СПЕКТАКЛДЕР ЖӨНҮНДӨ

ПРЕМЬЕРА! УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР! МУСА ЖАНГАЗИЕВ АТЫНДАГЫ КУУРЧАК ТЕАТРЫНА ЧАКЫРАБЫЗ! 29.04.2017

?????????????
Чыпалак бала

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУ балдарды жана ата-энелерди М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында

кыргыз тилиндеги

ЧЫПАЛАК БАЛА

спектаклине чакырат.

29.04.2017, саат 11:00, ишемби.

 

ПРЕМЬЕРА!

КИРҮҮ АКЫСЫЗ, 0555 83 70 07 телефону боюнча алдын-ала жазылса болот.

Б.Чотурова

“ЧЫПАЛАК БАЛА”

(жомок-спектакль)

     Бул чыгарма элдик жомоктун негизинен алынган

     “Чыпалак бала” аттуу жомок дүйнөнүн көп элдеринин фольклорунда кездешет. Мисалы кавказ элдеринде, орус, француз, түрк ж.б. жактардын элдик жомокторунда бар. Ошолордун катарында кыргыз эл жомокторунда дагы Чыпалак бала тууралуу кызыктуу жомок болгон. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы ошол элдик жомоктун негизинде  Чыпалак бала тууралуу жазганы бар.

      Ар бир мезгилдин, доордун өз жомогу, каармандары болот эмеспи. Ал эми биздин “Чыпалак бала” жомогубуз ошол элдик үлгүнүн негизинен алынган азыркы замандын жомогу. Шаардан каникулда айылдагы чоң атасына келген Чыныбек деген бала Чыпалак деген атка конуп, айылдын керемет жаратылышына кызыгып, ал гана турсун түшүндө укмуштуу окуяларга жолугуп,адептүүлүк, жаратылышты коргоо, тазалыкты сактоо тууралуу терең түшүнүп, айбанаттар менен дос болуп, кыргыз жерине атуулдук мекенчил сезими кантип ойгонгону  эң кызыктуу окуялар менен коштолот.

Режиссер-Н.Асанбеков

Койгон режиссер-Нурлан Асанбеков

Музыкасын жазган-Талант Рысалиев

Катышуучулар жана аткаруучулар:

АБЫШКА— КРэмгек сиңирген артисти  Эркимбаев Ж,

                   артисттер Мамбетакунов А, Шаршен уулу К. 

КЕМПИР— КРэмгек сиңирген артисти Шыкматова Э,

                  КРэмгек сиңирген артисти Мусаева Н. 

ЧЫПАЛАК-артисттер Орозбекова А,Тойчикеева 

ТӨӨ-артисттер Тыналиев Э, Шерматов Т. 

КАРГА-артист Качкынова С, КРэмгек сиңирген артисти Мусаева Н,

                  КРэмгек сиңирген артисти Шыкматова Э. 

ТҮЛКҮ— КРэмгек сиңирген артисти Мусаева Н, КРэмгек сиңирген артисти Шыкматова Э. 

КАРЫШКЫР-артисттер Алтынбек уулу Ж, Тыналиев Э.

Театрдын спектаклге куурчактарды жана декорацияны жасап даярдоочу мастерскоюнун башчысы Н.Ставриди, устакананын кызматкерлери: О.Векуа, Г.Абдылдаева, А.Идирисов, Ч.Айдаров

 Директор-КРнын эмгек сиңирген артисти Сатылган Акынович Сазаев


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *