КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ДИЛБАЯНДАРЫ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНАН МЕН ЭМНЕ ТАПТЫМ? ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫНЫН БИРИНЧИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН БАЯНЫ

“Биринчи мугалим-2011” сынагынын биринчи жеңүүчүсү, Кемин районунун Шабдан айылындагы “Билимкананын” директору, башталгыч класстардын англис тили мугалими Калмамбетова Бактыгүл Маликовнанын баяны. Автордун бул баяны 2012-жылы мугалимдердин “Кутбилим” газетасында жарыяланган.


baktygul-2013
Бактыгүл

-Менин: “Мен Санжарбек Данияровдун фондунун “Биринчи мугалим” конкурсунун биринчи лауреатымын деген” сыймыктуу сыр баяным, балким кээ бирөөлөргө мактаныч катары сезилсе дагы, зор сыймык менен ушул сөздү кайталагым келет. Андан бери бир топ убакыт өткөндүгүнө карабай,  эстеген сайын ошол кездегидей толкунданып кетем.

Конкурс тууралуу алгачкы жолу укканда Кемин районундагы Шабдан ата мектебинде мугалим болуп иштеп жүргөн кезим эле. Албетте, жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө жеңишке жетишип, Москваны көрүп келсем деп эңсеп турсам да, өзүмө ишене албай турдум. Катышпай эле жөн жүрөйүнчү деп, далай айныдым. Бирок, менин кесиптештериме, айрыкча Гүлбайра Мамбетаевна Оторбаеванын колдоосу, сүрөөсү менен конкурска катышып калдым. Ошон үчүн аларга миң мертебе ырахматымды айтам.

Конкурс аябай жакшы уюштурулуптур: баардыгы ийне-жибине чейин иштелип чыккан экен. Айрыкча, берилген тапшырмалары, баалоо критерийлери, калыстар тобу, шарттары, айтор баары эң мыкты деңгээлде өттү деп ойлойм. Мен ошондо интернет деген эмне экендигин билип, биринчи жолу Power Point программасында даярдадым.

Москва шаарына баруу.

Перед Фонтаном Дружбы на фоне скульптуры кыргызской девушки
Перед Фонтаном Дружбы на фоне скульптуры кыргызской девушки

Жеңүүчү катары Москва шаарында 10 күн болдум. Бул 10 күн мен үчүн өмүрүмдө эстен чыккыс, жагымдуу, кызыктуу окуяларга, бай таасирлерге толду. Мен Асель Санжарбековнанын үй-бүлөсү жана көптөгөн кызыктуу адамдар менен жакындан таанышып, ар күнү кечинде ар түрдүү темада узакка чейин аңгемелешип отурдук. Ушунун өзү эле баа жеткис байлык эмеспи. Ал эми күндүз борбордун эң атактуу, эң кооз, даңазалуу жерлеринде: музейлерде, театрларда, эс алуу жайларында, көргөзмөлөрдө болууга, мүмкүн болушунча көптү көрүп, көп жаңы нерселерди билип калууга далалаттандым. “Щелкунчик” балетине биринчи жолу барып, аны баштан аяк бир дем менен көрдүм.

Мына ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Асель Санжарбековнага чексиз ыраазычылык билдирем. Анын жардамы менен өзүмдөгү ишенбөөчүлүк, тартынчаактык сезимди жеңе алдым деп ойлойм. Ушул конкурстагы жеңишимден кийин менин профессионалдык ишмердүүлүгүмдө чоң бурулуш болду. “Биринчи мугалим” конкурсуна катышкандан кийин “Жыл мугалими 2011” республикалык конкурсуна катышып байгелүү орунга жетиштим. Санжарбек Данияровдун фондунун артынан мен азыр өзүмдүн кыялымдагы мектепте – Кемин районундагы Шабдан ата айылындагы “Билимкана” коомдук фондунда иштеп жатам.

Асель Данияровага Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Анткени алар уюштуруп жаткан конкурстан кийин ар бир мугалим өзүнүн кесибине, күндө аткарып жаткан милдетине, айлана-чөйрөгө көз карашын өзгөртүү менен билимин байытып, өзү үчүн жана окутуп жаткан балдары үчүн көптөгөн маанилүү маалыматтарды алууга умтула баштаарына терең ишенем.

СҮРӨТАЛБОМ: 10 КҮН САЯКАТ

БАКТЫГҮЛ — КУТБИЛИМ САЙТЫНДА


Автору
Бактыгуль Калмамбетова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *