КАТЫШУУЧУЛАРГА

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

Калыстар тобунун баасы боюнча сынактын 1-турунда эң жогору балл алган 6 дилбаянды жарыялайбыз. Дилбаяндын темасы: “Ч.Айтматовдун “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” повести менен менин алгачкы таанышуум жана кийинки жылдарда менин Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр”  деп аталат.

Анын ичинде 5 дилбаян — кыргыз тилинде, 1 — орус тилинде.


ТЕМИРБЕКОВА ЧОЛПОН АСАНОВНА

Талас облусу Кара-Буура району Жоон Дөбө айылы

Р.М.Осмонов атындагы Орто Мектеп

 Чынгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести менен менин алгачкы
таанышуум жана кийинки жылдарда менин Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр

 

Мен Ч.Айтматовдун чыгармаларына болгон кызыгуум, өзүм мектепте окуп жүргөн мезгилинде, тактап айтканда 9-10-класстарда окуган учурларым туура келет.

Албетте, алардын ичинде «Биринчи мугалим» повести да бар эле. Ар ким өз курагына карата ой жүгүртөт эмеспи, алгач ошол чыгарманы окуганда мага өзгөчө таасир калтырган Алтынайдын образы болгон. Мектепте отуруп өзүмдү Алтынайдай сезип, сабак берген мугалимдерден Дүйшөндүн элементтерин издер элем. Мен да чечкиндүү болуп өз алдымча мектеп үчүн бир чоң иш жасоону самоочумун. Себеби Алтынай түн кирип кетет деп коркпой, бир кап тезегин Дүйшөндүн мектебине төгүп кол кабыш кылбады беле. Ошол чыгарманын таасириби, айтор, мен да эң жакшы окуп, мектептин коомдук иштерине активдүү катышып, мугалимдерден алкыш сөздөрдү угууну каалоочумун. Азыр ойлоп көрсөм, Горькийдин сөзү менен айтканда, китеп мага апамдай эле тарбия бериптир. Ошол китептеги каармандар Дүйшөн менен Алтынай да мени тарбиялаптыр. А балким менин мугалим болуп калышыма да, болгондо да башталгыч класстын мугалими болуп олтурганыма мына ушул “Биринчи мугалим” повестти түрткү болгон чыгар. Ооба, азыр мен Алтынайдын эмес, Дүйшөндүн ордунда турам. Дүйшөн болгону отуз алты тамганы билген мугалим. Өзү да: “Мен жаман эле мугалиммин, бирок менден да жакшы мугалим жок”-дейт. Бирок ал сабаты жагынан болбосо да, сапаты жагынан жогору, азыркы сөз менен айтканда “Эл мугалими”, балким, “Эл баатыры” деген улуу наамга татыктуу болор эле. Деги эле Чынгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары менен ааламга бекер жеринен сүңгүп кирген эмес. “Биринчи мугалим” повестинде да окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамилени өтө чеберчилик менен бере алган. Алтынайдын: “Адам кайгырганда аркасынан карап турганда эле билинет экен” -деп Дүйшөндүн маанайы жок кетип баратканын болжолдойт.

Демек, окуучу мугалимди сүйсө, ал менен кошо кайгырып, кошо сүйүнөт тура.

Эң негизгиси баланын көңүлүн таба билүү — бул мугалймдин биринчи куралы болуп отурбайбы, урматтуу кесиптеш. Таланттын токсон тогуз пайызга эмгек экендигинде дагы бир жолу далилдеп кетким келет. Мектеп ачам деп кара жанын карч уруп, эски ат сарайды ондоп, билим менен иши жок караңгы элди көндүрүп, тар жол тайгак кечүүдөн өткөн Дүйшөн агайдын эмгеги ат көтөргүс жүк экендиги талашсыз. Бирок ошондой болсо да акыры жемишин берип отурбайбы. Жашоонун чиелешкен татаал түйүнүн чечүүгө боло тургандыгы ушул Дүйшөндүн образы менен даана көрүнүп турат.

Алтынай өз башына өзү ээ эмес жетим кыз. Дүйшөн башка жактан келген чоочун мугалим. Чындыгында бул экөөнү колдогон адамы жок алсыз каарман эле да. Бирок Дүйшөн турмуштун агымына каршы туруп, өжөрлүк менен өз ишинин өтөсүнө чыкты. Бирок анын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү келечекти көрө билгендиги, окууну тааный билип, аны келечегине кашык каны калганча кам көрүп, чыныгы мугалимдин элесин чагылдырып жар салып отурбайбы.

Ооба, ал учурда кыргыз эли жаңы коомго кадам басып, эки ажы болуп, бир чечимди кабыл алууга чама-чарпы жетпеген мезгил эле. Мына ошондой учурда Дүйшөн сымаал бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган жараандардын аркасы менен турмуш агымы алга карай агылган. Мына ошондой ой толгоолордон улам менин Дүйшөн агайга болгон көз карашым жылдан жылга өрчүп, таң калуум күчөп, бир учурда өзүмдү Алтынайдай сезсем, азыр дал ушул Дүйшөн сымаал мугалим болуп отурам. Чынында эле жаман ат сарайды оңдоп-түзөп, мектеп кылып, күрүп тооктордой болуп бирөөн ээрчитип, бирөөн көтөрүп, кыштын кычыраган күнүндө тоодон түшкөн кардын муздак суусун кечип өтүү — азыркы заман менен салыштырганда акылга сыярлык иш эмес. Азыр дал ошол Дүйшөн турган орунда мен туруп, биринчи мугалим болуп, эрдикти эмгегим менен көрсөтүп, ташка тамга баскандай из калтырып кетким келет. Алтынай үчүн Дүйшөн кандай бийик болсо, биз да ар бир окуучу үчүн ушунчалык суктанаарлык үлгү болсок деймин. Келечекте биз окуткан окуучулар мейли Академик болсун, мейли Эл баатыры болсун ушундай даражага мугалимдин артынан жеттик деп, кандай болгон күндө да, алар бизди бийик деп сезсе, анда биз да өз максатыбызга жеткен болор элек.

Баарыныздарга белгилүү болгондой, биринчи сентябрда биринчи коңгуроо кагылып, биринчи сабак башталып, биринчи мугалим менен таанышып, боё сезим балдардын мектеп турмушу башталат эмеспи. Көп жылдык тажрыйбамдан улам биз өз кесибизди канчалык татаалдыгына карабай уланта беребиз. Маселе башкада; бала мектепке киргенден тарта алардын эң ишенген адамы (керек болсо ата-энесине ишенбеседа) мугалим болот. Анын айтканы закон. Мугалимди эч качан жаңылбаган даанышман катары сезишип, аны идеал тутушат. Демек, мугалим чындыгында эле жаңылбоого милдеттүү. Себеби, Окуучу мугалим аркылуу азыктана баштайт. Сен кандай азыктандырсаң, алар ошону сиңирип, ошол аркылуу өсүп өнүгөт. Кандай нукка бурсаң, ошол жол менен кетет. Ата-эне үчүн баладан артык эч нерсе жок эмеспи. Мына ошол ата-энелер өз балдарын мугалимдердин колуна тапшырышат, алардан үмүттөнөт. Алардын ар бири өз балдарын Алтынай Сулаймановадай болуп, Академик болуусун каалашат жана балдар да өз үлүнгүн алып жогорку дараметке жетүүгө укуктуу. Мектеп жылдарында баланын көөдөнү билим менен тарбияга толсо, ал сөзсүз өз үрөөнүн берет. Капысынан баланын көөдөнүндө бош орундук калса, ал жерге вирус кирип кеткендей жаман адаттар өзү эле толуп калат. Ошондуктан, урматтуу кесиптештер, мугалим мөмөлүү дарак деп тегин жеринен айтылган эмес. Өзүбүздун витаминдүү мөмөлөрүбүз менен Кыргызстандын келечегин түптөөчү жаштарыбызды тынымсыз азыктандыруу бул биздин колубузда экенин өмүр бою унутпоого милдеттүүбүз. Өзүнүздөр ойлоп көрсөңүздөр, болгону отуз алты тамганы билген Дүйшөн агай кат сабаты жоюлбаган караңгы элди көндүрүп, каршы болгонуна карабай мектеп ачып, балдарды окутуп бүткүл кыргыз элине Ильичтин шамын жакпадыбы. Мейли, ал учурда Дүйшөн сабатсыздын сабатын жоюп, караңгы заманды аңтарып, өзгөртүп ала салдырып таштаса, азыркы дал ушул бүгүнкү күндөгү доорубузда, ар бирибиз ошол Дүйшөн сыяктуу эмгектенбесек, Ильичтин шамынын өчкөнү өчкөн. Себеби азыркы ааламдашуу заманында өз балдарыбызды өзүбүз тарбиялай албасак, анда башкалар тарбиялап коёру айдан анык. Мына ошондо өз энесине ок аткан маңкурттардын саны көбөйүп, ансыз да өксүп турган өлкөбүз өрлөй албай орго түшөт. Кийинки кездерде Себат, Билимкана жана башка дагы ушул сыяктуу мектептер ачылып, сабактар англис, орус тилдеринде өтүлүп, алардын төлөмү канчалык кымбат экенине карабай ата-энелер балдарын ушул сыяктуу мектептерге берип жатканы Кыргызстандын мамлекеттик мектептеринин деңгээлинин төмөндүгүнөн кабар берет.

Азыр ата-энелер жер кезип, акча таап, ошол тапкан ташыганын менчик мектептерге төлөп, алардын билими үчүн тынсызданып, балдарынын эртенки тагдыры үчүн түн уйкусунан безип, дүйнө кыдырып жүрүшөт. Аларда өздөрүндүй болуп балдарынын адашып, жол таппай, бактысын башка жерден издеп калышын каалабайт. Мына ошондуктан ар бир кыргыз жараанынын келечек тагдыры, керек болсо мамлекеттин тагдыры мугалимге байланыштуу. Азык коом билимге терең түшүнүп, суусап жаткан учуру. Демек алардын суусунун кандыруу кимдин милдети? деген суроо туулат.

Элибизде: “Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” деген кеп бар. “Анын сынарындай такыр ырдай албаган адам артист боло албагандай эле, мугалим болуу да өтө чон жөндөмдү талап кылат. Тактап айтканда, мугалимдин окуусун бүтүп, диплом алгандын бары эле татыктуу билим бере албайт. Ошол мугалимден бардык кесиптин ээлери чыгат жана ошол мугалимден мамлекет түптөлөт. “Билим жеке адамдын да, бүтүндөй мамлекеттин да эң күчтүү куралы, коомду алдыга жылдырар локомативи” (Ж.Соймонд англиялык экономист, философ). “Билими күчтүү минди жыгат” дегендей Финляндия мамлекети саздак жерде жайгашканы аз келгенсип, жеринде кен байлыктары да жокко эсе. Жашоо шартка ылайыксыз жер экенине карабай, билим сапатынын жогорулугунан улам дүйнөдөгү алдынкы өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Бүгүн бары мугалимдин күчү менен жеткен ийгилик деп айтууга негиз бар.

Урматтуу кесиптештер, азыркы коом болуп көрбөгөндөй адеп ахлакка, үрп-адатка, мекенчилдикке да суусап турган кези. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө көлөмү жагынан да, көркөмү жагынан да эч бир эпос тең келе албаган Манас эпосунда биздин каада-салтыбыздын баалуулуктары жыйналган. Азыркы учурда эли жерин Манастай сүйгөн, калкына Каныкейдей күйгөн, ата жолун Семетейдей уланткан билимдүү да, маданияттуу да улан-кыздарды тарбиялоо абзел. Мына ушунчалык түгөнгүс жоопкерчиликтин бардыгы мугалимге жүктөлгөн. Президентибиз эки жылдан бери, бекер жеринен маданият жылы деп баса белгилеп жаткан жок чыгар. Бул өзгөнү туурап өз маданиятыбыздан адашып жатканыбыздан кабар берет. Мына ушунун барына бала мектепте окуп жүрүп калыптанат. Дагы да болсо Биринчи мугалим” повестине кайрылып кетүүнү туура деп ойлойм. Дүйшөн Алтынайды сезимтал экендигин сезип, улуу билимге аттандырды. Азыркы учурда мектепте жакшы окуп, кийин чет мамлекеттин биринде ар кандай иштер менен алектенип жүргөн окуучуларымды көрүп, зээним кейип да кетет. Себеби алар үчүн акча табуу биринчи орунга коюлуп, бүт нерсени акча менен чечүүгө болот деген бүтүмгө келишкен. Аттиң ай, ушул окуучу окуса мындан сөзсүз илимпоз чыгар эле деп өзүмчө капа болуп калам.

Демек, мектеп учурунда жеткиликтүү, түшүндурүү иштери жүргүзүлбөй, Алтынайдай кылып жол көрсөткөн көсөм болгон эмес. Ошондуктан мектеп жылдарындагы, сен сабак берген кырк беш мөөнөт алтынга тете. Эгер сен ушундай жеткиликтүү тарбия бере алсаң, ал мейли илимпоз болсун, мейли академик болсун, деги ким болбосун сага ийилип таазим кылып башын ийет. Албетте, сен бүгүнкү күндүн Дүйшөнү болсоң, урматтуу мугалим! Кээде ата-энелерден: “Ии деги мугалимдерге ырахмат, үйдөгү өз балабызга тарбия бере албай кыйналабыз, ошончо балага билим берүү оңой эмес да”-деген сөздөрдү угуп калабыз. Буга биз корстон болбой, тереңирээк ой жүгүртүшүбүз керек. Себеби, алар мугалимдин окуусун окубагандан улам ушундай жыйынтыкка келишет. Баланын мектеп жашындагы жаш өзгөчөлүгүнө карата кандай мамиле кылуу керек экендиги тууралуу мугалимдик кесипте окуп жүргөндө педогогикалык психологиядан сиз тааныш болгонсуз, а, ата-эне эмес. Ошондуктан мугалим өзү окуткан ар бир баланы, алардын үй-бүлөлук шартын өтө жакшы билүүгө тийиш. Эгерде мугалим менен ата-эненин ортосунда алака болбосо, экөө тең баланы бири-бирине түртүп отуруп, окуучунун психологиясын бузуп коёт. Маселен: Эки адам футбол тобун ары бери тебе берсе, акыры топко күч келип жараксыз болуп калат эмеспи. Мына ошондой акыбалга калтырбоо үчүн, демилгени дайым мугалим биринчи колго алуусу абзел. Дүйшөн агай Алтынайдын үй-бүлөлүк шартынын ордугуна карабай мектепке тартып, “Сен зээндүү кызсың, кандай болбосун окушуң керек”-деп көшөрүп отуруп окууга жөнөтпөдү беле? Жыйынтыгында Академик Алтынай Сулайманова чыга келди. Деги эч нерсеге шыгы жок адам жаралышы мүмкүн эмес да. Биз ар бирибиз баланын эмнеге жөндөмдүү экенин аңтара билсек, жана алардын алдына максат коюп, ага жетүүсүнө түрткү берип, жол көрсөтө алсак анда ийгилик сөзсүз биз жакка жылмаяры анык. Билим ийне менен кудук казгандай. Анын түбүнө эч ким эч качан жетпейт. Бирок ар бир адам изденүүнүн үстүндө болуш керек. Чыңгыз Айтматовдун “Адам кийген кийимине мактанып, ичкен ашына семирип, ток пейил тартып жыргап жатып калды дегенче анын адамдык сапатынын жоголгону дей бер”-деген. Демек, мугалим ар дайым изденүүнүн үстүндө болуусу зарыл. Сенин окуучуңдун алдыга жылышын сезбесең, анда ал артка кетип бара жатканы. Ушундай, жашоо дайым кыймылда болот. Жашоодо токтоп калуу деген жок. Ошондуктан ар бир окуучунун ачкычын таап, XXI кылымдын интелектуалдуу адамын чыгаруу милдети дал ушул мугалимдин мойнунда. Мугалим бардык жагына шайкеш келип туруусу керек. Эгерде анын сырткы көрүнүшүнө ички жан дүйнөсү, билими дал келбей турса, ал күнүмдүк эле жасалмалуулукка окшоп кетет. Ошондуктан мугалим өзүнүн турган турпаты, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү менен окуучуларга үлгү болуп аларды тарбиялай алат. Сен ушуну ойлонууң керек. Ошол үчүн элден мурун сен оңол, сен түзөл. Сени карап эл оңолот, сени карап эл түзөлөт. Себеби, кара баштуу, айры буттуу ар бир адам баласы өз кезегинде сенин колуңдан бир ирет өтмөйү бар. Ошол мезгили — анын адам болмогунун мезгили. Азыр биздин коомубуз бузулуп, адам дүйнөсү жакырланып бүттү. Аны көрүп, «жан дүйнөсү ак барактай таза» (ААСухомлинский) деген бей күнөө балдарыбыз булганып жатат. Үйдөн чыгып сага жеткенче канча дүйнөнү басып өтүп, ууру менен кескини, алдамчы менен паракорлукту, аракеч менен наркоманды, эл безер менен селсаякты, көз боёмчулук менен кумарпоздукту, деги койчу, булганыч дүйнөнүн бүтүндөй таштандыларын көрүп, жан дүйнөсү бүтүндөй булганып бүтөт… Эми алардан баланын жан дүйнөсүн качан, ким тазалап, анан кантип татыктуу билим-тарбия берет?…

Ошон үчүн айткым келет: азыркы мугалим балага билим берүүдөн мурда, ири алдыда, баланын жан дүйнөсүн тазалоосу керек!

Сен кандай гана улуу милдетти аркалап отурганыңды билдиңби? Ал мындай: ар улуттун баласын өзулутунун нагыз элдик мугалими тарбиялабаса, аларды башкалар тарбиялайт. Улут үчүн эң коркунучтуу нерсе дал мына ушул. Анткени башка элдин билимин үйрөнсө болот, бирок бир элди, башка элдин салттарына жараша тарбиялоого болбойт. Андай тарбия ал элди жок кылуу менен бүтөт. Жогорудагы «башкалар» дегеним-бүгүнкү глобалдашуу күнүндө чет элдик билим берүү уюмдарынын түрдүү идеядагы долбоорлору кыргыз мектебин жөө тумандай каптап баратат.

Улуттук стандарттар менен концепцияларыбызды четке сүрүп, илимий негизи да, улуттук маңызы да жок «жаңы стандарт» деген документтер менен чет элдик «шпаргалкалар» мектеп мугалиминин негизги документине айланууда. Ал документтер кыргыз баласын кыргыз болуудан алагды кылар тетири идеяларга сугарылып келгени менен маңыроо кыргыз элиң жеткире туйбай жатат азыр. Же болбосо, ар түркүн диний агымдагы секталар дагы ар кимибиздин балдарыбыздын ар бир кадамын аңдып, ар күн санап колубуздан талашып, терс идеяларга азгырып баратканын ким билбейт. Ошол үчүн дагы да айткым келет: улутубуздун келечеги жалгыз гана сенин колуңда, урматтуу Мугалим! Саясатчылардын да эмес, юристтердин да эмес, сот менен прокуратуранын да эмес, өлкөнү багам деген экономисттерин да эмес, аскер менен милициянын да эмес! Анткени алар элдин убактылуу проблемалары менен гана алпурушат, эч качан улуттун түбөлүктүү проблемалары менен башын оорутушпайт.

Кезегинде, кадимки О. Бисмарк прус армиясы француз армиясын жеңгенде:.

«Бул жеңиш прус армиясынын жеңиши эмес, ал-прус элинин элдик педагогикасынын жеңиши» деп акылмандык менен айтканы бекеринен эмес! Байкадыңбы, сенин ар бир күнкү сабактарың гана улуттун келечеги үчүн ойлонуп жашаган уул-кыздардын акыл сезимин, улутмандык жүрөгүн билинбестен кыш сымал кынап-курап отурат. Кыналган кыш улуу мунарага айланат. Ал мунара улутубуздун келечегинин мунарасы болот.

Демек, сен уул-кызыбызды кандай тарбияласаң-улуттун келечеги ошондой болот. Жаман тарбияласаң-уул-кызыбыз жаман өсөт, жакшы тарбия берсең-уул-кызыбыз жакшы болуп өсөт. Ошондуктан,улуттун уул-кызынын жаман болмогу да, жакшы болмогу да бир гана сенин  жолуңда!

Ошон үчүн қоом бизге өз баласын тапшырып отурат бүгүнкү күндүн Дүйшөнү.


ТАШМАТОВА ГҮЛЖАМАЛ БЕГИМОВНА 

Талас облусу Талас району Сасык Булак айылы

Жумагул уулу Алымкул атындагы Орто Мектеп

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести менен менин алгачкы таанышуум жана кийинки жылдарда менин Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр.

I.Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинде кыргыз элинин өткөн оор турмушу гана сүрөттөлбөстөн, караңгы элдин арасынан чыккан алгачкы интеллигенция өкүлдөрү туш болгон кыйынчылыктар эң таасын, айкын сүрөттөлүп берилген. Элдин караңгыдан жарыкка, сабатсыздыктан билимге умтулуусу абдан элестүү чагылдырылган. Бул повестти алгач өспүрүм кезимде окуганымда жазуучунун берейин деген идеясын анчейин түшүнө берген эмесмин. Дүйшөн өзү мугалим болбогондон кийин элдин миң түркүн какшыгын угуп, “закун-пакуну” менен иши жок беймарал, күнүмдүк кара курсактын гана камын ойлогон эл менен алышып, ачык эле теңсинбей, шылдыңдаган кептерин укса да укмаксан болуп, кара жанын карч уруп, эмгегин баалаган киши болмок түгүл, ыраазычылык сөз укпай, кыштын күнү сөөк какшыткан шыргалаң сууну кечип, үймө-үй окуучуларды чогултуп, бир эски сарайга окутуп не кереги бар деп ойлогом. Мага Дүйшөн өз баркын, өз баасын билбеген бир бечара адамдай туюлган. Керек болсо кийин ошол өзү баалаган окуучусу Алтынай дагы мектептин ачылуу аземине келип агайына жолукпай кетип калганы үчүн жаман көргөм. “Эмнеге элдин шылдың сөзүн угуп туруп агайын коргоп,бир ооз сөзүн айтып койбойт?. Эмнеге эшикке чыгып жолукпайт? Түштөн кийин калп эле таарынып, кимди коркутат! Агайына ыраазычылык билдирип, өзү олтурган төргө олтургузуп койбойт беле. Байкуш агайы “Менин окуучум” деп төбөсү көккө жетип, жер баспай көтөрүлүп калбайт беле” деп өз алдымча абдан чычалап, ага таарынгам. Балалык кыялымда Дүйшөндү аяп, боорум ачыган. Бул оюмду эстесем азыр дагы өзүмдөн- өзүм уялам.

  1. А бирок бой жеткен сайын дүйнөнү башка көз караш, түшүнүү менен карап баштаганда бул керемет повестти экинчи ирет окуп чыгып оюм таптакыр башка, мен күтпөгөн нукка өзгөрүлгөнүнө өзүм дагы таң калдым. Ошол мүнөттөрдөн баштап “Эгер мен Дүйшөндүн ордунда болсом ошончолук кыйынчылыкка туруштук бере алган кайраттуу, каалаганын аткарууга умтулган өжөр боло алат белем” деп ойго чөмүлгөнүм эсимде. Көрсө жаштыгымда жашоо күрөштөн турарын түшүнбөсөм керек го.

Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаковдун мындай деп айтканы бар: “Мен баланын жан-дүйнөсүнөн уча элек канаттын күүсүн угууга аракет кылам.” Биринчи мугалим Дүйшөн агай ошол мезгилде эле Б.Исаков айткан канатттын күүсүн угуп, баланын жан-дүйнөсүнө төңкөрүш жасап, билимге карай жол салып берген. Эгерде Дүйшөн агай сезимтал болбогондо Алтынайдын зиректиги билинбей көмүскөдө калат беле, ким билет?! “Жайнаган көзүңдөн айланайын! Окууга дегеле дилгирсиң. Кап, колумдан келсе, сени чоң шаарга окутсам э-э! Кандай киши болор элең!” деп жетим кыз үчүн күйүп-бышып кам көргөнү алкышка татыйт. Эгерде Дүйшөн агайы болбосо Алтынай Сулайманова академик болот беле, ким билет?! Окуучусунун билимге дилгирлигин байкаган агайы чоң шаарга окууга жөнөтпөсө жеңеси тапкан күйөөгө тийип, оту менен кирип, күлү менен чыккан, повестте айтылгандай “токол, тепсенди токол, талпак токол, күң токол, өмүрү көзү ачылбаган шордуу токол” бойдон калмактыр. Анда “окуп, билим алсаң” деген Дүйшөндүн изги тилеги тепселип, быт-чыты чыгып, кол жетпес жылдызга айланмак. Минтип башка адамдын балдары үчүн башын сайып иштеп, алардын эртеңки келечеги үчүн көргөн кордугуна, уккан сөзүнө кайыл болуп иштөө мугалимдин гана болгондо да, “ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМДИН” гана колунан келүүчү иш. Мындай чыныгы мугалим деген наамга татыш үчүн сөзсүз жогорку билим керекпи? Абирок Дүйшөндө жогорку билим түгүл орто дагы билими жок болуп жатпайбы. Окуткан окуучулары агайынын билиминен мурун анын адамгерчилигин, алар үчүн болгон илгери үмүт, жакшылык тилегенин бала болсо да баалап жатышпайбы. Дүйшөн өз заманында, өз мезгилинде бааланбаса да бүгүнкү күндө баарыбыз урматтаган “Идеал туткан” мугалимдердин “атасы” десек жаңылбайбыз.Ал акыйкаттык, чынчылдык, гумандуулуктун нормалары үчүн күрөшкөн, коомчулукту жаңы цивилизациялык багытка жол көрсөтүүнү көздөгөн инсан. Демек, кичинекей окуучуларынын эрезеге жеткендеги деңгээли биринчи мугалиминен аз да болсо үйрөнгөн нерселеринен улам калыптанган десек болот. Жаңы заман келгенден кийинки билим берүү жөнгө салынгандан берки бардык мугалимдер Дүйшөн жана ал сыяктуу алгачкы агартуучулардын салып кеткен чыйыр жолунда келе жаткан урпактарыбыз.

Эрезеге жетип, кесип тандоого келгенде эч ойлонбостон бул кең дүйнөдөн али толук кабары жок жаш, аруу балдарга “А” тамгасын үйрөтүп, алардын биринчи мугалими болом деп алдыма максат койдум. Кайсы жерден болбосун көчөдөнбү же мектептенби, айтор окуй элек бөбөктөрдү көруп калсам дароо эле алардын өздөрүнөн чоң сумка көтөрүп алып, топ-тобу менен чуру-чуу болуп мектепти көздөй келе жатканын көрүп, жүрөгүм жылыйт эле. Бул элестер карегимде түбөлүккө сакталып, ар дайым мага дем берип турар эле. Беш жыл мурда даярдоо классына келген баёо, энесинин колун коё бербей чыр салып, жер тепкилеп ыйлап “класска кирбейм, окубайм” деп айлабызды алты кетирген балдарым 4-класска келгенде чоңоюп, көзүмө кадыресе чоң адамдардай көрүнүп калат. Алгачкы мугалим окуучунун көзүнө дайыма өзгөчө көрүнөт, өзгөчө мамиле жасайт. Бүтүрүп кеткенден кийин да мейли ал студент, мейли бизнесмен, мейли илимдин артынан кеткен илимпоз болсун сени менен кездешкен жерден ууртунан жылуу жылмайып, жүгүрүп келип колуңдан кысып учурашып калса, төбөң көккө жетип калат эмеспи. Канткен күндө да балалыгынын таттуу ирмемдерин бөлүшкөн, күбө болгон, эсинен кетирбеген ата-энесинен кийинки эле жакын адамы эмеспи. Жыгылса тургузган, чалынса түздөгөн, ыйласа соороткон экинчи энеси сыяктуу эмеспи.

Бардык ишти алгач баштаганда кыйынчылыктар болот го, мен дагы педагогдук кесибиме иштеп баштаган алгачкы жылдары туш болгон кыйынчылыктарга чыдабай “Эмнеге ушул кесипти тандадым экен? Кагаз жумушу азыраак, айлыгы көп жумушту тандасам болмок, же элге окшоп Россиянын чоң-чоң шаарларына барып, машинелүү, үйлүү болгуча иштеп келсемби деп” көр дүнүйөгө кызыгып, азгырылып да жүрдүм. Бирок соодага да, башка жумушка да кетип калган жокмун. Андай нерсеге шык, жөндөм керек экен. Менде андай шык таптакыр жок экен, кудай мени ошондой жөндөмдөн куру калтырып койгонуна миң мертебе шүгүрчүлүк келтирем. Болбосо мен дагы көптүн бириндей болом деп чаарала сумканы жонума салып, базардан-базар кыдырып жүрөр белем. Педагогдук кесип түрдүү окуяларга бай. Кээде жетекчиңден тил угуп, же окуткан балаңдын жетишүүсү начар болуп көңүлүңдү чөгөрсө, кээде окуучуңдун бир ооз жылуу сөзүн угуп маанайың көтөрүлөт.

Эсимде, кыштын күнү сасык тумоолоп, бир нече күн жумушка чыкпай үйдөн дарыланып калдым. Ошол күнү жумушка чыккам, мектепке жакындаганда мен окуткан 3-классымдын балдары жамыраган козулардай болуп, чуру-чуу менен астымдан тосуп чыгышты. Ата-энеси Россияда иштеп, атасынын бир тууганынын үйүндө тарбияланып жаткан Атай аттуу окуучум чуркап келип кучактап жиберсе алгач мен дагы, жанымдагы балдар да түшүнбөй калдык. “Эжеке, сизди абдан сагындым! Экинчи оорубаңызчы!” деп жалооруган үн менен кайрылса, ооруп, келбей жүргөнүмө өзүмдү күнөөлөп жибердим. “Экинчи оорубайм” деп убада берип жибергенимди өзүм да сезбей калдым. Бул окуя мени көпкө түйшөлтүп, жүрөгүмдү оорутуп жүрдү. Көрсө адам баласы күндүн табы менен эненин мээримине гана жылынбастан жакшы мамиле, жакшы көңүл менен бири-бирибизди жылытат турбайбызбы. Ошол бала жетишпеген эне мээримин менден алып жүргөн тура.

Байкасам биз башталгыч класстын мугалимдери абдан сезимтал, жүрөгү жумшак болуп калат экенбиз. Себеби албетте жаш, аруу наристелер менен бир нече жыл бирге жүрүп бала менен бала болуп, “Сыныктан башкасынын баары жугуштуу” демекчи, алардын жакшы сапаттарынын көбү бизге да жугушат окшобойбу. Адам улам кексе тарткан сайын өткөнүнө саресеп салып, “аттиң мобул жерди мындай кылсам болмок” деп талдап турат экен. Мектеп босогосун аттап, балдарга билим бере баштаганда деле мугалимдик кесиптин мынчалык түйшүктүү, жоопкерчиликтүү экендигин жон терим менен сезе билбептирмин. Көрсө турмуш, убакыт өзү тараза тура. Адам баласынын жашы өйдөлөгөн сайын жашоого, келечекке болгон көз карашы өзгөрүлүп, ушул мен артымда эмнени калтыра алдым, кимге канча жакшылык жасай алдым, эл журтума кандай кызмат кыла алдым деген ойлор ороп чулгап алат тура. Балким Дүйшөндү дагы ушул ой тынчсыздандырып, уйку бербей, ушул кыска жашоодо ошол убактагы “караңгы, дээрлик билимсиз кыргыз элимдин келечеги эмне болот, бул ишти мен кылбасам, ким кылат”,- деп белин бекем бууп, шымалана элдин кемсинткен, ыза кылган, жемелеген сөздөрүнө көзүн жумуп, билим берүүсүн токтотпостон өжөрлүк менен уланткан чыгар.

Ар күнү эртеңки ишиме даярдык көрүп жатып, балдарды кантип сабакка кызыктырсам деп түйшөлөм. Ар бир сабагымды ар башкача кызыктуу кылып өткүм келип изденүүдөн талбайм. Эгерде бүгүнкү өткөн ыкмаңды эртең дагы кайталасаң балага кызыксыз болуп, сабакка көңүл бөлбөстөн, башка нерсеге алаксый берет. Муну мен өзүмдүн көп жылдык иш тажрыйбамдан байкап жүрөм. “Бала жердин жандуу гүлү” деп коёт эмеспи, ошол гүлдү кууратпай, келечекте көргөн көздү кубанткан ажарлуу кылып өстүрүү зарыл. “Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат ” дегендей өсүп келе жаткан жаш муунга туура багыт, жол көрсөтүү ата-эненин жана педагогдордун милдети. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө да Алтынайдын байке-жеңесиндей адамдар бар экендиги өкүндүрбөй койбойт. Кээ бири баласын мектепке убагында жөнөтпөй, сабак даярдоого көмөк көрсөтпөй, “Чилистен болмок белең”деп окууга жибербей койсо, кээ бири куураган көр тириликтин азабынан балдарын туугандарына таштап алыста жүрөт. Ал бала балким чындап эле окууга дилгирдир, келечекте ошол Чилистенден өткөн илимпоз же эл керегине жараган эр-азамат уул-кыздардан болотур. Ишенген тууганы болсо баланын кылган жумушуна кызыгып, келечегине балта чаап, билимден өксүтүп жатат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жапа тырмак аракеттенүүбүз зарыл.

Эгер мектеп уя болсо, ата-энелер бизге балапандарын кыраан куш кылыш үчүн тапшырып кетишет. Ал эми аны кыраан куш кылабы же сук кузгун кылып таптап чыгарабы ал кесип ээлеринен көз каранды. Ашпозчуларда жакшы сөз бар эмеспи “Тамак даамдуу болуш үчүн жүрөгүң менен берилип жасашың керек” деген. Биздин кесипте дагы эгерде сен өз жумушуңду сүйбөсөң, башканын баласын өз балаңдай көрө албасаң, анда ишиңдин натыйжасы болбойт. Жакшы натыйжага ээ болуш үчүн болгон билимиңди, аракетиңди жумшап, талыкпастан чыгармачылык менен эмгектенүү зарыл.

Мен өзүмдүн басып өткөн жолума, аркалаган кесибим аркылуу жасаган иштериме кылчая карап, анализ берип, ушул ардактуу мугалимдик кесипти тандап алганыма, Дүйшөндүн жер көтөрө алгыс зор эмгегин улантып аз да эл журтума, кичинекей болсо дагы келечектин мууну болгон жүрөктөрү таза, акыл-ойлору тунук балдарга “А” тамгасын үйрөтүп, билимге, жарык келечекке карай багыт берип жатканыма сыймыктанам…

Биздин устатыбыз Бектур агай: “Ар бир окуучу мен үчүн кымбат, жаңы гана жааган аппак кардай балалыктын таза дүйнөсү асыл дөөлөт эмей эмне” деп белгилеп кеткендей, мугалим үчүн ар бир бала өзүнчө кенч.

III. Кыргыз элинде очок деген жакшы сөз бар. Очок- берекенин, ырыскынын жана бейкуттуктун символу. Ошондуктан аны ыйык тутуп, “очокту теппе, аттаба” деп тыюу салып келишкен. Мугалимдик кесиптин очогун Дүйшөн агай баш болгон улуу муундарыбыз түптөп кетсе, артында жалгыз Талас өрөөнү гана эмес бүткүл кыргыз журтчулугунун сыймыгы болгон Бектур Исаковдой чыгаан педагогдорубуз улантып, отун өчүрбөй келүүдө. Келечекте дагы көптөгөн улан-кыздарыбыз ушул кесипти аркалап, эмгектин алдыңкыларынан болуп чыгарына үмүтүбүз зор. Чындыгында эле ар бир адамдын алдына койгон максатына жетүүдө ар кандай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болот тура. Ал кыйынчылыктардан өтүү үчүн эбегейсиз зор эмгек, кайрат, чыдамкайлык, кайраттуулук жана өжөрлүк талап кылынат тура. Дүйшөн дагы өзүнүн алдына койгон максатына жетүү үчүн не бир кыйынчылыктардан өзүнүн өжөрлүгү, кайраттуулугу менен чыккан. Конфуцийдин “Эскини бузуп, жаңы нерсеге умтулууну билген адам мугалим боло алат” деген сөзү так ушул биринчи мугалимге төп келет.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөндүн образы аркылуу, бир кичинекей айылдагы окуяны баяндоо менен ошол учурдагы кыргыз элинин жашоо турмушун, социалдык-экономикалык абалын, элдин караңгылыгын, билимге болгон көз карашын таамай, таасын, так көрсөтүп бере алган. Чыгармадагы окуя жаңы заман келип, элдин жашоо нугу башка жакка өзгөрүлө баштаганда башкача айтканда 1924-жылы болуп өтүп, андан бери 90 жыл карыса дагы турмуш шарты, адамдар, алардын акылы, түшүнүгү өзгөрүлсө деле жалпысынан алып караганда мугалимдердин абалы дээрлик өзгөрүлгөн жок. “Бирок азыркылар абдан билимдүү, кесипкөй. Ал заман менен таптакыр салыштырып болбойт” дешиңер мүмкүн. Албетте билимсиз адам менен билимдүү адамдын айырмасы асман менен жердей. Ааламды чүмкөгөн караңгылыктан, туңгуюктан сактап, аны күндүн нуру сыяктуу жарык кылып турган бул илимдүү адамдар, демек мугалимдер алардын сап башында. А бирок ушуну түшүнүп-түшүнбөй эле кээ бир замандаштар “мугалимдер-эң төмөнкү катмардагы калк, эптеп-септеп эле иштеп жүрүшөт” же болбосо интернеттен, ММКлардан “мугалим урушуп койгону үчүн жумуштан алынды, баланын ата-энеси аны сотко беришти, алар баласынын ден-соолугужабыркаганын айтышууда” деген маалыматтарды окуп, көрүп калсам өзүмдүн кесиптештериме боор тартам, биз тууралуу уу сөздөрдү бетибизге да, артыбыздан да айткандарды дал ошол мугалим өстүрбөдү беле! Алар болбосо “ушулардын колунан бир окуп алсам армансыз өтөр элем” деп сабатсыз болгонуна арданышмак. Ошолорду мектепке алып келип бир апта “окут” деп койсо, оозуна келгенин оттогонун көрөт элем. Мен муну эмне себептен айтып жатам, демек, азыр дагы бирөөнү жөлөгөндүн ордуна каралаганды, колдоо көрсөтүүнүн ордуна бут тосконду туура көрөөрү түшүнүгү тайкы адамдардын канына эзелтен бери эле сиңип, акыл-эс менен кошо мээсине кирип калганы байкалып турат. Илгертен бери эле биздин кесиптин баркын түшүнүп, ыраазычылык сөзүн аябагандар жана алардын карама-каршы тарабы-болбогон нерсе үчүн жемелеп, жактырбай мурдун чүйрүп, теңсинбеген тарап болуп эки жээк жашап келет.

Мугалим эмне үчүн окуучуларын урушуп, атүгүл колу дагы тийип кетет? Алар эмне үйүндөгү жинин мектептен чыгарабы же болгону ошол окуучуну жаман көргөн үчүнбү же анын ата-энеси менен начар мамиледе болгондуктанбы?! Албетте бул ар кимдин оюнан чыккан жоромолдордун бири дагы чындыкка дал келбейт. Эгер биз окуучу өтө тентек болсо дагы көкүлүн сылап отурсак анда бара-бара биздин сөзүбүздү “кың” деп койбогонго, текебер болгонго үйрөнө баштайт дагы, биздин милдет аткарылбай калат. Келечекте начар балага айланса себепкери биз болуп калабыз. Ошондуктан, тең салмактуулукту сактап турушубуз керек. А бирок ар бир окуяга, сөзгө, көз караштарга сынбасак Жозеф Жубер айтмакчы “Бирөөнү окутуп жатып өзүбүз эки эселеп үйрөнөбүз”.


КАРИМОВА ТУРУМКАН АБДЫРАХМАНОВНА

Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району Темир айылы

Эркин Керимгазиев атындагы Темир-1 Орто мектеби

 Дилбаян: “Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести менен менин алгачкы таанышуум жана кийинки жылдарда Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр”

План:

  1. Киришүү. «Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести менен менин алгачкы таанышуум».
  2. Негизги бɵлүгү. Мугалимдик кесипти аркалап калышыма түрткү болгон адамдар, жагдайлар, кийинки жылдарда Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр.
  3. Корутунду. Биринчи мугалим болуу-жооптуу, сыймыктуу жана ардактуу.

Киришүү.

Бул теманы окуганда эле жүрɵгүмɵ сүйүнүч, сонун сезимдерди тартуулаган балалык чагым эсиме келди. Анткени повесть менен алгачкы таанышуум дал ошол алтындай балалык жылдарда болгон. Мен анда 5-класста окучу элем. 1967-жылдар болчу. Анда окуу программасында бар экендиги деле эсимде жок, ɵзүм кызыгып мектептин китепканасынан алып окуганым эсимде.

Ага чейин Касымалы Баялиновдун «Ажар» повестин, Сагындык Өмүрбаевдин «Телегей» романын окуп бүткɵм. Ал муундагы окуучулардын колунан китеп түшчү эмес. Курбу кыздарым Канайым, Мунара, Жаңыл, Каликан болуп жарышып, «мен биринчи бүттүм, сен биринчи бүттүң» болуп атаандашып китеп окучу элек.

Ошентип “Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин окуп баштадым. Кɵз алдыма элестейт, кичинекей жука китеп болчу. Түшкɵ чейин апам сабак окутуп келгенче, бала багам, түштɵн кийин ɵзүм мектепке барам. Кечинде сабактарымды даярдап бүтүп коюп, китепти колума алам. Электр жарыгы движок менен саат 10 го чейин эле иштейт, андан кийин чырак күйгүзмɵй. Ага деле карабайм, кызыгып ичине сүңгүп кирип кетем, чырактын жарыгына салып окуйм. Апакем «оой, Тукалаң, жат, ɵчүр чыракты!» дегенде айла жок китепти араң таштайм.

Ошондо мен балалык кылып, Дүйшɵндүн эмгегине анча деле баа бербесем керек. Мени Алтынайдын тагдыры кɵбүрɵɵк кызыктырчу. Айрыкча Дүйшɵндү сабап, колун сындырып, Алтынайды күчкɵ салып атка жүктɵп алып кеткенин окуганда, кадимкидей ошол кɵрүнүш кɵз алдыма элестей калчу. Жыгач казык менен керегенин түбүн оюп, качым кетсем деген Алтынайдын жанында боло калып, керегени кɵтɵрүп жиберип качыргым келип кетчү. Анан Дүйшɵн эки милиционер менен барып, Алтынайды бошотконун, дүңкүйгɵн зɵɵкүрдү кармап кеткенин окуганда, ушунчалык Дүйшɵнгɵ ыраазы болуп, ɵзүм оор жүктɵн кутулгандай кадимкидей жеңилдене түшкɵн элем.

Дүйшɵн Алтынайды Ташкенттеги балдар үйүнɵ узатып жатып, «Канатыңды жазып талпынгын, Алтынай. Эчтемеден тайманба, чабыттап учкун, окуй бер… сапарың ачылсын, жоодураган көзүңдөн айланайыным…» », — деп коштошуп кала бергенде поездде Алтынай эмес эле, канат байлап мен бара жаткандай сезилген. Ошондогу Дүйшɵнгɵ болгон урмат-сыйдан улам, менин мугалимдик кесипке кызыгуум башталган болсо керек.

6-класста окуган кезимде «Кыргыз драма театры келиптир, «Биринчи мугалимди» коет экен», — деп, атам бɵбɵктɵрүмдү алып калып, апам экɵɵбүздү жиберди. Кичинекей отургучтарыбызды кɵтɵрүп, спектакль кɵргɵнү жɵнɵдүк. Айлыбызда клуб жок. Машинанын кузовун ылдый түшүрүп жиберип, ошонун үстүн сахна ɵңдɵнтүп, спектакль кɵргɵзɵр эле. Кеч күз, күн суук. Ага да карабай, эч ким кетип калбай, аксакал-байбичелерден баштап кичине балдарга чейин дем чыгарбай, тыптынч болуп, эки кɵзүбүз артисттерден ɵтүп, окуяга аралашып кеттик. Окугандарымды ошондо спектаклден кɵрдүм. Дүйшɵндүн образын Арсен Өмүралиев аткарды, балдарды кышында муздак суудан жылаңайлак ташып алып ɵткɵн, билгенин жан-дили менен берилип үйрɵткɵн Дүйшɵндү ого бетер кадырлап калдым, аны шылдыӊдап, жардам бербеген айылдаштарына ачуум келди.

Мен үчүн ал кезде мугалимден бийик адам жок эле, жалпы эле окуучулар, айыл эли бүт мугалимдерди сыйлап, урматтап турушчу. Аны менен бирге эле айылдык мугалимдер бекер кол күчү да болгон. 9-10 жашымда бөбөктөрүмдү мага таштап, апам башка эжейлер болуп колхоздун апийимин тилип-отогонго барышар эле. Жайында мугалимге эмгек ɵргүү деген жок, «мен мугалим» дегендин баары 7-класстан жогору окуучулар менен бирге чɵпкɵ чыгышчу. Бирок, бул кɵрүнүшкɵ мугалимдер, мисалы ɵзүмдүн апам капа деле болчу эмес, айылдыктардын «Биринчи мугалимде» айтылгандай: «А бечара, мугалим деген кызматың деле жыргаган жумуш эмес экен го… ». – дегенин уккан эмесмин.

Негизги бɵлүк.

Мугалимдик кесипти аркалап калышыма түрткү болгон адамдар, кийинки жылдарда Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр.

Мени мугалимдик кесипке, коомдук иштерди аткарууга тарбиялаган эжейим – химиядан сабак берген Акитаева Асылкан эже болду. 7-класста окуп жатканда, комсомолго жашым 4 ай жетпей калып, Асылкан эже бир жашка чоңойтуп комсомолго ɵткɵрдү. 8-класста мектептин комсомол уюмунун секретары кылып шайлашты. Жыйналыштарды так, туура ɵткɵрүүгɵ, токтомдорун, иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүүгɵ кɵнүктүргɵн дал ошол Асылкан эжем болду.

Ошол эженин таасириби, же ата-энемдин мугалим кесибиби, же эл арасында мугалимдин кадыр-баркы жогору болгондонбу, же Алтынайдын багын ачкан Дүйшɵн мугалимге сый-урмат сезимденби, айтор 10-классты бүтүп, «Кайсыл кесипти аркаласам?» деген тандоо кезеги келип жеткенде, юридикалык факультетке барууну эңсеп келсем дагы, Пржевальск педагогикалык институтунун математика факультетине тапшырдым.

2-курстан ден-соолугума байланыштуу академиялык ɵргүү алдым. Февраль айында үйгɵ коңшу Оорук-Там айлында мектеп директору болуп иштеген Сүйүндүк Мамбетов агай келип калды. Мени каникулга келди деп ойлогон экен, үйдɵ экенимди укканда эле атам менен апамдын ой-боюна койбой, математик мугалими декретте экенин, ордуна киши жок, сабак ɵтүлбɵй жатканын айтып, мени ɵзү менен алып кетти. Ошентип 5-8-класстардын окуучуларына 4 ай сабак бердим. Окуу жылынын аягында 8-класстын бүтүрүүчүлɵрүнɵн математикадан мамлекеттик сынак алдым. Комиссия мүчɵлɵрү сынак алганымды, эсептерди туура чыгарганымды, жалпы эле иш тажрыйбамды жогору баалашты. Сүйүндүк агайымдын кубанычы койнуна батпай, үмүтүн актаганыма аябай ыраазы болду. Сынактан кийин Дүйшɵндɵй болуп, үймɵ-үй кыдырып, ата-энелерди чогултуп, бүтүрүү кечесин да ɵткɵрдүм. Айырмасы, мени бардык ата-энелер сыйлап кабыл алып, айткандарымды кубанып аткарышты, кечебиз жогорку деңгээлде ɵттү. Директор бардык ийгиликтеримди кɵрсɵтүп, пединститутка абдан жакшы мүнɵздɵмɵ жазып берди.

3-4-курстарда педагогикалык жана мамлекеттик тажрыйба ɵтүүдɵ Пржевальск шаарындагы Киров орто мектебинде 8 «А», 10 «Г»-класстарга алгебра, геометриядан сабак берип, класс жетекчиси болдум. Ал учурда ɵзүмдү Дүйшɵнгɵ кɵп деле окшоштурган эмесмин, себеби окуучулардын биринчи мугалими эмес элем, антсе да, Дүйшɵнгɵ окшоп бүт билимимди, тажрыйбамды окуучуларыма жумшагандыгым чындык.

1979-жылы пединститутту бүтүп, Ысык-Кɵл районунун Темир айлындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебине орноштум. Математика мугалимине орун жок болгондуктан, 2- класска сабак бере баштадым. «Башталгыч классты окутуп кɵрбɵсɵм, кандай болот», — деген коркуу сезими болду. Бассам, турсам ойлор, ар бир баланы кɵз алдыма элестетем. «Ага андай сɵз айтуу керек, буга тигиндей мамиле кылсам болот», — дейм ичимден. Декреттик отпускага кеткен эжелердин ордуна улам бир классты окутуп, ооруп калган мугалимдердин узартылган группасында иштеп жүрүп 2 жыл ɵтүп кетти. Сабактарыма күн алыс Оторбаев Тайып, Какешов Конокбай, Айткулуев Мырзакан агайлар, Хапиза, Жүрсүн, Калбүбү, Бүкɵн эжейлер, окуу завучу болуп иштеген кайнатам Урманбетов Асан катышып, баалуу кеңештерин берер эле. Кайненем, химия мугалими Муктарова Роза менен да тɵрт жыл чогуу иштедим. Айрыкча завуч атамды уят кылбайын деп аябай аракет кылып, түн бир оокумуна чейин даярданар элем. Эки жыл ичинде агай-эжейлердин сыноосунан жогорку деген баада ɵттүм, такшалып, башталгыч классты окутуунун методдорун толук ɵздɵштүрүп калдым. Педкеңеште «башталгыч класстардын туруктуу мугалими деп эсептелсин» деген чечим чыкты.

Дүйшɵндүн «Мен сени өмүрү жанымдан алыс чыгарбас элем, Алтынай. Бирок менин билимим жетпейт …», — дегени бар эмеспи. Эгер Дүйшɵн деле билимин жогорулатып окуса, мектептин ачылышында окуучусу Алтынайдан жогору президиумда отурат эле да. Анын сыӊары, элге уят болбоюн, билимимди тереңдетейин деген максатта дасыгын жогорулатуу курстарына үзбөй барып турдум. «Начальный класс в школе», «Эл агартуу» журналдарын, «Мугалимдер гезитин» дайым калтырбай окучумун. Аларга ошол убакта эң сонун методикалык материалдар чыгар эле. Усулдук колдонмолор бизге жетчү эмес. Мектеп боюнча З. Маразыкованын «Диктанттар жыйнагы», С.Кондучалованын «Изложение жыйнагы» деген колдонмолор бирден гана бар эле, ошолорду кыдыртып пайдаланчубуз. Математикадан текшерүү иштерин окуу китебинен алып, окшоштуруп, текстин, сандарды башкача ɵзгɵртүп ɵзүбүз түзчүбүз.

1986-жылдан баштап 1-класска 6 жаштан кабыл алып, 11 жылдыкка ɵттүк. 1986-1987-жылдары айылдык бала бакча тарап кетти. Бала бакчага деле бирин-серин балдар барчу, кɵбүнчɵ жалаң үйдɵн келген балдарды окуттум, калем кармаганды мен биринчи үйрɵтүп, тамганы мен биринчи тааныттым. Ошентип 38 жылдан бери далай окуучуларга таалим-тарбия берип, башталгыч класстын мугалими болуп иштеп келе жатам, былтыр кезектеги окуучуларымды 1-класска кабыл алып, азыр 2-класста окутуп жаткан кезим.

Иш тажрыйбамда ар бир сабакка чыгармачылык мамиле кылып, талбай изденем. «Жагымдуу маанай», «БББ», «Венндин диаграммасы», «Кластер», «Синквейн», «Акыл чабуулу», «Ойду улант» ж.б. ыкмаларды кеңири колдоном. Алгач иштеген жылдары жакшы окуган окуучуга жетише албаган окуучуну бекитип, бирин-бири окутуу, топторго бɵлүп окутуу деген ыкмаларды колдонуп, жекече иш жүргүзөр элем. Ошол учурдагы методикалык ыкмаларым азыркы USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору, интерактивдүү методдор менен шайкеш келет экен.

Тарбиялык сааттарда балдардын жан-дүйнɵсүнɵ жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды сиңиргенге аракет кылам. Балдарыбыз ар тараптуу өнүгүп, коомдо ордун тапкан инсандар болуп чыгышы үчүн ата-энелер менен биргелешип, тыгыз иштешем. Былтыркы окуу жылында, 2016-жылдын 12-апрелинде, Үркүндүн 100 жылдыгына карата «Тарыхтан калган кандуу так» аттуу театрлаштырылган сабак өткөрүлүп, ата-энелер, окуучулар эле эмес, чоӊ ата-чоӊ энелер да ролдорду аткарып, активдүү катышышты.

Менин байкашымча, башталгыч класстын пайдубалы 2-класста түптөлөт экен. Эгерде 2-класста балдарды туура багыттап, билим сапатын бекемдеп калсак, андан ары аларга билим-тарбия берүү жеӊилдеп калат. 2011-2012-окуу жылындагы 2 «а» классымдан улам ушундай жыйынтыкка келдим.

Түйшүктүү эмгегимдин акыбети кайткан ийгиликтерим кɵп эле болду. Мен уядан учурган окуучуларым жогорку класстарда камчы салдырбай окуп кетишти. «Бул Турумкан эженин окуучулары, пайдубалы күчтүү», — деп педкеңештерде мактоолорду кɵп уктум. Мисалга алсам, окуучум Максатбекова Сезим 2011-жылы облустук олимпиадада кыргыз тилинен 3-орунду, мектепте 1000 АКШ доллары түрүндɵгү Б.Шамырканов атындагы стипендияны жеңип алды. Кыргыз-түрк Манас университетине акысыз окууга ɵтүп, ошол эле окуу жайда эмгектенет. Батырбекова Махабат 2010-жылы Гуанджоуда ɵткɵн XVI Азия оюндарында спортттун чуркоо түрү боюнча катышып, Ардак Грамотага татыктуу болду, учурда Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте чет тилден сабак берет. 2016-жылы Сталбекова Алина деген окуучумдун тарткан сүрɵтү бүткүл дүйнɵ жүзү боюнча 94 ɵлкɵ катышкан сүрɵт сынагынын жеңүүчүлɵрүнүн катарында Японияда журналга басылып чыкты. Алина 3-класста окуган кезинде Саламат агайга жетелеп барып, сүрɵт кружогуна коштурган элем. Окуучумдунн ичинде катылып жаткан талантын, жөндөм-шыгын кɵрɵ билгендигим бул ийгиликке себеп болгонуна абдан кубандым.

«Мугалимдин бактысы-сабак түшүнгɵн окуучулардын жайнаган кɵзүндɵ, алардын кийинки жетишкен ийгиликтеринде» дегендей, окуучуларым үйгɵ издеп келип, ыраазычылыгын билдиргенде, айрыкча менин жолумду жолдоп, мугалимдик кесипти аркалап, жемиштүү иштеп жатканын укканда тɵбɵм кɵккɵ жетет. Байчубакова Гүлбара, Гүлмира Токоева, Гүлбара Асанова, Сонун Бейшеканова, Махабат Сагалиева сыяктуу окуучуларым ɵлкɵбүздүн ар тарабында мугалим болуп ийгиликтүү эмгектенишет.

Кесибимдин түйшүгү, кыйынчылыктары да арбын. Алгачкы жылдары окуу колдонмолоруна зар болсок, азыркы убакта «Математика», «Кыргыз тили» окуу куралдарынын методикалык колдонмолору бар, бирок окуу китептеринин мазмуну чаржайыт, окуучуларга жеткиликтүү эмес, балдар 5-класска барганда аксап калышат. Мындай мүчүлүштүктɵрдөн арылыш үчүн жана сабак ɵтүүдɵ окуучуларды кызыктыруу максатында Григорьевка, Чолпон-Атага убакыт, каражат коротуп компьютердик клубдарга барып кошумча материал топтоп, слайд жасатып, программа боюнча фильм, түстүү сүрɵттɵрдү флешкага жүктɵтүп келем. Мектепте Интернет байланышы, техникалык каражаттар бар, бирок, аларды иштете албаганыма, Дүйшɵн сыяктуу билимим чектелүү болгондугуна кейип кетем, компьютердик сабатсыздыгыма нааразы болом.

Ар бир окуучумду ийгиликке шыктандырууда Дүйшɵнгɵ окшоп мээрим төгүп, өз баламдай мамиле кылам. Окуучуларым Аламанова Айжамал менен Мирбеков Данилди көп эстейм. Айжамал менингит болуп ооруду, Данил болсо башынан операция болду. «Врачтар кɵп күч келтирбеш керек деди, окубаса мейли, кирип-чыгып жүрɵ берсин» деп экɵɵнүн ата-энеси кайрылганда, педагог катары ага ынаган жокмун. Аларга жеңилдетилген тапшырмаларды берип, жекече иш жүргүзүп, акырындап аларды калыбына келтирдим, классташтарынын билими менен теңеп алдым. Айжамал эки окуу жайды: финансы техникумун жана медицина окуу жайын бүтүрүп, фармацевт болуп эмгектенет. Данил 6-класста окуйт, музыка, сүрɵт сабактарынан ɵзгɵчɵ жетишкендиктерди кɵрсɵтүп, күрɵш боюнча мелдештерге катышып жүрɵт.

Иш тажрыйбамда дагы бир эсте каларлык окуя — жаш кезде курчтук кылып Табалдиев Таалай деген окуучумду 4-класска кɵчүрбɵй койгондугум. Азыр ал 45 жашта, үй-бүлɵлүү, жолукканда саламынан жазбайт, мен болсо ыңгайсыз боло түшɵм, антсе да талапты катуу койгонумду түшүнүп, кектебей, сыйлаганына ыраазы болом.

Дагы бир ɵкүндүргɵн нерсе — эчен кесипкɵй мугалимдерге турмуштук кɵйгɵйлɵрдүн, айлык акынын аздыгынын тийгизген залакасы. 1991-1995-жылдары турмуш оорлоду. Кээ бирде кебек нан жедик, айлык акы ордуна азык-түлүк, товар алдык, талон менен ун, кант, май, чай, самын алып жаттык. Каникулдарда алдыбыз Россияга, артыбыз Бишкекке, Балыкчыга алма, картɵшкɵ ташып соода кылдык. 5 аял мугалимибиз кесибин таштады. Байсалов Айтпек, Мамытов Самат, Зарнаев Саламат, Жоомарт агайлар Казакстанга барып курулуштан иштешти, турмуш ɵз нугуна түшкɵндɵ мектепке кайтып келишти. Учурда да мугалимдер сабактан кийин такси айдап, жайында пансионаттарда иштеп, кошумча каражат табуунун аракетинде.

Бирок мындай кыйынчылыктарга карабастан, мугалимдер ɵз ишинин фанаты. Бир сиңдим айткандай, биз мугалимдер, кызык эле элбиз: ар бир 1-сентябрда, кайдан-жайдан таап, мектепке жаңы кийинип барабыз, үлгүлүү, тыкан жүргɵнгɵ аракеттенебиз, ооруканага жат десе да, «чейрек чыгарып кетейин», — деп чыдап, чейректи, жылды жыйынтыктап, анан доктурга жɵнɵйбүз. Кыскасы, ɵзүбүздү коомдун күзгүсү деп сезебиз, мугалимдик кесиптин ɵйдɵ-ылдыйына чыдап, талыкпай эмгектенип, ийгиликтерди жаратып жүрɵбүз.

Дүйшɵндүн мектебиндей болуп биздин Э.Керимгазиев атындагы Темир 1 мектеби 1924-жылдары түптɵлгɵн. Адегенде башталгыч мектеп, андан кийин 10 жылдык жатак-мектеп болуп, ага райондун башка айылдарынан келип окушкан. Мектебибизден кɵптɵгɵн илимпоздор, академиктер, ар түрдүү кесип ээлери чыккан. Мисалы, Эркин Керимгазиев – окумуштуу, физика илимдеринин доктору болгон. Учурда да мектебибиз алдыңкы мектептердин катарында. 1982-1989-жылдары район боюнча «Башталгыч класстардын таяныч мектеби» болдук, 2004-2010-жж. ОТЖП боюнча, 2015-жылдан баштап USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору менен иштеп келебиз. Жыл сайын предметтик олимпиадаларда окуучуларыбыз жогорку кɵрсɵткүчтɵрдү кɵрсɵтүшɵт. Быйылкы окуу жылында 11-класстын окуучусу Асангазиева Нуржан республикада физика боюнча 2-орунду жеңип алды. Бул ийгиликтерде, албетте, башталгыч класстын да мугалимдеринин үлүшү зор.

 

Корутунду. Биринчи мугалим болуу-жооптуу, сыймыктуу жана ардактуу.

Балдардын мектептеги эле эмес, турмуштук пайдубалын да түзгɵн башталгыч класстардын мугалимдеринин орду ат кɵтɵргүс. Биринчи мугалим-бул жооптуу да, сыймыктуу да, ардактуу да кесип. Баланын келечекте кандай адам болору биринчи мугалимге жараша болору чындык.

Дүйшɵн билими аз болсо дагы, ɵз учурунун жүгүн аркалады, балдарды билим алууга үндɵдү, сабатсыздыгын жоюуга тоодой эмгек жумшады. Мыкты окуучусунун келечегине кам кɵрүп, «…көп кайгыра бербе, Алтынай. Экөөбүз волуска барып, сенин окууң тууралуу өкүмөттөр менен сүйлөшүп келсек кантет? Балким, сени шаарга жиберип калышар?», — деп түйшɵлдү. «Мына бул теректер жетилип чоңойгончо, сен дагы жетилип, жакшы киши болуп, көктөп бүрдөйсүң», — деп тилек кылды. Чала сабат, эки сөздү эптеп кошуп окуткан бул жаш жигиттин ак пейилинен кылган аракети талаага кеткен жок. Алтынайды алга сүрɵп, академик даражага жетишине Дүйшɵндүн салымы күчтүү болду.

Азыркы заманбап жаш педагогдордун билими кеңири, ар тараптуу, мүмкүнчүлүктɵрү чоң, чет тилдерди, компьютерди билишет. Муну менен бирге алар Дүйшɵндɵй болуп кайраттуу, жоопкерчиликтүү, ишине жан-дили менен берилген, эмгекчил инсандар болсо, кесибинин ɵтɵсүнɵ чыгат. «Биз анын билиминен мурун, адамгерчилигин, биз үчүн илгери үмүт жакшы тилегин, бала болсок да, баалап, урматтай турганбыз. Бети-башыбыз кыроо болуп кетсе да чыдап, Дүйшөндүн айтканын угуп, көрсөткөнүн үйрөнүп окуп турчубуз», — деп Алтынай эскергендей, мээрим тɵккɵн, изденген, чыгармачыл мугалимдин окуучулары турмушта ɵз жолун табышат, элинин керегине жараган адам болуп чыгышат. Буга 38 жылдык тажрыйбамда кɵп эле күбɵ болуп жүрɵм.

Дилбаянымды аяктап жатып, ɵлкɵбүз ɵнүгүп ɵссүн, артыбыздан келе жаткан жаш мугалимдер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлсүн, окуучуларыбыз албан ийгиликтерге жетишип, бийиктиктерди багындыра берсин деп жыйынтыктагым келет.

Эмесе, сɵз кезеги менин окуучуларымда болсун (эсселер тиркелет).


ДЖАПАРОВА АЙГҮЛ КУСУЕВНА

Чүй облусу Жайыл району Алексеевка айылы

Алексеевка орто мектеби

 Тема: «Мое первое знакомство с повестью Ч. Айтматова «ПЕРВЫЙ УЧИТЕЛЬ» и изменение моего отношения к Дюйшену за прошедшие годы»

Бурная река, клокочет, шумит, заглушая всё вокруг. Мужчина в гимнастерке, выцветшей и старой, босиком переносит через этот поток одного, затем другого малыша.

От сознания того, что вода ледяная, по коже бегали мурашки и возникал вопрос «Зачем ему это делать? Может это какие-то его родственники, или его дети?»

Это было моё первое знакомство с фильмом «Первый учитель», по повести Ч.Айтматова. в то время я училась в классе четвёртом. Весь фильм я просмотрела на одном дыхании. Сердце моё сжималось иногда от жалости, иногда от негодования. С каким-то удивлением я думала, неужели раньше не было школ с партами и учебниками, библиотеками. Конечно, самой близкой героиней в фильме для меня стала Алтынай. Она была близка мне по духу. Полуголодная, полураздетая девочка тянулась к свету, добру и знаниям.

Ведь точно также и я каждый день хотела узнать всё больше и больше, читала книжки запоем и отправлялась путешествовать по неизведанным и удивительным мирам. Это сейчас я поняла, что жажда знаний свойственна человеческой натуре, а тогда я не могла понять, чем эта девочка близка мне. В каждом из нас есть эта частица от Алтынай. Каждый из нас в детстве, юности и зрелости жаждет понимания, осознания окружающего мира.

Первым человеком, давшим повод для таких раздумий в жизни Алтынай, был её первый учитель — Дюйшен. Я очень хорошо запомнила его глаза. Они светились пониманием, теплом и участием

Так в первый раз я познакомилась с Дюйшеном и Алтынай. В последующие годы я много раз, все время по новому, знакомилась с ними.

При каждом прочтении или просмотре фильма, великий мастер по новому открывал следующую грань своего произведения, как бриллиант, который долго рассматриваешь.

Однажды я принесла домой увесистый том. Это был сборник произведений Ч.Айтматова. открыв первую страницу и забыв обо всём на свете, я полностью погрузилась в этот незнакомый мне мир. Дюйшен, Толгонай, Нургазы… Не умом, а где-то в глубине души я почувствовала, что каждый человек — это огромный мир.

Мир Дюйшена состоял из борьбы. Он боролся с темнотой, мракобесием, предрассудками, суеверием. Как паутина, они оплетали его каждый день, испытывая его на прочность. Его односельчане относились к нему снисходительно, с оттенком превосходства. Вот мол чудак, надумал детей в конюшне учить. Молча снося все насмешки, каждый день он ведет своих детей в мир света, добра и знаний. Он верит в светлое будущее, каждого из своих детей. Эта вера помогает ему выстоять в этом болоте мракобесия и предрассудков. Сам, будучи мало-грамотным, он подталкивает, пробивает и тянет своих детей к знаниям. Еще не сознавая сам, он стремится заронить в детские души искорку и веру в светлое будущее каждого. И дети пошли за ним. Они поверили, что всё в жизни может быть по другому. Они поверили в то, что можно жить по справедливости и что человек живёт не только для того чтобы досыта поесть, одеться в красивую одежду. Они потянулись к нему, как тянутся мотыльки к свету. Он обогрел их удивительным теплом своей души. Дети полюбили своего учителя за его добрые помыслы, за веру в светлое будущее.

А ведь всё о чём он мечтал, сбылось. И огромная, светлая школа с партами и учебниками, и возможность каждому определять, чем он хочет заняться, увидеть огромный внешний мир.

Сам он не осознал, но он совершил подвиг. Ему не нужны признание его заслуг и какие-то регалии.

Конец повести тогда в детстве я не поняла. Как можно было забыть то, что сделал этот человек для своих односельчан. Ему не поставили памятник, не назвали его именем школу. Было очень обидно за него.

Слово «учитель» очень близко мне. Мой отец тоже был учителем в маленьком горном селе. Тогда я была маленькой. Я помню только то, что приходил с работы он всегда с разным настроением. Иногда веселый, иногда грустный, а иногда молчаливый и опустошенный. Нас в семье было пять девочек. Конечно, отец очень хотел сына, но такова его судьба.

Он очень любил нас. И видимо, поэтому от сытой, устроенной жизни в селе мы переехали в город Кара-Кол. Нам он сказал, что скоро мы пойдём в школу, и нам надо учится в большой, городской школе с хорошими учителями. Продав свой дом и всех овец мы купили небольшую времянку в Кара-Коле. Тогда он назывался Пржевальск. Отец устроился работать корреспондентом в газету.

В этом его поступке, сейчас через много лет я усматриваю аналогию с поступками Дюйшена. Пусть не для учеников, а для своих девочек, он начал свою жизнь с нуля.

Он шутя говорил, что мы будем путешествовать по Германии и Англии, увидим Францию. Сейчас, одна из моих сестёр, действительно по роду своей работы, каждый год ездит в Германию Швейцарию, Австрию. Отчасти его мечты сбылись.

Он не хотел, чтобы мы выбирали профессию учителя, говорил, что учитель живёт для своих учеников.

По иронии судьбы двое из нас стали учителями.

Сейчас, работая в школе, я снова открываю для себя Дюйшена.

Да, у нас разные обстоятельства жизни. Мы не работаем в конюшне. Нас окружают книги. Но есть и похожие стороны. Сейчас своих учеников мы стараемся вытащить из паутины сетевых игр: огромного потока информации, подчас ненужной: телевизионных передач ни о чём. Наши дети сидят, заткнув уши наушниками, уткнувшись в свои гаджеты, отгородившись от нас в своём придуманном мире. Они отгораживаются от жестокости и холодности этого мира, непонимания и равнодушия взрослых. Очень трудно пробиться через эту стену. Очень трудно заронить искру интереса к чему — либо.

И теперь я снова вспоминаю Дюйшена. Каждому из нас стоит снова прочесть и пережить то, что пережил герой Айтматова.

Технологии, интернет, оборудование в классах, образование, регалии не помогут нам, если мы не поймем, что только любовь, понимание и сочувствие к своим ученикам даст нам право называться гордо «Первый учитель»

Подвиг Дюйшена актуален и сейчас и будет актуален всегда. Каждое поколение борется за свои ценности, но есть ценности на все времена. Доброта, скромность, вера в людей и в лучшее будущее. У первого учителя очень важная миссия. Он должен заронить зерна познания в детские души. «Что посеешь, то и пожнешь». Подумаем о том, что же мы сеем и как это отзовется в будущем нашего общества.

И наше общество тоже должно понять, насколько важна роль учителя для всех. Должно оценить вклад каждого учителя в этой борьбе за умы и сердца наших детей.

«Уважать учителя — это наука почему-то даётся труднее всяких других».

Б.Панкин.

Ну вот, звонок. Мне опять нужно спешить на урок.

Стараюсь настроиться и захожу.

Снова взгляд чистых, пытливых, радостных глаз. Я улыбаюсь в ответ. Урок должен научатся с улыбки.

Раз, замирая, перед дверью класса, я стараюсь войти в него, оставив позади извечные людские проблемы. Да, туфли прохудились и стали промокать, а наши сельские дороги, конечно же лучше всего обозревать сверху, из салона самолёта. Каждый раз, пройдя в слякоть по дороге в школу, я прихожу по щиколотку в грязи. Снова перед глазами встаёт переправа через речку, мужчина с ребенком за спиной. Смиряясь над собой, я думаю, какие же странные сравнения приходят на ум. Но через много десятилетий, а может и в ближайшем будущем и у нас в селе будут гладкие асфальтированные дорожки, дом культуры, кинотеатр, больница. Мне хочется верить в это.

Мимо меня проезжают на машинах родители наших учеников. Иногда бывает, что кто-то из них останавливается и предлагает довезти.

Нет, все таки время меняется, и люди меняются тоже.

Вчера я снова перечитывала повесть «Первый учитель». Для себя я открываю новую грань. Это терпение. Малограмотный парень, сам с трудом читавший по слогам, с удивительным упорством и терпением, склоняется над каждым учеником. Он учит всему, что знает сам. А можем ли мы утверждать, что учим всему, что знаем сами? Можем ли мы сказать себе, что сделали больше чем Дюйшен? Терпение и еще раз терпение. Без него нам не достучатся до детских душ. Порой бывает очень трудно удержатся и не сказать что-то неприятное и резкое, но сдержатся нужно, ведь наградой будет доверчивая, детская улыбка. Снова вчитываюсь и ищу что-то потаённое и сокровенное между строк, то что я должна понять сама, то что поможет мне. И снова новая грань.

Неприметность и скромность. Наверно этими качествами должен обладать настоящий учитель — первый учитель.

Ведь идем мы работать в школу не за признанием, уважением и богатством. Нет, в школе всего этого нет. Идём мы сеять разумное, доброе, вечное. Точно также шли в школу великие Учителя: Макаренко, Амонашвили и Дюйшен.

Понимание великого замысла автора приходит видимо с годами.

Сейчас я понимаю, что буду перечитывать снова и снова. Я буду искать ответы на свои бесконечные вопросы.

Самоотверженный труд учителя может понять и оценить такой же учитель. Сегодня я хочу склонить голову перед всеми учителями: своими коллегами, своим первым учителем и многими другими. Спасибо Вам за вашу каждодневную рутинную работу.

Наше общество должно понять и оценить подвиг учителя.

Ч.Айтматов говорит о том, что признание и уважение человеческих заслуг Дюйшена сделали бы атмосферу общества чище и здоровее.

Человеческая мысль может в мгновение ока охватить столько всего. Ну вот, заходят мои ученики. Они очень разные, но все они дети, наши дети. Бесконечный круг жизни продолжается.

Каждое зерно, упавшее в землю, прорастает и становится колоском, каждое слово, порождает цепь бесконечных мыслей и размышлений. Человек разумный, он думает. Вот чем мы отличаемся от всех остальных творений матушки Природы.

Сегодня, я так думаю, главной задачей учителя является то, что он должен научить детей думать, анализировать, размышлять и отделять добро от зла, зёрна от плевел.

Великий мыслитель Айтматов через своего героя дал мне возможность осознать своё место в этом бесконечном круге жизни. Я снова вернусь, и снова буду читать. Ведь вопросы возникают каждый день…


КАРАЕВА НУРГҮЛ

Баткен облусу Баткен району Жаңы Бак айылы

К.Тагаев атындагы орто мектеп

Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестин менен менин алгачкы таанышуум жана кийинки жылдарда менин Дуйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүулор

Жаӊы–Бак Баткен Районунун акыркы отуз жылдар аралыгында туптолуп уюшулган айылы. Тундугунөн Таджикстандын Шураб шаары менен кыска аралыкта чектешет. Кун батыш тарабынан көз жеткис көк аянтта шурудай тизилген, ар кайсы тарабынан карасаӊ да шахматтын доскасындагы сызыктарды элестетип, тегиз бирдей өсүп турушкан өрүк бактары жайгашкан.

Бир чарчы чакырымдай аянттагы бул өрүкзарда бутундөй балалыгым калгансыйт. Этеги асфальт жолу менен чектелгендиктен унаада ары бери өткөндө журөгум бир катар оодарылып алат. Атаганат, кечээки балалыктын аптаптуу кундору бугун кайда калды? Мал багып, өруктун быша элек коросуна туз кошуп жеп, ачуусу кулагымдан чыгып кеткендей көзду жумуп тамшанып тамшанып алган убактар кайда эми? Эх чиркин! Кундун, аба ырайынын кайсы учуруна карабай бактын өйдө жагынан өткөн канал суусуна тушчуубуз. Ар бир кызда «кристалл» деп аталган кездемеден көйнөктөрубуз болчу. Аны кийип сууга тушкөндөн кийин кундун аптабында эки уч мунөттөй турсак кургап калчу. Үшүп, илептерибиз кезеерип, курсагыбыз ачканын да сездирбеген балалык ай! Менде да ошол «кристалл» көйнөктүн кырмызы, анан майда гулдуусунөн бар эле. Кийинчерээк апам аны алжапкыч кылып тигип салды. Жуулуп жайылган жеринен жоголуп кетти.

Арадан жылдар өтуп мен турмушка чыккан кезим эле, мен кайтарган уюм картайып касапчыга сойдурсак алиги жоголгон алжапкыч баягы өӊундой топ сымал чоролуп карындан чыга келсе. Ошондо да бир мертебе улутунуп алдым.

Орук бактын арасы өзунчө шаӊдуу, кундө майрам болоор эле. Үйдон бакка карай шашчуумун. Себеби мага окшоп уй, кой, эчки багып чыккан кыздар, балдардан жыйырмадай боло турган. Чогулуп ойногондо эле мен «мугалим» болуп алаар элем. Ошодогу балдардын жөнөкөйлугу ай! «Отур», «тур», «жаз» деген буйруктарды кыйшаюусуз аткарып, ичиӊди жылытышчу. Чоӊ жалпак таштарды таап, экөөсунө бирден коюп, кочкул «кына таш» дегенди арыктан терип бор кылып жазат элек. Ойлосом мен да Дүйшөндүн ролун аткарып журуптурмун. Билбейм ошол учурда эле мага мугалимдик интелектин учкундары пайда болгон сыяктуую.

Атам аскер кызматкери болгондуктан уйдо аскердик тартип орун алчу. Көп жазып, китептерди көп окуп, шкафка тизээр эле. Балким китепке болгон мамиленин моделин мен атамдан алгандырмын. Бул ойлордун баары менде качан жаралды? Качан гана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун кыл калеминен жаралган «Биринчи мугалим» повестин окуганымда оргуштаган ойлор, байкуш Алтынай менен озумду салыштыруулар пайда болду. Тагдырдын өгөй кызындай Алтынайга бактылуу балалык жылмаюуу тартуулабаптыр. Чыгарманы окугандан баштап жан дуйном кыйналып чыкты. (Бешинчи же алтынчы класста болчуумун). Мага бир жук тушуп, оор чыгарма болду. Согуш жылдарынан кийинки кыргыз элинин социалдык абалынын начардыгы, ан сезим, маданияттын төмөндугу, элдин караӊгылыгы, теӊсиздик, Алтынайга жасалган кордуктар, Дүйшөнгө болгон тушунбостук мамилелер, мамлекттик идеалогия, кыргыздын үрп адаты, каада салты баары карангыга сүӊгүтуп мени алып киргендей болду. Анан акырындап отуруп тээ алыстан жарык корунуп жакындай баштагандай туюлду. Кыз кыялым, балалык сезимим менен Алтынайды аяп окуймун. Айрыкча аны зордоп турмушка берип жаткан жерин окуй албай демигип, өпкөм көөп «апа, ушул беттерин сиз окуп айтып беринизчи, мен жунду тыта турайын» дегеним эч эсимден чыкпайт. Эмнеге анткенимди кийин тушунуп жатпайманбы! Куду Алтынайды жалгыз калкалай албай апамды жардамга чакыргандай болупмун. Апам: «Ээ кызым Дуйшон кызды куткарып кетет экен»- дегенде демимди бир ырастап алганмын. Чыгарма башталгандан Алтынайдын жан сакчысы болуп алдым окшойт. Болгону китеп экенин билип турсам да жан дуйнөм жай албады. Анын таламын жактап окуп отуруп курчуп да кетипмин. Коркунучтуу, жагымсыз окуялар биринин артынан бири келип чыккандыктан өз алдынча талкуулап, жеке пикирим да пайда боло калыптыр. Дуйшөн Алтынайдын жанында, мен болсо китеп сыртында «Алтынай» аттуу алсыз, жапыз чынар теректи бороон чапкындан, ысык сууктан калкалап, кун нуру жетпеген коюу көлөкөдөн алып чыгып бою асман тиреген чынарга айландырган сыяктуубуз. Булардын баары менин он эки, он уч жаштагы кыялдарым эле. Кээде туруп Дуйшонго да ачууланып кетээр элем: «Эмне мынча кежирленет? Өзу жалгыз чамасы жетпесе токтотуп койбойбу? Алтынайга ушунча азап аз беле? Аны өз жайына койсочу. Элди да кыйнап бутту»- дегендей. Жоок, бирок Дуйшон мен көксөгөндөрдун бирин да жасабады. Тескерисинче, ал ойлоп көрбөгөн ийгиликтерге жетти. «Ийгилик –бул менин өзумдун кучум жана жөндөмумдун натыйжасы. Мен ага качан жетем, чынында ийгиликке качан даяр болгондо. Мында ар бир нерсе менин кандай ой жугуртуум менен байланыштуу келип чыгат, бардык аракетим көз карашым менен шартталат»- деп мага жооп кайтаргандай болду. Өрт мунөзү, өз позициясынан кайтпаган өжөрлугу толкуп, дениздей чайпалып турган элди өзунө ынандырып, кыргыз калкын караӊгылыктан сууруп чыккан алгачкы төнкөрушчу экенин далилдеп менин жан дуйнөмду жибитти.

Дизайнерлер саркечтиктин жогорку чегинде кийимдерди ойлоп табышат. Ал кийимдердин ыӊгалуу, ыӊгайсыз жактарын тандашып калган чеберлер тигип чыгышат. Ошонун сыӊарындай «көркөм дизайнер» Чынгыз эл агартуудагы «биринчи мугалимдин» туу чокусун жаратты. «Чебер» катары Дуйшондун образынан өз ишине берилгендикти, чынчылдыкты, тайманбастыкты, максатка жетуу учун бекем жолду тандоону өзумө алдым. Дуйшөн бул-биринчи мугалим, баланын идеал туткан адамы, баланын ишеничинин, жашоого болгон ажайып көз карашынын, алга карай умтулуудагы кызыктарга бай сезимдеринин ачкычы, жазылбаган аппак барака жагымдуу маанай тартуулоочу сурөт тарткандай сырдуу сурөтчу жана да жан дуйнөну толуктап колуӊдан жетелеген сыйкырчыдай сезилет. Чындыгында «кийинки жылдарда менин Дуйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөруулөр» деген темадагы тапшырма мени аябай такшалтты. Бир мертебе андагы кемчиликтер, жетишкендиктерди иликтегенге улгургондөй болдум. Ага мамилемдин бир аз өзгөруп калганын да байкадым. Балалыгымдагы Дуйшөнгө мугалим болгондогу мамилем өзгорусуз калды дегенден алысмын. Идеалдуу педагог деп да айта албаймын. Ал озу айткан: «бир мезгил болот силерди мендей сабатсыздар окутпай, колунда микроскопу, дуйнөнун картасы бар мугалимдер окутат»-деп. Дуйшөндө да бир катар кемчиликтер орун алган.

Себеби, ууз суту оозунан эми кете баштаган жана суйуунун учкундары көзунө урунуп турган окуучусун өпкөндөру мугалимдин моралдык этикасына ылайык келбеген жагымсыз көрунуш эле. Мамлекеттик идеалогияны өтө бекем туткан патриот — фанат болгондуктан «Ленин да өлөбу?» деген суроосу учун окуучуну ыксыз жазалады. Баланын психикалык жактан жабыркашын ойлободу. «Социализм»деген созду обу жок кайталатуудан көрө анын маанисин эле тушундуруп койсо эстеринде жакшы калмак. Энштейден: «Үндүн ылдамдыгы канча?»-деп сураганда, ал: «Мен билбейм, китептен бат эле таап ала турган андай жооп менин мээмде кармалбайт»-деп жооп берген сыяктуу.

Мунөзунун тездиги, ачуусун өзунө катып кармана албагандыгы үчүн чөйрөсүндөгүлөр менен конфликттик кагылышууларды жаратты. Мумкун анын мунөзу оор, токтоо болгондо максаты оӊой ишке ашмак. Же оӊойго келген жеӊиштердин кызыгы да, жыргалчылыгы да аз болот белем… Кыскасы, кынтыксыз, кемчиликсиз адам болбойт тура! «Көч бара-бара туздөлөт» дегендей сөз менен тушундургөндөн кыйла таасирдуу образды Дуйшөндөн таап, керектуусун алып, андан ары улантып, мартабаны төмөндөтпөй, көтөруп чыгуу ар бир мугалимдин милдети. Эчен доор өтуп, там эмес, таш талкаланып заман картайса да буткул педагогдор Дуйшөндун образынын улгусун унутпайт го деген ойдомун. Илимде саат сайын жанылыктар кирип турат. Биз да, мугалимдер өз тармагыбызга байланышкан жаӊылыктар менен убагында таанышып, учур талабындагы усул, ыкмаларга карай өзгөруп турсак, замандан артта калбай, мартабабызды бирдей карманаар элек. Бирок…Ата-эне кош колдоп, кубаттап балдарын зор ишеним менен бизге тапшырып келет. Балдарга Дуйшөндөй туйшук тартып, кагуу жеп кыйналбасак да, билим беруудө эмнегедир кыйналып, аксап жаткандарды кездештирип келем. « Темир канат балапан, кайкып учкан куш болот», «уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» уяда таттуу мөмөлөр менен азыктандырышыбыз керек, башкача айтканда татыктуу билим беруубуз зарыл. Чыныгы педагог өзунө дайыма булл суроолорду беруусу абзел: «Мен берген билим келечекке баланы канчалык жакшы даярдай алды?», «Билими келечекте конкреттуу керектөөсунө жардам бере алабы?», «Жакшы деген баалар кесиптик жана каржылык ийгиликтерине жеткиреби».

«Мугалим — мөмөлуу дарак» демекчи Дуйшөндун доорунан бери кесиптердин ичинен эӊ эле орчундуусу экенин азыркы учур далилдеп турат. Тилекке каршы, учурда мугалимдик – катардагы кесиптердин бири болуп калууда. Бирок дуйнөдөгү бардык бардык кесип ээлери биздин кужурмон эмгектерибизден улам пайда болуп өнугуудо. Улуттун улут болуп сакталып, келечек муунга өткөрулуп беруусундө илим билимдин орду абдан чоӊ эмеспи. Албетте, билим алуу ар дайым китеп менен жузөгө ашат десек жаӊылышпайбыз. Китеп окуу демекчи, азыркы учурда китеп окуу кун сайын азаюуда. Анткени Батыштан келген айрым урп адат, каада салтыбызга туура келбеген терс көрунуштөр, медиа, оюн-зоок, оюн автоматтары сыяктуу азгыруучу нерселер элибизди, айрыкча жаштардын дуйнө таануусуна тоскоолдук кылууда.

Мына, ошондуктан бул жагынан алып караганыбызда жаш өспурум, мектеп окуучуларын акыл азыгын азыркы мектеп программалары менен биргеликте билим берип, келечекке узаткан сыяктуу, анын катарында руханий азык жана баалулуук: ыйман, адеп-ахлак, тазалык жана ата-энени сыйлоо, патриоттук, кечире билуу сыяктуу тушунуктөрду да кошо уйротуучу, бул – мугалим.

Мен дагы мугалиммин, жөпжөнөкөй, кымбат эмес костюм кийип, жудөө баштык көтөргөн. Уйдөн барак- барак план жазып, анын кандай ишке ашаарын көргөнгө шашам. Окуучуларым жараткан ийгиликтер ичиме батпай усулканага кирип айтамын. Тумөн туйшуктуу бул кесиптин ээси болуп калганыма эч өкунбөймун. Тескерисинче, сыймыктанам, чарчап чаалыгуудан ырахат алам. Окуучуларымдын ар биринин кулк мунөздөрун, кол тамгаларын, жактырган тусун, тамгын жана башкаларын жатка билем. Ар бирине өзунчө ой жугуртөм. Кээде кошулуп ойноймун. Кээде чоӊдордой мамиле жасаймын. Дагы… Балдар менен бала болуп мен журуп жашым кырктын кырынан ашып кеткенин баамдабай калыпмын.

Чек араны чектеген бир кичине айылдын бир жөнөкөй мугалиминин көз ирмемдик ой толгоосу журөгуӊуздөрдөн тунөк таап, ой дуйнөӊуздөрдөн орун алаар деген ишеничтемин.


АКУНОВА НУР САДАТБЕКОВНА

Нарын облусу Кочкор району Чолпон айылы

К.Акназаров атындагы орто мектеп

 Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести менен менин алгачкы таанышуум жана кийинки жылдарда менин Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр.

План:

  • Киришүү.

Аалам алпы — Айтматов.

  • Негизги бөлүм.

Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести менен менин алгачкы таанышуум.

Дүйшөнгө болгон мамилем.

Кийинки жылдарда менин Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр.

  • Корутунду.

Ооба, ааламдын алпы, акылман ойлордун жаратуучусу, көркөм сөздүн чебери- Ч.Айтматов. Кандай гана сөздөрдү айтпайлы айтып бүткүс, ченеми жок зор океан. Ала-Тоодо жайлаган ак калпактуу кыргыз элин, дүйнө жүзүнө таанытып кылымдар бою чыгармалары менен даңазалап келет. Эч ким эч качан унутулбайт, дегендей муундан муунга өтүп кереметтүү чыгармалары менен өз учурундагы окурмандардын жүрөгүнөн орун табат деген ойдомун. Ар бир чыгармасынын тарбиялык мааниси зор. Кайсы бир замандын окурманы болбосун өзүнө руханий байлык алаары шексиз.

Айтматовдун элине кылган кызматы чокусу көккө тийген аска-зоодой, көк менен тиктешип чалкып жаткан Ысык-Көлдөй жана да туптунук мөлтүр кашка сууларындай десем жаңылышпайм. Айтматовдой уулу менен сыймыктанган кыргыз элинин бактысы тоодой.

Бул жалган дүйнөгө түркүк болуп эч кимдин турбасы белгилуу эмеспи,бирок да Айтматов атабызды шум ажал арабыздан алып кетсе да, анын өлбөс-өчпөстүгүн өзү жараткан чыгармалары айгинелеп турат.

Балалык кез раматылык Төлөн агайым «Биринчи мугалим» повести жөнүндө кыскача түшүнүк берди.Ушунчалык берилүү менен уккандыктан жүрөгүмө жагып, бул чыгарманы өзүм окуп көрүүнү чечтим.

Ооба, 9-же 10-классты окуп жаткан кезим болсо керек. Илгерки заман, адамдардын түркөй караңгылыгы, бир калыпта жашай бергени мени ойлонтту. «Мугалиммин» деп келген Дүйшөндүн аракети канчалык кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да акыбети кайтты деп ойлойм. Анткени ал түрткү берип,жол көрсөткөн Алтынай окуучусунан белгилуу академик чыкты.

Дүйшөн-узун бойлуу, арыкчырай өзүнүн көздөгөнүн бербеген, кайраттуу, келечекке кайдыгер карабаган, чын жүрөгү менен балдардын тагдырын ойлогон адам деп элестеткем. Кийинчерээк «Биринчи мугалим» киносун көрүп калдым. Мен элестеткен Дүйшөн маңдайымда турду. Ооба, дал ошол Дүйшөн эле.

Көгүлтүр бай чырпыктарды отургузуп жатып качандыр бир чынар терек болооруна ишенген, жанынан алыстап кетип жаткан Алтынайга ичи ачышса да, канатын жайып тайманбастан чабыттап учаарына көзү жеткен, ишенген ушул-Дүйшөн эле.

Тили заар жеңесинен кордук көрүп, мээримге муктаж болуп жүргөн Алтынайга Дүйшөндүн келиши,караңгы түндө жанган шамдай эле болду. Балалык баео сезими менен Дүйшөндү жактырды, сүйдү, андан жакшы,андан билимдүү киши жоктой сезди. Өзү айткандай Дүйшөн экөөнүн баскан изин көрсө жерге жата калып өпкүлөгүсү келди. Философия илимдеринин доктору академик Алтынай Сулайманованын биринчи мугалими- Таштанбектин Дүйшөнү бардык мугалимдердин карлыгачы демекчимин.

Элестетип көрсөм 1924-жыл, күз мезгили, он беш түтүн жашаган тоо боорундагы чакан айылга кара шинель кийген, бажырайган, кубакай тарткан комсомол жаш жигит келди. Албетте көксөгөн бир максат менен келди. Ооба, анын максаты айылдагы балдарга кат-сабат таанытуу эле. Арип жазууну, сөз, сан жазууну үйрөтөйүн деп, ээн турган жаман тамды тазалап мектеп кылды. Дүйшөн билиминин аздыгына карабастан өз кесибин сүйүп, болгон дити менен берилип, балага кыпындай болсо да бир нерсе үйрөткүсү келген. Дүйшөндү өз заманынын патриоту, активисти десек болот.

Чыныгы мугалим-мекендин тиреги, окуучулардын досу, ата-энелердин жөлөгү жана жамааттын таянаар тоосу болот эмеспи. Анысы сыңарындай Дүйшөн жаңы доорду орнотууда өмүрүн кыйып, жаштыгын берип, жүрөгүн жүрөк кабы менен кошо сууруп берген чыныгы мугалим эмей ким? Алтынайдын адам болушуна түрткү берди, жол көрсөттү. Балким Дүйшөн болбогондо өзү айткандай «тепсенди токол, талпак токол, күң токол, өмүрү көзү ачылбаган шордуу токол» болуп жүрө берет беле, же андан качып кетет беле, же өзүнүн жанын өзү кыюуга мажбур болот беле, ким билсин. Андайлар болгон жок дейсиңби, жүздөгөн кыргыз кыздары кор болуп, тагдырлары талкаланып кала бергени калппы?

Чыгарманы адеп окуганда жомок сыяктуу туюп, маани-маңызына өтө түшүнө бербептирмин. Качан гана мугалимдик кесипке ээ болуп Дүйшөндүн оюн, абалын жон терим менен сезгенде, ага болгон жылуу мамилем, урматтоом ого бетер күч алды. Үймө-үй кыдырып жүрүп балдарды чогултуп алып, байдын жаман атканасын тазалап, жерге саман төшөп окуу чөйрөсүн уюштурду. Колунда кармаган бир китеби жок болсо да, окутуунун тартибин, жол жобосун билбесе да, өзүнүн чала сабаттыгына карабастан балдарга билгенин үйрөттү. Чын дили, ак жүрөгү менен үйрөттү. Ошол он чакты баланын тагдырына күйдү, кычыраган кыштын суук күндөрүндө балдарды мойнуна асып алып суу кечти, аттамчык салам деп казандай чоң таштарды көтөрдү. Ал эми эли-журту, айыл аксакалдары колдоп колуна кол, бутуна бут болуп бере албады. Кайран гана караңгы эл.

Мугалим-коомдун ишенимдүү адамы. Ага коом, ата-эне эң кымбат, эң баалуу балдарын, өз үмүтүн, өз келечегин ишенип берген. Өмүрүн балдарга арнаган адамдардан дайыма чыгармачылыкты, чалыкпас ойду жан дүйнөнүн айкөлдүгүн, балдарды жан дили менен сүйүүсүн, ишке чексиз берилүүсүн талап кылат.

Азыркы замандын мугалимдеринде жана окуучуларында бардык шарт бар, телегейи тегиз. А бирок, жүрөктөрдүн түпкүрүндө Дүйшөндүкүндөй сезим, Алтынайдыкындай каалоо азыраак кездешүүдө. Коомдун өнүгүүсү менен азыркы жаштар керт башынын кызыкчылыгы, жеңил оокат табуу, көп убактыларын компьютер, телефон, телевизор менен өткөрүү, зордук-зомбулук, каада-салтты унутуу терс көрүнүштөрдүн күч алышы, жашообуздан көрүнүп кейишке салууда.

Мугалимдик кесиптин өтөр белеси, ой –кыры, чуңкуру кандай гана көп жана татаал. Эне баласын ак сүтүн берип оозантса, мугалим баланы билими менен оозантып, кең ааламга канат серпитет, көзүн ачып, дүйнөнү таанытат. Биздин балдарыбыздын келечеги мугалимдин колунда, анын ак пейил жүрөгүндө асыл, талыкпаган эмгегинде. Окуучуларга жакшы менен жаманды, сараңдык менен жоомарттыкты, баатырдык менен коркоктукту, чебердик менен чоркоктукту, ишмердик менен жалкоолукту, караңгы менен жарыкты, кара менен акты ажырата таанууга үйрөткөн да мугалим. Мугалим болууга адамдардын бардыгы эле бел байлай бербейт. Дүйшөнгө окшогондор гана мугалимдик иштин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, түйшүгүнө чыдап, ырахатын аркалай алат. Дүйшөн мен үчүн идеал, кесипти тандоомдун башаты, иштеп жаткан ишимдин стимулу. Ал дайым мени менен бирге ички дүйнөмдө жашап келет.

Корутунду.

Айтматовдун канчалаган мыкты образдарынын ичинен Дүйшөн мен үчүн мыктылардын мыктысы. Анткени ал экөөбүздүн оюбуз менен дилибиз бир болуп кесиптеш болобуз. Максатыбыз бир, окуучунун тагдыры, келечеги бизди күйүндүрөт.

Коом адамды тарбиялайт эмеспи. Ар бир коомдун өзүнүн өнүгүү тарыхы, тутунган идеясы, урааны, таалим-тарбиясы болот. Дүйшөндүн коомунун алсыздыгы, караңгылыгы мени өкүндүрөт. Эгер Дүйшөн азыркы замандын мугалими болгондо Алтынай сыяктуу окууга дилгир окуучулардын миңдегенине билимин берип, жүздөгөн академиктерди чыгараар беле. Дүйшөндү бактылуу деп эсептейм, анткени анын эмгегин, эрдигин баалаган Алтынайы бар. Менин да эмгегим окуучуларымдын жүрөгүнөн түнөк таап, бааланышын каалайт элем. Ал үчүн колуман келишинче күчүмдү жумшоого өзүмө өзүм убада берип келем.

Бүгүнкү күндүн мугалими күнүнө жаңыланып, ар тараптан өнүккөн, класста гармонияны түзө билген ар бир окуучуга келечектин жарык шооласын чача билиш керек. Келечекте эл керегине жараган, каада-салтты бекем туткан, Ата Мекенин сүйгөн, патриот, кыргыздын мыкты инсаны боло алам деп, турмуш жолуна бутун бекем таштаган инсан тарбиялап чыгыш ар бир мугалимдин сыймыгы болот. Анткени окуучу ар бирибиздин жаркын келечегибиз.

Мугалим-карангыны жарык кылган, күн нурундай шоола чачып билимин берген, талыкпаган инсан. Мен мугалимдердин ар бирине ушундай инсандык сапаттардын болушун каалайм.

Дил баянымдын аягын өз калемиме таандык ыр саптары менен аяктагым келип турат.

Арасынан көп тандаган кесиптин,

Аруу балдар дүйнөсүнө кезиктим.

Окуу-билим тарбиясын бүт көрүп,

Эң бир таза тунук үндү эшиттим.

 

Өмүрүмдүн көп күндөрүн коротуп,

Мугалимдик кесип болду бакканым.

Жомок дүйнө сезимдерди ээлеген,

Жашап келем арасында балдардын.

 

Эсте дайым сыр жыттанган класстар,

Чымчыктардай балдар конгон парталар.

Мектеп уя балапандай жетилип,

Учуп чыкты чоң турмушка канчалар.

 

Мен тандаган менин сүйгөн кесибим,

Менин жолум бүт ырысым кешигим.

Талбай кызмат кылгым келет өзүңө,

Ката кетсем сурайм сенден кечирим.

 

Балдар менен өткөн өмүр гүл өмүр,

Балдар менен өткөн өмүр бул өмүр.

Саламатпы эжей деген сөз үчүн,

Мен 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *