ДОЛБООРЛОРГО ЖУМШАЛГАН ЧЫГЫМДАР

ФОНДДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН МАТЕРИАЛДЫК ЖАКТАН КОЛДООНУ КААЛАГАН ДОСТОРУБУЗГА. БИЗДИН ФОНД – ФИЛАНТРОПИЯЛЫК, АЛ ЭМИ БИЗДИН ДОСТОРУБУЗ – ФИЛАНТРОПТОР.

Айгуль - цветок, который расцветает каждый год в апреле в Баткене. Эндемичный, уникальный красивый
Айгүл гүлү гүлдөгөн маалда. В.Ушаковдун сүрөтү.

ФОНДДУН ДОСТОРУ – бул Фонддун долбоорлоруна жана демилгелерине материалдык  колдоо көрсөтүүнү каалаган адамдар. Биздин Фонд – филантропиялык, андыктан Фондго материалдык колдоо көрсөтүү – чын дилден жардам көрсөтүү болуп эсептелет.

Эгерде Сиз бизге дос катары Фонддун долбоорлорун ишке ашырууга жардамдашкыңыз келсе, төмөнкү маанилүү жагдайларга көңүл буруп коюңуз:

МАТЕРИАЛДЫК САЛЫМ – бул жеке эле акча каражаты менен чектелбейт. Биздин долбоорлорго материалдык колдоо көрсөтүүнүн мына мындай жолдору да бар:

  • Кеңсеңизден 1-2 кызматкер үчүн иш ордун бөлүп берсеңиз болот;
  • Керектүү сервис сунуштоо, мисалы, зарыл учурда мугалимдер же алардын окуучулары үчүн зарыл болгон автобус менен камсыздоо;
  • Иш-чаралар учурунда катышуучуларга жатаканалардан орун берүү. Мисалы, “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын өткөргөндө, биз республиканын бардык аймактарынан мугалимдерди Бишкек шаарына чакырабыз. Сынакта жеңүүчү деп табылган мугалимдердин окуучуларын борбор калаага экскурсияга алып чыгабыз.
  • Эгерде сиз чыгармачыл топто иштесеңиз, балдар үчүн спектакль ойноп бере аласыз.
  • Китептерди жана документтерди оозеки же жазуу түрүндө которууга жардамдашсаңыз болот.
  • Долбоорлордун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларды презентациялоо, фильмдерди демонстарциялоо үчүн мультимедиалык проектор же сканер же дагы башка оргтехникаларды белекке тартуулай аласыз (балким сиз өзүңүзгө жаңы сатып алсаңыз, колдонууга жарамдуу сапаттагы эскилерин бизге белек кылыңыз).
  • Ушул сыяктуу жана башкалар.

АКЧАЛАЙ САЛЫМДАР – Фонддун жалпы ишмердүүлүгүнө же кайсы бир долбооруна колдоо көрсөтүңүз.

Долбоорлордун бюджети (баалары) менен биздин сайттын МААЛЫМАТ рубрикасындагы ДОЛБООРЛОРДУН БЮДЖЕТИ баракчасынан таанышсаңыз болот. Ушул эле рубрикада ФОНДДУН БАНКТТЫК РЕКВИЗИТТЕРИ бар.

Фонддун ишмердүүлүгү негиздөөчүнүн жеке каражаты менен каржыланат, ал эми кошумча каражаттар  долбоорлорду өркүндөтүүгө жана ишмердүүлүгүн мындан да кеңири жайылтууга жардам бермекчи.

Паломничество на гору в пору цветения Айгуль
Тоодо өскөн Айгүл гүлүнө суктанып, сыйынганы барышат. В.Ушаковдун сүрөтү

ЫКТЫЯРЧЫЛАР – дилгир инсандар, алар болбосо биздин Фонд долбоорлорун ишке ашыра алмак эмес! Фонддун демилгелерин ишке ашырууга катышууну каалаган адамдарды кандай күч сүрөйт? Кандайдыр бир долбоорго өз ыктыяры менен катышкысы келген адамдар биздин “чөйрөнү” колдоо, коргоо, керек болсо жакшыртуу максатын көздөп,  өзүнүн сөзү жана иши менен ЖЕКЕ САЛЫМЫН кошот.

Филантропиялык долбоорлорго катышуунун өзү биздин Ыктыярчыларга кубаныч жана моралдык канаттануу тартуулайт деп ишенебиз. Сайттын ушул бетинде биз алар тууралуу сөз кылмакчыбыз. Биздин ишке ашырылып жаткан жана жаңыдан ишке ашырыла турган долбоорлорубузга КАТЫШУУГА КААЛООЧУЛАРДЫ ЧАКЫРАБЫЗ! Ушул сайттын “ДОЛБООРЛОР” деп аталган рубрикабыздан биздин долбоорлор менен таанышып, өз оюңуз менен бөлүшүңүз. Ал өзүңүздүн каалооңузга жараша ар түрдүү багыттагы иштер болушу ыктымал: долбоорлордун документтери менен иштөө, котормолор же маалымат топтоо, балким кандайдыр бир иш-чараны уюштурууга даярдык көрүү, а балким долбоорду ишке ашыруу учурунда сүрөткө тартуу, долбоордун ишине балдарды катыштыруу ж.б. Эң башкысы, долбоор өзүңүзгө жакса болду.    

ЫКТЫЯРЧЫЛАР баракчасынан алар жөнүндө маалымат алсаңыз болот.

nika

ЛАУРЕАТТАР – булар Санжарбек Данияровдун Фондунун Сыйлыктарын жеңип алгандар.

  • Бул — жыл сайын өткөрүлүүчү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын жеңүүчүлөрү — мугалимдер (1-орун). Бул – сынактын сыйлыгына татыган мугалимдер (1,2,3-орун).
  • Бул – КММАнын ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү сыйлыктын жеңүүчүлөрү — студенттер, клиникалык ординаторлор жана аспиранттар.
  • Бул Менин үй-бүлөмдүн санжырасы сынагынын жеңүүчүлөрү — окуучулар.
  • Бул — Фонддун сыйлыгын келечекте жеңип алуучулар

ФОНДДУН ЛАУРЕАТТАРЫ — бул Фонддун ишмердүүлүгү арналган адамдар. Албетте, жеке эле алар үчүн эмес деңизчи, бирок ЛАУРЕАТТАРГА тикеден-тике байланыштуу болгондуктан, Фонддун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы ошол адамдардан көрүнөт.

 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *