БИЗДИН КИНО ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

МАДАНИЙ ТУРМУШ РУБРИКАСЫ. БУЛ ЖЕРДЕ КАНДАЙ ЖАҢЫЛЫКТАР БАР?

1458647422_shp-2
Бул сүрөт РФ Юргамыш Маданият Үйү сайтынан алынды

Бул — Кыргызстандагы МАДАНИЯТ темасына арналган сын макалалар, маданий-маалыматтык билимди арттыруучу маалымат жана жаңылыктар менен бөлүшүүчү жер. Бул жерде дискуссияларды жүргүзүүгө да орун бар.

Эгерде сиз көптөн бери МАДАНИЙ ТУРМУШ темасы жөнүндө ой бөлүшкүңүз келип жүрсө, анда бул жер сиз үчүн деп биле бериңиз. Ушул темада материалыңыз бар болсо, аны дароо биздин электрондук дарегибизге жөнөтүңүз, биз анын жогоруда белгиленген темага шайкеш экендигин карап чыгабыз да, ылайыгы келсе, жарыялайбыз. Ал жөнүндө сөзсүз сизди кабардар кылабыз, дароо болбосо да 1-2 күндүн аралыгында жообун аласыз. Эгерде бир күтүүсүз кырдаалдар чыгып калып, бул убактыда жооп бере албай калсак, анда ашып эле кетсе бир жуманын ичинде жообун алам деп ишене бериңиз.

Бул жерде МАДАНИЙ ТУРМУШ темасына арналган өзүбүздүн да материалдарыбыз жарыяланмакчы. Чогулуп калган идеялар, ойлоп жүргөн долбоорлорду сиздер менен бөлүшкүбүз келет.

Андан тышкары, бул жерге башка сайттардан алынган материалдар да жарыяланат, албетте, алар биз көтөргөн темага тиешелүү болсо гана авторлорунун макулдугу менен алып турабыз.

“Маданият” деген түшүнүк татаал, көп кырдуу жана анын көптөгөн аныктамалары бар. Рубрика МАДАНИЙ ТУРМУШ деп аталгандыктан, бул жерде биз теманы чар жайыт кылбай, бир аз “кысып”, маданияттын биздин күнүмдүк турмушубузга тиешелүү аспектилерине басым жасоо менен чагылдырып тургубуз келет, алсак: өлкөдөгү театр турмушу, кино жана көркөм сүрөт искусство, музейлер, көркөм адабият окуу жана китепканалардын жашоосу, анан сөзсүз түрдө баарлашуу маданияты жана турмуш-тиричилик маданиятынан кеп салмакчыбыз.

Бул рубрикадагы макалалар төмөнкү мына бул иштерге өз салымын кошот деп ишенебиз:

  • Өлкөнүн маданий турмушун гүлдөтүп-өстүрүүгө көмөктөшүүчү биздин жаңы долбоорлорубузду иштеп чыгып, аны өркүндөтүүгө жана ишке ашырууга;
  • Искусство жана маданият маселелерине кызыгууну арттырууга, искусство чыгармаларын өз алдынча окуу тажрыйбасына ээ болууга жана аларга кесипкөйлөр эмес жактан сын мамиле жасоо ыкмасын иштеп чыгууга, маданий процесске аралашуудан ырахат жана канааттануу алууга;
  • Чыгармачыл чөйрөдөгү профессионалдуу сынды жандандырууга жана өркүндөтүүгө;
  • Маданий өнүгүүнүн актуалдуу маселелери боюнча коомдук пикирди калыптандырууга жана өлкөбүздүн жооптуу органдарына жана мекеме-уюмдарына жеткирүүгө.

Бир сөз менен айтканда, бул рубрика:

БИЗДИН ТУРМУШ МАДАНИЯТЫБЫЗ, МАДАНИЙ ЧӨЙРӨДӨГҮ ЖАШООБУЗ, ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК МАДАНИЯТЫБЫЗ ЖАНА ОШОНДОЙ ЭЛЕ ИСКУССТВО, ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖӨНҮНДӨ.


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *