КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ДИЛБАЯНДАРЫ

МЕНИН МОСКВА ШААРЫНА БОЛГОН САЯКАТЫМ. ЛЕНИНСКОЕ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ ЭЛИНА ИВАНОВНА ЛИМДИН КАТЫ

Бул катта Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Элина Ивановна Лим өзүнүн Москва шаарына барган саякаты тууралуу баяндаган. Элина Ивановна – “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2014” сынагынын жеңүүчүсү. Ал Москвага 2014-жылдын сентябрь айында барып келди.


yelina-2014
Элина Ивановна Лим БИРИНЧИ МУГАЛИМ конкурста

“Дело №” гезитинин бир санында Санжарбек Данияровдун Фонду өткөрүп жаткан “Биринчи мугалим-2014” сынагы жөнүндөгү чакан жарыяны окуп калдым. Сынактын шарттарын карап көрсөм, анча деле татаал эместей, кантсе да мектепте жана мектепке чейинки мекемелерде 29 жыл иштеп, балдар менен иштөөдөгү тажрыйбам жетиштүү деп ойлодум.

Ошентип сынакка катышып, Биринчи турунда жеңип чыктым да, Экинчисине даярдана баштадым. Бирок ушул жерден “өзүм Кыргызстанда жашасам, биринчи орунду жергиликтүү улутка беришсе керек” деген түрдүү ойлорго кабылдым. Калыстар тобунун калыс чечими үстөмдүк кылып, сынактын жеңүүчүсү болдум.

Окуткан балдарымдын кубанычында чек жок эле! Өзүмдү чексиз бактылуу сездим, анткени ушул кезге чейин Москва шаарын көрө элек элем. Кызыл аянтты, Кремлди, Чоң театрды көрөрүмө бир ишенип, бир ишенбей турдум.

театрды көрөрүмө бир ишенип, бир ишенбей турдум.

Тилекке жараша, кыялдарым орундалды!

Москвага мен комфортабелдүү самолёт менен учуп бардым. Мени Шереметьев аэропортунан Асель Санжарбековна өзү тосуп алды. Асель өзгөчө адам экен, ал биздин келечегибиз, өлкөнүн келечеги, балдардын эртеңи кандай болот деп аябай тынчсызданат. Асель айым бизден, айылдык мугалимдерден өсүп келе жаткан муундун келечеги толугу менен көз каранды экендигине толук ишенет, биз балдарга кандай баалуулуктарды окуп-үйрөтө алабыз, алардын жан дүйнөсү кандай болушу керек деп түйшөлөт. Анын эрудициясы эң эле күчтүү: живописти, музыканы, адабиятты терең түшүнөт жана мыкты талдай билет. Чынымды айтсам, анын жанында өзүмдү эч нерсени билбеген кеңкелестей, билими тайкы адамдай сезип кетип жаттым, ошондуктан Москвага барганда мүмкүн болушунча көбүрөөк көргөнгө, көргөндөрүмдүн баарын эске тутууга аракеттенип жаттым.

Өзүмдү ушунчалык сонун сезгендигимден, ооруган жерлеримди да унутуп калдым! Айылымда бир аялдама да жөө баса албай, автоунааларга отурууга ашыкчу элем, мында болсо бир күндө 6-8 чакырым жерди жөө кыдырып жүрдүм.

Москванын Эски Арбат, Неглинная, Тверская, Камергер кыска көчөсү сыяктуу аты тааныш көчөлөрүндө келатып, Чехов, Пушкин, Толстой сыяктуу адабият алптары ушул чакан көчөлөрдө сейилдеп жүрүшкөндөрүн элестеттим.

Мен баарынан да Кызыл аянтты аябай көргүм келди. Аны Кызыл – сулуу деп бекер аташпаптыр. Василий Блаженныйдын кооз түстүү собору, алтын жалатылган куполдору, заңгыраган дубалдары көз жоосун алат. Соборго киргенде өзүңдү байыркы бир заманга туш болгондой сезесиң: иконалар, иконостастар, байыркы жазуулар. Анын жыты да өзгөчө сезилет.

Кызыл аянттын жанында Александр багы бар: кооз гүлдөр, жандуу гүлдөрдөн куралган бир башкача мозаикалар, укмуштуудай формадагы бак-дарактар.

Айрыкча, Москва-суусунда комфортабелдүү “Рэдиссон” теплоходундагы саякатым эсимде калды. Мындай сулуулукту суунун эки тарабынан тең байкоого болот! Бул – Лужники, Кремль, Ак Үй, Новодевичий кечилдиги (монастырь) ж.б.

Третьяковдун галереясында болуп «Три богатыря», «Алёнушка», «Неизвестная», «Лунная ночь над  Днепром» картиналарынын түп нускасын өз көзүм көрөм деп эч качан ойлогон эмесмин. Боек жана кыл калем аркылуу адамдардын сезимдерин, жаратылыштын кубулуштарын так өзүндөй сездире алган керемет күчүнө таң калбай кое албайсың.

Ошол эле күнү “Новая опера” театрында “Штраустун вальсы” концертинде болдум. Классикалык музыканын керемет күчүн айт! Эки саат бою сценадан көзүмдү албай отурдум. Солисттери мыкты экен, музыкасы андан сонун! Көрүүчүлөр артисттерди көпкө кетирбей турушту.

Ал эми П.И.Чайковскийдин концерттик залындагы Игорь Моисеевдин балетичи? Укмуш! Бийлери, кийген кийимдери тим эле көз жоосун алат. Ушунчалык жеңил, так бийлешкенинен улам өз кесибинин анык чеберлери экендиги билинет.

Мосфильмдин жанынан сейилдеп өтүп баратып, чоң дубалда Алентова, Абдулов, Тихоновдун портреттеринен тышкары өзүмдүн сүйүктүү актерлорум – Евгений Мироновдун, Чулпан Хаматованын портреттерин көрүп аябай таң калдым. Евгений Леонов менен “Моргала выколю!” композициясынын жанында сүрөткө да түштүм.

Новодевьичий кечилдигинде, Патриаршие көлмөсүндө болдум. А.М.Горький өмүрүнүн акыркы жылдары жашаган Рябушинскийдин үйүн көрдүм. Жасалгасы эң эле жөнөкөй – ишине керектүү гана нерселер бар. Ошол эле короодо А.Н.Толстойдун музейи жайгашкан.

Елисеевдин дүкөнү музейге окшойт. Бардыгы аябай кооз, дубалдарында белгилүү сүрөтчүлөрдүн картиналарынын репродукциясы түшүрүлгөн.

“Украина” мейманканасынын холлунда болдук. Ичи кооз: ачык түстөгү мрамордон төшөлгөн полу, ыңгайлуу отургучтарды, советтик доордогу скульптуралар. Москванын макети – эң эле кызыктуу панорама болуптур. Шаардын так эле өзүнүн көчүрмөсү түшүрүлгөн. Кремль, Москва-суусу, Чоң театр тим эле алаканга салгандай көрүнөт. Ал жерден Александр багын, Ак үйдү, Василий Блаженныйдын соборун тааныдым.

Москвага белекке тартуулаган Шемякиндин “Балдар – чоңдордун кемчилигинин курмандыгы” скульптурасын кайдигер көрүүгө болбойт: Кайдигерлик, Садизм, Кедейчилик, Баңгилик, Көр пенделик…

Новодевичьий кечилдигинин жанындагы аллеядагы сүйкүмдүү өрдөктөр – Барбара Буштун москвалык бөбөктөргө жасаган белеги.

«Нико Пиросмани» деп аталган грузин ресторанында биринчи болушум. Ал натюрмортторду тарткан сүрөтчү, такталарды жасалгалоочу болгон. Ал көрсө, Алла Пугачеванын ырындагы актрисага ашык болуп, сүйгөнүнө миллион роза гүлүн тартуулаган сүрөтчүнүн прообразы болгон экен. Бул ресторанда ар кайсы учурларда Билл Клинтон, Алла Пугачева, Ричард Гир, Сергей Михалков ж.б. белгилүү адамдар болгон. Мен болсо Швейцариянын премьер-министри 2004-жылы келип отурган отургучка отуруптурмун.

Сатира театрына барганда В.Шекспирдин “Азоого чалма” спектаклин көрдүм. Спектакль өзүнүн көз жоосун алган кооздугу менен эсимде калды. Актерлору ушунча сонун ойношту. Шекспирдин чыгармалары канча кылым мурда жазылса да, көйгөйлөрү бүгүнкү күндөгүдөй окшош.

Ал эми Чоң театрчы? Аны сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес! Аты эле айтып тургандай, бул жерде иштеген артисттер да өзүнүн кесибинин чоң чеберлери экен. Залы аябай кооз жасалгаланган: шыбы укмуш бийик, асма шамдары, шам чырактары миң чырак күйүп тургандай таасир калтырат. “Борис Годуновду” көрдүк. Мындайды өз көзүң менен гана көрүү керек. Актерлордун ойногондору аябай жакты.

Курал-жарак палатасындагы падыша бийлигинин атрибуттары, кийимдери менен бирге карапайым адамдардын турмуш-тиричилигинде пайдаланган буюмдарын көрдүк.

Ал эми Пушкиндин музейинде байыркы, египет, грек маданиятынан баштап азыркы заманга чейинки түрдүү доор чагылдырылган. Скульптуралар, алтын жана күмүш жасалгалары, амфорлор, саркофаг… Көптөгөн экспонаттар биздин эрага чейин жасалса да, так-дааналыгы, формасынын кооздугу таң калтырат.

Азыркы балеттерден италиялык хореограф Франческо Вентрилья койгон «FORTUNA VIS LUCEM» балетин көрдүк. Аткаруучулардын чеберчилигинде сөз жок!

Москвадагы зоопаркты көрүү да өзүнчө бир кайталангыс ырахат тартуулайт! Жаныбарлар жашаган шарт аябай мыкты экен. Ак аюу үчүн чыныгы кардан тоо жасашыптыр. Быйыл зоопарк өзүнүн 150 жылдыгын белгиледи.

10 күн бир көз ирмемдей өтүп кетти. Мен качандыр бир кезде ушундай саякатка чыгып, ушунча кооз жерлерди, музей-театрларды көрүп, кызыктуу адамдар менен жолугушам деп эч качан ойлогон эмесмин.

Мен Санжарбек Данияровдун Фондуна жана Асель Санжарбековнага мага ушундай бакыт тартуулагандыгы үчүн чексиз ыраазычылыгымды билдирем. Бул саякатым – менин өмүрүмдөгү эң кызыктуу жана эстен кеткис окуя болду. Жан дүйнөмө жаңы күч-дем кошулгандай сезилет: көрүп-угуп келгендерим жөнүндө  мүмкүн болушунча балдарга көбүрөөк айтып бергим келет, аларды мүмкүн болушунча театрларга, музейлерге көбүрөөк алып чыккым келет. Балдарым менен циркке, зоологиялык музейге бардык. Эми Драмтеатрга, куурчак театрына баралы деп жатабыз.

Мугалимдерге, кесиптештериме кайрылып айтарым – сынакка катышып, өзүңөрдүн күчүңөрдү сынап көргүлө. Сынактын шарттары биздин күнүмдүк ишибиз менен тыгыз байланыштуу болгондуктан, жеңүүчү болууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Санжарбек Данияровдун фонду өнүгүп, өркүндөп, дүйнө жүзүнө таанылышын каалайбыз!

 


Автору
Элина Лим

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *