ЖУСУПТУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

«ЖУСУП. ТАНДАЛМА ЧЫГАРМАЛАР» КИТЕБИН КИТЕПКАНАЛАРГА ЖАНА МЕКТЕПТЕРГЕ БЕЛЕККЕ ТАРТУУЛАЙБЫЗ. СИЗ ДА АЛГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ?

????
Жусуп Турусбеков атындагы шаардык китепканада, Бишкек шаары

Фонд Жусуптун чыгармаларын окурмандарга жеткирүү максатында басмадан бастырып чыгарган эле. Ал китепти биз Кыргызстандын мектептери, бардык китепканалары жана ошондой Жусуптун чыгармалары жана ХХ кылымдын 30-жылдардагы поэзиясына кызыккандарга тартуулагыбыз келет.  Китеп 900 нускада басылган.

Биз 10-20 китептен Жусуп Турусбеков атындагы шаардык китепканага, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага, К.Баялинов атындагы Өспүрүмдөр китепканасына, шаардык борбордук китепкана системасына жана ошондой эле 30 китепти “Кыргыз китепке” белекке тартууладык. Анан албетте, акындын кичи мекени — Тоң районунун Аксай айылындагы Жусуп Турусбеков атындагы мектепке да жеткирип бердик. Андан тышкары, 60 китепти Тажикстандагы кыргыз анклавы – Жергеталдагы мектеп китепканаларына белекке берип жибердик.

Мектептерге жана китепканаларга таратууну улантабыз. Каражаттын табылышына жараша, башка калган мектеп, китепкана жана жалпы эле каалоочуларга да жеткиликтүү болушу үчүн дагы басып чыгарабыз деген ойдобуз.

Китепке кызыккандар болсо, бизге кайрылыңыздар, кубанычта болобуз. Китепти алгысы келгендер биздин электрондук дарегибизге жазып жиберишсе болот.

 СҮРӨТАЛЬБОМ: ЖУСУПТУН КИТЕПТЕРИ — КИТЕПКАНАЛАРГА, МЕКТЕПТЕРГЕ 

БАСМА СӨЗ БЕТТЕРИНДЕ ЖАРЫЯЛАНГАН МАКАЛАЛАР:

УЛУТТУК КИТЕПКАНАНЫН сайтында 

МАДАНИЯТ. АКИПРЕСС сайтында 

 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *