СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2016 КОНКУРСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ. БҮТҮНДӨЙ ӨЛКӨНҮН АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАР МУГАЛИМДЕРИН ЧАКЫРАБЫЗ!

moskva

Кыргызстандын айыл мектептериндеги биздин кымбаттуу биринчи мугалимдерибиз  КОНКУРСТУН НЕГИЗГИ БАЙГЕСИН — САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫН утуп алууга биринчи жолу мүмкүнчүлүк алышат! Фонд өлкөнүн бардык булуң-бурчун камтып,  ушул жылы конкурстун географиясын кеңейтүүнү чечти. Мурдагыдай эле,

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫ бул 1-орунду ээлеген конкурстун Жеңүүчүсүнүн Москва шаарына  10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякаты түрүндө болот.

Саякаттын программасы бир топ эле бай: мугалим театрларга, алардын ичинде, балет жана опера, мюзикл, драмалык спектаклдар театрларына, музейлерге, сүрөт галереяларына, парктарга, цирктерге, айбанаттар паркына, джаз-клубга жана башка көп жактарга  барат, архитектуралык ансамблдерди көрөт, Москва-река боюнча кичи кемеде сейилдеп жүрөт. Сыйлыктын кененирээк Программасы сайттын бул жеринде жайгаштырылды, мурунку жылдардын жеңүүчүлөрүнүн сапары тууралуу сүрөт отчету бул жерде, ой-тилектер бул жерде.

Сыйлык ушуну менен эле чектелип калбайт: биринчи үч орунга татыктуу болгон конкурстун лауреаттары, алардын ичинде конкурстун жеңүүчүсү төмөнкүдөй сыйлыкка ээ болушат:

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ФОНДУНУН КЫЗЫКТЫРУУЧУ БАЙГЕСИ – лауреттын классынын окуучуларын Бишкекке 1 күндүк маданий-таанып билүүчүлүк экскурсияга алып чыгуу.

Экскурсия балдарга арналган спектаклга, гид менен Тарых музейине барууну, кызыктуу жерлерди сейилдеп көрүүнү камтыйт.

Уюштуруучулар, мурунку жылдардын тажрыйбасынан улам, байгелер гана эмес, конкурска катышуу дагы мугалимдер үчүн кызыктуу жана пайдалуу болот деп  үмүттөнүшөт. Балдарды китептерди окууга көндүрүү — конкурстун көңүл чордонунда.

Конкурстун кеңири мазмуну, катышуу шарттары, толтурууга зарыл формалар бул жерде.

Айыл мектептеринин башталгыч класстарынын урматтуу мугалимдери! Сиздер балдарга, ата-энелерге, өлкөгө, дүйнөгө керексиз. Бул конкурс сиздер үчүн!


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *