ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ​

МЕНИН МОСКВА ЖӨНҮНДӨ БАЯНЫМ. “ЖАШ ОКУМУШТУУ-ДАРЫГЕР-2015” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН КММА ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНДЕ СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮ

Болоткан уулу Насыр. – Ортопедия жана ЭХ травматологиясы кафедрасынын аспиранты, КММАнын жыл сайын өтүүчү ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН алкагындагы “Жаш окумуштуу-дарыгер” сынагынын 2015-жылдагы жеңүүчүсү. Насыр өзү окуган ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинде чыгып сүйлөп, өзүнүн кесиптештерине Москва шаарына болгон маданий-маалымат арттыруучу саякаты жөнүндө айтып берди. Төмөндөгү анын тексти менен таанышып коюңуздар.


Урматтуу КММА окутуучулары, ардактуу достор!

img_9815-szhato

Мен сиздер менен Россиянын борбору Москва шаарына болгон саякатым тууралуу бөлүшкүм келди. Мен Москвада 10 күн болдум жана бул убакыт аралыгында шаардын эң кооз, эң көркөм жайларын кыдырдым. Мени аябай меймандостук менен кабыл алышкандыгы үчүн Асель Санжарбековна Данияровага ыраачылык билдирем. Москва шаарына барганда өзүмдүн жакындарымды көргөндөй сезимде болдум. Жай мезгилине туш болгонум да оңдой берди болду окшойт, анткени Москва жайында ого бетер кооз жана көркөмдүү көрүнөт. Борбордун тургундары өздөрүн курчап турган чөйрөгө өзгөчө көңүл бурушуп, бак-дарактарга аяр мамиле жасашып, алардын санын көбөйткөнгө, ого бетер көрктөндүргөнгө аракеттенишкендери мага жагымдуу таасир калтырды.

“Москва – бул Россиянын жүрөгү” деп бекеринен айтышпаптыр, анткени, ал жерде кудум жүрөктүн тынымсыз согушундай жашоо оргуштап кайнап турат. Адамдын организмине салыштырууну  улантсак, борбордогу жашоо так эле артерияны айланган кандын агымындай адамдар жана транспорт каражаттары улам бир тарапка агылып, кызуу кыймылда. Москванын көчөлөрүндө сейилге чыкканда, андагы ар бир имараттардын тарыхый таржымалын угуп отуруп, айласыз өзүңдү ошол доорго туш болгондой элестейсиң.

Мен ал жерден өзүмдүн жердештериме жолуктум. Келгендеги максатымды угушуп аябай кубанышты, ал эми менин жетекчим С.А.Жумабековдун эмгектери тууралуу билишерин укканда, мага да аябай жагымдуу болду.  Алыс жерде жүргөн жердештеримди көргөнүмө кубанычта болдум.

20150531_182609

Москвага барган сапарымда төмөндөгү жайларды кыдырдым: Кызыл аянт, Кремль жана Кремлдин музейлери, Покров собору, Третьяков галереясы, А.С.Пушкин атындагы көркөм искусство музейи, Новодевичий кечилдиги, Архангельск жана Останкино байыркы короо-жайлары, Никулиндин атактуу цирки, Мамлекеттик академиялык кичи театр, Станиславский жана Вл.И.Немирович-Данченко атындагы музыкалык театр, П.И.Чайковский атындагы концерттик зал, Е.В.Колобов атындагы Жаңы Опера театры, Москва зоопаркы жана башка ондогон тарыхый жана маданий маанилүү жайлар. Андан тышкары, Москва шаарынан мен бир катар эстеликтерди кыдырып, Москва мамлекеттик университетинде, “Нескучный садда”, Маданий паркында болдум, жана Москва суусунда сейилдедим. Кылымдарды карыткан ушундай кооз жайларга бай шаарды көргөндө мени укмуштай толкунданткан сезимдер курчады, анын баарын сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эместей.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Санжарбек Данияровдун фондунун жана Сыйлыгынын негиздөөчүсү А.С.Данияровага, В.И.Шварцга, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын администрациясына жана ошондой эле өзүмдүн жетекчим С.А.Жумабековго ушундай маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу мүмкүнчүлүгүн мага тартуулашкандыктары үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Москвага болгон бул сапарым менин мындан аркы илимий ийгиликтериме стимул болду

СҮРӨТ АЛЬБОМ: 10 КҮН МОСКВАДА


Автору
Болоткан уулу Насыр

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *