдашуу менен негизги драмалык кыймыл-аракеттин өнүгүшүнө кызмат өтөйт. Пьесанын мындай композициялык артыкчылыгын өз учурунда драматург А.Корнейчук туура баалаган. «Пьеса өтө сонун жана чебердик менен курулган» [Правда, 1939, 29-май.].

«Ажал ордуна» тууралуу сөз кылып жатып, анын тил чеберчилигин белгилебей өтүүгө мүмкүн эмес. Драмалык речь аталган пьесада өзүнүн көркөмдүк мүмкүнчүлүгүн жакшы ачып, драмалык жанрда аткарчу өзүнүн спецификалык функциясын ийкемге келтире алган десек болот. Пьесанын кайсы сценасын албайлы андагы каармандын оозунан чыккан сөз, реплика өзүнүн көп маанини камтыган лаконизми, образдык экспрессиясы, драмалык кыймыл-аракеттүүлүгү менен бөтөнчөлөнөт. Диалогго катышып жаткан адамдардын айткан сөзүнүн мааниси – ал жек көрүп жатабы, же сүйүп айтып жатабы, эмне максатты көздөп отурат – ачык көрүнүп турат. Бул бөтөнчөлүктү изилдөөчү М.Борбугулов адилет белгилейт. «Драмалык диалог куруу кыргыз жазуучуларынын алгачкы пьесаларынан тартып иштеле баштаса да, бул маселе толук бойдон «Ажал ордунда» чечилди» [Борбугулов М. Учу-кыйырсыз жол, 94-б.].

Кыскача айтканда, «Ажал ордуна» пьесасы Ж.Турусбековдун драмалык түрдүн спецификасын кыйла өздөштүрүүгө жетишкендигин айгинелеген, автордук идеяны, мазмунду, драманын образдык системасында, катышуучу каармандардын жүрүм-турумунда бере алган, кыргыз драматургиясында өзүнчө жаңы көркөм кадам жасаган жаңычыл чыгарма болду.

«Ажал ордунанын» жаңычылдык артыкчылыгы жалаң эле анын образдык сапатынан эмес, автордун тарыхый материалга жасаган художниктик позициясынан, мамилесинен да сезилет. «Ажал ордуна» жазылып жаткан мезгилде 1916-жылдагы окуя, анын чыгыш себептери, негизги кыймылдаткыч күчтөрү жана башка маселелер коомдук илимдер тарабынан бүгүнкү күндөгүдөй изилденип, тактала элек эле. Ал кезде жаш драматург курамы, структурасы боюнча аябагандай татаал зор социалдык-тарыхый материал менен бетме-бет келип турган.

Ж.Турусбеков бала кезинде бул кандуу окуяларга тикелей күбө болгон. Эл менен бирге Кытайга сүрүлүп барган. Чет жерде кыргыздардын көргөн азап-тозогу анын жаш жүрөгүнө терең из калтырган. Ж.Турусбеков өзүнүн көз алдына элестеп турган эмпирикалык фактылардын чөйрөсүнө камалып, «турмуштун өзүндөгүдөй» жазуу азгырыгына алданып, мындайча айтканда, «окоптук чындыкты» көрүп, ал эми жалпы «фронттун» масштабын көз жаздымында калтырышы мүмкүн эле. Бирок Ж.Турусбеков көз алдыда турган ар түрдүү түстөгү, маанидеги сансыз фактылардын ичинен 1916-жылдын негизги пафосун, мезгилдин башкы социалдык координаттарын көрө билген. Майда-барат фактылардын чөйрөсүнөн көтөрүлүп чыгып, ошол мезгилдеги зор социалдык конфликттин башкы өзөгүн аныктай алган. Драманын сюжеттик негизине алынган конфликт эки элдин, эки улуттун, орус менен кыргыздын эмес, эл менен самодержавиелик бийликтин, эки социалдык күчтүн кагылышы катары чечмеленген. Тарыхый материалга мындай мамиле «көрүүнүн бийик чекитинен» гана мүмкүн эле. Драманын көркөм идеялык пафосу – кыргыз калкынын боштондук үчүн күрөшүнүн пафосу. Драмада фактынын чындыгы менен мезгилдин чоң чындыгынын айкалышып келиши, элдик турмуштун зор окуясы өзүнүн башкы карама-каршылыгында жана негизги белгилеринде сүрөттөлүп берилиши – бул кыргыз драматургиясынын алгач ирет реализм методунун уңгулуу касиеттеринин бири болгон тарыхыйлуулук категориясын, тарыхый мамиле принцибин өздөштүрүп калгандыгынын айгинеси болду.

Драманын финалы оптимизм менен аяктайт. Кылым аралаган кыргыз эли тарыхтын далай бороон-чапкындарына кабылган. ХХ кылымдын башындагы бул кандуу алааматта да, ак калпак калктын патриотизми, майтарылбас эрки, көз карандысыз эркин тириликке суусаган өчпөс үмүтү жеңип чыкты. Ж.Турусбековдун драмасы адамга күч-кайрат берген патриоттук жалыны жана элдин өлбөс рухун даңазалаган граждандык пафосу менен күчтүү. Автор Октябрь революциясын ажалдын ордуна келген өмүр катары баалаган. Чынында эле, «Ажал ордуна» деген драманын аты символикалуу. Ырасында да, Октябрь төңкөрүшү кыргыз элин падышалык колониализмдин геноцидинен, русификациялоо жана акырындап тукум курут кылып, улут катары жоюп түпкө жетүү саясатынан аман-эсен сактап калган.

Кечээ эле өз баштарынан кечирген кандуу кыяматты баян эткен «Ажал ордуна» драмасын көрүүчүлөр учурунда зор толкундануу менен кабыл алган. Кыргыз Республикасынын эл артисти, башкы каарман Искендердин ролунун биринчи аткаруучусу Ашыралы Боталиев «Ажал ордуна» спектаклинин 1934-жылкы биринчи коюлушун эскерип, мындай деп жазган:

«Күнү бүгүнкүдөй эсимде, декабрь айы, кыш катуу, күн суук. Бирок ушундай кыйынчылыктарга карабастан спектаклдин биринчи премьерасына жеке эле шаардыктар эмес, айыл-кыштактардан атчан, араба менен жөө-жалаңдап көп эл чогулду. Драманын окуясы, актерлордун аткаруулары элдин купулуна толуп турганы, сахнанын артынан байкаган адамга оңой эле көрүнүп турган эле. Залдагы эл бүтүндөй Искендерди ээрчишип, ага жан тартышып, өздөрүнүн душмандары менен дагы бир жолу салгылашып жатышкандай болушту» [Боталиев А. Баскан жол, 40-б.].

Узак жылдар бою репертуардан башкы орунду ээлеген «Ажал ордуна» драмасы кыргыз театр искусствосунун өйдөлөп өсүшүнө да өзүнүн жемиштүү таасирин тийгизген. Ошол эле А.Боталиев кеп болуп жаткан чыгарманын театр актерлорунун өнөрү үчүн ээ болгон маанисин төмөндөгүчө аныктаган:

«Ошентип, Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» музыкалуу драмасы менbн сахналык турмушумда бирден-бир орчундуу роль ойноду. Бирок бул драманын жаралышы менин гана турмушумда зор из калтырды десем жаңылышкан болор элем. Бул спектакль, биринчиден, кыргыз драматургиясындагы бараандуу бир көрүнүш болсо, экинчиден, бүтүндөй кыргыз театралдык искусствосуна көрүнүктүү таасир калтырды. Ачыгын айтканда, бизди сахна чеберчилигине, театралдык искусствонун көп кырдуу ыктарына үйрөттү. Бул спектакль аркылуу театрдын чыгармачылык коллективи мурда болуп көрбөгөндөй ири кадамга ээ болду десек жаңылбайбыз» [Ошондо, 41-б.].

Акырында белгилер нерсе, жогоруда айтылгандар «Ажал ордуна» драмасында кемчилик-кетиктер, бөксөлүктөр жок дегенди билдирбейт. 1916-жылкы көтөрүлүшкө Искендер сыяктуу элдин патриот уулдарынан башка да, бай-манаптар катмарынын алдыңкы өкүлдөрү да жетекчилик кылышкан. Көтөрүлүш учурунда кыргыз эли таптүшүнүгү боюнча бай-кедей болуп экиге бөлүнгөн деген идея тарыхый чындыкка жатпайт. Тарыхый маалыматтардан улам үркүн учурунда көтөрүшчүлөрдүн башында Шабдан манаптын уулдары жана кочкорлук Канат хан сыяктуу манаптар тургандыгы белгилүү. «Ажал ордуна» драмасында бул тарыхый чындык көз жаздымында калтырылып, бай-манап катмары элге каршы таптык душман катары шөкөттөлгөн. Бул факт Жусуп Турусбековдун турмуштун кашкайган чындыгын большевизмдин учурдагы таптык саясатын ылайыктап «түзөп-жазап» жазгандыгын айгинелейт.

Драмада негизги оң, терс каармандар пенделик белгилери бар жандуу кишилер катары аракеттенип жатышса да, баары бир негизинен кайталангыс индивидуалдуу мүнөздөргө караганда, калың элдин типтүү өкүлдөрүнө көбүрөөк жакын. Оң каармандар дагы аруу сапаттар – элдеги мыкты нравалык касиеттердин жыйындысы. Чыгармада оң, терс кейипкерлердин индивидуалдуу психологиясына караганда, алардын социалдык мүнөздөмөсүнө көбүрөөк басым жасалат. Зор масштабдагы бүтүндөй тарыхый окуянын кең кулачтуу монументалдуу жалпы картинасын тартуу мүдөөсү авторго «Академия кечелериндегидей» жалпыланган элдик фигураларды сахнага алып чыгуунун ылайыктуулугун көрсөтмөлөгөн сыяктуу.

Драмада Искендердин: «Те кабылан сындуу жигит ким? Жүрөгүндө түгү бар, кадимки Манас түрү бар. Искендерим турбайбы, кырк чородой сүрү бар», – деп сыпатталышы Ж.Турусбековдон кантсе да фольклордук таасир бар экенин күбөлөйт. «Ажал ордундагы» кээ бир каармандардын образдарынын накта реалисттик планда ачылышына кедерги болгон оозеки чыгармачылыктын эстетикасынын көнүмүштөрүнүн тамгаларын М.Борбугулов өзүнүн изилдөөсүндө аргументтер менен көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар

  1. Абдрахманов Ж. Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө. Китепте: Үркүн. – Б., Кыргызстан, 1993.
  2. Белинский В.Г. Собр. сочинений. В 3-х томах, Т. 2. – М., Гослитиздат, 1948.
  3. Борбугулов М. Учу-кыйырсыз жол. – Ф., 1990.
  4. Борбугулов М. Кенч капкасын ачып. – Ф., 1989.
  5. Боталиев А. Баскан жол. – Б., 1993.
  6. Правда газетасы. 1939-ж., 29-май.
  7. Солтоноев Б. 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү. – Китепте: Үркүн. – Б., Кыргызстан, 1993.
  8. Труды института языка, литературы и истории, вып.IV – Ф., Изд. Кирг ФАН СССР, 1954.

Автор
С.О.Байгазиев, Г.Ж.Уркунчиева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *