СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА БАА БЕРҮҮЧҮ КАЛЫСТАР КИМ?

Достор, жагымдуу кабар! Биздин билим берүү тармагында өз кесибинин анык күйөрмандары, сабаттуу, жигердүү, эмгекчил адамдар бар. Биздин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” сынагынын калыстар тобунун курамына мына ошондой адамдар кирген.

Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турга келип түшкөн дилбаяндарга жана экинчи турундагы мугалимдердин оозеки таймашына өздөрүнүн калыс бааларын беришти. Бул түйшүктүү ишти алар эч кандай пафосу жок эле, өз убагында, так жана ынтымактуулук менен аткарып беришти. Калыстар тобунун ар бир мүчөсү долбоорго ыктыярдуу катышып, өздөрүнүн бош убактыларын арнашты. Бирдиктүү аткарылган иш өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей, убагында аяктаганы да жагымдуу болду.

Сынактын шарты боюнча, дил баяндар катышуучунун тандоосуна жараша орус жана кыргыз тилдеринде жазылды. Оозеки таймашта да ошол эле шарт сакталды. Калыстар тобундагы бардык адистер жок эле дегенде эки: кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөшөт. Балким Сиз бул көрүнүш таң каларлык деле эмес дээрсиз, арийне, өмүр бою ушул өлкөдө жашап, бирок орус тилинде гана сүйлөй алган көп эле адамдарды билебиз, айрыкча, бул борбор калаанын тургундарына тиешелүү. Ошол эле учурда кыргыз тилинде эркин сүйлөп, бирок орус тилин турмуш-тиричилик деңгээлинде гана колдоно алгандар да бар. Ал эми мамлекеттик жана расмий тилдерде жогорку профессионалдуу деңгээлде  билими бар калыстар тобундагы адистер мугалимдердин дил баяндарын ошондой эле сабаттуу баалай алышат.

Эмесе, калыстар тобунун мүчөлөрү менен таанышып коюңуздар:

ЭСЕНГУЛОВА МИРГУЛЬ МОЛУТБЕКОВНА

????????????????????????????????????
Эсенгулова Миргуль Молутбековна

И.Арабаев атындагы КМнун педагогика кафедрасынын доценти. Педагогика илимдеринин кандидаты. Педагогика тарыхы, педагогиканын теориясы, системасы жана технологиясы, этнопедагогика, билим берүү системаларын башкаруу предметтеринен сабак берет. Эшенаалы Арабаев жөнүндө монографиянын автору, «МЕКТЕП» журналынын редактору (убактылуу чыкпай турат). 2012-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү. Сынактын 2015 жана 2016-жылдардагы калыстар тобунун төрайымы.

 

БАТРАКЕЕВА ЧЫНАРА ЭБИШОВНА   

chynara-batrakeeva-zametka
Батракеева Чынара Эбишовна

Билим берүүдөгү баалоо жана окутуунун методдору (ЦООМО) борбору. Коомчулук менен байланыш адиси. 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

 

 

 

 

 

БАРЕЛКО СОФЬЯ ЕФИМОВНА

????????????????????????????????????
Барелко Софья Ефимовна

49 жылдык тажрыйбасы бар мугалим. Бишкек шаарындагы №13  жана менчик мектептерде дүйнөлүк адабият жана чет тилдерин окутат. Полиглот, 7 тилден ашык тил билет. 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

 

 

 

 

ДООТАЛИЕВ АСЫЛБЕК КОБОГОНОВИЧ 

Кыргыз билим берүү академиясы. Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борборунун улуу окутуучусу. 2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

 

КАЛМАМБЕТОВА БАКТЫГУЛЬ МАЛИКОВНА

baktygul-2011
Калмамбетова Бактыгуль Маликовна

«Билимкана» менчик мектебинин директору, башталгыч класстарынын жана англис тили мугалими. “Биринчи мугалим” сынагынын 2011-жылдагы алгачкы жеңүүчүсү. 2013-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

 

 

 

 

 

МОМУНКУЛОВА ЗАМИРА КАЗАКОВНА       

????????????????????????????????????
Момункулова Замира Казаковна

Бишкектеги № 13 мектеп-гимназиянын башталгыч класстар жана кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими. Мектепте көп жыл иштеген тажрыйбалуу мугалим. 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

 

 

 

 

МЫКЫЕВА МИРА РАСАБЕКОВНА

mira-zametka
Мыкыева Мира Расабековна

Кыргыз билим берүү академиясы. Мониторинг жана баалоо лабораториясынын улуу илимий кызматкери. Билим берүү тармагындагы эл аралык долбоорлордун катышуучусу. 2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү. 2013-2014-жылдардагы сынактардын калыстар тобунун төрайымы.

 

 

 

 

РЫСКУЛОВА ЖАРКЫН МАМАТОВНА        

????
Рыскулова Жаркын Маматовна

Билим берүү тармагындагы эл аралык долбоорлордун жетекчиси жана катышуучусу. Билим берүү системасында көп жылдык илимий жана практикалык тажрыйбасы бар эксперт. 2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

 

 

 

 

5 жыл ичинде өткөрүлгөн сынактарда булардан башка да билим берүүнүн мыкты кесипкөй адистери калыстар тобунда иштешти. Мында биз 2016-жылдагы сынакта калыстар тобуна кирген мүчөлөрдү гана тааныштырдык.

Калыстар тобунун бардык мүчөлөрүнө ак пейилден аткарган жогорку профессионалдуу эмгектери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *