CONTEST DIARY

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүлүп келаткан сынактын кезектеги 6-жолку сынагы аяктагандыгы тууралуу кабарлагым келет. Жеңүүчүнү сыйлоо салтанаты 2017-жылдын 9-сентябрында, ишемби күнү Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУнун Жыйындар залында өттү.

Сынакта жеңүүчү болуп, 1-орунду төмөндөгү мугалим ээледи:

Каримова 2017

КАРИМОВА ТУРУМКАН АБДЫРАХМАНОВНА – Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими.

Эми ал мугалим Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякатка бармакчы.

Төмөндөгү эки мугалим сынактын лауреаттары болушту:

Караева Нургүл жана Акунова Нур Садатбековна
Караева Нургүл жана Акунова Нур Садатбековна

АКУНОВА НУР САДАТБЕКОВНА,

Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы, К.Акназаров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими;

КАРАЕВА НУРГҮЛ

Баткен облусу, Баткен району, Жаңы-Бак айылындагы К.Тагаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими;

Үч мугалим тең классындагы бардык окуучулары менен Бишкек шаарына бир күндүк маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет.

Андан тышкары, биринчи турдун жыйынтыгы боюнча дагы төмөнкү 3 мугалим биринчи турдун жеңүүчүсү Дипломун алышты

Каримова Турумкан Абдырахмановна (в элечеке) и Темирбекова Чолпон Асановна
Каримова Турумкан Абдырахмановна (элечекчен) жана Темирбекова Чолпон Асановна

ТЕМИРБЕКОВА ЧОЛПОН АСАНОВНА,

– Талас облусу, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы, Р.Осмонов атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими;

ТАШМАТОВА ГҮЛЖАМАЛ БЕГИМОВНА,

 Талас облусу, Талас району, Сасык-Булак айылы, Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектептин мугалими;

ДЖАПАРОВА АЙГҮЛ КУСУЕВНА,

Чүй облусу, Жайыл району, Алексеевка айылы, Алексеевка мектебинин башталгыч классынын мугалими

Джапарова Айгул Кусуевна жана Ташматова Гүлжамал Абдырахмановна
Джапарова Айгул Кусуевна жана Ташматова Гүлжамал Абдырахмановна

 

 Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылындагы Т.Темиралиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими КАРАБАГЫШОВА ГУЛАЙЫМ ЖУМАБАЕВНАНЫН экинчи турга активдүү катышкандыгын баса белгилеп кетким келет.

Карабагышова Гүлайым Жумабаевна получает грамоту гостей конкурса - Конгресса Женщин
Карабагышова Гүлайым Жумабаевна получает грамоту гостей конкурса –
Конгресса Женщин

 

Салтанаттын жүрүшүндө сынакка катышкан БАРДЫК МУГАЛИМДЕР катышуучунун Күбөлүгүн алышты.

СЫНАК ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТАЛЬБОМ Санжарбек Данияровдун Фондунун сайтында жайгашкан, сиз аны менен төмөнкү шилтем боюнча тааныша аласыз:

Биз 2018-жылда өтө турган кезектеги сынакка даярдануудабыз! Ал тууралуу Сизге сөзсүз кабарлайбыз жана кененирээк  маалыматты сайтыбызга жарыялайбыз. Сиз жетектеген райондун мугалимдери активдүү катышат деп ишенебиз!


Author
Асель Даниярова

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *