СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

БИШКЕК ШААРЫ БОЮНЧА 9-10 ЖАШТАГЫ БАЛДАРДЫ ЭКСКУРСИЯГА АЛЫП ЧЫГУУ ҮЧҮН 2 ВОЛОНТЕР КЕРЕК. 22.04.2017 жана 29.04.2017

????????????????????????????????????
Экскурсия 2015 года — у Аллеи памятников в Дубовом парке

Санжарбек Данияровдун Фонду жыл сайын өткөрүүчү республикалык “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” сынагында 1-3-орундарды жеңип алышкан айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин окуучулары Бишкек шаарына атайын маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет. Балдар театрга барышып, шаар менен таанышып, эстеликтер-скульптуралар, музейлерди кыдырышат.

Волонтердун иши — шаар көрсөтүп, балдар көргөндөрдү талкуулап, аларды коштоп жүрүү. Бул милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттар:

  • КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨӨ
  • ОРУС ТИЛИН ЖАКШЫ БИЛҮҮ
  • АҢГЕМЕЛЕШЕ БИЛҮҮ, СУРООЛОРДУ БЕРҮҮ ЖАНА СУРООЛОРГО ЖООП БЕРҮҮ
  • АЧЫК МААНАЙ ЖАНА ШАЙЫР МҮНӨЗДҮҮ
  • ӨЗ ИШИНЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ ЖАСОО
  • Белгиленген даталарда ишемби күнү саат 9дан 18ге чейин БИР КҮН ТОЛУГУ МЕНЕН ЭКСКУРСИЯГА ДАЯР БОЛУУ.

Экскурсиянын программасы жана мазмуну алдын-ала сунушталат жана волонтерлер менен талкууланат.

Каалоочуларды 2017-жылдын 15-апрелине чейин (кошо) кайрылууну өтүнөбүз.

Электрондук дарегибиз: a.daniyarova@daniyarov.kg же sdkf.meldesh@gmail.com  боюнча жазып же болбосо 0555 837007 телефонуна чалыңыздар.

Аябай кызыктуу болот!

Былтыркы экскурсия менен биздин сайттын сүрөт галереясынан, ал эми баянды – ушул жерден тааныша аласыздар.

 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *