КАЙТАРУУГА АЛЫНГАН

САЙМАЛУУ-ТАШ БИЗДЕ БИРӨӨ ГАНА!

Биринчи жолу АКИПРЕССтин “МНЕНИЯ” рубрикасында 22.01.2017-жылы жарыяланган. http://mnenie.akipress.org/unews/un_post:8400


Саймалуу 1

Жакында Кыргызстандын жаратылышын, тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо боюнча окумуштуулар, экологдор, журналисттер жана тек гана кайдигер болбогон Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүлгөн демилгелүү топ “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркына байланышкан көйгөйгө көңүл буруу өтүнүчү менен өлкөнүн президентине кайрылуу кат жолдошту.

Ага 2001-жылы түзүлүп, анын карамагына 32 миң гектар аянт бекитилген “Саймалуу-Таш улуттук жаратылыш паркына тиешелүү жер тилкелерин трансформациялоо процесси башталгандыгы түрткү болууда. Мындай даражалуу статуска ал жаратылыш объектиси катары эле эмес, маданий ландшафт катары да ээ болгон, анткени анын карамагында дүйнө жүзү боюнча эң бийик тоолуу аймактагы петроглифтер (деңиз деңгээлинен 3 000-3 400 метр бийиктикте) орун алган. Быйыл Кыргызстандагы чыныгы эң атактуу тарыхый-маданий мурас катары таанылган ал эстеликтин ачылганына 105 жыл толот. Ал А.Н.Бернштам, Б.М.Зима, Я.А.Шер, Г.А.Помаскина ж.б. сыяктуу белгилүү изилдөөчүлөрдүн ысымдары менен тыгыз байланыштуу. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча эки өзгөчөлүү жерде 100 000 сүрөттөр түшүрүлгөн 10 000ден ашык таш бар. Иш жүзүндө ал аймак б.э.ч. 2 миң жылдын башталышы – 3 миң жылдын экинчи жарымынан жана орто кылымды кошкондогу мезгил аралыгынан бери ачык асман астындагы касиеттүү ыйык жай болуп саналат. “Саймалуу-Таш” түрдүү этномаданияты бар жана ага мүнөздүү чарба жүргүзгөн ар кайсы калктын – индоирандыктар, ирандыктар, андан соң түрктөр тарабынан өзгөчө сый-урматка ээ болуп келген. Бул обочолонгон бийик тоолуу аймактын өзгөчө касиетине жана күчүнө кыргыздар да ишенишкен, муну этнограф С.М.Абрамзондун жазган маалыматтары тастыктап турат. Ал ошол аймактын тургундарынын эсинде азыр да сакталуу.

Мамлекеттик каттоодо турган ал объект КР Өкмөтүнүн 2002-жылдагы Токтому менен бекитилген Улуттук (республикалык) маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген жана ошондой эле 2001-жылдан бери ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилеринин тизмесине киргизүү үчүн өлкөнүн Алдын-ала түзүлгөн тизмесинде (Тентатив барагы) турат.

Ушунун баары Жогорку Кеңештин, КР Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” компаниясынын эксперттерине “Кылдоо” алтын кенин эксплуатациялоо үчүн өнөр жайлуу аймактарды чалгындоо категориясына киргендиги үчүн 100 гектар аянттан турган корукту трансформациялоо жөнүндө маселе көтөрүүгө тоскоол болгон жок. Алардын мотиви төмөнкүдөй: Тогуз-Торо районундагы бюджеттүү ишканалардан болуп эсептелген “Макмал” комбинатын колдоо. ММК беттеринде жарыяланган маалыматтардан маалым болгондой, анын 70 гектары трансформацияланып кеткен, эми калган 30 гектар аянтына тиешелүү маселе гана калды. “Кыргызалтындын” өкүлдөрү “Кылдоо” петроглифтер жайгашкан чектен 8 км алыс жайгашкандыгына байланыштуу эстеликке терс таасири тийбейт деп айтышууда. Алар ошондой эле КР УИА эксперттик корутундусуна да шилтеме жасап жатышат.

Өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын сактоо, пайдалануу жана башкаруу милдети жүктөлгөн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги азырынча кандайдыр бир комментарий бере элек. Бул маселенин отун-энергетикалык блогун көзөмөлдөөчү вице-премьер өткөргөн жыйында талкууланышы, кээ бир бийлик өкүлдөрүнүн жогоруда белгиленген жер тилкесин трансформациялоо процедурасын өзгөчө, аяр мамилеге муктаж жаратылыш аймагы — эң маанилүү тарыхый-маданий мурас объектиси катары эмес, тек гана административдик-чарбалык иш чара катары карап жаткандыгын тастыктайт. Кыргызстандын тоолорунда алтын көп эле кездешет, ал эми андай эстелик бирөө гана!

Жогоруда белгиленген көйгөйдөн тышкары, жаратылыш коругунан болгону 4-6 км алыс аралыктагы Түндүк-Түштүк автоунаа магистралын салууга байланышкан да чоң маселе бар. Жолдун курулушу жана ага байланышкан иш-чаралар айланасындагы жаратылыш чөйрөсүнө кандай негативдүү таасир этсе, ошондой эле уникалдуу маданий ландшафтка да терс таасир этиши ыктымал. Адистердин пикирлери боюнча аба бассейнинин булганышы, суу режиминин бузулушу, интенсивдүү транспорт кыймылы, жардыруу сыяктуу ж.б. техногендик факторлордын таасири тийбей койбойт. Тескерисинче, сүрөттөргө келтирилген зыяндар вандализмдин залакасы катары эстеликтерге антропогендик ашыкча жүк катары күчөлүшү толук мүмкүн.

Тилекке каршы, ал аймакты жана эстеликтердин чек арасын өзүнчө аныктап бөлүү, аларды пайдалануунун режимин регламентациялоо ж.б. иштер алигиче жүргүзүлө элек. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирген маалымат боюнча  бул иш-чаралар быйылкы жана жакынкы жылдар ичинде мамлекеттик каржылоонун эсебинен иш жүзүнө ашырылмакчы. Ошондой эле сүрөттөр түшүрүлгөн таштар жайгашкан аймакты, алардын айланасын комплекстүү изилдөө да болжолдонууда. Ага геология, геоморфология, сейсмология, биоартүрдүүлүк, археологиялык фонуна изилдөө жүргүзүү, палеоклимат боюнча маалыматтарды топтоо ж.б. иштер кошо камтылат. Бир эле учурда ал ассоциативдик ландшафтты башкаруу боюнча менеджмент-планды даярдоо иштери да аткарылат. Бардык ушул иш-чаралардын натыйжасында “Саймалуу-Ташты” ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк жаратылыш жана маданий мурасы камтылган Тизмеге киргизүү номинациясы даярдалышы керек.

Жогоруда белгиленген маселелерге байланыштуу, демилгелүү топ өлкө Президентине мамлекетибиздин табигый сыймыгы, өзүнүн өзгөчөлүгү менен дүйнөлүк маданий мурастардын бири болуп эсептелген “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркына тиешелүү жер тилкесин трасформациялоого мораторий жарыялоо өтүнүчү менен кайрылат.

Ал эми биз, археологдор, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Алмазбек Шаршеновичтен Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтеринин Мамлекеттик тизмесине киргизилген эстеликтерди алардын укуктук кол тийбестигин күчөтүү үчүн өзгөчө кайтарууга алынган аймактар категориясына киргизүү демилгесин көтөрүүнү суранабыз.


Автору
Бакыт Аманбаева

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *