БИЗДИН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

САЙТТЫН МЕЙМАНДАРЫНА ФОНДДУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ. №1 КАТ «ЖАҢЫ ЖАНА ЭСКИ»

Бул каттар таркатмага (рассылкага) жазылгандардын өздүк электрондук дарегине жөнөтүлөт.


Саламатсыздарбы!

Сиздер менен Санжарбек Данияровдун Фондунун атынан амандашып жатканыма кубанычтамын.

Сайттагы жаңылыктар:

Жунус Баиджанов, Эшенали Арабаев, Исак Шайбеков, Исаметдин Шабданов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекбаев, Султангазы Сраилов, Кашимбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев жана Лагир Янсанчин сыяктуу ысымдары сиздерге жакшы тааныш, кыргыз элинин көрүнүктүү өкүлдөрү тарабынан 1920-жылы жазылган кат эч кимди кайдигер калтырбайт деген ойдомун:

Бул кат жаңы рубрикага жарыяланды: 1916-ЖЫЛДАН КИЙИН

http://daniyarov.kg/2017/11/09/pismo-ot-1-maya-1920-goda-vozhdyu-rossiyskoy-r/?lang=ky

Бул кайрылуу менен ошол эле 1920-жылы, бирок бир аз мурдараак Түркестан коммунисттерине жазган Лениндин каты үндөшүп кетет, ал ошол эле рубрикада жарыяланган.

Сиздер Кытайга үрккөн качкындардын кайра өз мекенине кайткан учурда, 1917-1920-жылдары көргөн азап-тозоктору, кантип аман калышкандары, аларды сактап калууга кимдер тарабынан чаралар көрүлгөнү жөнүндө билгиңиз келеби? Аларга өз укуктары, өз жерлери кантип кайтарылганы, өткөөл кездеги драмалык оош-кыйыштар тууралуу ИИИ (ВИ) ВАГШ ВС РФ илимий кызматкери, т.и.к. О.Е.Алпеевдин макаласында таасын баяндалган.

http://daniyarov.kg/2017/11/10/turkestanskoe-vosstanie-1916-g-istoriya-v/?lang=ky

Бул рубрика ЛЕТОПИСЬ: ТҮРКЕСТАН 1916 жана 1916-ЖЫЛДАГЫ ОКУЯЛАР ЖӨНҮНДӨ МАКАЛАЛАР деп бөлүнгөн 1916-ЖЫЛ рубрикасынын материалдарын толуктайт.

Биз бул рубриканы улантып, аны жаңы материалдар менен толуктайбыз.

***

Фонддун 2017-жылдагы лауреаты, КММАнын Илим Күндөрүнүн жеңүүчүсү, жаш нейрохирург  Байымбет Раимжанов Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди. Саякаттын жүрүшүндө опера, балет, драмалык театр жана концерттерге барган учурлар, Москва-суусу боюнча сейилдөө, Архангельское короо жайын, космонавтика музейин, сүрөт галереяны кыдыруулар боюнча сүрөттөр  ГАЛЕРЕЯ/ ПРЕМИЯ рубрикасындагы сүрөтальбомдо жарыяланган.

http://daniyarov.kg/2017/10/25/10-dney-v-moskve-neyrokhirurga-bayymbeta/?lang=ky

***

Тилекке каршы, Фонддун 2017-жылдагы жеңүүчүсү, мугалим Турумкан Каримова быйыл бул саякатка бара албай калды, бирок, ал кийинчерээк сөзсүз барат деп ишендирип кетким келет.

“Биринчи мугалим 2017” сынагынын экинчи турунда жана жеңүүчүнү сыйлоо салтанатында тартылган сүрөттөр ГАЛЕРЕЯ/ ОКУЯЛАР ЖАНА ИШ-ЧАРАЛАР рубрикасында жайгаштырылган.

http://daniyarov.kg/2017/09/11/pervyy-uchitel-2017-vtoroy-tur-i-ceremoni/?lang=ky

2017-жылдагы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагында эң жогорку балл алган (5 – кыргыз тилинде жана 1 – орус тилинде) мугалимдердин дилбаяндары менен ДОЛБООРЛОР/ БИРИНЧИ МУГАЛИМ рубрикасынан таанышсаңыздар болот.

http://daniyarov.kg/2017/09/18/birinchi-mugalim-synagy-2017-zhyly-dilbayan/?lang=ky

Бул рубрикада билим берүү системасында иштегендер үчүн кызыктуу дагы башка макалалар бар.

***

Мурда жарыяланган макалалардан:

30-жылдардын аягында СССРде Сталинди жек көрүп, аны бийликтин жекебасары, адам өлтүрүүлөрдү уюштургуч жана партия жетекчилеринен тартып, катардагы карапайым жумушчуларга чейинки чынчыл көптөгөн адамдарды жок кылган деп эсептеген адамдар болгонбу? Менимче, андай адамдар көп эле болгон. Бирок СССРдин жарандарынын арасынан бул жөнүндө Генсектин өзүнө айтууга батынган жок дегенде бирөө болгонбу? Биз жарыялаган материалдын автору кечээ жакынкы мезгилге чейин андай адамдар жөнүндө уккан эмес… Балким сиз автордун бул суроосуна жооп бергиңиз келер, андай болсо өз пикириңизди жазып калтырсаңыз болот (макала орус тилинде).

http://daniyarov.kg/2017/03/06/postupok-barbory-shvarc/?lang=ky

Терең кадырлоо менен,

Асел Даниярова

 

 

__________________________________________________________

Сиздер жаңы маалыматтар жөнүндөгү таркатмага жазылсаңыздар болот. Ал үчүн өзүңүздүн электрондук дарегиңизди сайттын баракчасынын төмөн жагындагы атайын бөлүнгөн аянтка киргизиңиз.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *