КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ

КММАнын “ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН” АЛКАГЫНДА УЮШТУРУЛГАН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРДЫН 2015-ЖЫЛДАГЫ СЫНАГЫНДА БОЛОТКАН УУЛУ НАСЫР ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ. НАСЫР ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ.

img_9815-szhato

2015-жылдын 15-17-апрелинде И.А.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) кезектеги “ИЛИМ КҮНДӨРҮ” илимий-практикалык конференция болду. Салтка айланып калгандай, бул конференциянын алкагында студенттер, клиникалык ординаторлор жана аспиранттар катышкан жаш окумуштуу-дарыгерлердин сынагы өттү. Болочок окумуштуулардын, дарыгерлердин жана окутуучулардын бул илимий жарышы эл алдында чыгып сүйлөө боюнча тажрыйба топтоонун, күч-дараметтерди сынап көрүүнүн мыкты ыкмасы болууда. Мында ошондой эле медициналык илимдин келечегин, педагогикалык кадрлардын жана ошондой эле иш үстүндөгү дарыгерлердин да мыктыларын аныктоого мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Насыр. Цветной бульвар, Москва

Студенттер жана окутуучулар талкууларда активдүү катышып, сынактын жүрүшүнө кызыгуу менен кылдат көз салып турушат. 2015-жылы И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын травматология, ортопедия жана ЭХ кафедрасынын аспиранты Насыр Болоткан уулу жеңүүчү деп табылды. Насыр КММАнын илимий-инновациялык клиникалык иштер бөлүмүнүн адиси кызматы менен Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун ортопедия травматологиясы кафедрасынын улуу лаборанты кызматын айкалыштырып иштейт. Азамат!

Фонд ушуну менен бешинчи жолу Санжарбек Данияровдун Фондунун жаш окумуштуулар сынагынын жеңүүчүсүнө өзүнүн сыйлыгын – Москва шаарына 10 күндүк МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТТЫ ыйгарып отурат.

Насыр Москвага 2015-жылдын 24-майынан 3-июнга чейин барып келди. Насырдын Москва шаарына болгон саякат сапарын баяндаган сүрөтальбомду көрүңүздөр.

Насыр Бишкекке келгенде КММАнын Окумуштуулар кеңешинде ал тууралуу кыскача баян жасады. Ал баян менен биздин сайттан ТААНЫШСАҢЫЗДАР БОЛОТ

СҮРӨТ АЛЬБОМ: НАСЫРДЫН 10 КҮН САЯКАТЫ

 

 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *