СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫЛЫКТАР

20161005_152106
Айгуль Сейдекеримовна Джолчубаева Кызыл аянтта

Биз мурда “Биринчи мугалим” сынагынын үстүбүздөгү жылдагы сыйлыгын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Айгүл Сейдекеримовна Жолчубаева жеңип алгандыгы тууралуу кабарлаган элек.

Жеңүүчү катары Санжарбек Данияровдун фондунун сыйлыгын алган Айгүл Жолчубаева 2016-жылдын 4-октябрынан 14-октябрына чейин Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди.

Фонддун сыйлыгы ушуну менен эле чектелбейт. Эсиңиздерде болсо, биринчи турдун жыйынтыгы боюнча дагы эки мугалим лауреат деп табылган эле. Алар:

  • Акматалиева Жаңыл Дүйшекеевна, Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айлындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими;
  • Примбердиева Сергүл Исраиловна, Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айлындагы Жибек Исаева атындагы №38 орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими.

Ушул ҮЧ МУГАЛИМ Санжарбек Данияровдун Фонддун кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланышты. Тагыраак айтканда, жеңүүчү мугалимдер жана алар окуткан класстын окуучулары Бишкек шаарына бир күндүк маданий-маалымат арттыруучу экскурсия келишмекчи. Биз алардын борбор калаага келишин уюштуруп, шаардагы эстелик жайларды, балдардын театрын, музейлерди кыдыртабыз. Программанын алкагында аларды тамак-аш жана алыстан келүүчү кичинекей бөбөктөрдү жатакана менен камсыздайбыз. 

Бул жолку экскурсия 2017-жылдын апрелинде болмокчу. Анткени ал кезде күн жылып, окуучулар да жолдо, сейилдегенде кыйналышпайт деген чечимге келдик.

Биздин сайтыбызга бул экскурсиянын сүрөт отчету сөзсүз жайгаштырылат, андыктан өткөрүп жибербеңиздер.

 

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ БАЯН

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 2-ТУРУНАН ЖАНА СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРУУ САЛТАНАТЫНАН ДАЯРДАЛГАН СҮРӨТАЛЬБОМ.

АЙГҮЛ ЖОЛЧУБАЕВАНЫН МОСКВА ШААРЫНА 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ ТУУРАЛУУ СҮРӨТАЛЬБОМ.

2015-жылдын жеңүүчү мугалимдеринин окуучулары бул күндү кандай өткөрүшкөндүктөрүн ОКУУЧУЛАРДЫН ЭКСКУРСИЯСЫН БАЯНДАГАН СҮРӨТАЛЬБОМДОН көрүңүздөр.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *